Экономикалык маселелер боюнча эксперт Нургүл Акимова. Архив

Нургүл Акимова: таштандыны аутсорсинг ыкмасы менен чыгарган натыйжалуу

176
(жаңыланган 11:10 08.07.2015)
Бишкекте таштандыларды жыйнап чыгарууга байланышкан абал туурасында, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын иши жана тарифтердин көтөрүлүшү жөнүндө Sputnik сайтынын кабарчысы менен болгон маегинде экономикалык маселелер боюнча эксперт Нургүл Акимова айтып берди.

Экономисттин пикиринде, таштандыны жыйнап чыгаруу ишин мэрия башкаларга өткөрүп бериши керек (аутсорсинг), себеби азыркы система натыйжасыз. Андан тышкары, ал борбор калаада таштандыларды чыгаруу акысын көтөрүү негиздүү деген ойдо. 

— Таштандыларды чыгаруу боюнча "Тазалык" муниципалдык ишканасынын азыркы жасаган иштери канчалык натыйжалуу деп эсептейсиз?

— "Тазалык" муниципалдык ишканасы өз табиятынан эле чыгашалуу болуп эсептелет. Анын чегерилген баасына рентабелдүүлүк көлөмү (же пайызы) да, индексациялоо мүмкүнчүлүгү да киргизилген эмес. Анан калса, өзүнөн өзү пайда болгон бул монополист бардык абоненттерди, б.а., шаарда катталган тургундар менен юридикалык тараптарды толук кучагына албайт. 

Мындай абал таштандыны "Тазалыктан" башка дагы бөлөк юридикалык тараптар да чыгарышына байланышкан. Бүгүнкү күндө алардын катарына 15 фирма кирет. Алар акы төлөй ала турган кардарлар, биринчи кезекте, ири компаниялар менен келишим түзүшөт. Алар үчүн эч бир ченем акты аркылуу жөнгө салынбаган ("Тазалыктын" тарифинен айырмаланган) башка акы чегерилген.

Деги эле, бүгүнкү күндө таштандыларды чыгаруу иштери туура эмес уюшулган. Алсак, КРдин "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына ылайык, тиричилик таштандыларын чогултуу, ташып чыгуу жана жок кылуу иштери жергиликтүү маанидеги маселелерге кирет, б.а. аны менен жергиликтүү бийлик алектениши керек. Бирок ошол эле мыйзамдын 19-беренесинде санитардык тазалоо боюнча муниципалдык тапшырыктарды жеке фирамаларга өткөрүүгө уруксат берилген. Бирок Бишкектин мэриясы бир да жолу жеке компаниялар үчүн аутсорсинг да, тендер да өткөргөн эмес. "Тазалык" шаар бийлиги тарабынан аталган ченемди аткаруу үчүн түзүлгөн, азырынча ал таштандыларды чыгаруу рыногунда жалгыз мыйзамдуу тарап болуп эсептелет.

— Демек, ташып чыгуу ченемдери мыйзам аркылуу жөнгө салынбайт жана тарифтер кирешесиз турбайбы?

— Тариф муниципалдык ишкана тейлөөгө ала турган жеке жана юридикалык тараптардын эсебинен бекитилет. Кеп ушунда. Башкача айтканда, статистика көрсөткөндөй, миллиондон бир аз ашык жеке абоненттер менен 600 миңден ашык юридикалык тараптар мамлекеттик ишкана тарабынан тейленет. Бирок башка таштанды чыгаруучулар бар болгон үчүн, алууга мүмкүн боло турган киреше төмөндөп жатат. Демек, милдеттемелер боюча муниципалдык ишкананын шаардын каржы адистери алдын ала болжогон төлөө жөндөмү да төмөндөйт. Тарифтин рынок баасы менен дал келбөөсү сөзсүз чыгымдарга алып келет; тарифтер алмашпаганына көп болду, ал эми күйүүчү май 2009-жылдан бери дээрлик эки эсе кымбаттаган.

"Тазалыкта" таштандыны жыйнап чыгаруу системасы каржылоо булактары боюнча так бөлүнгөн. Мисалы жыйного каражат шаардын бюджетинен кетет, ал эми күйүүчү май менен өтө кымбат атайын техниканын жешилишине байланышкан чыгымдар менен коштолуучу ташып жеткирүүлөргө шаардыктар төлөйт. Дал ушул компоненттин айынан кирешенин кыскарышы таштандылар сапатсыз жана өз убагынан кеч чыгарылышына себеп болот.

— Демек, муниципалдык ишкананын ишине карата нааразылыкардын баары туура эмес экен да?

— Шаардыктар тейлөө сапатынын начардыгына туура эле нааразы болууда. Бирок кылдат териштирүүлөрдөн кийин кайсы бир фирма акчаны чогултуп алып, аймакты тейлебегени аныкталган учурлар бар. 

Мыйзам чыгаруучулар борбор калаада таштандыларды тазалоочу фирмалардын ишинин мыйзамдуулугун текшерсе жакшы болмок. Бул рыноктогу иш-аракеттердин бөтөнчөлүгүнө байланыштуу таштандыларды өз алдынча ташып чыгарууга тыюу салып, же алардын ишин кайсы бир жол менен системалаштыруу зарыл. Мисалы, алардын тейлөөсүнө ар кайсы жерди тандап эмес, бүтүндөй бир районду тапшырып койсо болмок. Таштандыны чыгаруу үчүн тарифти эсептөөдө биринчи кезекте ар бир жеке адамдын же юридикалык тарап чыгара турган таштандынын ченеми эсептелип чыгат. 2009-жылы юридикалык тараптар үчүн бул ченемдер көбөйтүлүп, бирок жеке адамдар үчүн ал 1990-жылдын деңгээлинде, ар бир адам үчүн жылына 1,2 кубометр боюнча калган. 

— Муниципалдык ишкана өз чыгымдарын туура баалашы үчүн ар бир адамга карата тиричилик таштандылардын ченеми канча болушу керек?

— Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги 2013-жылдын аягында өз алдынча башкаруу органдары таштандылардын топтолуш ченемин ар бир календардык жыл үчүн беш пайызга чейин көтөрүлөт деген эсеп менен ар бир 5 жылда кайра карап турушун сунуш кылган. Ошентип, 2014-жылдан бери ар бир адам чыгарган тиричилик таштандылар ченеми жылына 3,53 кубометрди түзүшү керек. 

Таштандылардын топтолуш ченемин туура аныктоо таштандынын пландалуучу көлөмүн туура белгилөөгө, демек, түзүлгөн маселе боюнча сапаттуу чара көрүүгө мүмкүндүк берет.

Керектөөчүлөргө сапаттуу кызмат көрсөтүүдө башкы маселелерден болуп, атайын техниканын, контейнерлердин, таштандыларды ыргытчу жерлерде жабдуулардын сапатсыздыгы, ошондой эле тиричилик таштандыларын ташып чыгууну натыйжалуу уюштурууга мүмкүнчүлүк бербей жаткан бир катар көйгөйлөр эсептелет. Дал ошол себептерден таштандыларды чыгаруу үзгүлтүккө учурап, шаар ичинде таштандылар үйүлүп, жарандардын нааразылыктарын жаратууда. 

— Тарифди көтөрүү абалга жардам болобу?

— Бул муниципалдык ишкананын рынокто калышына сөзсүз жардам берет. Бирок кайра эле тарифти индексациялоо мүмкүнчүлүгү жана баалар олку-солку болгон учурда шаардык бюджеттин активдүү колдоосу (колдон чыгып жаткан киреше жагынан) жок болсо, ал кайра эле жаман абалга келиши мүмкүн. Ташып чыгаруулардын саны күйүүчү майдын баасына жараша болот: бюджеттин үчтөн бирин ишкана унаа чыгымдарына жумшайт, ар бир унаа орто эсеп менен күнүнө 3-4 жолу таштанды алып чыгып, ар биринде 40-45 чакырым аралыкты өтөт.

Тариф Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын долбоорунун шарты боюнча көтөрүлгөн. Кыргыз тарапка берилип жаткан сумманын бир бөлүгү грант түрүндө, экинчи бөлүгү узак мөөнөттүү насыя түрүндө болот.

176
Белгилер:
тариф, таштанды, "Тазалык" ишканасы, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Президент таштандыны ой келди таштагандарга айып салууну жактырды
Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты дрон Bayraktar TB2. Архив

Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты сапаты тууралуу имиш кеп кайдан чыкты

86
21-кылымдын куралы арзан боло албайт, ошентсе да сокку уруучу учкучсуз аппараттын баары эле жеңишке жеткире бербейт.

Мында чечүүчү ролду мамлекеттин аскерий уюмунун системасы, коргоо өнөр жайы, арсеналы жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү чоң мааниге ээ. Карабах чыры Түркиянын Bayraktar TB2 аппаратынын мыктылыгын эмес, Армениянын өз күчүн ашкере баалаганын жана кургакта коргонуусу начар экенин көрсөттү. Аймакта чыккан чырда колдонулган курал-жарак жана техниканын өзгөчөлүктөрүнө аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.

Тоолуу Карабахта атышуу токтогондон кийин медиа айдыңда окуяга баа берген бир топ комментарийлер, ой пикирлер жарыяланды. Ток этери эки сүйлөмгө сыят:

  1. Азербайжан Түркиянын учкучсуз аппаратына ээ болгону үчүн жеңишке жетти;
  2. Россиянын ПВО системалары азыркы "дрон согушунда" майнапсыз болуп калды.

Абалга минтип өзөгүн көрбөй жалпылап баа берүү эксперттердин аскердик билиминин тайкылыгы жана Армениянын аскердик техникасы менен өздүк курамынын көз көрүнөө жеңилип жатканы менен түшүндүрүлөт. Бирок реалдуулук биз көргөн-билгенден алда канча татаалыраак.

Адам жашоосунда керемет болбойт, кинонун баары режиссердун көз карашы, ойлоп тапканы менен тартылат. "Байрактар" жана Азербайжандын учкучсуз учуучу аппараттары тарабынан тартылган видеосюжеттер алгач каршылаштын духун түшүрүүгө жана Түркиянын бул аппараттарын дүйнөлүк курал рыногунда жарнамалоого багытталган. Ал эми кадр артында ПВО жана радиоэлектрондук тирешүүдөн жеңилген ондогон дрондор калды.

Согуш талаасында каршылашты ментинен тайдыруунун негизги куралы артиллериялык курал, залптык оттун реактивдүү тутуму болуп кала берет. Куралдуу күчтөрдө да өзү учуучу аппараттарга караганда стволдук жана реактивдүү артиллерия басымдуулук кылат.

Мисалы, 1 миллион доллар турган Bayraktar болгону 150 килограмм ок-дары көтөрүп, керектүү жерге чейин жеткире алат, ал эми баасы кыйла арзан болгон залп оттун реактивдүү тутумунун жүгү 1 тоннага чейин жетет. Демек, артиллерия бутаны жок кылуунун "өз баасын" бир топ эле төмөндөтүп коет. Аскердик бюджеттин көлөмү жеңишке кепилдик бере албайт. Алсак, Пентагон ушунча жылдан бери Афганистандын асманында үстөмдүк кылганы менен кургакта талибдерди жеңе албай келет.

Өзүнө өзү ашкере ишенүүчүлүк

ПВОнун туура уюштурулган эшелондук системасы каршылаштын ири сандагы учкучсуз аппаратын жок кыла алат, ал эми радиоэлектрондук чалгындын каражаттары көз ирмемде душмандын ок атууну тескеген пунктулардын дайын-дарегин аныктоого жөндөмдүү. Армян армиясынын Карабахта колдонгон ПВО комплекстеринин тийиштүү деңгээлде коргой албаганына "эскирип" калганы эмес, бир беткей системанын жоктугу, аракеттердин башаламандыгы себеп болду. Белгилей кетсек, 1960-жылдары чыккан "Стрела-10" жана "Оса-АКМ" комплекстери айрым учурда сегиз чакырым жерден "Байрактарга" жетпей калып жатты. Ал эми заманбап делген "Тор-М2КМ" менен "Бук-М2Э" Ереван менен Мецамор атомдук электр станциясын гана коргоп жатышты.

Дагы бир маселе, маскировка таптакыр көз жаздымда калды, айрым объектилер "мен бул жактамын, өлтүр мени!" деп кыйкырып жаткандай эле болду.

Экинчи жагынан Түркиянын өзү учуучу аппараттары "кокусунан" Карабахтан Армениянын чек ара аймагына кирип калып жатты. Буларды ал жакта иши жолго коюлган ПВО жана радиоэлектрондук тирешүү каражаттары эч көйгөйсүз ордуна коюп келди.

Карабах боюнча 1994-жылкы жеңиш армян армиясынын кынтыксыздыгы тууралуу мифти жаратып, ондогон жылдар бою бул ойду бекемдеп келген. Аракс дарыясынан Мрава тоо кыркаларына чейинки 100 чакырым аралыкта бир да кыйраткан инженердик курулуштун жоктугун да өзүнө катуу ишенгендиктен деп билсек болот. Үстү жагы ачык окоптор, өзүнчө турган блиндаждар — өткөн кылымдын оокаты. Армян тарап темир бетондон жасалган ок атуу жайлары жана жер алдынан өтүүчү коммуникация түйүнүнө таптакыр баш оорутпаптыр, буга чейрек кылып убактысы бар эле. Абал ушундай болуп турганда 2019-жылы өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян: "Карабах — бул Армения" десе, коргоо министри Давид Тоноян: "Жаңы согуш үчүн жаңы аймактар" деген концепциясын жар салган.

Армян армиясынын потенциалы 27-сентябрга карата Азербайжандан кыйла артта болчу, ошентсе да каршылаштар адамдарынан да, техникасынан да бирдей эле оор жоготууга учурады. Азербайжандын түштүктөгү күчү кайсы бир убакта он эселеп алдыга кеткени менен бир айда 30-40 чакырымга эле жылганы маалым болду. Нары-бери кыла коем деген Бакунун ою ишке ашпай калды. Ал эми калкалоосуз, борбордук башкаруусуз калган армян аскерлеринин, ыктыярчыларынын эрдигине баа берүүгө болот.

Сирия жана Ливия тажрыйбасы

Россиянын ПВО системалары менен Түркиянын учкучсуз аппараттарынын атаандаштыгына кайрыла турган болсок, Сирия менен Ливиянын аба мейкиндигиндеги "Тор-М2КМ", "Бук-М2Э" жана "Сосна" зениттик ракета комплекстеринин ырааттуу иштешинин натыйжасындагы "дрон жаанын" эстөөгө болот. Майнаптуулугун "Панцирь-1" комплекси да көрсөткөн. Эгер аталган техниканы Карабахка өз убакында жайгаштырып колдонгондо, Түркиянын "Байрактары" алапайын таппай калмак.

Россия тынчтык орнотуу миссиясынын акагында Тоолуу Карабахка радиоэлектрондук тирешүүнүн жапжаңы "Леер-3" комплексин жөнөттү. Анын максаты GSM стандартындагы уюлдук байланыш сигналдарын басаңдатуу жана 3G менен 4G түйүндөрүн иштен чыгаруу болчу. Комплекс бир КамАЗ автоунаасынан жана 120 чакырым радиустагы "Орлан-10" деп аталуучу эки-үч учкучсуз аппараттардан турат. Бул аппараттар телефон, планшеттерди таап, чалгындап, маалыматтарды санарип картага түшүрүп, аларды сокку уруу үчүн артиллерияга жиберип тура алат. Карабах чыры толук чечилген жок, болгону токтоп калды. Ал эми ПВО менен чалгындоо каражаттары өз маанисин таптакыр жоготкон жок.

86
Белгилер:
согуш, сокку, ракета, техника, курал, Тоолуу Карабах, Азербайжан, Армения
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Түркия эмнеликтен Азербайжанга аскердик күч киргизүүдө? Ой толгоо
Эрдогандын Түркияга келген Помпео менен жолугууга бош убактысы болбой калды
Карабахтагы азербайджандык аскер Гадруттагы блокпостто. Архивдик сүрөт

Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?

194
(жаңыланган 12:19 29.11.2020)
Сириялык согушкер-көчмөндөр согуштан соңку Тоолуу Карабахтын чындыгы болуп калышы ыктымал. Тарыхта мындай көрүнүштөр болгон, маселен, Осмон империясынын тушунда сербиялык Косового албаниялыктар жайгашкан.

Түркия үчүн бул уюштурулган миграция – Түштүк Кавказда олуттуу жана узакка бекем орун алуунун кошумча мүмкүнчүлүгү. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет Түркиянын Карабахка карата жеке пландары тууралуу ой толгогон.

Тоолуу Карабахтагы куралдуу жаңжалга бир нече сириялык жалданма киши тартылган. Алар Түркиянын ортомчулугу менен согуштук аракеттер аймагына келип, Азербайжан тарапта иш алып барышты. Үч тараптуу макулдашуу түзүлүп, согуш токтогондон бүгүнкү күнгө дейре турист-террорчулардын мекенге кайтышы тууралуу эч нерсе белгисиз. Сириялыктар өз бүлөлөрү менен Азербайжанга кайтарылган райондорго жайгашары толук ыктымал.

Sky News Arabia телеканалынын маалыматына таянсак, түрк өкмөтү Сириянын түндүк-чыгышынан туркоман (Осмон империясына чейинки Жакынкы Чыгышта отурукташкан түрктөрдүн тукумдары) үй-бүлөлөрдүн Тоолуу Карабахтын райондоруна аймактын демографиясын өзгөртүү үчүн көчүрүлүшүнө көмөкчү (аларга азербайжан жарандыгын берүүнү убада кылышкан) болот. Түркиянын мындай трансформацияда тажрыйбасы бар, атап айтканда, Сириянын түндүк-чыгышындагы түпкү калкынын 7ден аз пайызы жашаган Африн калаасында ушундай аракет жасалган.

Сириянын түндүк-чыгышынын Автономдук администрациясынын өкүлү Шафан аль-Хабури Sky News Arabia телеканалына берген маегинде Түркия өкмөтүнүн сириялык үй-бүлөлөрдү Тоолуу Карабах регионуна көчүрүү демилгеси боюнча маалыматты тастыктады. Ошону менен бирге эле Түркия жетекчилиги 1923-1929-жылдары Карабахтын аймагында баш калаасы Лачин "Кызыл Күрдстан Республикасы" болгонун унутпоосун баса белгиледи.

Бул долбоордо таң каларлык деле нерсе жок. Террорчулук тажрыйбасы бар бул туркомандар кыйла даярдыктан өткөн "аскердик контингент". Кайда жана кимге каршы болбосун аз акчага ыраазы болуп согуштук аракеттерге катыша беришет.

Ал эми Карабахтын мындай "кавказдык Косового" болжолдуу айланышы Анкарага бир тууган калкты каалаган убагында коргоп чыгууга мүмкүндүк берет. Түрк парламенти Азербайжанга күчтөрдү жөнөтүү маселесин жактырган. Анан да бул Түштүк Кавказга карата ири геосаясий оюндун башталышы гана. Ага Россия Федерациясында ишмердигине тыюу салынган "Жебхат ан-Нусра", "Фиркат Хамза", "Султан Мурад" жана бир катар экстремисттик күрд топтору катышып калышы да ажеп эмес.

Кавказдагы жаңы "жоокерлер"

Түркия тарап Азербайжанга жалданма согушкерлердин жөнөтүлгөнүн расмий түрдө төгүндөп, ондогон жылдар бою Түркия бийлигине каршы күрөшүп келе жаткан Күрдстандын Жумушчу партиясынын согушкерлери Арменияны колдоп жатканы тууралуу билдирет. Бакудагылар да Сирия жана Ливандан жалданма жоокерлер Армения тарапта болушу мүмкүн, бирок эми актуалдуулугу жоктугун белгилешет. Ансыз да кылдын учундагы тынчтык мезгилдин сынагынан өтүүдө. Баскан жолу шектүү жакынкы чыгыштык "колонисттерди" жөнөткөндүн ордуна, Карабах туңгуюгунан чыгуу үчүн дипломатиялык арга издөө зарыл.

Эске салсак, Латакия жана Алепподо 100 миңдин тегерегинде сириялык туркоман турат. Алар бир катар террордук уюмдар менен байланышта, көп жылдардан бери Сирия Араб Республикасынын өкмөттүк күчтөрү менен согушканы тыйыла элек. Түркия бийлиги туркомандардын куралдуу түзүмдөрүн колдоп келет.

Аfrinpost медиа-ресурсу 23-ноябрда түркиялык бийлик Сириянын түндүгүндөгү Африн күрд аймагынын борборуна эки кеңсе ачканын маалымдады. Ал кеңселерде Тоолуу Карабахка, тагыраагы, "азербайжан армиясы алган территорияга" көчүүнү каалаган үй-бүлөлөр каттоого алынары, эмитен эле туркоман үй-бүлөлөр, айрыкча, Хомс провинциясында жашагандар кезекке туруп калышканы кабарланат. Кыязы, алардын баарын шыктандыра алышкан өңдөнөт. Тоолуу Карабахка мигранттарды жөнөтүүдөн оболу түркиялык чалгын кызматы алар тууралуу маалыматтарды өз базасына киргизет.

"Ронаи" күрд маданиятынын азербайжан борборунун жетекчиси Фахраддин Пашаевдин санагында ушул тапта Азербайжанда 240 миң чакты күрд жашайт. Бирок Түркия Тоолуу Карабахка жакынкы чыгыштык күрддөрдү эмес, тек гана туркомандарды үй-бүлөлөрү менен көчүрүүгө ниеттенет. Мында армениялык калкты айтпай эле коелу, мындай кадам Азербайжанга пайда алып келеби?

1923-жылдагы эл каттоодо Тоолуу Карабах автономиялык облусунда армяндар 94%ды түзгөн, 6%ы гана негизинен азербайжан деп көрсөтүлгөн. Күрддөр жана орустар абдан азчылыктын катарында эле. Совет бийлигинин тушунда Карабахта армян калкынын саны 77 пайызга азайып, азербайжандар 21%дан ашуун эле. 1990-жылдын башындагы согуштун таасиринен демографиялык курамды тактоо кыйын болуп калган.

Армиянын күндөлүгү

Тоолуу Карабахтын армениялык бөлүгүндөгү тынчтык орнотуучулардын россиялык тобу согуштан кийинки турмушту жөнгө салууга болгон аракетин жумшоодо. Инженердик-сапердук бөлүктөр инженердик чалгындоо, жолдорду минадан арылтуу, жалпы колдонуудагы көчөлөрдөн өрттөнгөн техникаларды чыгарып жатышат.

Степанакертта жол кыймылы, жарандык инфраструктуранын социалдык объектилеринин жана турак үйлөрдү электр-суу менен камсыз кылуу калыбына келтирилди. Гуманитардык борбор иштеп, аэромобилдик госпиталь уюштурулган. Россиялык тынчтык орнотуучулар качкындарды ташыган автобустарды коштоп жүрүшөт. Бир нече миң жергиликтүү тургун үйлөрүнө кайтты.

9-ноябрда Азербайжан Республикасы, Россия Федерациясы жана Армениянын премьер-министри тарабынан кол коюлган үч тараптуу макулдашууга ылайык 25-ноябрда азербайжан армиясынын бөлүгү Келбажар районуна кирди. 20-ноябрда Бакунун көзөмөлүнө Агдам району өттү. Жакында, тагыраагы, 1-декабрда Лачин району өткөрүлөт. Россиялык тынчтык орнотуучулардын ортомчулугу менен Азербайжан тарапка аймактардын өткөрүлүшү 1992-жылдагы качкындарды дароо кайтарууну карабайт.

Карабахтын мындан аркы тагдыры көбүнесе Азербайжан Республикасынын армиясы жана аскердик-саясий жетекчилигинен көз каранды. Жети райондун жана армян "коопсуздук аймагы" аймагынын мынчалык элсиз жана кооптуу Азербайжан аймагына айланышы өтө эле жагымсыз. Жети районго сириялык туркомандарды жайгаштыруу ыктымалдыгы жок эмес. 28 жылдан кийин жаңы аймактарда отурукташып калган азербайжандык качкындарды кайра ордунан козгоп "тагдыры кандай болору белгисиз" жерге алып келүү да – абдан машакаттуу милдет. "Кол менен" бир калкты башкасы менен алмаштыруу ушундайча жүрүшү мүмкүн.

Мурда Азербайжан президенти Ильхам Алиев Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар, ТИМ башчысы Мевлют Чавушолу, чалгын кызматынын жетекчиси Хакан Фидан жана кургактагы күчтөрдүн командачысы Умит Дүндар менен болгон жолугушуусунда жаңжалды чечүүдө Россия менен Түркиянын "тең укуктуу ролу" тууралуу билдирген.

Түрк аскердик кеңешчилер өлкөдө кеңири таанылган. Карабахтан обочо, бирок Армения менен чектешкен Нахичеван автономиясында алардын көп санда болушу Баку менен Анкаранын "армениялык фронттун" бардыгында чоң согушка башынан камынышканын далилдейт. Россия согуштук аракеттерди тең укуктуу токтото алды, кыязы ага баары тегиз канааттанышкан жок.

Түркия коргоо министри Хулуси Акар 24-ноябрда РФ менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын, үч тараптуу макулдашууга жетишилгенден кийин Карабахтагы байкоо пункттарынын ортосунда түрк күзөтү пландалганын айтты. Анын ошол билдирүүсүндөгү эң урунттуу учур катары: "Биз муну Азербайжан менен сүйлөшүүлөрүбүзгө ылайык ишке ашырабыз" дегенин белгилесек болчудай.

Кеп биргелешкен мониторинг борбору туурасында эмес экени айдан ачык. Анкара региондун кызыкчылыгына жана жаңдалдашкан тараптарды тынчтыкка үндөө керектигине кайчы келген аракетке барууга даяр. Карабахтагы "жаңы тынчтык" кимгедир аябай жолтоо болуп жаткан көрүнөт.

194
Белгилер:
Аскер, согуш, Азербайжан, Түркия, Россия, Тоолуу Карабах
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Керексиз болуп... Батыш Карабахтагы абал жөнгө салынып жатканына неге нааразы
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

363
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

363
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда