Политолог: сауддар мунайдын баасын төмөндөтүп көмүскө согуш жүргүзүп жатат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүНефть табуучу платформа. Архив
Нефть табуучу платформа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясынын активдүү саясаты Ирандын экономикасын муунтууга багытталган. Бирок, мындай саясаттын түйшүгүн Эр-Рияд өзү тартып калуусу ыктымал экенин политолог, араб таануучу Бассам Таххан билдирди.

БИШКЕК, 26-янв. – Sputnik. Сауд Аравиясы менен Араб мамлекеттеринин кызматташуу кеңеши мунайга болгон бааны төмөндөтүү менен Иран менен мунай өндүргөн өлкөлөрдү анын ичинде Россияны алсыздатуу үчүн жасап жатат деген пикирин политолог Бассам Таххан билдирди. 

"Перси булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташуу кеңеши ченемсиз өлчөмдө мунайды өндүрүү менен бааны төмөндөтүп жатат. Бул саясат Иранды гана эмес Россия, Алжир, Венесуэла жана бардык "антиамерикалык" тараптарды муунтууга багытталган", — деп билдирген политологдун пикирин RT агенттиги жазып чыкканын РИА Новости билдирет. 

Мындай көмүскө согуш Сирия, Украина жана Йемен мамлекеттери боюнча Вашингтондун айткандарын аткарбай жаткан мамлекеттерге каршы багытталган саясат экенин политолог кошумчалады. 

Таххандын пикири боюнча Эр-Рияд менен Тегерандын ортосундагы каршылык согушка алып келбейт. Себеби, Эр-Рияд Ирандын аскердик күчү мыкты экенин көрүп турат. 

Мындан сырткары Сауд Аравиясы БУУдан же Батыш өлкөлөрүнөн Иранга каршы резолюцияга жетпээрин кошумчалады. 

"Бирок, Сауд Аравиясы Ирандын Йемен сыяктуу өнөктөштөрү тарабынан согуштук сокку алуусу ыктымал. Анда саудиттердин кен чыккан жерлери өрттөнүп жок болуп, мунайга болгон баа кайрадан жогорулашы ыктымал", — деп билдирет политолог Таххан. 

Кызыгы, Сауд Аравиясы менен Ирандын ортосунда согуш чыкса АКШ каршы чыкпай кайра колдоо көрсөтөт. Анткени, АКШ эки тарапка тең согуштук курал жеткирип акча табууга кызыктар экенин политолог кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0