Коомдук жайда ичимдик ичкендерге жазаны күчөтүү демилгесинин деми канчалык?

© Sputnik / Егор Гавриленко / Медиабанкка өтүүКөчөдө пиво ичип жаткан жарандар. Архив
Көчөдө пиво ичип жаткан жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук жайларда ичимдик ичкендерге жазаны күчөтүү демилгеси көтөрүлдү. Бул сунуштун ой-чуңкурун төмөнкү материалдан таанышсаңыз болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Депутаттар коомдук жайда спирт ичимдигин ичкендерге карата жазаны күчөтүүнү демилгелеп чыгышты. Мыйзам долбоор 17 депутат тарабынан сунушталууда. 

Демилгечилердин бири Мирлан Жээнчороевдин айтымында, мыйзам долбоору эки максатты көздөйт. 

"Биринчи максат — профилактикалык иштерди күчөтүү. Шаарыбыздагы коомдук жайларда ичимдик ичип отургандар көп кездешери эч кимге сыр эмес. Алар коомго зыян келтирет. Экинчи максат — жаштар арасында тартипти күчөтүү. Буга чейинки мыйзам боюнча коомдук жайда ичимдик ичкендерге, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонгондорго карата айып 100-200 сомду түзөт. Бул өтө эле аз", — деди депутат.

Жээнчороев демилгеге ылайык, акчалай айыптан сырткары коомдук жумушка тартуу да каралып жатканын кошумчалады. 

"Айыпты көтөргөн соң кай бирлер төлөй албай калышы мүмкүн. Ал учурда коомдук жумушка тартуу каралды. Мындан сырткары, мыйзамга ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн короосу да коомдук жайга кирип жатат", — деди эл өкүлү. 

Мыйзам долбооруна ылайык, майда бейбаштык, коомдук жерлерде алкоголдук ичимдиктерди ичүү, ошондой эле андай жерлерде мас абалында жүргөндүгү үчүн жаза берүүнү оорлотуу пландаштырылууда. Ошентип азыркы учурда белгиленген 100-300 сомдун чегиндеги административдик айыптын өлчөмүн 1000ден 3000 сомго чейин көбөйтүү сунушталып жатат.

Аталган норманы бузган балдардын ата-энелери да 2000-3000 сомго чейинки айып төлөйт.

Ичимдик куюп жаткан бармен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдары ичимдик ичкен ата-энелерге айып салуу сунушталып жатат
Анткен менен мурдагы вице-премьер, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жетекчиси Токон Мамытов жазаны күчөтүү менен гана маселе чечилет дегенден алыс.

"Демилге жаман эмес. Бирок маселе жазаны күчөтүү менен гана чечилбейт. Биздикилер жашынып алып иче бериши мүмкүн. Мыйзам долбоору менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү зарыл. Ошондо гана максатка жетебиз. Түшүндүрүү иштерин Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, дарыгерлер, милиция кызматкерлери, мугалимдер болуп жапа тырмак өткөрүү керек", — деди Мамытов.

Ал ортодо Кыргызстан ислам университетинин ректору Марс Ибраев орозо айында ичимдик ичип көчөдө жүргөндөр бар экенине кейип, ичимдик сатууга чектөө киргизүү керек деген ойду айтты. 

"Өзүңө жана коомго зыян келтирген нерселерден арылуу зарыл. Жаза сөзсүз керек. Антпесек да болбойт. Бирок түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүп, ичимдик саткандарга чектөө киргизсек туура болот", — деди ректор.

Адвокат Осунбек Жамансариев мыйзам долбоору кагаз бетинде гана калат деген пикирде. 

Кыска юбка кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сойкулукту соолутуу жөнүндөгү демилгенин ой-чуңкуру. Эксперттер ой толгойт
"Мыйзам долбоорунун актуалдуугун көрбөй турам. Акыркы күндөрү ичимдик ичкендер азайып бараткандай. Андыктан эл көрсүн үчүн жазылган мыйзам деп айтаар элем. Анан да коомдук жай деген түшүнүккө тактоо киргизүү керек. Менимче мыйзам кагаз жүзүндө калат", — деди адвокат.

Ал эми борбор калаадагы спирт ичимдиктерин дүңүнөн саткан дүкөндүн кызматкери Бермет Саматова маселе жазаны күчөтүү менен чечилишине көзү жетпейт. 

"Айып салсак эле токтоп калбайт го. Токтосо буга чейин токтомок да. Азыркы 1000 сом мурунку 100 сомдой эле. Иштебеген мыйзамдагы жазаны күчөтүүдөн майнап чыкпайт", — деди Саматова. 

Аталган мыйзам долбоору азырынча коомдук талкууга гана коюлган. Демилгечилер талкуу учурунда көп нерселер өзгөрүп кетиши мүмкүндүгүн кошумчалайт. Мыйзам долбоору жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0