Гүлен Түркиядагы төңкөрүштү бийлик өзү жасашы мүмкүндүгүн айтты

© AP Photo / Selahattin SeviДин аалымы Фетхуллах Гүлен. Архив
Дин аалымы Фетхуллах Гүлен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын президенти Тайип Эрдоган дин аалымы Фетхуллах Гүленди мамлекетти басып алууга аракет кылды деп айыптады. Ал эми Гүлендин тарапташтары түрк бийлигинин айыптоолорун четке какты.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Дин аалымы Фетхуллах Гүлен Түркиядагы төңкөрүштү бийлик өзү жасашы мүмкүндүгүн айтканын РИА Новости агенттиги The Guardian басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Гүлен журналисттерге берген маегинде ага карата айтылган айыптоолор негизсиз экенин айткан.

"Дүйнө эли президент Эрдогандын айткандарына ишенип жатат деп ойлобойм. Бул төңкөрүштү бийлик "гүленчилерди" айыптоо үчүн атайын жасашы мүмкүн", — дейт дин аалымы.

Ал The Guardian гезитинин журналистинин "эгер төңкөрүш болуп кетсе, мекенге кайтып барат белеңиз?" деген суроосуна ооба деп жооп берген.

"Мекенимди абдан сагындым. Ошентсе да эркиндик деген маанилүү фактор бар. Бул жакта мен Түркияда болуп жаткан саясый маселелердин алысмын, эркин жашайм", — деп жооп берген.

Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Тайип Эрдоган дин аалымы Гүлендин жактоочуларын мамлекетте төңкөрүш кылууга аракет кылды деп айыптаган. Бирок, айтылган айыптоолорду Гүлендин тарапташтары четке каккан. Ал эми дин аалымы өзү төңкөрүштү кескин сындаган. Учурда Гүлен АКШнын Пенсильвания штатында жашайт, расмий Анкара аны экстрадициялоо боюна бир нече жылдан бери аракеттерди көрүп келет.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын өкмөт башчысы: өлкө тынч абалга келди
Жума күнү кечинде түрк бийлиги өлкө бийлигин басып алууга аракеттер болгонун жарыялаган. Өз кезегинде Түркиянын аскерлери бийлик алардын колуна өткөнүн жар салышкан. Ишемби күнү эртең менен аскерлер колго түшүп берип баштаган. Түрк бийлиги козголоңчулардын аракети ишке ашпай калганын билдиришкен. Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан 3 миңден ашык киши камакка алынган, алардын арасында генералдар жана башка жогорку кызмат адамдары дагы бар. Өлкөнүн бийлигин басып алууга болгон аракеттин кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 265 киши каза болгонун билдирди. Алардын ичинен 104тү козголоңчулар.

Жаңылыктар түрмөгү
0