Мамытов: чек ара чатактарын жергиликтүү бийлик жана милиция чечиши керек

Жазылуу
Коопсуздук маселелери боюнча мурунку вице-премьер-министрдин айтымында, мамлекеттик органдар чек арадагы чыр-чатактарды чечүүдө тикелей милдетин аркалап, күнөөнү бири-бирине оодарбашы керек.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Чек арада иш алып баруучу ар бир мамлекеттик орган өз милдетин так түшүнүшү керектигин Коопсуздук маселелери боюнча мурунку вице-премьер-министр Токон Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы абалга баа берип жатып билдирди.

Чек арачы.Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы: кыргыз чек арачылары ок чыгарган эмес
Баткен районундагы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара аймагында 3-августта башталган чатактан кыргызстандык беш жаран жарадар болуп, жети үй жабыр тартып жана бир автоунаанын айнеги талкаланган. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 120га жакын тажик жарандары жана 80ге чукул кыргыз жарандары чатак учурунда бири-тирине таш ыргытып, урушуп кеткен. 

Бүгүн, 4-август күнү жергиликтүү тургундар кайрадан чек арага чогулуп, атышуудан бир нече адам жаракат болгону маалымдалды.

Чек ара кызматынын мурунку жетекчиси чек арадагы чыр-чатактар чарбалык мүнөздө экенин белгиледи.

"Бул жер, суу, жайыт талаштан улам чыккан чыр-чатактар. Муну менен жергиликтүү бийлик менен милиция жөнгө салып кое турган иш. Ар ким өзүнүн тикелей милдетин аткарып, күнөөнү ар кимге оодара бербеши керек", — дейт Мамытов.

Чек араны делимитация жана демаркациялоо маселесин тез арада чечип койсо болот, ошону менен бирге жылдап узартып ийсе да болот. Мамытовдун айтымында, бүгүнкү күндө 70тен ашуун мамлекеттин чек ара көйгөйү бар.

"Аталган маселени чечүү бир катар факторлорго көз каранды. Биринчи кезекте кайсы документтер менен иш жүрө турганын так аныктап алуу керек", — дейт экс-чиновник.

Чек ара көйгөйүн чечүү үчүн мамлекеттердин саясий эрки да чоң мааниге ээ. 

"Бир пикирге келүү гана чек ара маселесин жөнгө салат", — деди ал.

Мамытов айтуусу боюнча, ЕАЭБ айрым чек ара маселелерин чечүүгө жардам берет, бардык көйгөйлөр жоюлбаса да, коопсуздукту камсыздап берет.

"Кыргызстандын чек аралары Евразиялык экономикалык биримдиктин тышкы чек аралары болуп саналат. Албетте, уюм өз аймагынын коопсуздугуна кам көрөт", — дейт экс-вице-премьер.

Эки өлкөнүн чек арасындагы чатак Көк-Таш айылынын жашоочулары унаа менен мүрзөгө кетип бара жатканда, Май айылында жашаган тажик бүлөлөрү жолду тосуп алгандан келип чыккан. Ага нааразы болгон кыргызстандыктар ошол аймакта тажиктер жашаган Чорку айылына кеткен сууну жаап салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0