Кармалган киши. Архивдик сүрөт

Токмокто баласына дары алам деп кесилген кишиге чыккан өкүм туурабы? 6 юристтин ою

1663
(жаңыланган 17:23 16.05.2019)
Дарыкананы карактап, 25 миң сом алып чыгып кетти делген 33 жаштагы кишиге Токмок шаардык сотунун чыгарган өкүмүнө коомчулук нааразы болууда. Социалдык тармактын колдонуучулары мыйзам карапайым калкка эле иштеп, аткаминерлер үчүн иштебей жатканын айтып чыгышты.

Эске салсак, Токмоктун шаардык соту дарыкананы карактаган деген айып менен жергиликтүү тургунду беш жылга эркинен ажыратып, 70 миң сомдук айыпка жыккан. Дарыкана жетекчисинин айтымында, кечинде келген эркек киши баласы ооруп жатканын айтып, эмне дары керектигин сураган. Андан кийин акчасы жок экенин, мындан улам кийип жүргөн курткасын күрөөгө коюп дары алууну өтүнгөн. Дарыканачы баш тарткандан кийин чыгып кетип, бир аздан соң кайра кирген да кассадагы 25 миң сомду алган. Ары жактан чуркап келген сатуучуну түртүп жиберип качып кеткен.

Бирок кийинчерээк ал жасаган ишин моюндап, милицияга өзү барган. Келтирген чыгымды да төлөп берген. Жабырлануучулар кечирип, аны жазалабоону суранган. Бирок ага карабай, сот балдардын атасын 5 жылга эркинен ажыраткан.

Токмок шаардык сотунун бул чечими туурабы? Шектүүгө мындан жеңилирээк жаза берсе болмок беле? Бул маселе боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги КРдеги тажрыйбалуу юрист, укук коргоо өкүлдөрүнүн пикирин билип көрдү. Жогорку соттун сайтында көрсөтүлгөн Токмок шаардык сотунун өкүмү менен респонденттер таанышып чыкты.

Кайсы респонденттин пикири жакса, сүрөттүн оң жагындагы белгини басып, добуш берсеңиз болот.

 

1663
Белгилер:
соттук чечим, пикир, юрист
Тема боюнча
Райым Матраимовдун датын карай турган Алмаз Калыбаев ким? Судьянын чуулуу өкүмдөрү
Текебаевди соттогон Айбек Эрнис уулу тууралуу 8 факты
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Жапаров президенттиктен кетсе өлкө башчынын милдетин ким аткарат

2121
(жаңыланган 10:53 27.10.2020)
Садыр Жапаров шайлоого катышуу үчүн отставкага кете турган болсо, премьер-министр менен президенттин милдетин ким аткара турганына Sputnik саресеп салып көрдү.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кочкор районуна жасаган сапарынын учурунда кийинки жылдын башында өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катыша турганын билдирди. Айтымында, ал ыйгарым укуктарын декабрда өткөрүп бермекчи. Эскерте кетсек, Конституция боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого бара албайт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Жапаров отставкага кеткенден кийин өлкөнү ким башкара турганына кызыгып көрдү. Конституцияны кайра окуп чыгып, юристтер менен сүйлөштүк.

Парламенттик шайлоо жылса өлкөдөгү абал кандай өзгөрөт? Юристтердин пикири

Мыйзам эмне дейт

Баш мыйзамга ылайык, эгер президент мөөнөтүнөн эрте кызматынан кетсе, жаңы өлкө башчы шайлангыча анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Эгер буга да мүмкүн болбосо, президенттин ыйгарым укуктары премьер-министрге же анын милдетин аткарып жаткан адамга өтөт.

"КР өкмөтү тууралуу" мыйзамда эгерде премьер-министр жок болсо, анын милдетин биринчи вице-премьер аткара турганы жазылган.

Белгилей кетсек, премьер отставкага кеткенде өкмөт толугу менен кеткен болуп эсептелет. Ошол эле убакта өкмөт мүчөлөрү милдеттерин аткара беришет.

Нурлан Садыков, Конституциялык саясат институтунун директору

Заместитель председателя правления – член правления ОАО Национальная энергетическая холдинговая компания, член Совета директоров ОАО ЭС, ОАО Северэлектро Нурлан Садыков
© Фото / пресс-служба Национального энергетического холдинга КР
Конституциялык саясат институтунун директору Нурлан Садыков

Нурлан Садыков эгер президенттин милдетин аткаруучу кызматынан кетүүнү чечсе, Жогорку Кеңеш төрага тууралуу маселеге кайтышы керек деп эсептейт. Анын айтымында, өлкө башчынын милдетин аткаруудан баш тарткандан кийин спикер отставкага кетиши керек болчу.

"Президенттин милдетин ЖК төрагасы аткарышы керек. Эгер ал баш тартса, парламент өлкө башчынын милдетин аткара турган жаңы спикер шайлашы шарт", — деди Садыков.

Президент болом дегендер документтерин БШКга качан тапшырары такталды

Дастан Бекешев, ЖК депутаты

Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
ЖК депутаты Дастан Бекешев

Дастан Бекешев окуя укуктук талаадан чыкпаган эки нукта өнүгөт дейт. Депутат биринчисин төрага менен байланыштырды.

"Парламенттин спикери каалаган убакта арызын артка чакыртып, президенттин милдетин аткаруучу боло алат", — деди ал.

Экинчи учурда президент менен премьер-министрдин укуктары биринчи вице-премьерге өтө турган кызматтык чынжырча ишке ашары боолголонду.

Кайрат Осмоналиев, БШК мүчөсү, КР эмгек сиңирген юрист

Заслуженный юрист КР, член ЦИК и советник министра образования Кайрат Осмоналиев
© Фото / Азиз Пиримкулов
БШК мүчөсү, КР эмгек сиңирген юрист Кайрат Осмоналиев

Кайрат Осмоналиев Кыргызстанда ушу тапта стандартка төп келбеген көрүнүш жаралганын белгиледи. Ал мыйзам алкагында ишке ашышы мүмкүн деген дагы бир учурга көңүл бурду. 

"Мыйзамда президенттин милдетин аткарып жаткан адам кызматтан кеткенде эмне болору так жазылган эмес. Бирок Конституцияда ага чейинки аракеттердин регламенти каралган. Демек, ошол эле нукта артка кеткен схема иштей алат", — деди юрист.

Ал мыйзам боюнча президенттин милдетин аткаруу ЖК төрагасына жүктөлөрүн эске салды.

"Спикер президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетиши мүмкүн. Анда өлкө башчынын милдетин аткарууга вице-премьерлердин бири талапкер боло алат", — деди Осмоналиев.

БШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимине даттанат

Юрист мыйзам боюнча премьердин отставкасынан кийин анын милдети биринчи вице-премьерге жүктөлөрүн кошумчалады. Ал эми президенттин милдетин биринчи вице-премьер артына алар-албасы чоң маселе. Бирок Осмоналиев бул учурду да көз жаздымда калтырбаш керек деп эсептейт.

Белгилей кетсек, ушу тапта Жогорку Кеңеш төрагалыгын Канат Исаев, ал эми биринчи вице-премьерликти Артем Новиков аркалоодо.

2121
Белгилер:
БШК, шайлоо, Канатбек Исаев, Садыр Жапаров, өкмөт, вице-премьер-министр, премьер-министр, президент
Тема боюнча
Коопсуздук кеңешине жаңы катчы дайындалды
Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткара баштады
Минсктеги акциянын катышуучулары. Архивдик сүрөт

Беларусь түстүү революцияны жок кылабы? Саресеп

247
(жаңыланган 22:24 24.10.2020)
Беларусь оппозициясынын жолу катуу көрүнөт, бул ыргагы менен "Жылдын ийгиликсизи" деген номинациядан деле куру калчудай. Аларга жагдай гана эмес, өз лидерлери да каршы иштеп жаткан шекилдүү.

Александр Лукашенкого Светлана Тихановская тарабынан эки апта мурун коюлган "ультиматумдардын" мөөнөтү ушул жекшембиде аяктайт. Түстүү революциянын толкуну жеткен Беларустагы кырдаалга Ирина Алкснис сереп салган.

Беларустук бийликтин ал талаптарын аткарууга даярдыгынын эч бир белгиси жоктугунан улам дүйшөмбүдөн тарта "Света президенттин" убадаларына ылайык, Беларусь жалпы улуттук көтөрүлүштүн кучагына түшүп, жол тосуу жана мамлекеттик дүкөндөрдөгү сооданын төмөндөшү башталат. Бирок күн өткөн сайын окуялардын мындай өнүгүшү улам таң калычтуу түргө өтүүдө. Мындай кырдаалдан азыраак жоготуулар менен чыгууга баш катырган оппозициянын координациялык кеңешиндегилер да шектене башташты. Алардын мүчөлөрүнүн бири Павел Латушко ультиматумдун мөөнөтү аякташы менен алар активдүүлүктү күчөтөрүн жар салды.

Бийлик кантип алмашты? Соңку окуялардагы урунттуу учурлар

Беларусь оппозициясынын (жана анын чет өлкөлүк кураторлорунун) түстүү революция феноменин масштабдуу жок кылуу убагында бийликти кулатууну уюштурууда жолу болбоду.

Он беш жыл мурун бул феномен көптөгөн өлкөлөрдүн бийлиги үчүн реалдуу коркунуч, ал эми оппозициясы үчүн эргүү болуп турган. Түстүү революциялар тил укпаган жетекчи жана режимдерди алмаштыруу үчүн мыкты жана кубаттуу куралы болуп саналган. Бул түшүнүк бирөөлөрдү моралдык жактан түпкө түшүрсө, башкаларды тез жеңишке жетүүгө ишендирген. Бирок, балким, саясатка тиешеси жок көп адамдар ушундай ыкма менен чындап эле турмушту жакшыртууга ынанышкандыр. Себеби түстүү революция жөн эле мамлекеттик төңкөрүш эмес. Ал бейсаясат, бирок жаркын келечек үчүн бийликтин заматта алмашуусу зарыл деп санаган жарандар жык көчөлөрсүз мүмкүн эмес.

Дал ушул нерсе он жана жүз миңдеген адамдарды Каирдеги Тахрир аянтына жана 2013-жылы Киевдеги Евромайданга чыгышына түрткөн. Айтмакчы, беларустук протесттер да башта элдин жыкжыймалыгы менен мактана алмак. Бирок иш-чаралардын катышуучуларынын саны аптадан аптага азая берет.

Кеп "Лукашенко, кет" деген ураандын жана ал иш-чараларга катышуунун жыйынтыксыздыгынан адамдар чарчаганында эле эмес экен. Туура эмес "улуттук лидерди" кубалоонун керемет күчү жок тура.

"Оңой менен кыйрабайт": Түндүктө америкалыктар бункерге кайтууда

Беларустук окуяларга катар эле дүйнөнүн башка жактарында да кыйла көрүнүктүү процесстер жүрүүдө. Алар республиканын жарандарын үйлөрүндө отуруп акылгөйлүк менен баалоого түртөт. Он беш жылдын ичинде үчүнчү саясий каатчылыкты башынан өткөрүп жаткан Кыргызстан бар. Дал ушул өлкөгө карата "түстүү революция" деген лакап айтылып келет. Көчөдөгү башаламандык, анархия менен коштолгон бардык мамлекеттик төңкөрүштөрдүн негизги корутундусу – кыргыз коому үчүн жакшы нукка өзгөрүүнүн жоктугу.

Армения да бар. Башкаларга салыштырмалуу 2018-жылы өткөн еревандык окуялар баркыт революциясынын үлгүлүү мисалы болду. Демократия, европалык келечек жана жемкорлукка каршы күрөш үчүн көтөрүлгөн калк жадаткан бийликти оодарып, мамлекет башына ишенген инсанын койду. Жаңы лидердин мактанарлык иштери да бар. Украина же ошол эле Кыргызстандагыдай начар жыйынтыктардын жоктугун деле азыркы убакыт боюнча бир топ жетишкендик катары саноого болот. Бирок ушул тапта Армения кайрадан эзелки жана кандуу жаңжалдын чордонунда турса, элдин европалык тандоосу, жеңилген жемкорлор жана прогрессивдүү демократиялык лидердин кажети канчалык?

Азербайжан коңшусунун демократияны издөөсүн өз кызыкчылыгына пайдаланганы Саясаттан оолак адамга да түшүнүктүү. Анын натыйжасына азыр Тоолуу Карабахта күбө болуп турабыз.

Лавров: Беларустагы конституциялык реформаны колдойбуз

"Түстүү революция" термини керемет, жарык, ынтымак өкүм сүргөн, адамдар бири-бирине бир тууган дүйнөгө жетелеп, мамлекет башындагы зыяндуу күчтөрдү алып салса эле өлкө гүлдөгөн бакчага айланып, теребелге шайкеш бакубат жашап калат деген үмүттөргө жетелейт. Бирок Кыргызстан менен Армения — ал ички да, сырткы саясий өңүттө да акыйкатка эч коошпогон жаңылыш ой экенине элестүү эскертүү, айкын далил.

Беларустагы протесттер ырааттуулук менен майнапсыз аяктап барат. Аны менен аталган республика түстүү революция жөнүндөгү жалпы дүйнөлүк мифти жок кылат.

247
Белгилер:
бийлик, башаламандык, Армения, Кыргызстан, революция, Беларусь
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

0
(жаңыланган 00:22 29.10.2020)
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында эт саткан дүкөндөн чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жок экендигин айтышты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрге жеткен. 

0
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү