Депутат: Жогорку Кеңештин отуруму бразилиялык сериалга айланып калды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Кожобек Рыспаев. Архив
Депутат Кожобек Рыспаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү телеканалдар эмне үчүн ЖКнын эле отурумдарын чагылдырат деп нааразы болду.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин отурумдары бразилиялык сериалдарга айланып кетти. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев парламентте "Пирамида" телеканалына 2 миллион сом бөлүп берүү маселеси каралып жатканда билдирди. 

Рыспаев каалаган каналдардын ЖКнын ишмердүүлүгүн көрсөтүүсүнө нааразычылыгын болду. 

"Эмне үчүн соттук отурумдар көрсөтүлбөйт? Биз бразилиялык сериал болуп калдык. Жаман жагыбызды гана чагылдырат. Уят эмеспи. Андан көрө 2 миллион сомду мугалимдерге бөлүп берели", — деди Рыспаев. 

Эскерте кетсек, "Пирамида" телеканалы улутташтырылып, мамлекеттин карамагына өткөн. 

Жогорку Кеңеште талкуу уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0