Эколог: Чычканда өрттөн тирүү калган жандыктар ачкадан өлөт

© пресс-служба МЧС КРЧычкан капчыгайы. Архив
Чычкан капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт тоо боорлоруна атайын от коюп күйгүзүүчү чабандардын аракеттеринен чыккан болушу мүмкүн. Чычкандагы жабыр тарткан арча токою эч качан кайра калыбына келбейт дешет экологдор.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Чычкан капчыгайын өрлөп келген жаныбарлар ачкадан кырылып жок болушу толук мүмкүн дейт Sputnik агенттигине берген эксклюзивдүү маегинде эколог, профессор Эмил Шүкүров.

Сариев: адамдардын кайдыгерлигинен улам жүздөгөн гектар жер өрттөнүп кетти
ӨКМдин акыркы маалыматтары боюнча, бүгүнкү күндө Чычкан капчыгайында өрт толук өчүрүлгөн. Өрткө кабылган жер аянты 640 гектарды түзүп, анын ичинде арча жана карагай токойлорду да күйүп кетти. Өрттү өчүрүүгө 800 адам жана тик учактар тартылды. 

Шүкүровдун айтымында, Чычканда Кызыл китепке кирген сүлөөсүн жашайт. Айбанаттар өрт жалынынан качып кутулса да, ачкалыктан өлүшү мүмкүн. 

"Эмнегедир элдин түшүнүгүндө, эгер адам канаттуунун же айбанаттын жашаган жерин кыйратып салса, жандык жөн эле жер которуп кетет деген ой бар. Бирок табиятта мындай эмес. Бардык жерлер эбак эле бөлүштүрүлгөн. Чычкандын жаныбарларын ачка өлүм гана күтүп турат", — дейт профессор.

Анын айтымында, ал жерде бүркүттөр, көп сандагы сойлоп жүрүүчүлөр, жер-сууда жашоочулар жана курт-кумурскалар болушу мүмкүн эле. 

"Кыязы, бул өрт табигый себептен чыккан жок. Чабандар тоо боорлорун өрттөгөн учурлар көп болот. Алар өрттөлгөн бадал-чөптүн ордуна малдын тоютуна жарактуу дан өсүмдөктөрү чыгат деп ишенет. Бирок алар жаңылышат. Аска тоолордо эми эч нерсе чыкпай калышы мүмкүн", — деп белгилейт эколог.

Анын кесиптеши, өрт чыккан жерде болуп кайткан эколог Дмитрий Ветошкиндин айтымында, күйүп кеткен жерлер — өлкөнүн экологиясы үчүн зор зыян. 

"Жапайы токойлор Кыргызстандын төрт пайыз гана жерин ээлейт. Дал ошолор экосистемалык милдеттерди аткарып, абаны нымдап, жаан-чачынды тартып, атмосферанын газ курамын жөнгө салып турат. Биздин климат кургак кескин континеттик болгондуктан, өрт чалган жерлер кайра калыбына өтө жай келет. Чычкандын өрттөнүп кеткен аймактары кайра өз абалына эч качан келбей калышы да мүмкүн", — дейт эколог.

Ошондой эле ал күйгөн жерлерди чабандардан тосуу зарылдыгын, себеби мал жаңы өнүп чыга турган бадал-дарактарды жеп салышы мүмкүн экенин белгиледи. 

"Чычканга дарак отургузуу аракеттери да коркунучтуу. Бул ишти этият жүргүзүү керек. Себеби бул адамдын денесиндеги жарадай — ага зеленка, йод куюп, улам эле чукулай берсе, ал эч качан айыкпайт", — деп белгиледи Ветошкин.

Чычкандагы өрт толук өчүрүлдү
Жаратылышты коргоо иштерине байкоо жүргүзүү жана талдоо секторунун башчысы Бакытбек Мусабаевдин сөзүнө караганда, өрттөн келтирилген зыян азырынча эсептеле элек.

"Алгач экспертизанын натыйжаларын билүү керек, ошондон кийин гана иш-аракеттерди көрөбүз", — деп баса белгиледи адис.

Анын айтымында, кайра калыбына келтирүү иштери келерки жылы башталат, себеби көчөттөрдү жаз мезгилинде отургузуу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0