Эксперт:Тажикстандагы туруктуулук бардык Евразия мамлекеттери үчүн маанилүү

© Sputnik / Борис Ушмайкин / Медиабанкка өтүүКолонна Независимости на проспекте Ленина в Душанбе
Колонна Независимости на проспекте Ленина в Душанбе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сырттан байкоочулардын көпчүлүгү радикалдык исламга каршы күрөштө аша чапкандык Тажикстандагы абалдын турктуулугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген пикирде. Көптөгөн ислам өлкөлөрүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, тыюу салынган орто исламдын ордуна радикалдашкан ислам келип, дал ошол чыныгы коркунуч жаратышы ыктымал деп эсептейт эксперт.

Андрей Казанцев, саясий илимдеринин доктору, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун (МГИМО) Аналитикалык борборунун директору 

Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Душанбе шаарынын чет жакасында атышуу болуп, атайын операция жүрүүдө
Тажикстанда жакында болгон куралдуу кагылышуулар Евразиянын бүтүндөй мамлекеттер аралык системасы үчүн олуттуу болуп эсептелет. Коңшулаш башка өлкөлөргө салыштырмалуу бул чакан мамлекет Борбордук, Түштүк жана Чыгыш Азиянын чектеш жеринде орун алган. Ошондуктан Евразиянын борборундагы стратегиялык "түйүн" болуп эсептелет. Ал жерде ансыз деле кыл учунда турган саясий туруктуулук бузулса, Фергана өрөөнү менен Түндүк Афганистанда эмне болуп кетерин алдын ала айтуу кыйын. Анын терс тасири Кытайга да тийиши мүмкүн (ал жерде Борбор Азияга коңшулаш Синьцзянда уйгур сепаратизмине байланышкан олуттуу маселе турат). Борбор Азиядан Россия менен Европаны көздөй "Түндүк багыты" боюнча баңги заттарын ташуу андан ары күч алып, Казакстанга, Россияга, мүмкүн, андан ары Европага карай көзөмөлгө баш ийбеген миграциянын жаңы толкундары пайда болушу ыктымал. 

Деги Тажикстанда эмне болуп кетти? Расмий көз карашты президент Эмомали Рахмон билдирип, Вахдат шаарынын Ички иштер бөлүмүнө "Ислам мамлекетинин" согушкерлери кол салганын, алардын ичинде ошол шаардын 46 тургуну бар экендигин айткан. Козголоңду Тажикстандын Коргоо министринин мурдагы орун басары, Бириккен тажик оппозициясы менен байланышы бар генерал-майор Назарзода жетектеген. 

Путин Тажикстандагы абалды дестабилизациялоо аракети катары баалады
Ал эми Назарзодага шилтеме жасалган башка бир көз караш Интернетте пайда болгон. Ага ылайык, Бириккен тажик оппозициясы менен байланышы бар мурдагы аскер командирлерин күнөөлөш үчүн милиция бөлүмдөрүнө кол салууларды өкмөт өзү уюштурган.

Мындай билдирүүлөрдүн маңызын түшүнүш үчүн окуяларды Тажикстандын ички саясатынын алкагында карап көрөлү. Өлкөдө экономикалык оор абалга байланыштуу (буга Россияда жана мурдагы совет республикаларында болуп жаткан экономикалык маселелер да себеп) жалпы эле социалдык-саясий абал курчуп, калктын нааразылыгы артып, бийликти коррупция үчүн айыптоолор көбөйүп жатат. 

Акыркы кезде оппозициянын башкы күчү болуп эсептеген " Ислам кайра жаралуу партиясы" деп аталган орто исламисттик кыймылына каршы күрөш күч алды. Ага Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекети" террорчулар тобунун идеяларына берилип, аларды жайылтып жатат деген айып коюлган. Дал ушундай кырдаалда Назарзоданын куралдуу күчтөрү мамлекеттик күчтөр менен кагышып кетти. Окуя болгондон кийин Назарзоданын тобу тоого жашырынып кеткен. Бул жерде белгилей турган нерсе, ички бөлүнүп-жарылууларга байланыштуу мындай куралдуу "териштирүүлөр", тилекке каршы, Тажикстандын саясий системасы үчүн адаттагы көрүнүш. 

Эми тиги же бул окуялардын артында туруучу "сырткы таасирлерди" чечмелеп көрөлү. Борбордук Азияны колго алуу үчүн жүрүп жаткан "Жаңы чоң оюнда" баары чаташып, татаал болгондуктан, чечмелөөнүн натыйжалары бир жактуу болбойт. 

Сырттан көрсөтүлгөн таасирлердин бир изи расмий билдирүүдө туура белгиленген. "Ислам мамлекетинин" үгүттөөлөрү жана таасири Борбор Азия менен Афганистандын бардык аймактарында, Тажикстанда да чын эле өсүп келе жатат. Бир катар тажик исламчылары "Ислам мамлекети" (ИМ) менен эле эмес, "Аль-Каида" менен катышы бар экенин шексиз далилдей турган фактылар бар. Тажик ОМОНунун бир командири Халимов "Ислам мамлекетине" ("ИМ") кошулуп кетиши буга айкын мисал болот. Борбор Азия "ИМ" үчүн эң артыкчылык орунда тургандардын бири деген ойлор бар болчу. Бирок мындан "ИМ" менен "Ислам кайра жаралуу партиясы" бир деп түз байланыштурууга болбойт. Тескерисинче, көпчүлүк сырттан байкоочулар радикалдык исламга каршы күрөштө аша чаап кетүү Тажикстандагы туруктуулукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт. Көптөгөн ислам өлкөлөрүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, тыюу салынган орто исламдын ордуна радикалдашкан ислам келип, дал ошол чыныгы коркунучту жаратышы ыктымал. 

Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында көзөмөл күчөтүлдү
Дагы бир тышкы таасирдин изи Жакынкы Чыгышта жайылган "Суниттер менен шейиттердин ортосундагы чоң согушка" байланыштуу болушу мүмкүн. Анын негизги фронттору Сирия, Ирак, Йемен жана Ливан, ал эми каршы турган негизги күчтөр Сауд Аравиясы жана Иран эсептелет. Буга байланыштуу Ирандын "Фарс" маалымат агенттигинде Назарзода менен катышы бар офицердин маеги жарыяланганын да айтуу керек. Ал козголоңго "Рахмондун "ИМдин" таасирине берилип кетишин алдын алууга болгон умтулуу" себеп болду деген (ошону менен бирге Иранда "ИМди" Сауд Аравиясы жана ал бүтүндөй ислам дүйнөсүндө колдоо көрсөтүп жаткан салафит кыймылдары менен түз байланыштыра турганын эскерүү керек). 

"Жаңы чоң оюндун" Россия, АКШ жана Кытай сыяктуу негизги катышуучулары Тажикстандагы куралдуу кагылышка байланышкан маселелерге кайдыгер карап тура албастыгы айкын. 

Ушуга байланыштуу өзгөчө белгилей турган нерсе, Россия мамлекетинин башчысы Путин Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө кырдаалды Душанбеде 15-сентябрда өтө турган ЖККУнун саммитинде талкуулоо зарылдыгын айткан. ЖККУнун алкагында бул маселени кароо олуттуу мааниге ээ. Бул тажиктердин өз ара талаш-тартышына Москва түз кийлигишүүнү каалабастыгын көрсөтөт. 

Ушуга байланыштуу эске сала турган нерсе, ЖККУ коңшулаш турган Кыргызстандын эки ыңкылабына эч кийлигишкен эмес. Бирок Тажикстанда туруктуулукту колдоонун ишенимдүү күчү катары ЖККУ өзүн жакшы көрсөтө алган. Бул, мисалы, өлкөдө жайгашкан Россиянын 201-дивизиясы Тажикстанда тынчтыкты орнотууда аткарган ролунун, ошондой эле Россиянын тажик аскерлерине, полициясына жана чек арачыларына активдүү жардам көрсөтүүсүнүн аркасында болду. 

Автордун пикири Sputnik агенттигинин пикирине сөзсүз туура келбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0