Рио олимпиадасындагы Кыргызстандын курама командасы. Архив

Рио-2016: Кыргызстан эмне үчүн байгеден куржалак калды

597
(жаңыланган 18:33 26.08.2016)
Рио шаарында өткөн Олимпиада оюндарына Кыргызстан элден калбай 19 спортчусун аттандырып, бирок алар тилекке каршы, куру кол кайтты. Биздин спортчулардын эмнеге маңдай жарыла байге менен келе албай калгандыгы, анын күңгөйү жана тескейи туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 22-авг — Sputnik. Бразилияда өткөн XXXI Жайкы Олимпиада оюндары жекшемби күнү аяктады, анткен менен ага атан төөдөй ишеним менен 19 спортчу катышкан. 

Кыргызстандын байге капчыгында бир гана коло медалды оор атлет Иззат Артыков алып келген. Бул кабарга калпагыбызды көккө ыргыта кубанып, бактылуу болгонбуз. Бирок ал бакыт көпкө созулбай, Спорттук арбитраждык сот допинг кинеси менен кыргызстандыктарга кубаныч тартуулаган медалы менен квалифициясынан ажыратты. Стрихнин деген зат баарыбызды бир силкинтти… 

Анткен менен Кыргызстандын курама командасын тажрыйбасыз деп айтууга ооз барбайт. Спортчулардын катарында 16 жашар Денис Петрашов аттуу спортчу болгону менен башка дагы жетөө жаманбы-жакшыбы өткөн Олимпиада оюндарына катышса, грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев тээ, 2004-жылдары эле өлкөнүн намысын чет жактарда коргоп жүргөн. Бул сапар атпай кыргыз журту ишеним арткан спортчуларыбыз эмнеге жеңилип калгандыгы туурасында эксперттер ой бөлүштү. 

Даярдык

Спортивный журналист Иван Марченко
© Фото / Надежда Марченко
Спорт жураналисти Иван Марченко
Спорт журналисти Иван Марченконун айтымында, өткөн Олимпиадага караганда бул сапар даярдыгыбыз кадыресе жакшы болгон. 

"Ал учурда кризис деген неме баш көтөртпөй басып турган. Муну ошол кездеги алган лицензияларыбыздын саны эле айтып турат. Лондонго болгону 14 спортчу гана аттанган. Азыр мамлекетти ур-тепкиге алуунун кереги жок, финансылоо менен көрүлгөн даярдык жаман болгон жок. Кыскасы, жыйынтык жаман эмес. Эгерде мындан төрт жыл мурда Магомед Мусаев жетинчи орунду ээлесе, азыр бешинчи орунду экөө, жетинчи орунду бирөө ээледи", — деди ал. 

Бывший глава Госагентства спорта Кадырбек Эргешов. Архивное фото
© Фото / пресс-служба ГАМФКиС
Спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Кадырбек Эргешов
Мындай пикирди Спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Кадырбек Эргешов бекемдеди. 

"Мамлекет тарабынан бардык иш-чаралар каржыланды. Төрт жыл ичинде агенттиктин бюджети эки эсе өстү", — деди мурдагы аткаминер.

Себептери

Глава Государственного агентства молодежи, физической культуры и спорта Канат Аманкулов и победитель Московской олимпиады по тяжелой атлетике Каныбек Осмоналиев
© Фото / Кабыл Макешов
Жаштар иши, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Канат Аманкулов жана 1980-жылкы Москва Олимпиадасында оор атлетика боюнча жеңишке жетишкен Каныбек Осмоналиев
1980-жылкы Москва Олимпиадасында оор атлетика боюнча жеңишке жетишкен Каныбек Осмоналиев калыстар тууралуу да айта кетти. Анын пикиринде, грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев коло медаль үчүн болгон беттешүүдө өзбекстандык атаандашынан рефериден улам утулуп калды.

"Тыныбекова менен да ушундай эле болду. Кээде ушинтип калыстардан кетип атса, кээде Краковецкийдей болуп анча-мынча ийгилик жетпей калып жатты. Болбосо үч медаль менен кайтат элек", — деди Осмоналиев.

Журналист Марчено калыстардын баасын жеңилүүлөрдүн бир себеби катары атаса, буга экинчи жагынан психология да негиз болду деген ойдо. 

  • Балбан Арсен Эралиев коло медалга болгон кармашта өзбек балбаны Элмурат Тасмурадов менен
    Балбан Арсен Эралиев коло медалга болгон кармашта өзбек балбаны Элмурат Тасмурадов менен
    © AFP 2020 / JACK GUEZ
  • Коло медаль үчүн кармашта Айсулуу Тыныбекова жана индиялык Сакши Малик
    Коло медаль үчүн кармашта Айсулуу Тыныбекова жана индиялык Сакши Малик
    © REUTERS / Toru Hanai
  • Оор атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Иззат Артыков Рио-де-Жанейро шаарындагы жайкы олимпиада оюндарында
    Оор атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Иззат Артыков Рио-де-Жанейро шаарындагы жайкы олимпиада оюндарында
    © REUTERS / Stoyan Nenov
1 / 3
© AFP 2020 / JACK GUEZ
Балбан Арсен Эралиев коло медалга болгон кармашта өзбек балбаны Элмурат Тасмурадов менен

"Эралиевди күнөөлөө болбойт. Анын медалын тартып алышты десек да жарашат. Тыныбекова чемпиондугун көрсөттү, эки ирет мыкты кармаш тартуулады. Коло медаль үчүн таймашта өзүн кичине таштап жиберди. Негизи эки балбандын тең медаль алуу мүмкүнчүлүгү бар болчу", — деди ал.

Кадырбеков калыстардан тышкары медицинага да көңүл бөлдү. Анын айтымында, өлкөдө спортчулар үчүн медициналык жана реабилитациялык борбордун жоктугу бир топ кесепетин тийгизди. 

© Кабыл Макешов
Рио-2016: Айсулуу Тыныбекова Олимпиададан коло медаль ала албай калды

"Тыныбекова 15-20 мүнөт сайын болуп жаткан беттешүүлөргө даярданууга жетишпей жатты. Эралиев жөнүндө айтсам, мында Бириккен күрөш уюмуна Өзбекстандын таасири чоң экенин эске алуу керек", — деди агенттиктин мурдагы башчысы.

Үмүткө суу сепкендер 

Спорттук баяндамачы быйылкы курамда үмүттү актабай, капаланткан спортсмендер болду деп эсептейт.

"Кенжеев ачык эле үмүттү үзүп салды. Ал Риого барчу лицензиясын алып салганда кайра кайтарып алууга абдан тырышты эле. Атаандашына мүмкүнчүлүк бербейт болуш керек деп ойлопмун. Анын бүт энергиясы ошол лицензияны кайтарып алууга кетип калган окшойт. Балбан Магомед Мусаев мурунку Олимпиада көрсөткөн жыйынтыгынан ылдый түштү. Анда 7-орунду алды эле, мында жараат алган атаандашына алы жетпей, 9-орунду ээледи. Ошентсе да ал абдан тажрыйбалуу спортчу, Азиянын чемпиону. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча чыккан Руслан Царев менен балбан Айаал Лазарев даярдыктары мол болгонуна карабай, биринчи кармашуудан эле утулуп калышты", — деди Марченко.

Кадырбеков эч кимди күнөөлөбөйт

"Көпчүлүктүн мүмкүнчүлүгү аз болчу. Анткени 2015-жылы өткөн дүйнөлүк чемпионатта балбандардын бири да байгелүү орунга жеткен эмес. Ал эми дүйнөлүк чемпионатта экинчи орунду ээлеген Азия чемпиону Канатбек Бегалиев физикалык да, моралдык да жактан даяр болгон. Бирок ийгилик оогон эмес. Тажрыйбага таяна турган болсок, Эралиев менен Тыныбекованын мүмкүнчүлүгү бар эле", — деди Кадырбеков. 

Ал эми Каныбек Осмоналиев спортчулардын баары колунан келген аракетин жасаганын, сууда сүзүүчүлөр менен жөө күлүктөр жакшы жыйынтыкка жеткенин билдирди. 

Иззат Артыков тууралуу

Эксперттердин бардыгы Артыковдун айланасындагы кырдаалга абайлап баам салып, жалпысынан спортчуну колдоо керек дешүүдө. Алардын айтымында, допинг кокустан да аралашып калышы мүмкүн.

"Артыков жаш, жаңыдан өсүп келе жатат, болгону 22 жашта. Спортчуну моралдык жактан колдоого алыш керек. Ал медаль үчүн таймашууга жөндөмдүү экенин далилдеди. Төрт жылдан кийин "алтын" тагынып келиши толук мүмкүн", — деди Осмоналиев. 

Команданын жетишкендиги

Медалдын жоктугуна карабай кыргызстандык команда элине бир топ жагымдуу ирмемдерди тартуулай алды.

"Артыков коло медаль тагынганда өлкөдө майрам болду. Тыныбекова күрөшүп жатканда көчөдө ары-бери жүргөн унаа аз болуп, элдин баары үйүндө спортчуну сүрөп жатты. Башкача айтканда, Оюндар элдин башын бириктирип койду", — деди Эргешов.

Келечек

Журналист ири чыгымдар үмүттү актабагандан кийин корогон каражатты азайтуу керек деген ойдо.

"Андан көрө акчаны массалык спортко жумшайлы. Оор салмактагы балбандар мекенинде татыктуу атаандаш жок болгондуктан, чет өлкөдө машыгууга мажбур. Ар бир категорияда бир нече атаандаш пайда боло баштаганда гана спортчулар өсө баштайт", — деди Марченко.

Кадырбеков Спорт агенттигинин башчысын кол жоолуктай эле жылына алмаштыра берүүнү токтотуш керек деп эсептейт.

"Төрт жылдык олимпиадалык цикл менен иштесин. Өкмөт менен парламенттин деңгээлинде бекиген программасы менен келсин. Анан эгер жыйынтык бербесе, мага демектен түрмөгө отургузгула", — деди ал.

Осмоналиев кийинки Оюндарга даярдык көрүүнү эчак эле баштоо керек болчу дейт.

"Спортчулар чоң тажрыйба топтошту. Эми жыйынтык чыгарып, эмки Олимпиадага даярдык көрүү керек", — деди чемпион.

Кийинки XXXII жайкы Олимпиада Япониянын борбор калаасы Токио шаарында өтөт.

597
Белгилер:
олимпиада, медаль, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Осмоналиев
Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
Тема боюнча
Олимпиада эстафетасын кабыл алуу үчүн япон өкмөт башчысы Марионун образында келди
Жөө күлүк Тяпкин марага 86-болуп келди, Рио-2016да Кыргызстан куру кол калды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот учурунда. Архивдик сүрөт

Атамбаевге экс-президент макамы кайтарылабы? Адистердин пикири

1153
(жаңыланган 19:02 01.12.2020)
Депутат, юрист жана саясий серепчилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгып, экс-мамлекет башчы макамын кайтара алабы деген суроонун тегерегинде ой толгошту.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча өкүмдү жокко чыгарганын, мурдагы өлкө башчынын эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин жар салды.

Мындан улам окуя ушундай нукта өнүксө, Атамбаевге экс-президент макамын кайтарып берүү маселеси көтөрүлүшү мүмкүнбү деген суроо жаралды. Бул тууралуу сеперчилердин оюн уктук.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, мурдагы президенттин кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, эркиндикке чыгуусуна эки себеп бар. 

Политолог Марс Сариев во время видеомоста в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Саясат таануучу Марс Сариев
"Биринчиден, учурдагы саясий кырдаалда Атамбаевдин бошотулушу керек болуп турат. Экинчиден, алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Азыркы бийликке кырдаалдын курчуп кетиши, Атамбаевдин электораты тараптан оппозициялык маанайдагы аракеттердин кереги жок. Башкача айтканда, аны бошотуу — өлкөдө туруктуулукту орнотууга кадам катары саналат", — деди Сариев.

Саясий серепчи Эмил Жураев дагы Атамбаевге байланыштуу бул жагдайдын саясий мааниси бар экенин айтат. 

"Учурда саясий боёктору бар деп айтылган айрым чуулгандуу кылмыш иштери кайрадан артка кайтарылып жатат. Алмазбек Атамбаевдин иши дагы алардын катарында, анын саясий мааниси бар экенин жокко чыгара албайбыз", — деди Жураев.

Анын пикиринде, эгер Атамбаевдин буга чейинки кылмыш иштери, соттук чечимдер токтотула турган болсо, экс-президент макамын кайтарып берүү маселеси турушу мүмкүн.

Ал эми депутат жана юрист Дастан Бекешев азырынча Атамбаевге экс-президент макамын кайтаруу тууралуу маселени көтөрүүгө эрте деген пикирде. 

Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Депутат жана юрист Дастан Бекешев
"Алмазбек Атамбаевге экс-президент макамын кайтарып берүү боюнча сөз кылууга эртерээк. Себеби соттук иштер дагы алдыда. Анын үстүнө Жогорку соттун коллегиясынын акыркы, расмий чечимин көрүшүбүз керек", — деди депутат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев Атамбаев азырынча актала электигине токтолду. 

Заслуженный юрист КР, член ЦИК и советник министра образования Кайрат Осмоналиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев
"Азыр көпчүлүк резонанстуу иштерди кайрадан соттун кароосуна жиберип коюп жатышат. Ал жакта иш башынан каралып, тиешелүү процедуралар өтүшү керек. Эгер алар Атамбаевди толугу менен актай турган болсо, ошондо гана макамын кайтаруу тууралуу айтса болот", — деди Осмоналиев.

Ошондой эле ал Атамбаевди макамынан ажыратуу башынан эле мыйзамсыз чечим болгонун кошумчалады.

"Мен Атамбаевди коргобойм, тарапташы эмесмин. Бирок мыйзамдын так аткарылышына кызыкдармын. Кол тийбестигинен, экс-макамынан ажыратуу мыйзам жагынан туура эмес болчу. Ошол кезде бул тууралуу көп айткан элем. Бирок бул кылганы үчүн Жогорку Кеңеш дагы, Башкы прокуратура дагы жоопко тартылган жок. Эгер Атамбаев акталып калса, Жогорку Кеңеш катасын мойнуна алып, экс-президент макамын кайтарып берүүсү керек. Бул укуктук өлкөдө кадыресе көрүнүш", — деди юрист.

Эске салсак, Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевди беш кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деген бүтүм чыгарып, анын негизинде Жогорку Кеңеш экс-президент макамынан ажыраткан.

Ал эми бүгүн Жогорку соттун маалымат кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Фемида өкүлдөрү Атамбаевге карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, райондук сотко кайра башынан кароого жөнөтүлгөнүн эскертти.

1153
Белгилер:
макам, чечим, Жогорку сот, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Жогорку сот Атамбаевге Батукаевдин иши боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Видео
Сот Атамбаевдин үч иши эмне себептен бириктирилгенин түшүндүрүп берди
Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты дрон Bayraktar TB2. Архив

Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты сапаты тууралуу имиш кеп кайдан чыкты

233
21-кылымдын куралы арзан боло албайт, ошентсе да сокку уруучу учкучсуз аппараттын баары эле жеңишке жеткире бербейт.

Мында чечүүчү ролду мамлекеттин аскерий уюмунун системасы, коргоо өнөр жайы, арсеналы жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү чоң мааниге ээ. Карабах чыры Түркиянын Bayraktar TB2 аппаратынын мыктылыгын эмес, Армениянын өз күчүн ашкере баалаганын жана кургакта коргонуусу начар экенин көрсөттү. Аймакта чыккан чырда колдонулган курал-жарак жана техниканын өзгөчөлүктөрүнө аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.

Тоолуу Карабахта атышуу токтогондон кийин медиа айдыңда окуяга баа берген бир топ комментарийлер, ой пикирлер жарыяланды. Ток этери эки сүйлөмгө сыят:

  1. Азербайжан Түркиянын учкучсуз аппаратына ээ болгону үчүн жеңишке жетти;
  2. Россиянын ПВО системалары азыркы "дрон согушунда" майнапсыз болуп калды.

Абалга минтип өзөгүн көрбөй жалпылап баа берүү эксперттердин аскердик билиминин тайкылыгы жана Армениянын аскердик техникасы менен өздүк курамынын көз көрүнөө жеңилип жатканы менен түшүндүрүлөт. Бирок реалдуулук биз көргөн-билгенден алда канча татаалыраак.

Адам жашоосунда керемет болбойт, кинонун баары режиссердун көз карашы, ойлоп тапканы менен тартылат. "Байрактар" жана Азербайжандын учкучсуз учуучу аппараттары тарабынан тартылган видеосюжеттер алгач каршылаштын духун түшүрүүгө жана Түркиянын бул аппараттарын дүйнөлүк курал рыногунда жарнамалоого багытталган. Ал эми кадр артында ПВО жана радиоэлектрондук тирешүүдөн жеңилген ондогон дрондор калды.

Согуш талаасында каршылашты ментинен тайдыруунун негизги куралы артиллериялык курал, залптык оттун реактивдүү тутуму болуп кала берет. Куралдуу күчтөрдө да өзү учуучу аппараттарга караганда стволдук жана реактивдүү артиллерия басымдуулук кылат.

Мисалы, 1 миллион доллар турган Bayraktar болгону 150 килограмм ок-дары көтөрүп, керектүү жерге чейин жеткире алат, ал эми баасы кыйла арзан болгон залп оттун реактивдүү тутумунун жүгү 1 тоннага чейин жетет. Демек, артиллерия бутаны жок кылуунун "өз баасын" бир топ эле төмөндөтүп коет. Аскердик бюджеттин көлөмү жеңишке кепилдик бере албайт. Алсак, Пентагон ушунча жылдан бери Афганистандын асманында үстөмдүк кылганы менен кургакта талибдерди жеңе албай келет.

Өзүнө өзү ашкере ишенүүчүлүк

ПВОнун туура уюштурулган эшелондук системасы каршылаштын ири сандагы учкучсуз аппаратын жок кыла алат, ал эми радиоэлектрондук чалгындын каражаттары көз ирмемде душмандын ок атууну тескеген пунктулардын дайын-дарегин аныктоого жөндөмдүү. Армян армиясынын Карабахта колдонгон ПВО комплекстеринин тийиштүү деңгээлде коргой албаганына "эскирип" калганы эмес, бир беткей системанын жоктугу, аракеттердин башаламандыгы себеп болду. Белгилей кетсек, 1960-жылдары чыккан "Стрела-10" жана "Оса-АКМ" комплекстери айрым учурда сегиз чакырым жерден "Байрактарга" жетпей калып жатты. Ал эми заманбап делген "Тор-М2КМ" менен "Бук-М2Э" Ереван менен Мецамор атомдук электр станциясын гана коргоп жатышты.

Дагы бир маселе, маскировка таптакыр көз жаздымда калды, айрым объектилер "мен бул жактамын, өлтүр мени!" деп кыйкырып жаткандай эле болду.

Экинчи жагынан Түркиянын өзү учуучу аппараттары "кокусунан" Карабахтан Армениянын чек ара аймагына кирип калып жатты. Буларды ал жакта иши жолго коюлган ПВО жана радиоэлектрондук тирешүү каражаттары эч көйгөйсүз ордуна коюп келди.

Карабах боюнча 1994-жылкы жеңиш армян армиясынын кынтыксыздыгы тууралуу мифти жаратып, ондогон жылдар бою бул ойду бекемдеп келген. Аракс дарыясынан Мрава тоо кыркаларына чейинки 100 чакырым аралыкта бир да кыйраткан инженердик курулуштун жоктугун да өзүнө катуу ишенгендиктен деп билсек болот. Үстү жагы ачык окоптор, өзүнчө турган блиндаждар — өткөн кылымдын оокаты. Армян тарап темир бетондон жасалган ок атуу жайлары жана жер алдынан өтүүчү коммуникация түйүнүнө таптакыр баш оорутпаптыр, буга чейрек кылып убактысы бар эле. Абал ушундай болуп турганда 2019-жылы өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян: "Карабах — бул Армения" десе, коргоо министри Давид Тоноян: "Жаңы согуш үчүн жаңы аймактар" деген концепциясын жар салган.

Армян армиясынын потенциалы 27-сентябрга карата Азербайжандан кыйла артта болчу, ошентсе да каршылаштар адамдарынан да, техникасынан да бирдей эле оор жоготууга учурады. Азербайжандын түштүктөгү күчү кайсы бир убакта он эселеп алдыга кеткени менен бир айда 30-40 чакырымга эле жылганы маалым болду. Нары-бери кыла коем деген Бакунун ою ишке ашпай калды. Ал эми калкалоосуз, борбордук башкаруусуз калган армян аскерлеринин, ыктыярчыларынын эрдигине баа берүүгө болот.

Сирия жана Ливия тажрыйбасы

Россиянын ПВО системалары менен Түркиянын учкучсуз аппараттарынын атаандаштыгына кайрыла турган болсок, Сирия менен Ливиянын аба мейкиндигиндеги "Тор-М2КМ", "Бук-М2Э" жана "Сосна" зениттик ракета комплекстеринин ырааттуу иштешинин натыйжасындагы "дрон жаанын" эстөөгө болот. Майнаптуулугун "Панцирь-1" комплекси да көрсөткөн. Эгер аталган техниканы Карабахка өз убакында жайгаштырып колдонгондо, Түркиянын "Байрактары" алапайын таппай калмак.

Россия тынчтык орнотуу миссиясынын акагында Тоолуу Карабахка радиоэлектрондук тирешүүнүн жапжаңы "Леер-3" комплексин жөнөттү. Анын максаты GSM стандартындагы уюлдук байланыш сигналдарын басаңдатуу жана 3G менен 4G түйүндөрүн иштен чыгаруу болчу. Комплекс бир КамАЗ автоунаасынан жана 120 чакырым радиустагы "Орлан-10" деп аталуучу эки-үч учкучсуз аппараттардан турат. Бул аппараттар телефон, планшеттерди таап, чалгындап, маалыматтарды санарип картага түшүрүп, аларды сокку уруу үчүн артиллерияга жиберип тура алат. Карабах чыры толук чечилген жок, болгону токтоп калды. Ал эми ПВО менен чалгындоо каражаттары өз маанисин таптакыр жоготкон жок.

233
Белгилер:
согуш, сокку, ракета, техника, курал, Тоолуу Карабах, Азербайжан, Армения
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Түркия эмнеликтен Азербайжанга аскердик күч киргизүүдө? Ой толгоо
Эрдогандын Түркияга келген Помпео менен жолугууга бош убактысы болбой калды
Национальный комплекс Манас-Ордо, расположенный в 22 км от города Талас, у подножия горы Кароол-Чоку, посвящен главному герою произведения: Манас батыру.

Таластагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат

0
Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 4-декабрдагы "Манас күнүнө" карата Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Иш-чара Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү 11:00дө токтотулат.

Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен уюштурулат.

Ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, "Маданият. Тарых. Тил" каналы аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт.

0
Белгилер:
"Манас Ордо" комплекси, Манас айтуу, Талас