Шавкат Мирзиёев — тажрыйбалуу башкаруучу көмүскөдөн чыкты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПремьер-министр Шавкат Мирзиёевдин архивдик сүрөтү
Премьер-министр Шавкат Мирзиёевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевди эксперттер мамлекет башчысы болушу мүмкүн делген эң күчтүү талапкер деп атап, буга анын башкаруучулук тажрыйбасынын көптүгү, Россия жана Борбордук Азия өлкөрү менен кенен байланыштары негиз деп эсептешет.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өзбекстанда саясий кырдалды жана президенттик орунга талапкерлердин сөздөрүн талдап, жана ал талапкерлер менен тааныштыруу бул өлкөдө улантылууда. Алардын бири премьер-министр Шавкат Мирзиёев – эксперттер менен саясат таануучулардын пикиринде шайлоо алдындагы жарыштын эң алдында келе жатат деп жазды Sputnik Өзбекстан.

Эл көзүнө көп илине бербеген адам

Талапкерлердин ана башында турган, 13 жылдан ашык убакыттан бери Өзбекстандын өкмөтүн башкарып келе жаткан Шавкат Мирзиёев өлкөнүн тарыхында эл көзүнө баарынан аз көрүнгөн саясатчылардын бири экенин жана бул жагынан Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятов менен гана атаандаша ала турганын түшүнүү керек. Жарым эле жыл мурун Өзбекстан калкынын көбү бул кишинин кебетеси кандай экенин да билген эмес, аны жергиликтүү каналдардан көрсөтүшчү эмес, интернеттен бир да сүрөтүн табууга болбойт эле.

Өзбекстандын желегин көтөргөн адам, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын "илбериңки" тартышы же кыргыз-өзбек мамилелериндеги жылыш
Мындайды бир нече факторлор менен түшүндүрсө болот, алардын башкысы — жалгыз гана бир саясатчы Ислам Каримовдун бейнесин гана түзүүгө багытталган саясий система. "Өзбекстанда бир гана саясатчы бар. Ал — президент" деген сөз өлкөдө кеңири тараган эле. Айрым депутаттар же атка минерлер жергиликтүү телеканалдарга көп чыккандан кийин ЖМКларда атын эскербеш керек делген адамдардын тизмесине кирип калган учурлар белгилүү.

Мамлекеттин экинчи адамы болуп туруп да, Шавкат Мирзиёев телеге сейрек гана чыкчу, ал эми анын катышуусундагы жолугушууларда журналисттерден аны сүрөткө тартпагыла жана анын катышканы туурасында жазбагыла деп суранышчу.

Албетте, азыр президенттикке талапкер бул кемчилигин активдүү жоюп жаткан кези. Бир жумада бир нече облусту кыдырып, жергиликтүү "журт каймактары" менен жолугуп, акимдерди жана башка атка минерлерди иштен алып, башкаларын дайындап жүрөт. Белгилей турган нерсе, үгүт иш-аракеттери расмий баштала элек, ал эми Мирзиёев, мыкты стратег катары эң көйгөйлүү аймактарды кыдырып, административдик ресурсту пайдалануу менен, катуу билдирүүлөрдү жасап жана жаңы атка минерлерди дайындап жатат. 

Ошонун аркасында бүгүн президенттин милдетин аткаруучу менчик интернет басылмалардын да, өкмөткө караштуу ЖМКлардын да беттеринде пайда болууда. Айрыкча мындай популярдуулук калган үч талапкердин иш-аракеттери азырынча коомдун көңүлүн өзүнө бура электиги менен да күч алууда.

Башкаруучунун баскан жолу

Шавкат Мирзиёев деген ким? Мурунку комсомол жана коммунист, Ташкенттин Ирригация жана мелиорация институтунун бүтүрүүчүсү, партиялык баскыч менен ошол институттун кенже илимий кызматкеринен, андан соң комсомол уюмунун катчысынан парторгуна чейин тез эле өсүп жеткен. Ошол кезде ал өзүн жаштарды өз демилгеси менен шыктандырып, керектүү нукка бура билген мыкты уюштуруучусу катары көрсөтө алган дешет.

Кырыгзстандын желегин илип жаткан аскер кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ак калпакчандар Анжианды аралады… Же эки элдин ынтымагын ким бууп келген?..
Партиялык тажрыйбасын эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары да көрсөткөн. Ал кезде бийлик коммунисттердин колунан демократтарга өткөн эмес, жөн гана партиянын ири атка минерлери Лениндин сүрөтүн алып, ордуна көз карандысыз Өзбекстандын желегин илип тынышкан. Мындай чөйрөдө өз ордун мыкты таба билген Мирзиёев өзүн мыйзам чыгаруу жаатында көрсөтө алды. Ал 1990-жылы Өзбекстандын Жогорку Советинин депутаты, ал эми 1994-жылы өзбек парламентинин алгачкы чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

1992-жылы Мирзиёевдин башкаруучулук мансабы көкөлөп, ал Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунун администрация башчылыгына дайындалат. Бул кызматта ал 1996-жылга чейин иштеген. Ошондон тарта ал ал борбор калаанын көйгөйлөрү менен жакшы тааныш, алардын көбү ошол күндөн ушу күнгө чейин чечилбей келет. Анын жакында Ташкенттин райондорун кыдырышы, метронун салынышын аягына чыгарып, дагы жаңы конуштарды курууну убада кылышы да ушулар менен түшүндүрүлөт. Кызыктуусу, президенттин милдетин аткаруучунун кызуу колуна баарынан мурун борбор калаанын Мирзо-Улугбек районунун жетекчилери туш болгон. Мирзиёев акимди, милиция башчысын, дагы бир катар атка минерлерди ишинен алды.

Ташкентте өзүн жакшы көрсөткөн Мирзиёев Ислам Каримовдун көзүнө илинген. Ал аны өлкөдөгү эң татаал аймак блуп эсептелген Жизак облусун текшерүүгө дайындайт. Эл негизинен айыл чарбасы менен алектенген бул катаал аймак өзүнө кылдат көңүл бурууну талап кылган эле. Дал ушул жерден Мирзиёевдин катуу башкаруучу катары аты чыгып, эл аны баштан сылабас, керек болсо, үстөлдү да бир коё билген жетекчи катары тааный баштайт.

Дал ошол каардуулугу менен ал Каримовго жагып, 2001-жылы президенттин мекени Самарканд облусунун башчылыгына дайындалат. Ал эми 2003-жылы ага Өзбекстандын премьер-министрдик ордун ээлейт.

Чыгыш салтына айкаш борборлоштурулган бийлик көз карашы

Саясий артык көрүүлөрү жөнүндө айтсак, Шавкат Мирзиёев бийлик борборлошулган түрдө болушун жана ал чыгыштын салт-эрежелерине таянышын жактайт. Талапкер эмитен эле алдыга жылдыра баштаган башкы идея — туруктуулукту сактап калуу. Бул Өзбекстандын бүтүндөй калкынын анык тынчын алган тема. Өлкөдө тынччылык үчүн экономикалык ийгиликтен, саясий эркиндиктен эл баш тартууга даяр экенин Мирзиёев сонун түшүнөт, себеби Кыргызстандан Украинага чейинки мурдагы советтик республикалардын көйгөйлөрү баарынын көз алдында турат.

Өзбекстандын ТИМ жетекчиси Абдулазиз Камилов БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясында сүйлөө учурунда - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан бир да аскердик блокко кошулбаган саясатын улантат
Дагы бир маанилүү багыт — Россия менен байлашты бекемдөө. РФте иштеп жүргөн мигранттардын көптүгүн жана эки Өзбекстан менен Россиянын ортосунда эмгек миграциясы боюнча ыңгайлуу саясаттын пайда болушуна кызыккан мигранттардын үй-бүлөлөрүн эске алганда, бул фактор алдыдагы шайлоодо чечүүчүлөрдөн болушу толук ыктымал.

Мирзиёев бийликке келип калса, Өзбекстан менен Россиянын жарандарын уюшулган түрдө ишке орноштуруу жөнүндө мурдатан эле жарыяланган келишим боюнча иш-аракетти күчөтөт. Анан калса, көпчүлүк маалымат булактар Россиянын жараны, бирок улуту өзбек олиграхы менен, ошондой эле "Лукойл" компаниясынын Вагит Алекперов менен тыгыз катнашы бар, алар Мирзиёевге орус бийлигиндегилер менен байланышты жөнгө салууга жардам беришет деп жазышат.

Дагы бир көзүрү

Премьердин колундагы дагы бир көзүрү — Өзбекстанда айыл чарба тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча кенен билими. Ал көп фермердик түрдүү багытта өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн колунан келгендин баарын жасай турганын, ар бир фермердик чарба экономикалык жактан өсүп, каржы жагынан туруктуу болушу үчүн бир катар чараларды көрө турганын бир нече ирет убада кылган. Бул жөн гана азык-түлүк коопсуздугун бекемдебестен, коңшулаш өлкөлөргө сатылчу жер-жемиш, өсүмдүктөрдүн көлөмүн көбөйтмөк.

Кыргызстандын биринчи вице-премьери Мухамметкалый Абулгазиевдин архивдик сүрөту - Sputnik Кыргызстан
Радио
Абулгазиев: кыргыз-өзбек делегациялар сапары уланып турушу керек
Ошону менен катар, кандайдыр бир күтүүсүз нерсе болуп кетсе, террорчулар же башка экстремисттер баш көтөрө турган болсо, Мирзиёев мында окуяларга каршы катуу чараларды көрүп, өлкөдө "жоогазын окуялары" болушуна жол бербейт деген ишеним бар. Ал өлкөнүн көз карандысыздыгына каршы жасалган ички же сырткы күчтөрдүн ар бир аракети кескин токтотула турганын айтты.

Көпчүлүк эксперттердин пикиринде, Мирзиёев экономикада консервативдүү саясатты карманып, анда мамлекеттин жөнгө салуучулук ролу үстөмдүк кылат. Ошону менен катар, көптөн бери чет элдик инвесторлордун баарынын тынчын алган конвертацияны ачуу жөнүндө маселени чечүүдө кыйыр болсо да ал бир нече жолу демилге көтөргөн. Албетте, өлкөнүн Борбордук банкы валютанын жетишсиздик шартында эртең эле аны эркин сата баштайт деп күтүүгө болбойт, бирок бул багытта кандайдыр бир өзгөрүүлөр анык болгону турат.

Жолду ачтырып, элден далдаланбай өтүп…

Дагы бир кызыктуу жери, талапкердин элге көрүнөө активдүү иштеп, элдин көйгөйү дегендерди чечүүгө активдүү умтулушу. Бул жуманын эң айкын мисалы — Ташкенттин бир нече жолдору менен кесилиштерин ачуу болду. Алар аркылуу күнүнө эки маал Каримовдун кортежи өтүп тургандыктан, анын күзөттөрү кооптонуп жаап салышкан. Бул автоунаа ээлери үчүн көп кыйынчылык жаратып, шаардын башка жолдорунда кыймыл күч алчу.

Вокзалдагы мигранттардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанга кайткан мигранттарды 155 миң жумушчу орун күтүп турат
Мындай чечим, метронун курулушу жана жеткиликтүү турак-жай жөнүндө убадалар менен бирге өз жемишин берүүдө. Ондогон жылдар бою элдин тынчын алып келген көйгөйлөрдү эки жумада эле чечип койгон Мирзиёевдин талапкерлигин колдогондордун саны соцтармактарда күн санап көбөйүүдө.

Азыр андай башкаруучулук талапка ээ жана Борбор Азиядагы коңшулаш өлкөлөр менен, Россия менен жакшы байланышы бар башка өзбек саясатчысын атоо кыйын. Бирок шайлоо аракеттери жаңы гана башталганы турат, андыктан тыянак чыгаруу али эрте.

Жаңылыктар түрмөгү
0