ГЭСтеги монтаждык иштер. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда чакан гидроэнергетика канткенде өнүгөт?

124
Кыргызстанда соңку жылдары электр энергиясын пайдалануу жогорулап баратат, ошондуктан иштелип чыккан киловаттын баары ички керектөөгө гана жумшалууда.

Жергиликтүү энергетиканы өнүктүрүүнүн жолун кантип табуу керек деген маселенин тегерегинде баяндамачы, чыгыш таануучу Дмитрий Верхотуров ой толгоду.

Бишкекте өткөн "Гидроэнергетика: Борбор Азия жана Каспий 2020" конгрессинде көптү үмүттөндүргөн билдирүүлөр жаңырды. Аталган иш-чара жыл сайын уюштурулуп келет.

Эмнеге инвесторлор Кыргызстандын гидроэнергетикасына кызыгышпайт? Бул соболго да жооп ушул иш-чарада айтылды. Улуттук энергохолдингдин жетекчисинин кеңешчиси Чоробай Акуновдун айтымында, инвесторлор калкка социалдык тариф менен – квт\саатына 77 тыйындан (сомдун долларга карата азыркы курсу боюнча 1,1 цент; салыштыруу үчүн, маселен, Түркияда – 13 цент) сатууга милдеттүү экенибизди укканда алар инвестициялоодон качышат. Кеңешчинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда ГЭСтеги квт\саат электр энергиясынын өздүк наркы 169 тыйынды түзөт, инвесторлор тартылса, алар чыгаша тартмак.

Инвесторлордун жардамына таяна албаган, КР өкмөтүнүн тарифти жогорулатарынан түңүлгөн гидроэнергетиктер ЕАЭБдин 2025-жылы ишке кире турган бирдиктүү энергорыногуна үмүт артышат. Анткени ал тарифтери жогору болгон жактарга электр энергиясын сатууга мүмкүндүк түзөт.

Бирок гидроэнергетиктердин демине "Электр станциялары" ишканасынын башкы директорунун орун басары Таалайбек Бектенов суу сепкендей болду. Анын пикиринде, Кыргызстан экспорттоого анчалык шарты жок. Анткени республикада электр энергиясын керектөөнүн өсүшү экспорттук квотаны да түгөтүп, ал түгүл жаңы кубаттуулукту киргизүүнү талап кылууда. Соңку сегиз жылда керектөө 3-3,5 млрд квт\саатка өстү. Керектөөнүн 2-3 пайызга өсүшү 75 МВт, ал эми 5 пайызга өсүш 287 МВт жаңы кубаттуулукту киргизүүнү талап кылат.

"Алыбай алына жараша" пландаганы оңбу?

Планда, албетте, баары укмуш. Кыргызстанда жалпы наркы 9,6 миллиард долларды түзө турган жаңы Камбар-Ата ГЭС-1 жана үч каскадын (өз таржымалы бар Жогорку Нарын каскадын кошпогондо) куруу боюнча долбоорлор бар. Кыргызстан өз казынасынан 10 миллиард долларды оңой эле чыгарчудай жазып жатышкандыктан, ошол пландар тууралуу ойлорго кайдыгер карап тура албайсың.

Өлкө өз чөнтөгүнөн анчалык сумма чыгара албайт, анткени республиканын андай каражаты жок. Мамлекеттин тышкы карызы эле 2019-жылдын ортосунда 3,76 миллиард долларга жеткен (анын 1,7 млрд. доллары — Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкына болгон карыз). Бул ири гидродолбоорлорду ишке ашырууга Кыргызстандын чама-чаркы чак келбей турганын көрсөтөт.

Кырдаалдан чыгуу үчүн чакан ГЭСтерди куруу көп сунушталып жүрөт. Бул категорияга кубаттуулугу 10 МВттан азыраак агрегат орнотулган ГЭСтер кирет. Алар курулушунун салыштырмалуу түрдө арзандыгы жана тездиги (7-8 айда курулуп бүтүшү мүмкүн) менен тартып, ири жана кымбат гидроэнергетикалык долбоорлоруна караганда кирешелүү көрүнөт. Бирок бир караганда эле ошондой туюлат.

Коңшулаш өлкөдөгү ойрондолгон долбоорлор

Тоолуу рельефке ээ, шар аккан дайраларга бай өлкөлөрдө адатта гидроэнергетика, анын ичинде чакан ГЭСтер жакшы өнүккөн. Швейцарияда Schweizerischer Wasserwirtschaftsverband маалыматы боюнча, кубаттуулугу 10 МВттан аз болгондорун кошо эсептегенде 1365 ГЭС иштейт. Жалпы эсептей келгенде алар 3,7 млрд квт\саат электроэнергиясын же Швейцариянын ГЭСтеринин жалпы генерациясынын 10,3 пайызын түзөт.

Электр энергиясын керектөө жана экспортунун басымдуу бөлүгү гидрогенерациянын эсебинен жабылган Норвегияда 1166 ГЭС иштейт, алардын 410у жылына жалпы 3,2 миллиард квт\саат электр энергиясын өндүргөн чакан ГЭСтер. Норвегияда чакан гидроэнергетика тармагы жаш, 250 станция 2003-жылдан кийин гана катарга кошулду, дагы 400 долбоор каржылоону күтүп турган чагы.

Мындан жеңили барбы дейсиң. Норвегиялык тажрыйбаны алып, маселен, тоолуу Тажикстанда сыналса... Анан калса, норвегиялык тарап да көмөктөшүүгө макул болгон, ал түгүл чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча Тажик-Норвегиялык борбору да бар эле. Эгемендүүлүк алгандан бери Тажикстан Республикасында 300 чакты чакан ГЭС курулган, 2013-жылы алардын саны 305ке жеткен, жалпы кубаттуулугу 25,5 МВтты түзгөн. Дагы жалпы кубаттуулугу 23,3 МВт деп болжолдонгон 243 чакан ГЭС долбоору болгон.

Бирок ойдогудай болбоду. 2019-жылдын май айындагы маалыматтарга карасак, Тажикстанда 280 гана чакан ГЭС (башкача айтканда, алардын саны 25ке кыскарган) калган, алардын 100ү – суунун жоктугунан иштебей калган. Калгандарынын көрсөткүчтөрү да төмөн, 2019-жылдын январь-апрелинде 7,7 млн квт\саат өндүргөн, бул республикада иштелип чыккан жалпы электр энергиясынын 0,11 пайызын гана түзгөн.

Чоң үмүттөр артылган чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү программасы ошентип оңунан чыкпай калган. Ошондой эле каталарды кайталабаш үчүн жакшылап изилдеп көрүш керек. Себеби ЕАЭБди бирдиктүү электр энергия рыногунун түзүлүшүнүн алдында турган Кыргызстанда чакан ГЭСтердин курулушу күч алышы ыктымал. Кыргызстандык энергетиктер бир топтон бери бул багытка көз салып келишет. Ушул тапта республикада жалпы кубаттуулугу 46,7 МВт болгон 16 чакан ГЭС иштейт (2017-жылы алар 229 Мвт\саат электр энергиясын өндүрүшкөн), дагы 100 ГЭСтин курулушуна мүмкүнчүлүк бар.

Норвегияда ийгиликтүү ишке ашкан программа эмнеге Тажикстанда иштебейт?

Коңшу мамлекеттеги чакан ГЭС долбоорлорунан майнап чыкпай калышына эмне себеп? Эң башкы себеби – тажикстандык чакан ГЭСтер дайралардын гидрорежими ийне-жибине чейин изилденбей туруп, суунун дебетинин эсеби алынбай жана жабдыктар тандалбай курулгандыгында.

Баарын карай келсек, долбоорлор дайралардын гидрорежими боюнча совет убагындагы маалыматтарды негиз катары алган, 30 жылдан бери аймакта климаттык шарттар өзгөрдү, дарыялардын агымы абдан азайды. Гидрологиясыз жана дайралардын агымы изилденбестен, суунун чыгымдалышынын жылдык графигин түзбөй туруп ГЭСти курууга болбойт. Анык маалыматтары болбосо, объект жөн гана "соолуп" калат.

Норвегияда чакан ГЭСти толугу менен даяр кылып берчү, анан, албетте, зарыл болгон бардык гидрологиялык жана геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, жабдыктарды тандап жана буюртма кылып, курулуш-монтаждоо жана ишке киргизүү-жолго коюу иштерин сөзсүз түрдө бүткөрүп берчү фирмалар бар.

Россияда чакан ГЭСтерди курууда ("РусГидронун" 2018-жылга карата маалыматына ылайык, 91 чакан ГЭС иштейт, алардын бир тобу жакында эле ишке кирген) долбоорлорду сөзсүз адистештирилген ири институттарга буюртма кылып, аларды суунун кириштөө-чыгыштоосу кепилденген суу объектилеринде гана курушат.

Норвегиялык чакан гидроэнергетикасынын өзгөчөлүктөрү дагы жок эмес. Биринчиден, чакан ГЭСтер жергиликтүү керектөө үчүн эмес, электр энергиясын ички да, европалык энергорынокто да сатуу максатында курулат. Электр энергиясынын тарифтери да инвесторлордун купулуна толот. Экинчиден, кичи дайралардын кожоюндары бар, адатта алар – дайралар аралай аккан жер ээлери.

Өзүнчө бир дарыя бир кожоюнга таандык болушу кадыресе көрүнүш. Инвестор кожоюн менен чакан ГЭС куруу жөнүндө макулдашат, негизи 10 жылдан 40 жылга чейинки мөөнөткө түзүлчү келишимде пайдадан үлүш берип туруу жагы каралат. Келишим мөөнөтү бүткөндө жер ээси ГЭСти өз менчигине сатып ала алат.

Дайранын жана жердин кожоюнунун болушу маселени оңой чечет. Кыргызстанда дал ушул маселе абдан курч, гидрокурулушка берилген жердин кайра тартып алынышы канчалаган келечектүү долбоорлорду токтотуп койгон.

Ал эми Норвегияда эгер инвестор менен жер ээси макулдашкан болсо, Суу ресурстары боюнча мамлекеттик директорат долбоорлор боюнча тапшырылган тийиштүү маалыматтарга карап лицензия бериши гана жетиштүү.

Ошентип, кепти жыйынтыктасак, чакан гидроэнергетика кеңири жайылган өлкөлөрдүн тажрыйбасы бул багыттагы ишкананын ийгилиги болгону үч гана компоненттен турарын айгинелейт: дайралардын толук гидрологиялык изилдениши (мындай иштер үчүн каражат бөлүү жагы да), дайра жана анын боюндагы жерге болгон менчик укугу, анан, албетте, рыноктук тарифтер коюлган электр энергиясынын эркин рыногу.

124
Белгилер:
электр энергиясы, ГЭС, Норвегия, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Толук жаңылаш керек! Үч-Коргон ГЭСин оңдоого 145 млн. доллар алынат
Исраилов: Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса электр энергиясына муктаждык жоюлат
Кыргызстанда электр энергиясы көп керектеле баштады