Бетин жапкан кыз жана эркек. Архивдик сүрөт

Мынчалык ызага муунган эмесмин!.. Кээ бирлердин "той" сапарынан кийинки диалог

2814
(жаңыланган 10:37 03.05.2019)
Кыргызстандагы коррупциялык көрүнүштөр, эл өкүлдөрүнүн акыркы кадамдары элдин нааразычылыгын жаратып, көп сын-пикирлер айтылып келет. Бул өзүнүн маңдай тери менен жакындарын багып, бала-чакасын окутуп билим берип келген ар бир жарандын көңүлүн тынчытпаган көйгөй болуп турат.

Биз Кыргызстандын орто жашаган жараны менен тартип коргоо органында иштеген кызматкердин диалогун кагазга түшүрдүк. Өзөктү өрттөгөн кеп болуптур. Анда сөз башынан болсун.

Алгач биринчи замандашыбыздын көкүрөк муңун угалы...

—Билесиңби, мен — кыргызмын. Жети атам — кыргыз. Ата-бабам ушул жерди жердеп, кылымдарды карытып келген. Мен Кыргызстанды сүйөм, жеримдин ар бир ташы, тамчы суусу, жайы-кышы, жазы-күзү ыйык.

Советтер Союзунда төрөлүп, ал кыйраар алешем заманда торолуп, эгемендүү өлкөдө турмуш куруп, орун-очок алган мен, менин тели-теңтушум, замандаштарым башыбыздан көп эле нерсе өткөрдүк. Сүйүндүк, күйүндүк дегендей... Өлкө үчүн жүрөк да канап ыйлаган, кайра эле толкуп-ташып кубанган күндөр көп болду. Санаалаштар менен пикир келишпей, эл-жер намысы деп бет карашпай калган учурлар да кездешкен. Баары жакшы болот, кыргыз деген жөн эл эмес, касиети бар, Кудай колдойт, оңолобуз деген жаркын үмүт алдыга жетелеген.

Бирок мен кандай заман болбосун (бири-бирине ок аткан төбөлдөр, кримавторитеттердин аянтты ээлеп алышы, сел, бороон-чапкын ж.б.) эч качан, угуп жатасыңбы, ЭЧ КАЧАН корккон эмесмин! Кылым кыйырын кечкен кыргыздын келечеги үчүн мынчалык жүрөгүм ооруган эмес! Мынчалык ызага муунган эмесмин!

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы көптүн көңүлүнө туура келбесе да, "түсү ийгиден түңүлбө" дейт эмеспи, ичиндеги айрым адамдарга ишенчүмүн. Баары болбосо да кээси чын эле элдин кызыкчылыгын көздөйт, элдин келечегин оңдогонго кол тийгизет дечүмүн. Бирок эл өкүлдөрүнүн кечээки кылыгы мени жөн эле көтөрүп чапты. Мен аларга ишенгем да!..

Биз оңолбойт окшойбуз, анткени аларды убагында 2000-3000 сомго сатылып шайлаганбыз. Алар парламентке келиш үчүн калпты-чынды койгулаштырып кооз сүйлөп, биз аңырайып оозун тиктеп, анан "койчу эми, жакшынакай эле сүйлөп атпайбы, ушу жыргатат", "кудачамдын жээни эле, кой, уят, дасторкондон кантип көрүшөбүз" деп өзүбүз менен өзүбүз соодалашып, "эми добушуңду берип кой, андан эмне болуп кетет элең" деп кадыр-көңүл салгандарга баш ийип бергенбиз да.

Эл өкүлдөрүнө, аткаминерлерге айтаарым, буга чейин деле көп жаңылгансыңар, жаза баскансыңар, бирок айкөл эл баарын кечирип, көз жуумп, "көч бара-бара түзөлөт" деп келген эмес беле...

Коррупциялык, ага-туугандык жана "саясаттагы касың болбойт" деген мамилелерден кийин көп нерсеге көзүм ачылгандай болуп калды, ачуу чындык чыркырап мурун эле айланып-тегеренип жүрүптүр. Мен эле моюнга алчу эмес экемин.

6 жаштагы кызым бар, жакшынакай болуп чоңоюп келе жатат, анын келечеги эмне болот, кызым эмне деген өлкөдө жашайт? "Кыргызстанда эч нерсе жок, чөгүп баратат, жок болот" деп балдарын чет өлкөдөн окутуп, эс алдырып, жашатып жүргөндөрдү чын эле жактырчу эмесмин. "Өз жериңден артык эмне бар" деп. Ар деле жок экен. Өз жериңди бийлегендер үмүттү өчүрүп, өйдө болгонго эч бир мүмкүнчүлүк бербесе, айла жок ушундай кадамга барат турбайбы. Аттиң ай... Эмне деген жер, эмне деген эл эле... Кор болдуң... Биз оңолбойт окшойбуз...

Экинчи пикир. Күйүп-өчкөн үмүт...

"Күйгөн аял кошокчу" болгон замандашынын ички бугун, ызасын, безеленгенин угуп отурган тартип коргоо органдын - күч түзүмдүн өкүлү агынан жарылды.

— Ооба! Коррупцияга малынгандар, элита дегендер кыргызстандыктардын ишенимин алдады. Элдин намысы "дүрт" этип, көзү күйүп, жаалы келип, жаак тарамыштары түйүлүп турганын көрдүм... Үмүт өчүп, кайра жанып, көңүл сууп, кайра чыйралып...

Парасыз иш жылбай калган учурларды көргөндө ичимден кан өтөт. Чынын айтканда, алгач менде да "тойдум байдын кызына" деп жашоосу жакшы жактарга кетип калсак эмне болот деген ой келген. Бирок кечээ алыс жолдо терезеден айланага көз салып, Бишкекке кирип келе жатып ойго баттым. Анан ушундай жакшынакай жерди, киндик каным тамган Ата Журтумду кантип таштап кетем деген нерсе "селт" эттирди. Мен бул тоолуу, кичинекей өлкөмдү жакшы көрөм. Ар бир чөбү, дарагы, абасы, ташы — баары кымбат.

Биздин жер эгер билген, сезген, аң-сезими жеткен адамга ата-бабаларыбыздын канына сугарылып, анан бүтүндүгүн сактап калган. Алар бир укум жерди да чоочундарга бербей, ушул күнгө көздүн карегиндей коргоп, бизге жеткирбеди. Дал ушул топуракка тер төгүп, жашоонун ысык-суугун татып, эчен кыйынчылык менен сыноону башынан өткөрүп, улутту сактап калды эле го. Ушул жерде туулган, ушул жерде кайгысын да, кубанычын да көрүп, жашап өткөн. Кыйын замандарда, кырылып калаарда да мекенин, элин таштап кеткен эмес. 

Бул жер чоочундарга зыяны тийбеген, конок келсе сактаган ашын алдына койгондон башка зыяны жок кыргыз деген эл жыттанып турат. Кыргыздын жашоосун, үрп-адатын, тамашасын, ырын, атадан-балага айтылган акыл кептерин өзүбүздөн башка эч ким түшүнбөйт. Өзүбүздөн башка ага эч ким күйбөйт да, эч ким коргоп кала албайт. Анын үстүнө мен тартип коргоо органынын өкүлүмүн. Мыйзамсыз көрүнүштөр, ичкичтер, жегичтер менен тикемен-тик туруп күрөшүү менин вазийпам.

Ач көздүгү ашкандардын, эл кадырын тебелегендердин кылыгына ичим эңшерилип турса да ушул керемет мекеним, жерим үчүн башымды байлоону чечтим. Коррупциянын аз да болсо тамырын кыюуну чечтим. Чама-чаркым канчага жетет, билбейм, бирок аракет кылам. Ач көздөргө, жер-суунун баркын билбегендерге, мекендин кадырына жетпегендерге кор кылбайм, "ме, соодала" деп салып бербейм.

Наадандыкка, насилсиздикке каршы туралы. Эгерде жеңилсек, аны да көрө жатарбыз. Бирок коррупционерлерге кармата бербейбиз. Бул сен азыр эле айтып кеткендей, чолпондой болгон, өсүп келе жаткан татынакай балдарыбыз үчүн кылган аракетибиз болот. Сенин же менин эле эмес, бардык бөбөктөрдүн жаркын келечеги үчүн жасалган кадам деп билем.

2814
Белгилер:
диалог, мекен, депутат, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема боюнча
Ала-Тоонун ажолору: такка отуруу таржымалдары. Экинчи макала
Тандоо – укук, ынтымак - парз. Шайлоо өттү, бирок шайтан калды
Бешинчи муундагы F-35 Lightning II учагы. Архивдик сүрөт

F-35тин мүчүлүштүктөрү: америкалык учактын мандеми эмнеде?

210
(жаңыланган 11:39 27.06.2020)
Физиканын мыйзамдары америкалык авиаконструкторлордун аракеттерин көз жаздымда калтырып, кыйла кымбат баалуу долбоорлорун "тушап коет".

Бешинчи муундагы F-35 Lightning II учагы кынтыксыз эмес, бирок АКШ инерция боюнча глобалдык милдет жана курал-жаракты бардык жагынан бышып жетиле элек авиатехникага жүктөөгө тырышууда. F-35 бортундагы B61-12 термоөзөктүк бомбалары үнгө чейинки крейсердик ылдамдыкты, радарлардын "көзүнө илиниши", кырсыкка кабылуу коркунучунун бийиктиги жана ынанымсыздыгын жайкап койчудай ойлошот. Америкалык учактын оош-кыйышын аскерий баяндамачы Александр Хроленко талдап көргөн.

The Aviationist басылмасы апта башында америкалык Эдварс (Калифорния штатында) авиабазасынын чет жакасында F-35A Lightning II истребителин (Convetional Take Off and Landing модификациясындагы, башкача айтканда, учушу жана конушу стандарттык) өзгөрүлмө кубаттуулуктагы B61-12 термоөзөктүк бомбасын колдонуу боюнча сыноодон өткөрүлгөнүн жазып чыкты.

Кош багыттагы өзөктүк курал ташуучу учактын тастыкташтырылышы 2023-жылдын январына пландалган. Программалык камсыздоосун (азыркы Block 3A версиясынан Block 4 версиясына чейин) жаңыртуу менен бирге F-35А истребителдери пландалгандай термоөзөктүк бомбаларды ташып жана пайдалана алат. Ал гана эмес, АКШнын Куралдуу аба күчтөрүнүн куралдануу системасына B61-12 жуурулушкан соң F-15E жана F-16нын "өзөктүк истребителинин культтук ролу" F-35A учагына өтөт. Заманбапташтырылган B61-12 авиабомбасын байкоо системасы жана өзгөрүлмө кубаттуулуктагы (50 килотоннага чейин) аскердик бөлүгү айырмалайт.

"Посейдон" сыноодон өтүүдө: Батыш мүнөздөгөндөй "кыямат күндүн торпедасыбы"?

F-35 Lightning II көп багыттуу истребитель-бомбалоочу учагын жасоо программасына 1,3 триллион доллардын тегерегиндеги каражат кеткен. F-35тин ар кыл модификациялары 2011-жылдан бери сериялык түрдө чыгарылып келет. Бул машинага АКШда адегенде чоң үмүт артышкан, бирок иш жүзүндө аны пайдаланууда адистердин көңүлү калууда. Мурда Пентагонго ыктаган Defense News басылмасы F-35 Lightning II учагын бир топ сындап жазды. Фактылар айгинелеп тургандай, F-35 – форсажда бир мүнөттөн ашпаган убакытта ылдамдай алган үнгө чейинки истребитель, ал эми 1 Махтан өйдө ылдамдыкта бир мүнөттөн кийин ысып кеткен корпусу талкаланып калышы мүмкүн. 1,6 Махтан жогорку ылдамдыкта учактын куйругу түшүп калышы ыктымал.

Бешинчи муундагы истребителдин дайымкы (крейсердик) ылдамдыгы 1,4 Махтан төмөн боло албайт, андан улам технологиялык үзгүлтүгү болгон эмес. Иш жүзүндө F-35 төртүнчү муундагы учак бойдон калды, термоөзөктүк бомбалар – ал үчүн көтөрө алгыс жүк.

Компенсациялык чаралар

Өткөн жылы "бешинчи муунга жетүүгө тырышкан" F-35 истребителинин негизги кемчиликтеринин санын бешке чейин төмөндөтө алышты. Бул деле 100 миллиондук машина үчүн өтө көп болуп саналат.

Пентагон анын "эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн" дароо оңдой койгон, азыр F-35 кыска ыкчамдай алган үнгө чейинки ылдамдыктагы учак болуп саналат.

Жогорку ылдамдык планердун, F-35тин атайын стелс-катмарынын, учактын арткы бөлүгүндөгү сансыз антенналарынын бузулушуна коркунуч туудурат. Аскердик-деңиз күчтөрү жана деңиз пехотасы үчүн F-35B жана F-35C модификациялары 1,2 Махтын тегерегиндеги ылдамдыкта уча ала турган секунддар аныкталды.

Америка да алсам дейт. Калашников автоматы дүйнөнү багынтууда

Учуп-конушу стандарттык F-35A учагынын истребителдеринин варианттарында да программалык камсыздоодон дабышсыз жана радарларга көрүнүп калышы (ал тургай, сырткы асмасына курал-жарак артылган болсо, үнгө чейинки ылдамдыкта да) өңдүү сапаттарына чейинки ушундай эле кемчиликтер бар. Учактын аброю биротоло түшкөндөй эле болгон, бирок, аны пайдаланууда дагы да күтүлбөгөн кемчиликтери байкалып калууда. 24-июнда Air Force Magazine журналы америкалык F-35A истребителдерине түнөргөн булуттарга 25 милден (40 чакырымга чукул) азыраак аралыкка чейин жакындоого тыюу салынганын маалымдады.

Көрсө, инерттик газды генерациялоонун боттук тутумунун (OBIGGS) конструктивдик өзгөчөлүктөрү атмосфералык электр разрядынан абада истребителдердин май куюлган бактарынын жарылып кетишине алып келиши мүмкүн. OBIGGS системасы мурда эле ар кандай пикир жаратып келген, 2014-жылы заманбапташтырылса да жарылып кетүү коркунучу эмнеге жоюлбаганы кызык.

Жаңы F-35 Lightning II учактарынын бир нече ирет кырсыкка кабылышынан улам башка жагымсыз "ачылыштары" да чыгарын, ал түгүл жай жагдайда да F-35тин пайдаланышы кооптуу болорун болжоого болот. Бешинчи муундагы россиялык Су-57 истребителдери же радиоэлектрондук күрөш каражаттарына абада кокус туш келип калса, бул америкалык "чагылгандар" эмнеге кабыларын айтпай эле коелу.

Белгисиздикке карай учуш

Кошмо Штаттар F-35 учактарын европалык союздаштарына активдүү сатууга умтулууда. Заманбапташтырылган B61-12 термоөзөктүк авиабомбасы да башынан эле Европага багытталган. Сериялык өндүрүшү быйылкыга белгиленген, ошол эле убакта америкалыктар B61-12 бомбаларын Европада жайгашкан өздөрүнүн базаларына жайгаштырууга ниеттенет. Ошентсе да, учушта (форсажда) бортундагы өзөктүк курал жүктөлгөн истребителдин куйругу түшүп калышы же чагылган уруп коюшу да мүмкүн. Башка варианттары да болушу мүмкүн, бирок кандай болгон күндө да союздаштарына кыйын эле болот. Америкалык куралдар Европа үчүн улам кооптуу болуп барат. Германиянын каршылыгы улам күч алууда. Франция да: "F-35ти таңуулоону токтоткула" деп ачык айткан. Бул – АКШнын аскердик авиакурулуш жаатындагы технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн ашкере баалоонун мыйзам ченемдүү жыйынтыгы. Мурда да бешинчи муундагы F-22 Raptor истребителин жасоо тажрыйбасы ийгиликсиз деп табылган. Анын дагы радиосиңирүү катмары ишенимсиз, метрлик диапазондо радарлардын "көзүнө чалдыгат", аракет радиусу – 750 гана чакырым, сериялык машинанын баасы өтө кымбат (350 млн доллар турат). Бешинчи муундагы (катталышы боюнча) F-22 жана F-35 учактарынын алгылыктуу абалга жеткирбей жатып эле америкалыктар аскердик авиациясынын келечегине үмүттүү карашат.

Дүйнөдө Т-15 "Арматанын" теңдеши жокпу? Cууга чөкпөс, отко күйбөс курал

Вашингтондун планы боюнча алтынчы муундагы биринчи истребителдер 2030-жылга чейин учуп калышы зарыл эле. Сүрөттөлүшүнө караганда душман да алар үчүн даяр имиш. "Күрөшүүгө тийиш болгон тынчокеандык театрдагы ири аралыкты эске алуу менен" кошумча май куйбай туруп эле алыс аралыкка учурууну пландашат. Радиоэлектрондук күрөш комплексинин эсебинен абадагы артыкчылыгы арбын, абдан чыдамкай болот деп ишенишет.

Бирок "бешинчи муундагы" F-35 Lightning II учагынын кыйла кымбатка түшкөн ийгиликсиз учуштарынан кийин америкалык конгресс 2021-жылы алтынчы муундагы истребителдерди жасоо программасын каржылоону 85 пайызга кыскартууга ниетин билдирген.

210
Белгилер:
истребитель, курал-жарак, Аскер, Европа, өзөктүк курал, АКШ, учак
Тема боюнча
Аралыктан мина коюп... Россия Жеңиш парадында соңку үлгүдөгү системасын көрсөтөт
Вашингтондогу Эндрю Жексондун айкелин кулатууга аракет кылып жаткан адам

Батыштын тарыхты бурмалоо аракети ишке ашып келе жатат

139
(жаңыланган 18:20 26.06.2020)
АКШдагы эстеликтердин жапырт кыйратылышын айрым эксперттер тарыхты бурмалоо деп аташууда. Бирок айкелге кол салган активисттердин чынында тарых бурмалоого чама-чаркы чектелүү, анткени алардын тарых боюнча билими, түшүнүгү аз, дээрлик жок.

Болбосо Сан-Францискодогу Мигель Сервантестин эстелигинин талкаланышын кандай деп кабыл алуу керек? Америкалык "хунвейбиндер" аны кезектеги конкистадор деп калса керек да. Ал эми Демократиялык партиянын түптөөчүлөрүнүн бири Эндрю Жексондун айкелин аталган партиядан чыккан талапкердин тарапташтары кыйратууга аракет кылганын эмне деш керек? Тарыхты айдактагы адамдар эмес, акциянын идеологдору бурмалайт. Алардын ушу тапта иши жүрүшүп жатканын да моюнга алуу керек. Тарых чындыгы тууралуу жазылган Владимир Корниловдун макаласын РИА Новости жарыялады.

Sputnik.Мнение талабы боюнча, Франциянын IFop социологиялык компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоо америкалыктардын тарыхка болгон мамилесин ачыктады. Элдин үчтөн бир бөлүгүнөн азыраагы 8-майда Европадагы Жеңиш күнү майрамдаларын айтса, 11 пайызы Экинчи дүйнөлүк согушта АКШ Россияга каршы согушкан деп эсептейт.

"Улуу Жеңишке 75 жыл: тарых жана келечек алдындагы жалпы милдет". Путиндин макаласы

Ушул эле сурамжылоону тереңирээк казсак, америкалык жаштардын арасында башка муунга салыштырмалуу тарых боюнча билим деңгээли өтө төмөн экени ачыкталган. 18 жаштан 24 жашка чейинки жаштардын 21 пайызы АКШ Россия менен согушкан десе, 13 пайызынын пикири боюнча, Кытай менен каршылашкан. Ал эми 65 жаштан жогорку курактагыларда бул көрсөткүч жети жана эки пайызды түзгөн.

Бул азыркы муун улам чоңоюп, кары-картаңдардын катары суюлган сайын ата-бабалары кайсы бир союздаштары менен (жакында эле Ак үй алардын катарында Улуу Британия гана бар экенин жар салды) Москва жана Пекинге каршы согушкан деп эсептеген америкалыктар көбөйөрүн каңкуулайт. Каршылаштар тууралуу пикир антироссиялык жана антикыйталык аракеттерге жараша болору шексиз. Буга "негизги душманды" жазбай көрсөтүп берген Голливуд да салымын кошот.

Мындай көрүнүш жалгыз эле АКШда эмес. Нацисттерди кыйратууда кимдин салымы чоң деген маселенин айланасында франциялыктардын пикири да буга мисал. 1945-жылы сурамжылангандардын 57 пайызы, башкача айтканда, басымдуу бөлүгү фашизмдин мизин СССР кайтарган деп эсептесе, 20 пайызы гана АКШны атаган, ал кезде европалыктар кырдаалды өз көзү менен көрүп-билген эмес беле. Ал эми 2015-жылы IFop тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоо 70 жылда пикир кескин өзгөрүп кеткенин көрсөттү. Француздардын 54 пайызы Американы жеңүүчү десе, 23 пайызы гана СССРдин салымын белгилеген. Мында дагы аудитория канчалык жаш болгон сайын, ошончолук Жеңишке америкалыктардын кошкон салымын көбүрөөк айткан тенденция байкалууда.

Согуш тарыхынын кайра жазылышына Германия эмне үчүн каршы? Саресеп

Бул көрүнүш азыр дагы токтогон жок, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Британиянын YouGov социологиялык фирмасынын 2015 жана 2020-жылы өткөргөн эки сурамжылоосу (Жеңиштин 70 жана 75 жылдыгына карата) нацизмди Советтер Союзу жок кылды деп эсептегендер Батыш мамлекеттеринде барган сайын азайып жатканын көрсөттү. Тарыхый чындыкты белгилүү себептер менен немецтер көбүрөөк биле турганы айкын эле. Бирок ал жакта да бара-бара алдыңкы орунга АКШ чыкты: 2015-жылы сурамжыланган германиялыктардын 37 пайызы нацизмди кыйратууда АКШ негизги күч болгон десе, 27 пайызы гана СССРди атаган. Беш жылдан кийин эле бул ажырым дагы тереңдей түшкөнүн көрүүгө болот: Америка дегендер 43 пайызга өссө, Советтер Союзун көрсөткөндөр 21 пайызга чейин төмөндөп кеткен.

Дал ушул акырындык менен, ырааты менен жасалган максаттуу аракетти, жалпы массанын аң-сезимин өзгөртүү аракетин Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын бурмалоо дейбиз. Азыркы саясий өнүгүү үчүн кооптуулук жараткан бул көрүнүш тууралуу жакында эле РФ президенти Владимир Путин да өз макаласында: "Биз азыр Батышта күбө болуп жаткан ревизионизм, өзгөчө Экинчи дүйнөлүк согуш жана анын жыйынтыгына жасалып жаткан ревизионизм 1945-жылы Ялта жана Сан-Франциско конференцияларында түптөлгөн тынчтык жолу менен өнүгүүнүн принциптерин одоно түрдө бузуп жатат", - деп айтып өттү.

Акыркы жылдары антироссиялык пропаганданы негизги иш катары көргөндөр аталган макаланы көңүлүнө өтө эле жакын кабыл алышты окшойт. Россия президентинин тарыхты бурмалоону токтотуу боюнча айкын, так жазылган чакырыгына карабай CNN чалмакейди чалып туруп, "Путин Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын бурмалоодо" деген макаласын чыгарды.

Ушундай эле ыкманы британиялык колумнист Эдвард Лукас да колдонду. Бул жазмакерди RT байма-бай планетанын 10 башкы русофобдордун катарына киргизип турат. The Times гезитине жазган макаласында Путин "тарыхтын ревизионисти" болуп калган. Ушул эле тезисти CEPA европалык саясаттын анализ борборунун сайтында да кайталаган. Мунун баары президенттин ревизионизмдин кооптуулугун көзгө сайып көрсөтүп, андан оолак болуу чакырыгынан кийин айтылып жатканы кызык!

Дарыя жоокерлерибиздин сөөгүнө толуп калган. Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян

Кремленологдордун минтип ээ-жаа бербей жаалданып жаткан себебин да түшүнүүгө болот. Россияга каршы бардык жактан (идеологиялык, саясий, тарыхый) тынымсыз күрөш жүргүзүү буларга кесип болуп калган. Жогоруда айтылган CEPA уюмунун алдыңкы аналитиги Януш Бугайскийдин Вашингтонго Россия Федерациясын мүчөлөп бөлүп салууга берген кеңешин эстөө жетиштүү.

Ошол себептүү мындай адамдар жана институттар үчүн дүйнөлүк тарыхты бурмалоо боюнча акыркы убакта өкүм сүргөн тенденцияны сактап туруу өтө маанилүү. Буларга акты кара деп, согуштан жеңилген тарапты жеңүүчү деп, тарыхты сактоого чакырыкты бурмалады деп көрсөтүү зарыл. Мындай аракеттердин бир эле максаты бар — Россияны алсыратуу, керек болсо таптакыр жок кылуу. Дал ошон үчүн бизге тарых чындыгын, өзгөчө элибиздин нацизмди жок кылган Улуу Жеңишинин тарыхый чындыгын сактоо аба менен суудай керек. Мындан биздин тарых эле эмес, келечегебиз да көз каранды.

139
Белгилер:
Германия, Европа, АКШ, тарых, жеңиш, Экинчи дүйнөлүк согуш
Тема боюнча
Абдымен: Трамптын каршылаштары коронавирусту өз пайдасына колдонууда
Америкада Экинчи дүйнөлүк согушта Россия АКШ менен каршылашкан дегендер бар
Реанимацияда жаткан бейтаптын колу. Архив

Бүгүн күндүзгү стационарлардан үч бейтап каза тапты

0
(жаңыланган 22:20 05.07.2020)
Аталган борборлор коронавирус жана пневмониянын жеңил же орточо түрүнө кабылган бейтаптарды кабыл алууда.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бүгүн күндүзгү стационар борборлорунан үч бейтап каза болгонун мэрия социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматта бул үч адам орун жок болгону үчүн ооруканага жата албай стационарга кайрылганы айтылат. Мэрия элди бет кап тагынууга, аралыкты сактоого, сыртка көп чыкпоого чакырууда.

Чүйдө беш жүздөн ашык киши жата турган дагы 21 стационар ачылды

Аталган борборлор коронавирус жана пневмониянын жеңил же орточо түрүнө кабылгандар үчүн түзүлгөн. Бул жерден ийне сайдырып, консультация алууга болот. Мэрия төрт райондо ачылган стационарлардын дареги менен телефон номерлерин жарыялаган болчу.

0
Белгилер:
консультация, ийне, бейтап, оорукана, пневмония, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Муфтият коронавирустан көз жумгандарды көмүү эрежесин иштеп чыкты