Эксперт кыргыз-өзбек чек арасындагы абалдын чыңалышынын себебин атады

© Sputnik / Таалай ОроскуловӨкмөттүн Чек араларды делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искендеров. Архив
Өкмөттүн Чек араларды делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искендеров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде маселени тирешүү жолу менен чечсек, Кыргызстан башка участокторду да жаап, өзбекстандык жарандарды өткөрбөй коюшу мүмкүн. Бул туурасында өкмөттүн Чек араларды делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычына байлананыштуу. Бул туурасында Чек араларды делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү, өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Курбанбай Искандаров айтты.

Өкмөт өкүлү: Өзбекстан тарапты чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечкенге чакырабыз
18-мартта өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту, 40ка чукул аскерин койгон. Бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара комитети Нооруз майрамына көрүлгөн даярдыктан улам, чек араларын бир тараптуу бекемдегенин билдирген

Искандаровдун айтымында, кыргыз-өзбек чек арасында мындай чыңалган абал Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычына байланыштуу болууда. 

Анын маалыматында Орто-Токой суу сактагычы (өзбек тарап аны Кассан-Сай деп атайт) Өзбекстандын эмес, ал Ала-Бука районунун аймагында, чек арадан 8-10 чакырым аралыкта ичке кирип турат. СССР учурунда жалпы бюджеттеги каражаткан курулган бир нечелеген объектилердин бири.

"Кыргызстан учурда аталган объектини менчигине алып жатат. Бул боюнча Өзбекстанга атайын жумушчу топ жөнөткөнүбүздө киргизбей коюшкан. Көп өтпөй Ташкент Орто-Токой суу сактагычын оңдоп-түзөө иштерин жасайбыз деген нота жиберди. КР тарап аларга “өзүбүз оңдойбуз” деп жооп бергенбиз. Менимче, азыркы чек ара чыңалуусу ушул маселеден келип чыгууда",— деди Искандаров.

Өкмөт өкүлү талаштуу жерлер боюнча маселе жол тосуу ыкмасы менен чечилсе, сүйлөшүүлөр туңгуюкка такалышы мүмкүн деген пикирин билдирди. 

"Эгерде ушундай жол менен кете берсек, биздин сүйлөшүүлөр бара-бара туңгуюкка такалат. Биз бул маселени чечүүдө сүйлөшүүлөрдү жандантып, эки элдин кызыкчылыгын көздөп жатабыз",— деди ал. 

20-мартка карата кыргыз-өзбек чек арасындагы абал эч өзгөрүүсүз турат. КРдин мамлекеттик чек ара кызматы аталган аймактагы көзөмөл өткөрүү жайлары Өзбекстан тараптан бир тараптуу жабылып тургандыгын кабарлады. Ал эми каттам үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн ачык экени белгилүү болду. Учурда Сох жана Шахимардан анклавдарынын жашоочуларынын Өзбекстандын аймагына кирүүсү үчүн "Кызыл-Кыя" өткөрүү пункту иштеп жатат. 

Кыргызстандын менчигине өткөн объектилердин тизмеси

Аксылыктар кыргыз-өзбек чек арасында турган жоокерлерге тамак-аш жеткирүүдө
КМШ мамлекеттеринин ортосундагы менчикке болгон мамилени жөнгө салуу жана укуктарды таануу боюнча Макулдашууга ылайык, өкмөт буга чейин Өзбекстан пайдаланып келген бир катар объектилерди Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөрүү боюнча токтом кабыл алган.

2015-жылдын ноябрь айында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Кассан-Сай) суу сактагычы гидротехникалык курулуштары менен бирге Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөн.

Былтыркы жылдын март айында Кыргызстан буга чейин Өзбекстан пайдаланып келген бир катар объектилерди мамлекеттик менчигине өткөрүп алды. Өкмөттүн буйругуна ылайык, Жалал-Абаддын Ноокен районундагы "Достук", "Маданият", "Октябрдын 50 жылдыгы" жана 43,1 чакырымдык Сол жээк Нарын каналы өткөн.

Февралдын ортосунда Кыргызстандын мамлекеттик менчигине Баткендеги бир катар объектилери өттү: Унаа техникасынын Фергана башкармалыгынын №1 автотранспорттук колоннасы; Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо объектилери, №4 "Фергананефть" автобазасы, Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айыл аймагында жайгашкан Кайтпас айылындагы жер тилкелери.

БТР жана аскерлер. 19-марттагы кыргыз-өзбек чек арасындагы абал
Декабрдын башында Кыргызстандын менчигине бир катар гидротехникалык курулуштар, суу каналдарынын тилкелери өткөн. 

Жалал-Абад облусу боюнча: Ири наманган каналынын 12,9 чакырымы, Чуст каналынын 14,5 чакырымы жана аталган каналдан 7,05 чакырым арыгы. 

Ош облусу боюнча: Керкидон суу сактагычына суу куйган каналдын 12 чакырымы, Савай каналынын 28 чакырымы. 

Баткен облусу боюнча: Сох-Шахимардан каналынын 12 чакырымы, Лаган каналынын 11,2 чакырымы КРге караган.

Жаңылыктар түрмөгү
0