Маликов: сүннөттөр менен шииттердин пикир келишпестиги Кыргызстанга өтө баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЧлен Совета улемов республики теолог Кадыр Маликов
Член Совета улемов республики теолог Кадыр Маликов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теолог Кыргызстандын дин кызматкерлери көптөн бери эле диний ырасымдар менен чектелип, калкка анчейин таасири жок деп эсептейт.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстан сүннөттөр менен шииттердин каршылашкан аянтына айланды. Бул тууралуу белгилүү теолог Кадыр Маликов ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан террорчулукка каршы өткөн форумда билдирди.

Анын айтымында, диний кызматкерлерден террорчулуктун алдын алууну талап кылышууда.

"Биз намаз, жаназа жана жума намаз менен эле чектелип калдык. Жаштарыбыз Перс куймасына кирген мамлекеттердин, башкача айтканда, интернет-имамдардын диний жана идеологиялык таасири алдында калды. Бул геосаясий курал. Ушу тапта Иран менен Сауд Аравиясынын кагылышуусу, сүннөтөр менен шииттердин пикир келишпестиги Кыргызстанга тарап жатат", — деди Маликов.

Теолог бул нерсеге мамлекеттин кийлигишүүсүз бөгөт коюлбай турганына токтолду.

День открытых дверей в бригаде спецназа Пантера - Sputnik Кыргызстан
"Өлбөс полкко" чабуул жасалмак! УКМК атайын операциялар тууралуу
"Жаштар намаз окуусунун ыкмаларына эле эмес, светтик жашоо же демократиянын исламга туура келээр-келбесине кызыгып жатат. Муфтият буга жооп бере албайт. Ал кантип сыйынуу керектигин эле эмес, ислам менен светтик баалуулуктарды кантип шайкеш келтирүү керектигин да айтып бере алгыдай болушу керек", — деди Маликов.

Ал жаштардын мечитке саясий суроолорго жооп алууга келген учурлары аз эмес экенин белгиледи.

"Бирок биз мындай суроолорго жооп берүүгө укугубуз жок, анткени мамелкеттин ишине кийлигишкен болуп калабыз. Биз унчукпайбыз. Бирок буга террордук уюмдар жооп берип жатышат", — деди теолог.

Маликов улуттук мамлекеттердин болушун шарттоо үчүн исламдын бардык нерсесин пайдалануу зарыл экенин кошумчалап, илимпоздордун фатваларын колдонуу ашыктык кылбай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0