Эксперт: Ирандын айланасында түзүлгөн кырдаал Кыргызстанга пайда алып келет

© МИД России / Медиабанкка өтүүИрандын өзөктүк программасы боюнча чогулуш. Архив
Ирандын өзөктүк программасы боюнча чогулуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Венада кабыл алынган Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашуунун оң жана терс жактары бар деп эсептейт саясат таануучу Марс Сариев.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Ирандын өзөктүк программасынын чечилиши Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизе турганын Sputnik агенттигине саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

Россиянын тышкы иштер министрлигинин мекемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин: Иран боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эл аралык коопсуздукка оң таасирин тийгизет
Россия, АКШ, Кытай, Германия, Франция жана Улуу Британия эл аралык ортомчулук милдетти аткарып, Евробиримдик менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Бир нече айга созулган сүйлөшүүлөр шейшемби күнү ири план кабыл алуу менен аяктады. Ага ылайык, Иранга карата БУУнун Коопсуздук Кеңеши, АКШ жана Евробиримдик тарабынан киргизилген экономикалык жана финансылык санкциялар алынат.

АКШ президенти Барак Обама коопсуздук жаатындагы коркунучтарга каршы туруу үчүн Персия булуңунун Араб мамлекеттеринин кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөр менен кызматташууну бекемдөөнү улантуу оюн билдирди. 

Буга чейин БАЭ эксперттери өзөктүк программа боюнча жетишилген макулдашуу Иран менен болгон соода жана башка эмираттын байланыштарын чыңдай турганын айтып келишкен. 

Сариевдин айтымында, Кыргызстанды ушундай эле тагдыр күтүүдө. Эксперт 90-жылдарды Кыргызстанда ирандык инвесторлор басымдуулук кылып келгенин белгиледи.

"Өзөктүк программа боюнча чечим кабыл алуу менен ирандык инвесторлордун кайтып келишин божомолдоого болот. Бул багытта Бишкек – Тегеран, Бишкек – Мешхед авиакаттамдарынын ачылышы дагы бир алдыга жасалган кадам болуп калмак. Биздеги товарлар ал жакта 2-3 эсе кымбат тургандыктан, Дордой базары аңгырап бош калмак", — деди эксперт.

Саясат таануучу таяктын эки учу сыяктуу Ирандын өзөктүк программасынын да терс жактары бар экенин кошумчалады.

"Иран – пикирине кулак салууга мажбур кыла алчу өз алдынчалуу оюнчу. Кабыл алынган чечим Батыштын саясий оюндарынын бир этабы гана. Персия булуңунун өлкөлөрү бул чечимди ар кандай кабыл алганы – мындан аркы боло турган кыйынчылыктар тууралуу кабар берип турат", — деди Сариев.

Эксперт аталган мамлекеттер Ислам агымдары боюнча – сунниттер жана шиттер болуп бөлүнүп кеткенин божомолдойт. Анын пикиринде, бул Чыгышта кагылышууларга алып келиши ыктымал.

"АКШ менен Батыш аймактарды ызы-чууга аралаштырып мыкты оюн көрсөтүп жатат. Бирок Иран бардыгын жөнгө салууга жөндөмдүү. Муну ал ШКУга мүчө болуу ниети менен тастыктады", — дейт саясат таануучу.

Сариев саясий процесс табигый түрдө эмес, анык бир максаттарды көздөө менен түзүлө турганын белгилейт. Эгер Ирандын өзөктүк программасынын жыйынтыгы ири оюнчулардын кызыкчылыгына туура келбесе, макулдашууну четке кагып коюуга дайым негиз табылат, деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.

Жаңылыктар түрмөгү
0