Бишкек тумчугуп баратат. Борбор калааны көчүрүү тууралуу 6 пикир

Жазылуу
Бишкек борбор шаар деген макамын башка калаага өткөрүп бергенин элестетип көргүлө. Мындай аракеттин оош-кыйышын Sputnik агенттиги эксперттер менен талкуулап көрдү.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда жыл сайын борбор калааны Ошко же башка облус борборуна көчүрүү боюнча маселе көтөрүлүп, ал салтка айланып баратат.

Демилгечилер мындай кадам Бишкекти "жеңилдетип", аймактардын көйгөйүн чечүүгө жардам берет деген ишенимде. Ал эми каршылаштар бул чараны болбогон кеп катары кабылдап, өлкө экономикасы үчүн көтөрө алгыс жүк экенин айтышат.

Биз суроо салган эксперттер борбор калаасы көчүрүлгөн Кыргызстандын келечегине баам салышты.

Ош, Нарын, Жалал-Абад… Борбор шаар макамы кайсы калаага жарашат?

"ololo" компаниялар тобун негиздегендердин бири Данияр Аманалиев борбор шаарга Ош калаасынын потенциалы көбүрөөк экенин белгилейт.

Мындай пикирин ал Facebook тармагына жарыялаган.

© Фото / Павел Исаенко"ololo" компаниялар тобун негиздегендердин бири Данияр Аманалиев
Генеральный директор “OLOLO art studio” Данияр Аманалиев - Sputnik Кыргызстан
"ololo" компаниялар тобун негиздегендердин бири Данияр Аманалиев

"Мен Ош шаарына тез-тезден каттап турам, эки трагедиялуу окуяны башынан кечирген шаардын көп көйгөйү бар. Бийликти түштүк шаарга көчүрүү ошол көйгөйлөрдү даректүү чечүүгө негиз болуп бермек. Андан тышкары, Фергана өрөөнүндө эл жыш жыйгашкан, бул Ошко соода, технология жана билим берүү багытында транзиттик түйүн болуусуна көмөкчү болот", — деди Аманалиев.

Ал эми саясат таануучу Марс Сариев мындай саамалыкты өлкө бюджети көтөрө албай турганын, бирок эгер каражат жетиштүү болсо борбор калааны Нарын шаарына көчүрүү керек деген пикирде.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Марс Сариев
Политолог, эксперт по региональной безопасности Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан
Саясат таануучу Марс Сариев

"Эмнеге дейсизби? Шаардын жаңы макамы аймакты өнүктүрүүдө чоң секирикти шарттамак. Анткени Кыргызстандын дал ушул облусу колдоого муктаж болуп турат. Бирок мындай долбоорду ишке ашырууга акчабыз да, саясий эркибиз да жетпейт. Анын үстүнө жылуу-жумшак Бишкектен Нарынга кетүүгө аткаминерлер да макул болбойт", — деди эксперт.

Борбор калаа боло алмак деген шаарлардын катарына дагы бир саясат таануучу Шерадил Бактыгулов таптакыр башка калааны атады.

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаясат таануучу Шерадил Бактыгулов
Независимый эксперт, политолог Шерадил Бактыгулов - Sputnik Кыргызстан
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов

"Жалал-Абад борбор калаа катары совет доорунда да каралган. Темир жол байланышы жагынан алып карасак, бул шаар чынында эле туура болмок. Талапкер катары Чалдыбарды да карасак болот. Аймактын жаратылыш, климаттык шарты мыкты", — деди ал.

Бактыгулов учурдагы реалдуулукту эске алганда мындай алмаштыруу эч нерсе деле алып келбейт, бирок бюджетке күч келтирип, өзүн актабайт.

Өлкө казынасы бир топ жабыркай турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жамангулов да белгиледи. Анын айтымында, демилге жаңы борбор калааны өнүктүрүүгө чоң салым кошмок. Бирок алгач Кыргызстан бутуна туруп алышы керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жамангулов
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жамангулов

"Бул маселе мен үчүн кооптуураак. Анткени өтө көп суммадагы акча талап кылынат. Албетте, борбор калааны көчүрүшүбүз мүмкүн, бирок азыр эмес. Талапкерлердин катарында биринчи Ош, андан кийин Нарын шаарлары турат. Ысык-Көл облусун карап да кереги жок, ал курорттук аймак болуп калышы керек", — деди Жамангулов.

Борбор калааны көчүрүүдөн эч майнап чыкпайт. Каршылаштар эмне дейт?

Демилге жөн гана элдин башын айлантуу болуп саналат. Мындай оюн Улуттук илимдер академиясынын алдындагы илим методологиясы жана социалдык иликтөөлөр борборунун директору Нурбек Өмүралиев билдирди.

© Фото / Гульнур Омуралиева Улуттук илимдер академиясынын алдындагы илим методологиясы жана социалдык иликтөөлөр борборунун директору Нурбек Өмүралиев
Директор Центра методологии науки и социальных исследований при Национальной академии наук КР, доктор социологических наук Нурбек Омуралиев - Sputnik Кыргызстан
Улуттук илимдер академиясынын алдындагы илим методологиясы жана социалдык иликтөөлөр борборунун директору Нурбек Өмүралиев

Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамкызматкерлердин санын 70%га кыскартууга болот. Эксперттер ой калчайт
"Идеянын же инфраструктуралык, же социалдык негизи жок. Министрликтер ортосундагы ыкчам байланыш жоголот, бюджетке күч келет. Андан көрө акчаны билим берүү менен медицинага жумшаган оң эмеспи. Ошондо гана жылыш болот", — деди ал.

Өмүралиев аймактарды өнүктүрүү үчүн салык жүктөмүн республикалык жана жергиликтүү бюджетке бөлүштүрүү керектигин, мында акыркысына көбүрөөк боштондук берүү зарылдыгын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты, транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү Марат Аманкулов да ушундай эле пикирде. Анын айтымында, борбор калааны көчүрүү муктаждыгы жок, ал эми аймактарды өнүктүрүүнүн башка жол-жоболору бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты, транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү Марат Аманкулов
Депутат Марат Аманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты, транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү Марат Аманкулов

"Мамлекеттин бүтүндүүлүгү үчүн эч кандай коркунуч жок, административдик борборду көчүрүү маселеси актуалдуу эмес. Кыргызстандын тең салмакта өнүгүшү үчүн чек арага жакын жайгашкан райондордун өнөр жай кубаттуулугун күчөтүү керек. Ошондо гана элдин сыртка чыгышын токтото алабыз. ЕАБЭге мүчө болду, бул жагдайды өз пайдабызга колдонсок болот, маселен россиялыктар менен биргелешкен ишканаларды негиздөө керек", — деди Аманкулов.

Макамдан ажыраган Бишкектин жүгү жеңилдейби?

"ololo" компаниялар тобун негиздегендердин бири Данияр Аманалиев борбор калааны көчүрүү ашыкча жүктөн жүдөгөн Бишкектин бир топ көйгөйүн чечет дейт.

"Албетте, мунун баасы да кыйла кымбат болот, бирок Бишкекти ушу турган турушу менен коюп коюуга болбойт. Абанын кирдешинен тумчугуп өлүп, автотыгындан кыймылдай албай калабыз", — деди ал.

Ал эми макамдын өзгөрүшү унаа агымын азайтат деген пикирге эксперт Шерадил Бактыгулов кошулбайт.

Вид на современный город Ош - Sputnik Кыргызстан
Ордолуу Ошко 3018 жыл! Шаар тууралуу 10 факты
"Финансылык жана маданий борбор баары бир Бишкекте калат, калкынын саны боюнча да жаңы борборго үстөмдүк кыла берет. Облус борборлорун өнүктүрүүгө каражат бөлүп, борбор калааны туура кеңейтүү керек", — деди ал.

Бишкектин ашкере жүгүн Аманкулов да баса белгиледи.

"Өлкө масштабы менен алганда Бишкекти мегаполис деп атоого болот, анткени шаарда жашагандардын саны эчак миллиондон ашпады беле. Бирок инфраструктурага — сууга, канализацияга, электр энергиясына кошулуу абдан татаал. Шаарды курчаган жаңы конуштардын да саны өсүп жатат", — деди депутат.

Алдыга карай кадамбы же жаңы көйгөйбү

Борбор калааны көчүрүү долбоору өкмөттүн көз карашын өзгөртүүгө түртө турганын Аманалиев айтты.

"Мамлекеттик органдардын ушу турушу менен жаңы шаарга көчүрүлүшүнө каршымын. Борбор калааны өзгөртүү — өкмөттүн ишин жакшыртууга мүмкүнчүлүк. Ушунча министрлик менен мекеменин кереги барбы? Маселенин олуттуу деңгээлде талкууланышы мамлекеттик кызмат институтун рационализациялоого жол ачат", — деди ал.

Бактыгулов мамлекеттик кызматкерлердин көчүрүлүшү аларды, үй-бүлөсүн турак жай менен камсыздоо боюнча жаңы көйгөйлөрдү шарттайт деген пикирин билдирди.

Бишкек шаарынын негизделген күнү! Сүйүктүү шаарыбыз тууралуу 138 факты
"Аткаминерлердин баары Бишкектен көчүрүлсө мамлекет бир нече тармакка, өзгөчө финансы жана шаар курууга ири өлчөмдө акча салышы керек. Жолдордун кеңейиши, жаңы имараттардын курулушу, албетте, жакшы нерсе, бирок бул өлкөгө эмне берет?" — деп суроо салды саясат таануучу.

Кесиптеши Марс Сариев мындай ой менен макул эмес. Анын айтымында, аткаминерлер азыр элдин чыныгы жашоосунан өтө эле алыс, мындан улам аймактагы жашоо алардын көзүн ачууга жардам бермек.

"Акыркы чуулуу иштер бийликте тургандар кыргызстандыктар кантип күн кечире турганын билбей турганын көрсөттү. Андыктан эксперимент катары министрликтердин бир бөлүгүн Нарын же Баткенге жиберип ийсе болот. Албетте, байланыш начарлай түшөт, бирок азыр Интернет деген бар да", — деди Сариев.

Ал шаар тургундары мындай өзгөрүүлөргө каршы болбой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0