Москвадагы Мамлекеттик Кремль сарайында Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын ачылыш аземи

Маданият, экономика, билим берүү тармагын камтыган эриш-аркак жылы. Пикирлер

413
(жаңыланган 02:12 29.02.2020)
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эриш-аркак жылдын Москвада, Кремлде салтанаттуу ачылышына алты миң адам күбө болду. Анда эки мамлекеттин президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин кызматташуунун келечегин кеп кылды.

Андан соң кыргыз-орус маданият жана искусство чеберлеринин катышуусунда ири программадагы концерт тартууланды. Орус күүлөрүн комуз шаңшып ойносо, балалайка кыргыздын обондорун алты миң кишиге тартуулады.

Sputnik Кыргызстан бул жылдын маани-маңызы жана келечектеги пайдасы канчалык экенин билүү туурасында ар кыл тармактын өкүлдөрүнүн пикирин укту.

Орус классиктерин, акындарын которуп жатам

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

Кыргызский народный акын Шайлообек Дуйшеев
© Фото / из личного архива Шайлообека Дуйшеева
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев

— Мурда эле Александр Пушкинди, Михаил Лермонтовду, Анна Ахматованы, Сергей Есенинди, Николай Рубцовду которуп баштагам. Булардын ар биринин жашаган дооруна баргандай болдум. Пушкиндин, Лермонтовдун учурундагы доорду сездим. Бул сапар көп нерселерди тапкандай болдум. Студент кезде которуп жүрдүм эле... Ыр которуу деген акындын эмне айткысы келгенин түшүнөсүң, бирок өзүң кайра жазып чыккандай болосуң.

Азыр сөз менен иштегенди, кудайга шүгүр, жакшы билем. Анын үстүнө эне тилимдин да мүмкүнчүлүгүн сынап көргүм келди. Эриш-аркак жылына деле байлаган жокмун, андан мурда эле баштагам. Кайрылган себебим, булар дүйнөлүк акындар да, бардык коом үчүн керек. Окуп, үйрөнүп, билишибиз керек деп ойлойм. Мен бул дүйнөнү кыргыз окурмандарыма калтырайын дедим.

Ал эми Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын, анын маданий тармактагы маанисин айтсам, ар бир элдин мыкты өнөрлөрү бар, ошолорду бири-бирине таанытып, жакшы жактарын алса болот. Мына Кремлде концерт болуп өттү. Биз (Кыргызстан — ред.) негизи дүйнөгө өнөрүбүз менен таанылабыз. Мындай байланыштын жаңы жактарын издеп көрүш керек. Ушул жылдын алкагында боло турган 200дөй иш-чарадан пайдалуу нерселерди алып калышыбыз кажет. Негизи бардык мамлекеттер менен өткөрсөк да жакшы, өнөрүбүздү таанытышыбыз керек. Мындан эч жаман нерсе болбойт. Россия менен бир кылымдан ашык байланышыбыз бар эмеспи.

Москвалыктарга "Саманчынын жолу" тартууланат

Керим Турапов, Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын директору

 Оперный певец, народный артист Кыргызстана Керим Турапов в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын директору Керим Турапов

— Кыргызстан менен Россиянын маданий байланыштарына тээ, 1939-жылы, кыргыз искусствосунун Москвада өткөн I декадасынан тарта чыйыр салынган. Андан соң 1958-жылы өттү. Андан сырткары, мурдагы президенттер учурунда бул алака-катнаштарга чоң маани берилген. Быйылкы эриш-аркак жылында маданий тармакта ошол иштер уланат, бирок иш-чара арбын болмокчу. Москвага делегациянын курамында маданият тармагынан 200дөй адам келдик. 6000 орундуу Кремль залында салтанат ачылды. Чоң театрдын солисти Алексей Татаринцев экөөбүз орус эле ырын алмак-салмак ырдап, көрүүчүлөргө тартууладык. Номерлер ар кыл болуп, балалайка менен комуз үн алыша чертилди.

Маданий алаканы күчөтүү абдан чоң мааниге ээ. Бул жөн эле жерден чыккан жок. Элдин маанайын көтөрүү, духуна дух кошуу, достукту чыңдоо бар. Иш-чаранын мааниси Кыргызстан үчүн да, Россия үчүн да орчундуу. Жакында эми бизге чоң-чоң коллективдер келишет.

Опера жана балет өнөрүн өнүктүрүүгө басым жасайлы деген тилек бар. Жакында Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балет-ораториясын жана "Князь Игорь" операсын москвалыктарга тартууламакчыбыз. Андан сырткары, Россиянын башка шаарларына бармакчыбыз.

Буюрса, мындай иш-чаралар жылдын аягына чейин уланмакчы.

Кыргыз-орус режиссёрлору биригип кино тартса дейм

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты

Депутат ЖК 6 созыва Каныбек Иманалиев от партии Ата-Мекен во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев

— СССР учурунда Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп турчу. "СССРдин эл артисти" наамын алгандардын сап башында Россия, экинчи орунда Украина болсо, үчүнчү орунда Кыргызстан турган. Мындан башка да көп сыйлыктарды алышкан. Алардын дээрлик 90 пайызы Москвада, Ленинградда окуп келишкен.

Бирок эркин мамлекет болгондон кийин маданий алакалар жайлап калды. Кийин Аскар Акаев менен Владимир Путин чоң театрда Кыргызстандын маданият күндөрүнө арналган салтанатты ачкан. Ошондон кийин аталган жааттагы байланыш токтоп калган эле.

Бул иш-чаралардын максаты — биринчиден, гуманитардык, маданий кызматташтыкты жогорулатуу, экинчиден, биздин мигранттарга кыргыз искусствосун көрсөтүү. Бул Россиянын аймактарында уланат болушу керек.

Ошондой эле Россия менен Кыргызстандын режиссёрлору биригип кино тартышса жакшы болот эле.

Быйыл Ош шаарында Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат. Ал эми Өзбекстанда эки жылда Россиянын окуу жайларынын 12 филиалы ачылыптыр. Европа, Америка жакшы, бирок бизге Россия жакын, анан арзан да. Россия биз үчүн өнөктөш, стратегиялык мамлекет бойдон кала берет.

Парламенттер аралык мамиле бекемделет

Бактыбек Турусбеков, Жогорку Кеңештин депутаты

Депутат Жогорку Кенеша Бактыбек Турусбеков от фракции Бир Бол Бактыбек Турусбеков во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков

— Москвага келип, Россиянын депутаттары менен жолуктук. Алар "Владимир Владимирович эң көп жолугушууларды Сооронбай Шарипович менен өткөрүп жатат. Келишимдердин баарын биздин алдыбызга коюп, колдоп жатабыз" деп айтышты. Парламенттер аралык кызматташтык дагы бекемделет. Тармактык комитеттер биргеликте ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келген мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда. Парламенттер аралык ассамблеянын "Балдар достугу" программасы аркылуу быйыл орус балдарды Ысык-Көлгө алып келип, спорттук мелдештер өтөт.

Быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата бир топ иш-чаралар күтүлүүдө. Анын алкагында тарыхты бурмалоого жол бербей, СССРдин курамындагы 15 республика бир туунун алдында күрөшкөнүн жаш муунга жеткирүү маселеси турат.

Бул жакта биздин уул-кыздарыбыз кассир, менеджер болуп жакшы жумуштарга иштеп калышыптыр. Кечээ кофе жасаган машина бузулуп техник чакырсам, кыргыз жигит келди, таксиге түшсөк да өзүбүздүкүлөр. Алар кызматыңды так аткарсаң эле эч тоскоолдук жок экенин айтышты.

Россия — Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш жана эбегейсиз рынок

Илимбек Абдиев, эксперт, экономика илимдеринин кандидаты

Кандидат экономических наук Илимбек Абдиев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Акматалиева
Эксперт, экономика илимдеринин кандидаты Илимбек Абдиев

— Кайчылаш жыл алакалардын тереңдешин көрсөтүп жатат. Эки өлкөнүн байланышы конкреттүү чаралар жана ниеттер менен чыңдалат. Жакында ири келишимдерге кол коюлушу ыктымал. Жылына эки миллиард доллар которуп жаткан мигранттардын фактору да бар. Эгер Кытай менен салыштырсак, ал жакта инвестиция жана насыялар басымдуулук кылат, биздин экспорттун Кытай менен байланышы деле жок экени көрүнөт. Экспортубуз Россия менен тыгыз байланышта. Күйүүчү майдын көбүн Россиядан алсак да, жеңил өнөр жай, сүт жана айыл чарба тармагындагы товарларды жөнөтөбүз. Бул рынок биз үчүн маанилүү жана баалуу. Мамилелердин тереңдеп жатканы жакшы көрүнүш. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу өнүгүп жаткан ишкердикти да белгилеп кетким келет. Бизде азыр Кытай реэкспорту кыскарып жаткандыктан экономиканы экспортко жана импорттун ордун толтурууга багытташыбыз керек. Мындан улам Россия биз үчүн стратегиялык өнөктөш жана рынок бойдон кала берет.

Тигүү тармагына эриш-аркак жылы пайда алып келет

Сапар Асанов, Кыргызстандын Жеңил өнөр жай өндүрүшчүлөр ассоциациясынын ("Легпром") президенти

Президент ассоциации Легпром Сапар Асанов
© Sputnik / Бакыт Толканов
Кыргызстандын Жеңил өнөр жай өндүрүшчүлөрүнүн ассоциациясынын ("Легпром") президенти Сапар Асанов

— Эки мамлекеттин өз ара кызматташуусу дагы бийигирээк деңгээлге чыкты, биздин тармак үчүн бул пайдалуу иш-чара. Россия Федерациясы — биздин продукция үчүн стратегиялык рынок. Россиянын рыногусуз биздин тармактын келечеги бүдөмүк экендигин дайыма айтып келгенбиз. Андыктан мындай өз ара кызматташууну колдойбуз.

Өткөн жылы Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жардамы менен Россиянын соода тармактарынын өкүлдөрү менен В2В форматындагы жолугушуу өткөрдүк. Аталган өлкөнүн эксперттери менен биргелешип орус бренддери жана соода тармактарынын өкүлдөрүнө октябрь айында жолугабыз. Бул ири иш-чарага азыр даярданып жатабыз. Ал биздин (Кыргызстандын — ред.) ишканалардын буюртмаларын өздөрүнө жайгаштырмакчы.

СССРден кийинки айыл чарба боюнча түйүн кайра калыбына келтирилет

Никита Мендкович, саясат таануучу

Политолог, председатель Евразийского аналитического клуба Никита Мендкович на пресс-конференции организованного МИА Россия сегодня.
© Sputnik / Владимир Трефилов
Саясат таануучу Никита Мендкович

— Ар кыл тармактарда, анын ичинен экономикалык долбоорлор активдешет. Кыязы, СССРден кийин жоголуп бара жаткан айыл чарба боюнча түйүн кайра калыбына келтирилет. Мындан сырткары, жаңы долбоорлор түзүлөт. Быйыл кыргыз-орус бизнесмендеринин катышуусу менен бир топ товарларды алып келүү боюнча келишимдер түзүлөт. Кыргызстан продукцияларын, анын ичинен жеңил өнөр жай боюнча өндүргөн товарларын Россиянын бардык аймактарына жеткирет. Ал эми россиялык ишканалардын машина куруу боюнча продукцияларды экспорттошу күтүлүүдө. Маселен, "Дастан" заводу менен аскердик техникаларды кураштыруу тармагын өнүктүрүү жаатында аскердик-өндүрүштүк комплекстерди жасоо боюнча маалыматтар айтылды.

Биздин мамиле Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында сыналган

Леонид Сумароков, КРСУнун маалымат жана коомчулук менен байланыш боюнча проректору

Кандидат исторических наук Леонид Сумароков во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
КРСУнун маалымат жана коомчулук менен байланыш боюнча проректору Леонид Сумароков

— Эриш-аркак жылынын өтүшү өтө маанилүү. Ал биздин эки тараптуу мамилелердин ар кыл тармактагы азыркы абалын, анын ичинде экономика менен маданияттагы мамилени карап чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Бир жагынан алганда бул жаңы пландарды түзүүгө чоң түрткү. Бул иш-чара Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөөгө даярдык менен катарлаш болууда. Эриш-аркак жылы Кыргызстан менен Россиянын дайыма бирге жана достук алакасы бар мамлекеттерден экендигин көрсөтүп берет. Бул алака Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында да сыналган. Аталган ири иш-чара менен Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы бирге болуп калганы да жакшы болгондугун айткым келип турат.

Россия менен өзгөчө медицина жаатындагы кызматташтык маанилүү

Гүлмира Жумалиева, КММАнын коомчулук менен байланыш жана стратегиялык жактан өнүгүү боюнча проректору

— Россиянын биз менен тарыхы бир, көп жагынан окшош, андан сырткары, ЕАЭБге биргеликте мүчө болгон өлкө. Бизге бул өлкө менен кызматташуу, өзгөчө медицина жаатында байланышта болуу абдан маанилүү. Россиядагы университеттер, илимий институттар менен келишим түзүп, активдүү кызматташып келебиз. Эриш-аркак деп жарыяланган жыл келечектүү иштердин башаты болот деп эсептейбиз. Кеп тажрыйба алмашуу, илимий изилдөө жаатындагы кызматташуу жана билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгуу жаатында болуп жатат.

Эскилерин жаңылап, дагы кошумча келишимдерди түздүк

Канат Садыков, Кыргыз улуттук университетинин ректору

VIII Неделя образования государств-членов ШОС. День второй
Фотохост ШОС
Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков

— Эриш-аркак жылдын маданий иш-чаралар менен ачылышы да өзүнчө бир мааниге ээ. Бул тээ, 1930-жылдардагы Москвада кыргыз искусствосунун, маданиятынын мыкты үлгүлөрү тартууланган иштин кийинки кайталанышы сымал болду. 70 жыл өткөндөн кийин башка деңгээлде, башка позицияда өз ара кызматташуу кайрадан кайталанды. Бул маданиятта башталган ырааттуу кызматташуу арышын кеңейтип, башка тармактарга ийгиликтүү жайылат деген ишенимди жаратат.

Былтыр Кыргызстанда россиялык ректорлордун тобу келип, келишимдердин эскилери жаңыланып, андан сырткары жаңылары түзүлгөн. Бул билим берүү тармагына жана илимий долбоорлордун иштешине жаңыча түрткү бермекчи.

Россия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш

Кубан Абдымен, саясат таануучу:

Кубан Абдымен в рабочем кабинете
© Фото / Роман Гайнанов
Саясат таануучу Кубан Абдымен

— Эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөш экендиги жөн эле айтылган сөз эмес. Кыргызстандын экономикалык, маданий-гуманитардык ири долбоорлорду, өзгөчө коргонуу тармагында, Россиясыз ишке ашыруу мүмкүн эмес. Россия менен мындай мамиле бардык тармактарга, анын ичинен ЕАЭБ алкагындагы эмгек миграциясына өзүнүн оң таасирин берип келет.

Борбор Азиянын түштүк чети эл аралык террорчулуктун таасиринен улам тынчыбай турган өлкөлөр менен чектешкен. Эки өлкө тең кызматташууга кызыкдар жана бул өнөктөштүк узакка уланат. Эриш-аркак жыл деп жарыялоо эки элдин СССР учурундагыдай көп жактан биримдикте экендигин көрсөтүп турат. Дагы бир маанилүү нерсе — иш-чаранын Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө мезгилине туш келип жаткандыгы. Мунун баары көп жылдан бери келе жаткан эки элдин достугун жана жакын коңшулугун көрсөтүп турат. Бул өзүнүн жемишин берет.

413
Белгилер:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы, искусство, маданият, Шайлообек Дүйшеев, балет, "Саманчынын жолу", Россия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы (37)
Тема боюнча
Путин: Россия Кыргызстан менен байланышын күчөтүүгө кызыкдар
Путин Россия менен Кыргызстандын эң ири долбоору тууралуу айтты. Видео