Саясий тиреш: "Ата-Мекен" премьерди, РАЖ төраганы алып түшөбү

Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясы спикерди кызматтан алыш керек десе, "Ата-Мекен" өкмөт башчыга өчөшкөн чагы. Кармашуунун аягы эмне менен бүтөөрү тууралуу эксперттердин пикири төмөнкү макалада.

Города мира. Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Өксүгөн өкмөт, кыйраган коалиция: алты жыл ичинде оомат канча жолу оодарылган?
"Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев фракциясы оппозицияга өтүп жатканда күчтүү оппозиция болоорун айткан жайы бар эле. Ошол сөзүн далилдегиси келгенби, айтор, өкмөттүн талуу жеринен кармап, ЕАЭБ боюнча берип жаткан отчетунда Сооронбай Жээнбековду жакшы эле жарга такады.

Анын артынан эле чыгып сөз алган "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов спикердин мыйзамсыз кадамдарга барып жаткандыгын айтып, ээрден шыпыруу демилгесин көтөрдү. Өлкөдөгү эң жогорку үч бийликтин экөөнө катуу сындын айтылышы коомчулукта кызуу талкууга алынды.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы өкмөткө ишеним көргизбөө маселеси фракциянын жабык жыйынында кабыл алынганын, эми ал парламенттин кароосуна алынып чыга турганын фракция лидери Өмүрбек Текебаев Spuntik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Биздин катчылык документтин негиздемесин даярдап жатат. Андан кийин мыйзамдын негизинде керектүү болгон депутаттардын колун топтойбуз. Ишеним көргөзбөө маселесин качан киргизерибиз белгисиз. Балким кийинки жумаларда негиздеме документ даяр болуп калар", — деди Текебаев.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов
Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
1/4
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов
© Sputnik / Табылды КадырбековСпикер Чыныбай Турсунбеков
Спикер Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
2/4
Спикер Чыныбай Турсунбеков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев
Ата-Мекендин лидери Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
3/4
"Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
4/4
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков
1/4
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов
2/4
Спикер Чыныбай Турсунбеков
3/4
"Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев
4/4
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков

Ал эми "Ата Мекен" фракциясы "Республика — Ата-Журттун" төрагага ишеним көргөзбөө демилгесин колдойбу деген суроого Текебаев бул маселе боюнча бир чечим кабыл алына электигин айтты.

Ал эми көпчүлүк коалициясынын лидери Иса Өмүркулов өкмөт башчы менен төраганы кетирүүгө негиз жок экенин айтты.

"Бул парламентаризмдин табияты. Оппозиция деген ушундай болушу керек. Бүгүнкү күндө ал жакшы иштеп жатат. Көпчүлүк коалициясы катары биз өкмөттү колдойбуз. Бирок ошол эле учурда сындарды дагы айтып жатабыз. Ал эми өкмөттү таратуу жана спикерди кетирүү боюнча негиздер жок", — деди Өмүркулов.

КСДП лидери бул саясий кадамдар президенттик шайлоого карата жасалып жаткандыгын кошумчалады. 

Алмаз Акматалиев: Бабанов өзүнүн күчтүү оюнчу экенин көрсөткүсү келип жатат

Саясий серепчи Алмаз Акматалиев депуттардын чабуул жасоосуна өкмөттүн чабалдыгы  негиз болууда деген ойдо.

"Маселени жакшылап карап көрсөк, өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү менен жетишкендиктер болгон жок. Ошондуктан депутаттардын баа берүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анан ушул жагдайга президенттик шайлоо да эриш-аркак болууда. Шайлоого аттана тургандар азыртан даярданып жатышат. Бул эми саясий күрөштүн нугу. Азыркы коалиция араң эле турат. Бул опурталдуу. Анткени заматта бузулуп кетиши толук мүмкүн. Бабанов өзүнүн күчтүү оюнчу экендигин далилдегиси келип жатат", — деди Акматалиев.

Эксперт КСДП каалаймайынча эч нерсе өзгөрбөй тургандыгын кошумчалады. 

Жамин Акималиев: Турсунбеков калып, Жээнбеков кызматтан алынышы мүмкүн

Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Жамин Акималиев кыл чайнаштан спикер Чыныбай Турсунбеков ордунда калып, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматтан алынышы мүмкүн экенин белгиледи.

"Президенттик шайлоо алдында саясатсыз бир да маселе болбой калды. Бирок кечээ күнкү жаңжалга экономикалык, социалдык маселелер себеп болду. Анткени өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү максатына жеткен эмес. Өкмөттүн шалаакылыгынан улам экономикалык абал төмөн болуп турат. Сооронбай Жээнбеков көп жерде иштегени менен деңгээли республиканы башкарганга жетпей калды. Негизиги себептердин бири ушул", — деди Акималиев.

Ал Бабанов спикерге ызаланып, ачууга алдырып койгонун, бирок төрага мындан жыйынтык чыгарышы керектигин кошумчалады.

Аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баш мыйзамды өзгөртүүдө чыккан чырлар: Атамбаев, Текебаев, Исаев, Акаевдердин айтышы
"Сооронбай Жээнбеков менен Чыныбай Турсунбековду кызматтан кетирүү боюнча сунуштарды оппозициячыл маанайдагы фракциялар киргизишти. Көпчүлүк коалициясынын да ою бар. Ошондуктан төраганы кызматтан алууга негиз жок", — деди ал.

Акималиев КСДП лидери Иса Өмүркулов дагы өкмөттү катуу сындаганын айтып, Жээнбековдун кызматтан алынышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен байланышканыбызда абал боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0