Экономист: теңгенин түшүүсү КРди экономиканы же калкты тандоого мажбур кылат

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүАкча купюралары. Архив
Акча купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстан акчаны эркин алмаштыруу тартибине өттү. Теңгенин баасы түшүп, Кыргызстандын акча алмаштыруучу жайлары да анын баасын төмөндөттү. Эми казак акчасын 20 тыйындан сатып жатышат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Теңгенин түшүшү менен Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн экономикасын куткаруу керектигин же калктын абалын коргоо керектигин тандоого аргасыз болот деп билдирди Sputnik агенттигине Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Максат Ишенбаев. 

Бейшембиде Казакстандын премьер-министри Карим Масимов өлкөдө теңгенин акча алмаштыруудагы курсун чектөө тартиби жоюлганын билдирген. 

УБ: валюта рыногундагы өзгөрүүлөргө Кыргызстан туруштук бере алат - Sputnik Кыргызстан
УБ: валюта рыногундагы өзгөрүүлөргө Кыргызстан туруштук бере алат
Биржадан келген жаңылыктарга накталай акча рыногу токтоосуз жооп кайтарып, банктар менен акча алмаштыруу жайларында доллардын баасы бир нече саат ичинде 188,8 теңгеден 197-198ге көтөрүлүп кетти деп билдирет Sputnik Казахстан. 

Кыргызстанда акча алмаштыруу бюролору да теңгенин баасын түшүрүп, эми ал 20 тыйындан сатылууда.

Максат Ишенбаевдин айтымында, теңгенин кунунун кетиши күтүлүп жаткан иш болчу. Рублдин төмөндөшүнөн казак товарлары атаандаштыкка туруштук бере албай калган. 

"Арзан товарга казак рыногу жык толуп кеткен, ошон үчүн ишкердикти сактап калуу максатында бийликтегилерге теңгенин кунун кетирүү зарыл болчу", — деди Ишенбаев.

Эксперттин айтымында, дыйкан чарбалары менен өнөр жайчыларды коргош үчүн Кыргызстан да ушундай көйгөйгө туш болот.

"Албетте, девальвациянын айынан баалар тез өсүп баратат. Айлык маяна, пенсия жана жөлөк пул дегендер курстун артынан кууп жетпейт. Бирок экономика болбой калса, жарандарга төлөгөнгө акча да болбойт. Менимче, экономика артыкчылык орунда болушу керек", — дейт Ишенбаев.

Анын айтымында, валюталык каатчылыкты жеңилдетүү үчүн Улуттук банктын резерви жетиштүү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0