ТИМ: өлкө кызыкчылыгына каршы келсе, АКШнын жардамы маанисин жоготот

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүАКШ элчилигинде. Архив
АКШ элчилигинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШдан кандайдыр бир жооп чараларын күткүдөй кылмыш жасалган жок. Денонсациялоо АКШнын эл аралык укуктук мамиледеги туура эмес кадамына карата жооп гана болуп саналат дейт мекеме.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. АКШ көрсөткөн бардык жардамдын түрү мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келсе, өз маанисин жоготот деп билдирди өкмөт ТИМге шилтеме берүү менен.

Ак Үй мекемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз өкмөтү АКШ менен макулдашууну жокко чыгарды
Дүйшөмбүдө премьер-министр Темир Сариев Кыргызстан менен АКШ  өкмөттөрүнүн ортосунда жардам көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча макулдашууну жокко чыгарган токтомго кол койду. Мындай кадамга өкмөт АКШ Мамлекеттик департаменти тарабынан Азимжан Аскаровго "Адам укуктарын коргоочу" сыйлыгын ыйгарышы түрткү болду.

КРдин Тышкы иштер министрлиги макулдашуу 1993-жылдын 19-майында күчүнө киргенин билдирет. Буга байланыштуу жана "Эл аралык келишимдер жөнүндө" КРдин мыйзамына ылайык, кол коюлган күнү күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды денонсациялоо үчүн  Жогорку Кеңештин мыйзам кабыл алуусу талап кылынбайт. Ошондуктан денонсациялоо чечими өкмөт  тарабынан кабыл алынды.

Макулдашууну денонсациялоо кимге түздөн-түз таасирин тийгизет?

Аталган макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду камтыган бардык чөйрөдөгү кызматташууга тиешелүү болот, булардын ичинде ЮСАИДдин да долбоорлору бар. Ошондой эле салыктык, бажы жеңилдиктери, административдик-техникалык кызматкерлерге теңештирилген АКШнын жарандарына (долбоорлордо иштеген) карата каралган жеңилдиктер, артыкчылыктар жана иммунитеттер  да жоюлат.

Жалпысынан алганда,  бул жоюлуп жаткан макулдашуунун негизинде ишке ашырылып жаткан долбоорлордо иштеген бардык кызматкерлерге тиешелүү болот.

АКШ менен мындан аркы мамилелер

ТИМ Кыргызстандын тышкы саясаты коңшу мамлекеттер жана дүйнөнүн ири өлкөлөрү, ошондой эле алдыңкы эл аралык  уюмдар менен туруктуу достук мамилелерге негизделгенин белгилейт.

Аскаровдун сыйлангандыгы үчүн КР АКШ менен түзүлгөн келишимди бир жактуу жокко чыгарат
"Бирок улуттар аралык араздашууну тутантып, массалык баш аламандыкты уюштурууга, 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуяларда укук коргоо органдарынын кызматкеринин өлтүрүлүшүнө катышкандыгы үчүн өлкөнүн бардык сот инстанциялары тарабынан жазаланган  Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаменти «Адам укуктарын коргоочу» сыйлыгын ыйгаруусу эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуунун конструктивдүүлүгүнө жана тең укуктуулугуна шек келтирди. Кыргызстан өлкөдө оор кылмыш үчүн жазаланган адамдын мындай наам алышын таптакыр кабыл албайт ", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме Аскаровдун сыйланышын кыргыз тарап эл аралык терс резонанс жаратуу жолу жана элдин биримдигин, өлкөдөгү жалпы ынтымакты бекемдөө процессине жолтоо болуучу фактор катары тааный турганын белгилейт.

Кыргызстан өлкөдө демократиянын бекемделишине жана анын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө болгон АКШнын колдоосун жогору баалап, стратегиялык өнөктөш катары АКШнын ордун баса белгилөө менен бирге, эки тараптуу мамилелерге келтирилген чоң зыян  Кыргызстандын демилгеси менен болгон жок эсептейт.

Министрлик мындан аркы эки тараптуу кызматташуу өз ара сый, конструктивдүүлүк негизде өнүгө берерин, тараптар өз ара кызыкчылыктарды туудурган маселелер боюнча кызматташууну мындан ары кеңейтип, тереңдетерин белгилейт.

Макулдашууну денонсациялоодон Кыргызстан эмне жоготот?

Макулдашуу Кыргызстындын аймагында түрдүү жеңилдиктерди пайдалануу менен техникалык жана гуманитардык долбоорлордун ишке ашырылышын камсыздаган.

"АКШ тарабынан бизге көрсөтүлүп жаткан жардамдарды кыскартылышы,  же толугу менен токтолушу мүмкүндүгүн эстен чыгарбайбыз. Бирок  улуттар аралык тынчтыктын жана өлкөбүздөгү ынтымактын бекемделишине  каршы атайын жасалган аракет жөнүндө сөз болуп, мындай кырдаал биздин мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына караманча каршы келерин эске алсак, АКШ тарабынан берилип жаткан бардык жардам өз маанисин толук жоготот", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошону менен бирге, Тышкы иштер министрлиги АКШдан кандайдыр бир жооп чараларын күткүдөй кылмыш жасалган жок. Денонсациялоо АКШнын эл аралык укуктук мамиледеги туура эмес кадамына карата жооп гана болуп саналарын белгиледи.

Албетте, АКШ тарабынан дагы кошумча чаралар көрүлүшү мүмкүн, бирок ал америкалык өнөктөштөрүбүздүн өзүнө гана тиешелүү болмокчу дейт мекеме.

Жаңылыктар түрмөгү
0