Курултайдын куту кеттиби? Маани-маңызы эмнеде?

© Sputnik / Табылды КадырбековСобрание "народного курултая" в Русском драматическом театре в Бишкеке
Собрание народного курултая в Русском драматическом театре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары элдик курултайлар байма-бай өтүп, элдин атынан сүйлөгөндөр көбөйдү. Маселенин маанисине карабай эле курултай чогултуу туурабы? Деги эле курултай деген эмне? Аталган суроолорго адистердин жообу төмөндө.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Өткөн аптанын ишембисинде оппозиция уюштурган элдик курултай өтүп, анда референдум жолу менен Конституцияны өзгөртүү аракетин токтотуу талабын койгон резолюция кабыл алынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган курултайдын уюштуруучуларынын бири Мавлян Аскарбеков билдирди. 

© Фото / из личного архива Мавляна Аскарбекова"Референдумга жол жок" кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбеков
Председатель молодежного политического движения Эркин Эл Мавлян Аскарбеков - Sputnik Кыргызстан
"Референдумга жол жок" кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбеков

Анын айтымында, курултайга 600дөн ашуун делегат келген. 

"Республиканын ар кыл аймактарынан делегаттар келип, өз пикирлерин билдиришти. Соңунда Конституцияны өзгөртүү аракетин токтотуу талабын койгон резолюция кабыл алдык. Бул — элдин үнү. Андыктан Конституцияны өзгөртүүдөн баш тартпаса, анда элди үнүн укпагандык болуп саналат", — деди Аскарбеков. 

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев курултайдын жыйынтыгы сөзсүз эске алына турганын айтты.

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев
Депутат Артыкбаев Осмонбек  - Sputnik Кыргызстан
КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев

"Бүгүнкү күндө Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине айрымдар каршы чыкса, кай бирлер колдоп жатышат. Ошол сыяктуу эле курултайга катышкандар өз ойлорун айтышты. Алардан көпчүлүгү бүгүн да парламенттик уктурууда сүйлөп жатышат. Андыктан курултайдын жыйынтыгын айрымдардын Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан пикири деп билсек болот. Албетте пикир эске алынып, тиешелүү тыянак чыгат. Бирок бул Конституцияны өзгөртүүнү токтоткула деген талабы толук аткарылат дегендик эмес", — деди Артыкбаев.

Жогорудагы жагдайдан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги курултайдын маңызы, буга чейин кандай курултайлар өткөрүлүп келгендигине кызыкты. 

Суроолорго тарых илимдеринин кандидаты, тарыхчы Кыяс Молдокасымов жооп берди.

Кыяс Молдокасымов: курултайларда хандар шайланып келген
© Фото / пресс-служба партии "Бир-Бол"Тарых илимдеринин кандидаты, тарыхчы Кыяс Молдокасымов
Кандидат исторических наук, журналист Кыяс Молдокасымов - Sputnik Кыргызстан
Тарых илимдеринин кандидаты, тарыхчы Кыяс Молдокасымов

Тарыхчы Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери бир топ курултайлар өтүп келгенин, анткен менен анын маңызы ачылбай, максатына жетпей калган учурлар арбын экенине токтолду. "Курултай — бул көчмөн элдеринин олуттуу маселелери чечилип келген жалпы журттун жыйыны. Анда элдин, мамлекеттин тагдыры чечилип келген. Көпчүлүк учурда курултайларда хандар шайланчу. Мисалы моңголдор 1207-жылы Чыңгыз ханды хандыкка көтөрүшкөн. Ал эми 18-кылымда кыргыздардын оң канат, сол канат жана ичкилик уруулары чогулуп, калмактарга каршы туруу аракеттерин талкуулашкан. Ошондой эле Кокон хандыгынын мезгилинде дагы уруу башчылары чогулуп хандыкка кирүү, кирбөө маселесин көтөрүшкөн. Ормон хан да 1842-жылы курултайда шайланган", — деди Молдокасымов. 

Митингдеги адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Уюштуруучулар: бийлик курултай өткөрүүгө имарат бербесе борбордук аянтка чогулабыз
"Эгемендүүлүк алгандан бери эки ирет Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын курултайы өттү. Андан бери бир канча курултайлар өтүп жатат. Деги эле Акаев менен Бакиевдин убагында курултайлар саясий өңүткө бурулуп, оппозициялык маанайдагы адамдардын жыйыны боло баштады. 2010-жылы март айында катары менен эки курултай өткөн. Бирин бийлик уюштурса, экинчисинде элди оппозиция топтогон. Анткен менен бийлик уюштарган курултай чиеленишкен маселелерди чече алган эмес. Ал эми оппозиция курултайында бийликке бир топ маселелер коюлган. Алар чечилбегендиктен төңкөрүш болуп кетти", — деди ал. 

Молдокасымов курултайдын ордун, маңызын Баш мыйзамга жазуу керек деген пикирде. 

"Акыркы учурларда курултайлардын маңызы жоголуп, жеке амбициянын куралы болуп кетип жатат. Андыктан жаңы Баш мыйзамда курултайдын ордун көрсөтүп, шарттарын белгилесе жакшы болот эле. Антпесе бийликке жетпей калгандын баары эле элдин башын айлантып, курултай өткөрө бергендиги аталган институттун майдаланып кеткенинен кабар берет", — деди тарыхчы. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан эгемендик алгандан бери 1992-жылы 25-30-август күндөрү Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайы өткөн. 1994-жылы 22-январда Кыргызстан элдеринин биринчи курултайы, 1996-жылы февраль айында Кыргызстан элдеринин экинчи курултайы өткөн. Ал эми Курманбек Бакиев убагында да ар кыл курултайлар өтүп келген. Эң олуттуусу катары 2010-жылдын март айында өткөн "Ынтымак" курултайын айтууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0