iPhone X смартфонунун өң-жүздү таанычу функциясы эмнеси менен кооптуу?

© REUTERS / Stephen LamПрезентация iPhone X в Купертино
Презентация iPhone X в Купертино - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы чыккан айфондун өң-жүздү аныктоочу Face ID технологиясы ээсине коопсуздук кепилдигин бербей турганын коопсуздук боюнча инженер айтып берди. Дал ушул функциясы менен бөтөн адамдар телефонду оңой эле ачып алышат.

Презентация iPhone X в Купертино - Sputnik Кыргызстан
iPhone X аппаратынын жүз таануучу датчиги бет ачар учурунда иштебей калды. Видео
Эң соңку iPhone X акылдуу телефону жүздөрдү аныктоочу Face ID функциясы буга чейинки ээсинин бармак изин аныктоочу Touch ID — тутумун алмаштырмак. Бирок бул багыттагы серепчилер ниети бузук адамдар телефон ээси уктап жатканда деле жүзүн сканерлеп алып, аппараты каалагандай ачып алышат деген ойлорун билдиришүүдө.

Жаңы технологиянын аяр тарабы туурасында Blaze Information Security ишканасынын коопсуздук боюнча инженери Хулио Цесар Форт төмөнкүдөй пикирде.

— Жүздү аныктоо технологиясынын кооптуу жактары тууралуу эмне дейсиз?

— Мындай функцияны киргизүү арам ойлуулардын чырагына май тамызып, эч айла-амалсыз эле түзүлүштү ачып берет. Маселен, мурда укук коргоо органдары алынган телефонду ачуу үчүн криминалисттик жабдыкка кошуп, сыр-белгини болжоо же ээсин аны ачыктоого мажбурлап келишкен. Бул, албетте, кымбат баалуу ыкмаларды же атайын окутулган кызматкерди талап кылчу.

Face ID ишти абдан оңойлоштурат… Катардагы эле офицер же кызганчаак жолдошу деле телефонду жеңил гана ачып коет.

— Мындай функция кылмышкерлерге түзүлүштү оңой олжо кылып береби?

Телефон кармап турган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак колдонуучуларына карата 6 "болбойт"
— Толук ыктымал. Көп өлкөлөрдө кимдир-бирөөнү сыр белги, сырсөзүн же жашыруун кодун ачыктоого мажбурлоо канчалык мыйзамдуу экендиги анык эмес, ал эми көпчүлүк учурда укук коргоо органдары жеке адамды алардын телефонун ачууга сыр белгини айтууга аргасыз кылууга акысы жок. Эми уюлдук түзүлүштү тартып алып, Face ID менен камерасын жүзүнө багыттап гана телефонду ачып алууга болот. Балким, айрымдар бул эң акыркы чара деши мүмкүн, чек араны кесип өтүүдө жана нааразылык акцияларына чыккан маалда электрондук жабдыктар жарандардан көп алынат. Андай учурда бул тутум бир канча телефонду ачууга көмөкчү болору турган иш.

— Жүздү аныктоо технологиясын бузуу же андан буйтоого болобу?

— Буга дейре жүздү аныктоонун бир канча тутуму чабуулга кабылып келген: айрым кезде телефон ээсинин Facebook баракчасынан эле көчүрүлүп алынган сүрөтү менен ачып келишкен же абдан тыкыр пландалган бузуу аракеттеринде адамдын жүзүнүн үч өлчөмдүү сүрөтүн пайдаланышкан. Ошондой эле келечекте куюп койгондой эгизи же түгөйү деле адам же эгизи деле адамдын бардык санарипке салынган жашоосун ачып кое алмак.

— Колдонуучулардын маалыматтык базасы ачыкталып же уурдалып кетиш ыктымалдыгы канчалык?

Уюлдук телефон кармап турган кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнүн ар жериндеги достордун Instagram аркылуу түз эфирге чыгуусуна жол ачылды
— Маалыматтык коопсуздук боюнча серепчилер биометрияны негизинен ыңгайлуу технология дешет, бирок тастыктоонун жападан жалгыз бул механизмине толук ишене алабызбы? Анткени, мурда эле бузуу аракеттери арбын жасалган. Биометрия – аныктыкты тастыктоонун экинчи баскычында колдонула турган болсо, жакшы демилге. Мисалга, сиз өзүңүздү жүзүңүз же бармак изиңиз аркылуу тастыктап бересиз. Бирок сыр сөз өңдүү башка бир элемент түзүлүшкө кирүүгө баары бир керектелет.

Apple Touch ID технологиясында бармак изи сакталгандай эле жүзүңүз тууралуу маалымат Secure Enclave (iPhone коопсуздук системасынын курулушу — ред.) аркылуу корголорун, "булут" топтогучуна эч качан жүктөлбөй тургандыгына ынандырууда.

Apple iPhone акылдуу телефондорун дурус эле коргоп келет, буга дейре Secure Enclave коопсуздук тутумунун чабал тарабы белгисиз.

— Мындай технология террорчулукка каршы күрөшүүгө колдонулабы?

— Буга окшогон технология ушул максаттарда эбактан бери эле пайдаланылат. Маселен, TrapWire – байкоо салуу тутуму Нью-Йорктун метросунда, Даунинг-стрит жана 10-көчөсүндө орнотулганын Wikileaks жарыялаган. TrapWire байкоо-кайтаруу тутумдарынан чогултулган сүрөттөрү кылмышкерлер жана терроризмге шектелген адамдарды тастыктоого, алар тууралуу маалыматтар менен салыштырыш үчүн колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0