Пушков: АКШ "Жабык эшик" саясатын жүргүзүүдө

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүМамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитет башчысы Алексей Пушков. Архив
Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитет башчысы Алексей Пушков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия терроризмге каршы күрөштү теске салуу маселесин талкуулоо үчүн премьер-министр Дмитрий Медведев баштаган делегацияны жиберүүгө даяр болчу.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитет башчысы Алексей Пушков АКШ россиялык делегацияны кабыл алуудан кайра баш тартуу менен, өзүнүн "жабык эшик" саясатын көрсөтүүдө деп баса белгиледи.

"2013-жылы АКШ конгресси Сирияны талкуулоо үчүн россиялык парламентарийлерди кабыл албай койгон болчу. Мына эми да делегация менен жолугушуудан баш тартып жатат. "Жабык эшик" саясаты", — деп жазат ал өзүнүн Твиттер баракчасында.

Шаршембиде РФ ТИМдин башчысы Сергей Лавров мамлекеттик Думада сүйлөп жатып, Россия премьер-министри Дмитрий Медведевди терроризмге каршы күрөштү теске салуу маселесин талкуулоо үчүн АКШга жиберүүгө даяр болчу, бирок Америка россиялык делегацияны кабыл ала албастыгын жана өз делегациясын да "жиберегенге такыр мүмкүнчүлүк болбой жатканын" билдирди деп айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0