Эксперттер "Элдик парламентчилер" тууралуу: жел кайдан согуп жатканын аныктоо зарыл

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүНаушниктер. Архив
Наушниктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучулардын айтымында, "Элдик парламенттин" "оюндары" баланын оюнчугундай эле кеп болуп калды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргыз саясат таануучулар "Элдик парламенттин" айланасындагы түзүлгөн кырдаалга баа берип, жел каяктан согуп жатканына саресеп салып көрүштү.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Элдик парламенттин" өкүлдөрү УКМКнын убактылуу жайынан чыга элек
Эскерте кетсек, бейшемби күнү, 12-майда УКМК "Элдик парламент" бирикмесинин жетекчилери Төрөбай Колубаев,  Бекболот Талгарбеков жана Марат Султановго карата кылмыш ишин козгоду. "Бийликти күч менен тартып алууга" жана "Бийлик өкүлүнө зордук-зомбулук аракеттерди көрүүгө даярданды" деп шектелген жарандар ушу тапка чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Ал арада Интернетте "Элдик парламенттин" жетекчилери сүйлөштү делген аудио таркаган. Анда бийликти күч менен басып алуу, миңдеген эл катышкан митингдер жана бийлик өкүлдөрүнүн көзүн тазалоо тууралуу сөз болгон. 

Саясат таануучу Игорь Шестаков "жазгы дарт" өлкөнүн саясий абалына эле таасир бербестен, мындан мамлекет туристтик жаатта да бир топ зыянга учурай турганын белгилейт.

"Май — бул адамдардын кайда барып эс алуу керектигин чече турган мезгил. Учурда Кыргызстандагы туристтик сезон үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат. Демек, күз мезгили да социалдык чыңалууну шарттайт", — деди эксперт.

Ал аталган бирикме лидерлеринин "Москвадагы өкүлдөр" менен сүйлөшүүсү чындыкка көп коошо бербей турганын айтат.

"Бул спектаклдин Батышта да, Москвада да Акаев менен Бакиевдин тарапташтарынан турган колдоочулары болушу мүмкүн", — деди Шестаков.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12-июлга чейин камакта калтырылды
Анын айтымында, мунун баары саясий элитаны мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүүгө мажбурлоо үчүн жасалып жатат.

"Анан албетте, Атамбаевдин айланасындагыларга көө жабуу аракети күч болуп турат. Расмий Кремль үчүн абалды дестабилдештирүүнүн пайдасы жок. Андыктан булардын аракети баланын оюнчугундай эле болуп калды", — деди ал.

Дагы бир саясат таануучу Бакыт Бакетаев "Элдик парламент" жетекчилеринин Акаев менен байланышы бар деп эсептейт.

"Талгарбеков Аскар Акаевдин убагында АКШга болгон сапардан кийин айыл чарбаны "өлтүрүү" менен алек болгон. Реформаларынын айынан айылдыктар кебек жеп калышкан", — деди ал.

Эксперттин айтымында, аудиодогу "өлүм империясы" деген сөз саясатчылардын чыныгы жүзүн ачып, кескин билдирүүлөрдүн себебин түшүндүрөт.

"Албетте, аларды күнөөлөө азырынча эрте, бирок жел болмоюн чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи. Күч түзүмдөрү жел каяктан согуп жатканын аныктап, чоң иш жасашы керек болуп турат", — деди Бакетаев.

Саясат таануучу "кызыкчылыктарды издөө" керектигин, ошондо кырдаалды туруксуздаштыруу кимге пайдалуу экени аныкталарын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0