Сабактагы окуучулар. Архив

Кыргызстанда билим берүү толук акы алмайга өтсө кандай болот? 5 пикир

769
(жаңыланган 11:35 11.03.2019)
Карина Разетдинова
Билим алуу толугу менен акы төлөнө турган болду дейли, ансыз да мектепти камсыздоого ай сайын акча чогулткан ата-энелер андай шартта мыйзамда белгиленген өлчөмдө акы төгүшөт. Мындай өзгөртүүнүн натыйжасы эмнеге алып келет? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын "Эгерде..." рубрикасындагы пикирлер түрмөгүнө көз жүгүртүңүз.

Кыргызстанда билим берүүгө миллиарддаган каражат жумшалат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы 2017-жылы бюджеттен бул тармакка 37 миллиард сомдон ашуун акча бөлүнгөнүн айгинелейт. Ал сумманын жарымынан көбү орто билим берүү зарылдыгына кетет.

Кыргызстандыктардын акысыз билим алуусун Конституциянын 45-беренеси кепилдейт. Бирок ар ай сайын көпчүлүк окуучулардын ата-энеси "көңүлдөн чыгарып" акча төгүүгө аргасыз. Борбор калаадагы мектептерде орточо бир жарым миңден ашык окуучу бар, дээрлик ар биринен айына 500 сомдон чогулат. Баса, мектеп жетекчилиги жана мугалимдердин акча топтоого акысы жок, көбүнчө аны ата-энелер комитети тарабынан түзүлгөн коомдук фонддор ишке ашырат. Айрым мектептерде баланы 1-класска кабыл алууга да акы төлөөнү талап кылышат.

Айына төгүлгөн төлөмдөр көпчүлүк ата-энелерде суроо жаратпай койбойт, себеби топтолгон каражаттын сарпталышы ийне-жибине чейин талданып отчет берилиши чанда кездешет. Ата-энелер мыйзам менен белгиленген өлчөмдө акы төгүүгө даяр экендигин белгилешет, алардын пикиринде ошондо акча мектептин гана муктаждыктарын жабууга жумшалып, ал эми отчеттор ачык болмок.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы "Мектептерде акча чогултуу бирдиктүү жана милдеттүү түргө өтсө кандай болот?" деп суроо салды. Мындай аракет ата-энелердин акчасын чыгымдоону тартипке салып, көзөмөлдөөгө жол ачабы? Же тескерисинче, бир топ баланын билим алышына бөгөт коебу? Бул боюнча серепчилер жана ата-энелер жооп берди.

Бардык маселе чечилет

Керектөө төгүмдөрү тууралуу мыйзам мектептин дарегине айтылган бардык доомат жана айыптоолорду токтото алат. Бишкек шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченко дал ушундай пикирде.

Депутат Бишкекского городского кенеша Валентина Лисниченко
© Фото / Рахмат Керимбаев
Бишкек шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченко

"Биз жүргүзгөн эсеп боюнча билим берүү мекемесин кармоого жылына ар бир окуучудан 1500 сом топтолот. Бул суммадан эле керектөө төгүмүн аныктоого болот. Ата-энелер акчаны жыл башында төгөт, андан кийин алардан бир тыйын да талап кылынбайт, анткени бардык чыгымдар эсептелип, төгүмдүн өлчөмүнө камтылат", — деп белгиледи Лисниченко.

Төгүмдүн суммасы экономикалык жактан негизделип, ата-энелерге ал эмнеге сарпталары так түшүндүрүлүүгө тийиш. Депутаттын пикиринде, баары балдарынын татыктуу билим алуусун каалайт, ошол себептен жарандар мындай демилгеге каршы болушпайт.

"Мектеп жетекчилиги топтолгон акчаны атайын жободо көрсөтүлгөн максаттарга гана жумшашы зарыл. Анда майда-чүйдөсүнө чейин, лампочка менен тактага жазчу борго кеткен чыгымдардын баары көрсөтүлүүгө тийиш. Ата-энелер каражат кайда жумшаларын так билсе, алар мектепке каржылык көмөк көрсөтүүгө даяр", — деди депутат.

Лисниченко калаа жана айыл мектептериндеги керектөөчүлүк төгүмдөр айырмаланып, мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, жетим жана социалдык жактан аяр категориядагы балдарга мамлекет тарабынан жеңилдик берилиши керек экенин кошумчалады.

Борбордогу мектептердин окуучусунун апасы да мыйзамда белгиленген акы төлөнсө, көйгөй да, күмөн да жараткан суроолор азаяр эле деген пикирде.

"Азыр акча кайда жумшаларын так билбейбиз. Бир класста 40тан окуучу, класстарга көбөйтсөк, жакшы эле акча чогулат. Эгер төгүм мыйзамда көрсөтүлсө, анда максатсыз пайдаланылган учурда тийиштүү органдар ага чара көрө алат", — деди бишкектик окуучу кыздын апасы.

Ал эми Лисниченконун айтымында, акча чогултуу ачык-айкын жүрбөгөндүгү ата-энелерди кыжырдантат. Ар бир иште так отчеттуулук зарыл.

"Мектеп директору болуп иштеген кезимде далисте керектүү жабдыктардын тизмеси илинип турчу, мисалы, дене тарбия сабагы үчүн топ менен секирме жиптин саны жана баасы жазылуу болчу. Ата-энелерде эч кандай күмөн ой туулчу эмес, ар жарым жылда жетекчилик канча каражат чогулуп, эмнеге жумшалганы боюнча отчет берчү", — деп билдирди депутат.

Эл өкүлү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына баланы мектепке киргизүүдө мажбурланган акы боюнча даттануулар көп түшөрүн белгиледи.

Башка жолун табалы. Демилгеге каршы чыккандар

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектеп тышында билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева ата-энелердин акча төгүүсү ыктыярдуу түрдө болууга тийиш деген пикирин билдирди.

Ведущий специалист Министерства образования и науки Гульшан Абдылдаева во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектеп тышында билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева

"Мыйзам бизге милдеттүү негизде акча топтоого жол бербейт. Билим берүү акысыз болушу шарт. Биз шарты начар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке киргизе алсак сүйүнөбүз. Эгер ата-энелер кааласа, мектепке жардам берет, көмөк көрсөтө албаса, мажбурлоого эч кимдин акысы жок", — деди ал.

Абдылдаеванын айтымында, билим берүү мекемеси үчүн ата-энелердин төгүмүнө эч байланышпаган кошумча каражат булактарын табууга болот.

"Көп учурда мектепке мурдагы бүтүрүүчүлөр, меценат, бизнесмендер жакшы жардам берет, көбүнесе, аймактарда демөөрчүлөр көп. Бир ата-эне өз көңүлүнөн чыгарып чатырды жаап, башкасы класстык такта сатып берет. Депутаттар да окуучулар үчүн шарттарды жакшыртууга аракет кылышат", — деди адис.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өлкөдө мамлекеттик акысыз билим берүүнү өнүктүрүү керек экенин белгиледи.

Депутат Жогорку Кенеша Аида Исмаилова во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова

"Кыргызстан чет өлкөдөн алган грант жана башка жардамдар аз санда эмес. Эгер аларды туура бөлүштүрсөк, мектептин керектөөсүн жабат. Азыр акча натыйжасыз бөлүштүрүлгөндүктөн, социалдык тармак ушундай кейиштүү абалда", — деди ал.

Исмаилова акы төлөө киргизилсе, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары билим ала албай каларын, андыктан, республика иштин көзүн билген менеджерлерге муктаж экендигин кошумчалады.

"Жетекчилер жөн гана акча жасашканы ачуумду келтирет. Кымбат унаадан, сый акыдан баш тартып, иш сапарларды азайтышсын", — деген пикирин билдирди эл өкүлү.

Педагогика илимдеринин доктору Жангороз Каниметов акысыз билим берүүнү токтотуу жана атайын төлөм киргизүү деген таптакыр эки башка демилге экенин түшүндүрүп берди.

Доктор педагогических наук Жанкороз Каниметов
© Фото / предоставлено Жанкорозом Каниметовым
Педагогика илимдеринин доктору Жангороз Каниметов

"Биздин азыркы шартта акы алынчу орто билим тууралуу кеп козгоого да болбойт, окуу акысы элиталык менчик мектептердин деңгээлине көтөрүлүп кетет. Мамлекет билим берүү мекемелерин өнүктүрүү үчүн бөлөк жолдорду табууга тийиш. Ишмердиги ачык-айкын болушу үчүн мектептердеги коомдук фонддор өкмөттүн деңгээлинде иш алып барышы кажет, ал эми төгүмдөр белгилүү бир өлчөмдө, мисалы, ар бир окуучудан жылына 1000-1500 сом чогултулат", — деди Каниметов.

Ал ыктыярдуу төгүмдөр деп жарыяланганы менен ата-энелерди окуу китептери үчүн акы төлөөгө мажбурлашарын кошумчалады.

Коомдук фонддор зарылбы?

Валентина Лисниченко соңку он жылда мектептер "ата-энелердин эсебинен жашап келерин" моюнга алды. Анын айтымында, бул жашыруун эмес.

"Билим берүү бизде акысыз, бирок мамлекеттин каражаты мугалимдердин маянасы, коммуналдык чыгымдарды гана жабат, ал эми мектепти каржылоо толугу менен ата-энелердин мойнунда экендигин түшүнүү керек. Ошондой эле коомдук фонддордун каражатына компьютер, интерактивдик такталар, методикалык адабияттар сатып алынат", — деди депутат.

Гүлшан Абдылдаеванын пикиринде, Кыргызстандын мектептери жык толгон, ошондуктан ата-энелердин ыктыярдуу көмөгүнө муктаждык жаралды.

"Коомдук фонддор жана камкордук кеңештери мыйзам алкагында иштейт. Алардын өкүлдөрү окуучулардан акча талап кылышпайт, ата-энелер менен иш алып барышат. Бирок мындай учурда да ата-энелердин мектепке көмөгү өз каалоосу менен көрсөтүлүшү зарыл", — деген оюн айтты адис.

Ал ата-энелер мектеп жетекчилигинен иштин ачыктыгын талап кылууга тийиш экенине токтолду. Эгер директор же мугалимдин өз ыйгарым укуктарынын чегинен тыш аракеттери аныкталса, анда мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

769
Белгилер:
ата-эне, окуучу, акы, билим берүү
Тема боюнча
Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 10 күнгө созулат
Европа менен Азияны бириктирген окуу жай. Чет элдик студенттердин артыкчылыгы