Медициналык маска кийген адам. Архив

Коронавирус жана энергорыноктун кыйрашы. Саресеп

760
(жаңыланган 00:57 27.03.2020)
Көмүрсуутектин наркынын ылдыйлашына себеп болгон мунай жана газдын баасы качан турукташарын жана абалдан кантип чыгууга болорун РФ Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун башкы аналитиги Игорь Юшков Sputnik агенттигине айтып берди.

Дүйнө каатчылык каарына кабылып барат. Коронавирустун айынан бир катар өлкөлөрдө катаал карантин киргизилип, адамдар жашоо тартибин өзгөртүүгө аргасыз болду. Мындай өзгөрүүлөр экономикага олуттуу таасир эткенине күбөбүз. Мунай-газ рынокторунда көмүрсуутек өндүрүүчүлөрдү азапка салган олку-солкулук күч. Ошентсе да, мунай рыногунда да, газ рыногу сымал эле мындай кырдаалдын жаралышына коронавирус баштапкы себеп эмес эле, ал болгону абалды ого бетер курчутуп салды.

1-апрелден тарта ар ким каалашынча өндүрөт

Көмүрсуутектин баасы төмөндөгөнүнө өндүрүштүн ашкере көптүгү себеп. Газ рыногунда дароо бир катар факторлор жаралды:

1. 2019-жылы газды суюлтуу боюнча рекорддук сандагы заводдор ишке берилген.

2. Европалык ишканалар жана россиялык "Газпром" Украинанын аймагы аркылуу Россиядан газ ташууну токтотууга камынышкан. Себеби россиялык мамлекеттик концерн менен украиналык "Нафтогаз" компаниясы араздашып, бул Европадагы жер алдындагы сактагычтарда газдын кескин өсүшүнө алып келген.

3. 2019-2020-кыш Европада да, Азияда да абдан жылуу өттү. Натыйжада Европа жылуулук сезонунан жер төлөдөгү газ сактагычтары толо чыкты, ал эми Украина аркылуу россиялык газдын транзити уланды. Азияда газдын баасы арзандап кеткенинен улам суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүчүлөрдүн бир тобуна өз сырьесун Европада сатуу пайдалуу болду.

4. Февралдын аягында коронавирус Кытай ичинде жайылып, расмий Пекин карантин чараларын киргизгендиктен, транспорт кыймылы токтоп, көптөгөн ишканалардын ишине бөгөт коюлган. Жыйынтыгында, Кытайда мунай жана газды керектөө басаңдап, көмүрсуутек импортун азайткан. Газ жеткирүүчүлөр бул көлөмдөрдүн нугун башка рынокторго бурган, ал эми бул Европада сунуштун өсүшүнө алып келип, бааны ого бетер ылдыйлатып жиберген.

Мунай тармагы да өндүрүш көлөмүнүн көптүгүнөн жабыр тартууда. 2016-жылдан тарта ОПЕК+ келишими иштейт, анын алкагында Россия, ОПЕК жана башка өлкөлөр мунай өндүрүш көлөмүн кыскартышкан. Мындан бул кеңейтилген картелге кирбеген мамлекеттер пайдаланып кетти. Айрыкча, АКШдагы сланецтик мунай өндүрүүчүлөргө азыркы баалар пайдалуу болгондуктан, алар мунай казууну жогорулатышкан. Кадимки жагдайда АКШдагы кен казуунун өсүшү мунайдын баасын бардык ошол сланецтик долбоорлордун рентабелдүүлүгүнүн жеткен чегине алып келчү деңгээлге дейре төмөндөтмөк.

Баррели 50 доллар болуп турганда АКШдагы сланецтик мунайдын казып алуу көлөмү өспөй каларын тажрыйба көрсөткөн. Бирок, белгиленгендей, коронавирус Кытайда мунайды керектөө көлөмүн азайткан. Дүйнөдө мунай казып алуу мурдагы калыбында калгандыктан, өндүрүш ашкере жык толуп, баалар ылдыйлай баштаган.

ОПЕК+ мүчөлөрү 6-мартта кырдаалды турукташтыруу алкагында казуу көлөмүн дагы кыскартуу боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Андай жагдай рынокту катуу солкулдатты. Эми 1-апрелден тарта дүйнөдөгү бардык өлкөлөр каалагандай көлөмдө мунай өндүрө алышат. Иш жүзүндө бул тармакка аралашкандардын баары казып алууну көбөйтөт.

Жайга жетпей аныкталат

Көмүрсуутек өндүрүүчү ири ишканалар үчүн азыркы кырдаалдын бир катар терс кесепеттери бар. Газ жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү экспорттук келишимдердин бир тобу мунайга жалганган. Башкача айтканда, газдын баасынын аркасынан мунай баасы да түшөт. Мындан жалгыз Россия гана азап тартып калбайт. Азербайжан TANAP газ түтүгү боюнча Түркияга газ ташый баштады. Андан ары газ Греция жана Болгарияга кетет (1 млрд куб. мден), ошентип, 2020-жылдын аягында Италияда ТАР газ түтүгү курулуп бүткөрүлүүгө тийиш. Эми кептин баары бул өлкөлөргө ташуунун кирешелүүлүгүндө жана суроо-талаптын болушунда. Себеби Шаз-Деңиз кенин (TANAP ресурстук базасы) иштетүүгө эле 46 миллиард доллар салынган. Бакуга жаңы инвестициялар зарыл, анткени бир катар кендер табигый түгөнүү баскычында: 2017-2018-жылдар. Азербайжан россиялык газды сатып алууга кайра кайтууга аргасыз болгон.

Казакстан да көмүрсуутектердин баасынын азайышынан зыян тартууда. Мунайды экспорттоодон түшкөн кирешенин азайышынан сырткары, өлкөгө Кытай тараптын газга болгон суроо-талабы да кыскарды. Бул кырдаал убактылуу көйгөй болгондуктан, балким, жыл этегинде Казакстан пландаган көлөмүн аткара алат.

Мунай жана газдын баасынын түшүшү Беларуска да эки ача таасир этти. Бир жагынан, Минск көмүрсуутекти импорттойт, ошондуктан баанын төмөндүгү алар үчүн жакшы. Бирок россиялык газдын баасы 2020-жылга бир куб/метрине 127 доллардан өлчөнгөн, ал эми импорттолгон мунай өлкө ичинде пайдаланылып гана тим болбойт, мунай өндүрүмдөрүн экспорттоо 11 миллион тоннаны түзөт. Бирок бул жылуулук кубатынын европалык рыноктогу наркы да төмөндөп, Беларустун экспорттук пайдасынын азайышына алып келүүдө.

Азыркы кырдаалдын өзгөчөлүгү анын өтө өзгөрүлмөлүүлүгүндө. Экинчи чейректе дүйнөлүк энергорынокто катаал атаандаштык өкүм сүрөрү турулуу иш, ал эми мунайдын баасы баррелине 35 доллардан ашпасы анык. Анткени өндүрүшчүлөр квоталар боюнча жаңы макулдашуу жөнүндө али тил табыша элек.

Ошентсе да июнь айына карата бир катар маселелер аныкталып калчудай:

  1. Коронавирустан улам Кытай экономикасын тез калыптандырат.
  2. Европада энерготашуучуларга суроо-талап кескин түштү.
  3. АКШда сланецтик мунайды жана ушул багыттагы долбоорлордо (мисалы, Канададагы битуминоздук кумдар) кен казуу тез кыскарат. Бул параметрлерге көзү жеткендиктен, ОПЕК+ өлкөлөрү мунай баасынын жогорулашына түрткү боло тургандай келишим түзүшөт.
760
Белгилер:
коронавирус, Кытай, Россия, Мунай, ОПЕК
Тема боюнча
Мунай баасынын өзгөрүшү постсоветтик өлкөлөргө кандай таасир этет? Саресеп
Мунай баасы жана альтернативдик энергетиканын кыйрашы: утуш кимде?