Нью-Йорктогу фондулук биржа. Архивдик сүрөт

Нефтинин кымбат баасы качан кайтат? Саресеп

199
(жаңыланган 13:47 02.04.2020)
Мунай баасынын келечегин талкуулоо дале күн деминен түшө элек. Албетте, азыр суроо-талап түшкөн маалда баа талап менен сунуштун эч кандай балансын чагылдырбайт.

Көбүнесе бул сатып алуучулардын мунай сактагычтарын өз наркынан кыйла төмөндөтүлгөн баада сатып алууну каалаганы (эгер дегеле бир нерсе менен аныктала турган болсо) менен анык болот. Анткени бул жаратылыш кенинин ушул таптагы баасы мунай өндүрүүчүлөрдүн кыска мөөнөттүү да, операциялык чыгымдарын да актабайт. Бул туурасында серепчи Александр Собко ойлорун ортого салды.

Глобалдык суроо-талаптын төмөндөшүн баалоодо айырмачылык арбын. Өткөндө эле апрелге карата нефтинин баасы күнүнө 15-20 миллион баррелге түшөрү болжонгон, бул дүйнөлүк керектөөнүн суткалык көлөмүнүн 15-20 пайызын түзөт. Азыр 25 миллион туурасында айтылууда. Мындан улам мунай сактагычтардагы запас канча жума же айга жетери талкууга түштү, аларды толуктоого, жок дегенде бааны кармап турууга жана бардык өндүрүлгөн мунайды "байланыштырып" турууга мүмкүнчүлүк берет.

Азыркыдай абалда баа согушунан жана мунайды казууну дагы көбөйтүүдөн (ОПЕК+ келишими бузулган соң айрым өндүрүшчүлөр жарыялагандай) кеп козгоонун кажети жок экенин боолголоого бардык негиздер бар.

Анан калса бул кошумча көлөмдү сатуу бир топ кыйноого салат, негизи эле азыркы шартта мындай кадамдар жөнсүз. Бирок ошентсе да сунуш киргизген тараптан көлөмдүн заматта төмөндөтүлүшүн күтүп болбойт.

Айрым катышуучулар рыноктун үлүшүн сактоодо, кай бир жерде технологиялык процесстерди токтотуу оңой эмес. Азырынча сунуш тараптан сланецтик мунай гана реакция кылууга үлгүрдү, АКШда бургулоочу орнотмолордун саны бир аптада дароо 40ка (664төн 624кө) кыскарды. Ошондой болсо да, мында казуу таасири дароо байкалбайт.

Сауд Аравиясы келерки айда күнүнө кошумча 600 баррелден өндүрөрүн жарыялаган, бул соодалашуунун элементи болушу мүмкүн, себеби ири мунай өндүрүүчүлөрдүн ортосунда жаңы келишим түзүү маселеси ачык айтылбаса да күн тартибинен али алына элек.

"ОПЕК+ келишиминин" бузулушуна алып келген себептер талкуудан түшүп бараткандай.

Коронавирус баарын ого бетер аралаштырды. Азыр (эске салсак, марттын башында Сауд Аравиясы күнүнө кошумча дагы 1,5 миллион баррелдик чектөө киргизүүнү талап кылган) биз күбө болуп тургандай суроо-талаптын төмөндөшүн эч бир келишим түздөй албайт.

Бирок мунай рыногун турукташтыруу маселеси кандай болгон күндө да күн тартибинде. Бир жагынан парадоксалдуу түрдө ири өндүрүшчүлөр ортосундагы жаңы келишимдин актуалдуулугу бир ай мурдагыдан да артып бараткандай. Антпесе мынчалык кыска убакытта бааны түзөлтүү мүмкүн эмес.

Жөнөкөй эле эсеп кылалы, эки айда мунай сактагычка миллиарддын тегерегинде "ашыкча" баррелге толтурулсун (50 күн аралыгында суткасына 20 миллиондон дейли, негизи орун жетишерлик). Келерки жылы суроо-талап күн сайын үч миллион баррелге ашыкча болот дегенди туюндурат мындай жагдай. Дагы бул – эң оптимисттик –

суроо-талаптын толук калыптанган жана мунай казуунун каатчылыкка чейинки чектөөлөрүнүн (ОПЕК+ келишиминин алкагында) шартында гана болчу көрүнүш.

Жогоруда айтылгандардан эмне үчүн баштапкы вариантында, башкача айтканда, мунай өндүрүүчүлөрдүн глобалдык жаңы макулдашуусу түрүндөгү жакшы жышаан болбосо, жакынкы апталарда карантиндик иш-чаралар аяктаган күндө да баа тез калыбына келерине (жылдын соңунда баррели 40 долларлык деңгээлге чыгары айтылууда) байкоочулардын ынанышпаганын түшүнсөк болот.

Окуя кандай өрчүшү мүмкүн?

Теория боюнча эки вариант бар. Биринчиси – өндүрүш көлөмүнүн ашкере көбөйүшү, төмөндөгөн баа андан ары инвестициянын жетишсиздиги жана таңсыктык менен орун алмашкан убакта кеңири диапазондогу баанын өзгөрүлмөлүүлүгүнө алып келген "рыноктогу көрүнбөгөн кол". Экинчиси – бул ОПЕК, ОПЕК+ же ал түгүл андан да кеңири коалиция алкагындагы жөнгө салчу механизмдер.

Кыязы абал жакында эле Россия тарабынан талкууланган, бирок кантсе да болжолдуу сценарий менен өрчүйт өңдөнөт. Эске салсак, дүйшөмбү күнү Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында энергетика министрлеринин линиясы боюнча мунай рыногу жаатындагы консультациялар боюнча макулдашышкан. Ал ортодо Техастын мунайчылары Темир жол комиссиясынан (иш жүзүндө, тарыхый түрдө калыптанып калгандай, бул штаттын мунай рыногунун жөнгө салуучусу болуп саналат) кара алтынды казуу боюнча чектөөлөрдү карап чыгууну өтүндү.

Суроо-талаптын кыскарышынан келип чыккан мындай кыйсыпырга рынок тушуга элек эле. Мунайдын наркы 1990-жылдын аягы жана 2000-жылдардын башындагыдай деңгээлде, бирок бул – кагаз жүзүндөгү көрсөтүлгөн баасы. Расмий инфляцияны эсепке алганда да алар бир жарым эсе төмөн. Ошону менен бирге эле запастын сапаты 20 жыл аралыгында абдан төмөндөп, мунай казуунун наркы дүйнө жүзүндө жогорулап кетти.

Жүктөлчү түйүндөрүндө анын оор сорттору терс же арзыбаган баада катталган (себеби бул сапатсыз мунай, ошондуктан, классикалык биржалык сортторуна арзандатуу менен баа коюлат. Ал эми керектелчү жерлерге чейин жеткирүү кымбат тургандыктан, сырьенун баасы казылган жеринде таптакыр эле нарксызданып кетет.

Ал тургай, көптөгөн компаниялардын операциялык чыгымдары азыркы котировкалардан бир аз төмөн. Мындай ишканалар кандай кадамга барганы туура? Казуу көлөмүн азайтуубу? Баанын деңгээли тийиштүү барьерден ашары менен (30 доллар дейли) казууну кайра улантуубу? Зыян тартса да иштөөбү? Бирок IHS Markit божомолу боюнча, баары бир апрелден июнга дейре ар суткада дүйнөлүк мунай казуу он миллион баррелге кыскарышы ыктымал. Толук өздүк наркынан (капиталдык чыгымдарын кошо эсептегенде) сөз этпей эле коелу. Компаниялар келечектеги он миллиарддаган долларлык инвестицияларын кыскартарын жарыялашты.

Кайталасак, баа согушунун узун сүрүшү эмес, балансты калыптандыруу узакка созулат деген варианты ылайык өңдөнөт. Баары бир жаңы макулдашуулар азыр орундуу болчудай. Бирок, кандай шарттарда?

Бир ай мурунку абалга кайтсак, "ОПЕК+ келишимине" негизги доомат эмне экенин эстеп көрөлү. Мунайдын баасын (баррелине 60-65 доллар) казууну кыскартуулар менен кармап туруу, ал келишимдин катышуучулары рыноктогу өз үлүштөрүн бөлөк өндүрүшчүлөргө, биринчи кезекте америкалык компанияларга беришти.

Байкоочулардын көбү дал ушундан улам келишимди сынга алышты, бир бөлүгү азыраак кыскартуу чоң киреше алууга жол ачарын, андан аркысын көрө жатарбыз деген тейде азырынча ушундан пайдаланып калуу керектигин белгилешти.

Бул жагдайда компромисс жана тең ортону – негизги өндүрүшчүлөрдүн арасындагы макулдашууну, бирок, казууга чектөөнү максаттуу баа баррелине 50-55 доллар деңгээлинде тургудай параметрлери менен сактоону унутушканы айдан ачык.

Мындай учурда "сланец" дээрлик өспөйт. "ОПЕК+ келишиминин" ийгилиги жана баррели 60-70 доллар турган деңгээл көпчүлүгүнүн, анын ичинде Россиянын да "башын айландырганын" моюнга алуу зарыл.

Бирок көйгөй сланецтик мунайда гана болсо, анда азыркы саясатты бир катар эскертүүлөр менен катар уланта берүүгө болмок. "Сланец" запасынын сапаты акырындык менен бара-бара төмөндөшүнөн улам америкалык мунай казуу тармагынын турукташканына күбө болмокпуз.

Мында "ОПЕК+ келишими" бузулгандан кийинки алгачкы маектеринде россиялык расмий өкүлдөр дагы бир факторду аташкан. Сланецтик мунайдан сырткары, баанын жогору болушунан улам рынокко башка өндүрүшчүлөр да, биринчи кезекте суунун тереңинен казуу тармагы да кире баштайт.

Сланецчилерден айырмалана бул долбоорлор узак, бир жолку капиталдык чыгымдардан соң мындай мунайды зыян тартса да, баасы төмөн болсо да өндүрүшөт. Мээлүүн жүргөн баа согушу аркылуу аларды жарым жыл же бир жылга токтотуп коюуга мүмкүн эмес.

Жыйынтыктасак, коронавирус суроо-талапты болуп көрбөгөндөй кыйратты. Ушул таптагы кырдаалдын бардык кемчиликтери баарына тил табышууга эң сонун шарт жаратууда. Азыркыдай кырдаалда рыноктун бардык катышуучулары ыңгайсыздыкка кабылат. Сланецтик казып алуу кысым алдында. ТНК ири мунайчы ишканалары эмитен эле капитализациясынын жарымынан көбүн жоготуп, өздөрүнүн инвестициялык програмасын кайра карап чыгууда (маңызында баары узак мөөнөттүү стратегиялар). Айтмакчы, чынжырча менен улана кысым алдында суюлтулган жаратылыш газын өндүрүү да калды. Жакында эле Shell компаниясы америкалык Lake Charles суюлтулган жаратылыш газ долбоорунан (жумушчу эмес, долбоор жаңыдан даярдалып жаткан) чыкканын жарыялады.

Коронавирус ОПЕК+ алкагындагы кыскартуулардын көлөмү туурасындагы эски талаштарды кайра жаңылады. Бирок келишимге мүчө болбогон мунай казуучулардын баанын кымбаттыгынан пайдаланган көйгөйүн күчүндө калтырды. Жаңы жагдайда минимум программасында – "чоң үчилтиктин": Россия, ОПЕК жана АКШнын ортосундагы макулдашуу. Максимум программасы — бөлөк өндүрүшчүлөрдү өлкөлөр эмес, так бир компаниялар аркылуу тартуу.

Бирок мунай баасын жоромолдоо – майнапсыз иш. Алдыдагы жаңы келишимди талкуулоо – жагымдуу жана жеңил. Ошондой эле терс сценарий ("ар ким өз арбайын согуп", жай калыбына келтирүү) мүмкүн экенин да унуткарбоого тийишпиз.

Мунай – окуялардын өнүгүшүнүн ар кыл вариантын, жагымдуусун да, терс тарабын да эске алууга туура келчү тема. Кара алтындын баасы 1998-жылдагы деңгээлге төмөндөшү – буга көрүнүктүү мисал. Бир ай мурун мындай нерсе түшүбүзгө да кирген эмес эле.

199
Белгилер:
макулдашуу, АКШ, Россия, ОПЕК, баа, нефть, Мунай
Тема боюнча
Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөштү
Мунай согушу. Вашингтон табуну бузуп, кепке келе баштаганда
Жаңы универсалдык модулдуу Т-15 Армата. Архивдик сүрөт

Дүйнөдө Т-15 "Арматанын" теңдеши жокпу? Cууга чөкпөс, отко күйбөс курал

4
(жаңыланган 17:31 06.06.2020)
Россия курал-жаракты иштеп чыгуу жана өндүрүү тармагында алдынкы сапта. "Армата" платформасынын базасындагы жөө аскерлердин оор машинасы (БМП) – технологиялык сапаттуу секирик.

Жаңы аскердик көлүккө дүйнөлүк курал рыногунда суроо-талап артары турулуу иш.

Москвада 24-июнда өтө турган Жеңиш парадына аскердик техниканын алдынкы үлгүлөрүнүн катарында аралыктан башкарылуучу "Кинжал" жаңы универсалдык модулдуу Т-15 "Армата" дагы катышат (14 чакырымдан ашуун аралыктан душманды жок кылат, 57 мм. куралдын ок атуу ыкчамдыгы – мүнөтүнө 80 жолу ок чыгарат). Ушул тапта бул – планетадагы эң кубаттуу жана сооттолгон жөө аскерлердин кубаттуу куралы экенин белгилейт аскерий серепчи Александр Хроленко.

Чынжырлуу платформадагы "Армата" жөө аскерлерди жеткирүү жана алдынкы крайдагы күчтөрдү ок атуу менен колдоону киргизүүгө багытталган. Курал-жарак, маневрдүүлүгү жана коргоо тутуму жөө аскердин кубаттуу көлүгү Т-15тин танк менен бир катарда от чачууга мүмкүндүк берет. Ошону менен катар пехоталык аскердик оор машинасынын жасалышы өзүнөн мурун чыккан Т-14 танкынан айырмаланат.

Кыймылдаткычы маңдай жагында, ортосунда башкаруучу, артында десанттык бөлүгү жайгашкан. Курал-жарак жана ок-дары аралыктан башкарылчу таптакыр киши отурбаган мунарасында орнотулган.

Анын ички жана кыймыл тутумунун уюштурулушу экипажга жана десантка үч сутка аралыгында машинанын ичинен чыкпай коюлган милдеттерин аткарууга жол берет. Машина экипаждын үч мүчөсү менен башкарылат, десанттык бөлүмүнө жабдылган тогуз мотоаткыч батат.

12 аскер үчүн коопсуздук жана жетишерлик ыңгайлуулугу, курал-жарак жана ага ок-дарынын кыйла көп болушу аталган техниканын заңкайган габаритин жана салмагын аныктаган (узундугу – 9,5 м, туурасы – 4,8 м, бийиктиги – 3,5 м, салмагы – 55 тонна).

Кубаттуулугу 1500 а.к. болгон 2В-12-3А дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган бул кат-кат сооттолгон "дулдул" 5 метр тереңдиктеги суу тоскоолдуктарын жиреп өтө алат. Өңгүл-дөңгүл жерлерде ылдамдыкты саатына 50 чакырымга, шосседе саатына 75 чакырымга чейин зыпылдайт. Жүрүш камы – 500 чакырым.

Россия армиясына Т-15 "Армата" абдан зарыл эле. Жаңы аскердик машина мотоаткычтык бөлүктөрдүн техникалык жабдылышын сапаттуу түрдө жакшыртууга жана согуш талаасында сооттолгон техниканы пайдалануунун жаңы концепцияларын киргизүүгө кепилдик берет.

Бирдиктүү "Армата" платформасындагы Т-14 БМП жана Т-15 танкы аталган өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө удаалаш берилет. Себеби эки машина тең согуштук аракеттерди интеграцияда жүргүзүү үчүн иштелип чыккан.

Жогорку деңгээлде корголот

Дүйнөдөгү жөө аскердик машиналардын баары душмандын танктарга каршы коргонуу каражаттарынын огунан соо калбашы мүмкүн. Бирок БМП Т-15ке бул мүнөздүү эмес. Жогорку деңгээлдеги корголушу – "Арматалардын" эң негизги сапаты.

Т-15тин конструкциясынын маанилүү өзгөчөлүгү – курал комплекти жана мотордук-трансмиссиялык бөлүгүнөн обочо жайгашкан бронекапсуласы (мында командир, механик-айдоочу жана оператор отурат) жана экипаж менен десантты фугастын (жер алдына көмүлгөн дүрмөт) жарылышынан сактаган корпустун минага каршы конструкциясы. Т-15 көлүгүнүн танкка каршы кыйратуучу каражаттардан эшелондоштурулган, көп деңгээлдүү коргонуу тутуму да көңүл бурдурбай койбойт.

Нурланууну (душмандын лазердик көрсөткүчү жана алыстыкты ченегичи аркылуу) табуунун оптикалык-электрондук басуу комплекси жана датчик тутуму тыгыз аэрозолдук көшөгө үчүн түтөтмө гранаталарды автоматтык түрдө атууга мүмкүндүк берет. Негизги ишти "Афганит" активдүү коргоонун ракурстук комплекси аткарат. Бул – ага карай учурулган душмандын танкка каршы ракеталарын таап, атып түшүрүүчү (көлүктүн корпусуна тийбеген) автоматташтырылган тутум.

"Афганит" душмандын ракетасы учурулган районду кайра сокку уруу үчүн аныктай алат. Жөнгө салуучу антенналык торчолору техникага жакын бардык кыймылды сезе алат. Жакын аралыкка толук көз салуу экипаждын дисплейине чагылдыра турган видеокамералар аркылуу да жүргүзүлөт.

Эгер душмандын снаряддары баары бир "Афганиттин" коргоо чегинен өтүп кетсе, анда "Малахит" динамикалык коргоо комплекси аракетке кирет. Эки система тең БМП Т-15ке коргонуунун ынанымдуу чегин камсыз кылат. Бирок соккуга композит жана болоттон жасалган негизги сооттолгон корпусу да туруштук бере алат. Материалдардын айкалышы 1200 мм. калыңдыктагы кадимки сооттолгон плитанын бышыктык эквивалентине жетүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, машина душмандын спутник навигациясы жана радиосигналдарын басаңдаткан, дүрмөт жана ракеталарын нугунан тайдыра алчу радиоэлектрондук күрөш каражаттарына ээлик кылат. Түбүндөгү минага каршы коргонуусу күчтүү фугастын сокку толкунун да токтото алат. БМПнын күч орнотмосунун маңдайында жайгашышы экипаж менен десант үчүн кошумча коргойт.

Коргонуу даражасы боюнча дүйнөдө ага тең келген аналогу жок. Т-15 жөө аскердик машинасы бардык жакынкы атаандаштарын артта калтырат, анын ичинде немистердин "Пумасын" (Schützenpanzer Puma) да караандатпайт. Бул көлүк азыр Бундесвердеги "Мардер" (Marder) техникасынын ордун басууда.

Айрым гана параметрлери боюнча Т-15ке израилдик Namer бронетранспортеру атаандаша алат. Т-15тин мүнөздөмөлөрүнүн баары кеңири коомчулукка белгилүү эмес. "Армата" – Россиянын Коргоо министрлигинин эң жашыруун долбоорлорунун бири.

Кыйраткыч күч

Жергиликтүү жаңжалдардагы (шаар ичиндеги кармаштарда) жаңы тактика жөө аскердик көлүктөрдү дагы бышык кылууну талап кылды. Россиялык жаңы мындай техника танктык калканчка ээ, кургакта ишенимдүү коргонууну, дээрлик кандай душман болсо да салгылашуусун камсыз кылат. Күчтүү, жакшы сооттолгон жана куралданган көлүк жөө аскерлерди алдыңкы аймакка тез жеткирип, нык ок жаадыра алат. Душмандын атуучу куралдар турган жерлерин басат, бекемделген коргоо чебин жиреп өтө алат. Т-15 милдеттерин талаа жана калаа шартында ийгиликтүү аткара алат.

Т-15 негизги куралы – 57 мм сай автоматтык замбирек жана "Атака Т" танкка каршы ракеталык комплекси менен "Кинжал" аскердик модулу. Киши отурбаган аскердик модуль айланып жүрүүчү дистанциялык-башкаруучу тутум түрүндө аткарылган.

Күчтүү тез атар 57 мм курал калканчты тешип өтүүчү жана майдаланма-фугастык дүрмөттөр менен жердеги жана абадагы буталарын 14500 метр аралыктан жок кылат.

Танкка каршы 9М120 "Атака" тескелүүчү ракеталар 10 чакырым аралыктан сооттолгон буталарга пайдаланылат (активдүү коргонуу комплекстери). Душмандын аскер күчтөрү менен күрөштө кошумча каражат – 7,62 мм пулемет ПКТМ. Автоматташтырылган системасы активдүү жана пассивдүү режимде буталарды оптикалык локатор менен издейт жана коштой алат. Мисалга, жашынган көзгө атарларды таап, изине түшүп, эки бутаны бир убакта атат. Белгилей кетсек, НАТО өлкөлөрүнүн пехоталык аскердик машиналарынан айырмалана Т-15 аскердик модулдары телевизиондук жана инфракызыл оптикалык жабдуу менен учуучу аппараттарды пассивдүү кармоо менен жакынкы салгылашта абадан коргонуу режиминде да иштейт.

БМП Т-15 куралы жердеги буталардын дээрлик бардыгын (анын ичинде танктардын) кыйратып, чабуулчуларды, Apache тибиндеги танкка каршы тик учактарды, MQ-1 Predator үлгүсүндөгү сокку уруучу пилотсуз учактарды атып түшүрө алат. Радиолокациялык станциясы, датчиктердин өнүккөн тутуму жана куралдын кош тегиздиктүү стабилизатору бар. Башкаруунун компьютерлештирилген системасында көп функционалдуу эки кароол камтылат: бири мээлөөчүгө, экинчиси машинанын командирине ылайыкталган.

Курал-жаракты куруунун модулдук принциптери татикалык фонго жараша аскердик комплектациянын варианттарын өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Т-15тин азыркы конфигурацияларынын бир нечеси жаңы модулдар менен толукталышы ыктымал.

Аскердик интеграция

Тактикалык звеносунун бирдиктүү тутумунда Т-15 башка машиналарга табылган буталар боюнча маалыматтарды берип, жок кылууга бута көрсөткүчтөрүн кабыл алууга жөндөмдүү. Бул күчтөрдүн уюштурулушунун сапаттуу жаңы деңгээли. Т-15 өзөктүк же массалык кыйратуучу куралдардын башка түрлөрү колдонулган шарттарда да кандай гана душманга каршы болбосун, согуштук аракеттерди жүргүзүүгө багытталган.

БМП Т-15 аскердик маалыматтык-тескөөчү тутуму мурунку муундагы пехоталык машиналарга салыштырмалуу бул көлүктүн командалык башкарылышынын жогорку деңгээлин камсыз кылат. Бул пехоталык машинанын экипажына көлүктүн техникалык абалы жөнүндөгү толук маалыматтарды жиберип, түздөн-түз коюлган аскердик милдетти аткарууга ыкылас коюуга мүмкүндүк берет. Машинаны түзүүчүлөр Т-15 бортунда чалгындоо жана оперативдик жагдайды баалоо үчүн учкучсуз аппарат да болорун айтышкан. Эски БМП-1 жана БМП-2 согуш талаасында танк бөлүмүн колдоо жана коргоо каражаттары катары чыгарылган. Жогорку ылдамдыгы жана салмагынын аздыгы машиналардын бурулушун жеңилдеткен. Бирок, чабал калканчы бышык кыла албаган. Тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча БМП Т-15 бардык аналогдорунан озуп чыгат. Мындан тышкары, Т-14 негизги аскердик танкы жана Т-15 бирдей күч блокторуна жана гидромеханикалык трансмиссияга ээ. Ушундай унификация Россияда биринчи ирет колдонулуп, аскердик машиналарды техникалык тейлөөнү өтө жөнөкөйлөштүрөт.

Тегин жерден бул Т-15 индиялык аскер жетекчилерге да жакпагандыр. Ал гана эмес, жөө аскердик жаңы машиналарды сатып алууну Ирак, Кувейт, Таиланд жана Пакистандын армиясы да ойлонууда.

Россия курал-жарак рыногундагы бул орунда БМП M2 Bradley көлүгүн ондогон өлкөлөргө сатып жаткан америкалыктар менен да атаандаша алат. Россиялык жана чет элдик аскер серепчилеринин пикиринде, Т-15 дагы бир топ жыл чет элдик конструктордук бюролордо окшоштуруп жасоого үлгү болору турулуу иш.

4
Белгилер:
сатуу, серепчи, мүнөздөмө, курал-жарак, платформа, Россия
Тема боюнча
Россиялык "Циркон" Дүйнөлүк океандагы нукту өзгөртөт. Ага каршы курал жок
Нью-Йорктогу полиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт

АКШда расизмге каршы күрөш мародерлор менен кармашка айланды

139
(жаңыланган 11:42 05.06.2020)
Полициянын колунан каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн улам тутанган массалык башаламандык, карактоо жана өрт коюу басылбай келет. Штаттын жарымына коменданттык саат киргизилген, бирок жергиликтүү бийликтин аракети байкалбайт.

Полициянын күчү жетпей барат, вандализм менен мародерлукту токтотуу үчүн Дональд Трамп регулярдык армияны пайдаланууга ниеттенүүдө. Президент үчүн бул канчалык кооптуу экенин биздин өнөктөш РИА Новости агенттигиндеги кесиптешибиз Софья Мельничук сураштырып көрдү.

Кайрадан мыйзам жана тартип

Америкалыктар өлкө башчысынын улутка кайрылуусун күтүшкөн. Бирок президент создуктуруп отуруп, Вашингтондогу витриналар болушунча талкаланган соң, 2-июнда гана элге кайрылды.

"Жорж Флойддун өлүмү көңүл чөгөртөт, — деп баштады ал. — Бирок жаалданган топтун тынч митингди бузушуна жол бере албайбыз. Жабыр тарткандардын көбү — калктын мыйзамга баш ийген жана жакыр катмары. Аларды коргоо үчүн күрөшөм".

"Мен мыйзам жана тартиптин президентимин", — деп белгиледи Трамп. Америкага бул ураан жакшы тааныш. 1968-жылы да кыйын маалда өлкө президенттик шайлоого даярданып жаткан. Вьетнамдагы согушка каршы массалык демонстрациялар, аялдарды жана расалык азчылыкты колдоо акциялары өтүп жаткан.

Ынды каралардын укугу үчүн күрөшкөн Мартин Лютер Кинг (кенже), андан кийин эл чоң үмүт арткан сенатор Роберт Кеннеди өлтүрүлгөн соң Ричард Никсон шайлоого "мыйзам жана тартип" деген ураан менен чыккан.

"Көйгөйдүн баары чындап эле ынды караларда экенин моюнга алуу зарыл", — деп түшүндүргөн ошол убакта Ак үй администрациясынын башчысы Гарри Холдеман. Ошондон бери "мыйзам жана тартип" дегенди ынды кара америкалыктар полициянын зордугу катары кабыл алат.

Тынч митинг башаламандыкка өтүп кетти

Ушул таптагы окуяларды Трамп ички терроризм деп атады. Улутка кайрылуусунда президент козголоңчулардын колу менен "кыялдары көз алдында талкаланып" жаткан чакан бизнес ээлери боюнча да токтолду. Көчөдөгү мародерлук тууралуу видео далилдер интернетте жайнап кетти. Демонстранттар витриналарды талкалап, товарларды алып чыгып, дубал, каалга-терезелерге чиймелеп кетип жатышат. Мисалы, Санта-Моникада Vans спорттук кийим дүкөнүнөн дээрлик баарын тоноп кетишти.

Fox 11 телеканалынын журналисттери көчөдөгү кишилерден кроссовки салынган кутуларды кайдан алгандарын сурашканда алар унчукпай эле жай өтүп кетип жатышты. Айланада бир дагы полиция кызматкери көрүнгөн эмес.

Ушундай эле нерселер өлкөнүн булуң-бурчунда болуп жатат. Бийликтин вандализмди токтотуу чакырыктары куру эле жаңыргандай. Менчик жайларды тынч демонстранттар жана бизнес ээлери өздөрү коргоп жатышат. Ошол эле Санта-Моникадагы дүкөндөрдүн биринин эшигинде "Зордукту токтоткула" деген жазуу менен бир кыз туруп алган. Аны түртүп салууга аракет кылып, ал түгүл түтөмө шашканы ыргытышкан, бирок кыз корккон эмес.

Көп өтпөй ага "Биз протестке чыктык, мародерлук кылган жокпуз" деген плакат менен ынды кара киши кошулган. Бул жаштар тынч митингди жаманатты кылып жаткан талап-тоноочуларга жолтоо болуу үчүн атайын шаардын борборуна келген.

Вашингтондогу митингчилер

Сан-Диегодогу окуя орус мафиясы тууралуу тамашаны эске салды. Ал жакта мурдагы СССРдин курамындагы республикалардан келгендер Pushkin аталган ресторанын талоончулардан коргоп калышты. Аталган жайдын кожоюну Айк Газарян өзү аракет кылышы керектигин тез эле түшүнгөн.

"Мендей эле республикачыл маанайдагы (митингчилерден айырмалана – ред. тактоосу) досторум көп. Жекшемби күнү жаман нерселер болорун аңдап баарына телефон чалып чыктым. Жарым саат өтпөй ресторандын алдына чогулушту. Тапанча, курал көтөргөн он эки киши элек. Курал-жарагыбыз расмий катталган, кантип колдонуу керектигин үйрөнгөнбүз. Менчигибиздеги жайларда жеке коргонуу үчүн аларды пайдаланууга укугубуз бар", — деп түшүндүрөт Газарян.

Алар Pushkin ресторанын гана эмес, ага удаа жайгашкан бир нече жайды, анын ичинде улгайган ирактык кишинин да алкомаркетин коргоп калышкан. Өлкөнүн бөлөк бурчунда, тагыраак, Нью-Йорктогу Бруклинде полиция аракет көргөнчө эле шаардыктар топтолуп, тартипти сактоону колго алышууда. "Биз коргоо үчүн чыктык. Расизмге каршы күрөштү жана протест кылуу укугун сыйлайбыз. Бирок үй-бүлөбүз менен жашаган жерди талкалоого эч кимдин укугу жок, — дешет күзөттүн уюштуруучулары Айзек Болтянски жана Дэвид Бродски. — Бизди коргобогон Нью-Йорктун мэрине уят эле".

Карантинден каршылык акциясына карай

Жергиликтүү бийликтин аракетсиздигине көпчүлүк нааразы. Нью-Йорктун мэри Билл де Блазиону мародерлорду жактоодо деп айыпташууда, өткөндө эле анын кызы көчөдөгү кагылышта кармалды. Штаттын губернатору Эндрю Куомого да ушундай эле күнөө тагышууда. Болбосо жакында эле аны коронавирус эпидемиясына каршы күрөштө баатыр катары көкөлөтүп жатышкан. Дүйшөмбүдө Де Блазио аскерлерди киргизүү кооптуу, бул кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн деген ойдо: "Куралдуу күчтөр киши жайгашкан райондорго кирсе, аягы жакшы бүтпөйт". Ошондой болсо да көчөдө полиция санын эки эсеге арттырып, төрт миңден сегиз миңге көбөйтүлдү. Шаарда коменданттык саат жарыяланган.

Улуттук гвардияны киргизүүгө башка аймактар да, негизинен демократтар эч ашыкпайт. Билл де Блазио келтирген аргументтерди Орегондун губернатору Кейт Браун, Иллинойстуку Жей Роберт Прицкер, Неваданыкы Стив Сисолак жана Мичигандын губернатору Гретчен Уитмер да кайталоодо. Вашингтон штатынын башчысы Жей Инсли аскердик бөлүктөрдү даярдыкка келтиргени менен шаарларга азырынча киргизбеди.

Анткен менен Трамп көчөгө аскерлерди өзү чыгарарын айтып коркутту. Башкы командачы болгону менен президент штаттардын аймагында федералдык куралдуу күчтөрдү өз билгениндей пайдалана албайт.

Бирок ал 1807-жылкы "Көтөрүлүш жөнүндөгү мыйзамга" таянса, Улуттук гвардия анын буйругу менен губернаторлорго карабастан аракетке кирет. Акыркы ирет аны Жорж Буш (улуусу) Лос-Анджелесте төрт ак жуумал полиция кызматкери тарабынан ынды кара киши сабалганда тутанган протест маалында колдонгон.

Бирок губернаторлордун митингчилер менен мамилени курчутпоого аракет кылганында саясий өңүт бар деп эсептейт Америка боюнча саясат таануучу Дмитрий Дробницкий. "Демократтардын башкы милдети – Трамптын экинчи мөөнөткө шайлануусуна жол бербөө. Протесттер баштала электе адамдарды карантинде кармап турууга мүмкүн болчу. Эми аларга ачуулануу акысын беришти, — дейт ал. — Демократтардын риторикасына ылайык, азыркы президент расист, коомдо жек көрүүнү жаратканы үчүн Трампты элге жаман көрсөтүү керек".

Эгер бүлгүнгө салган ушунча күндөн кийин президент башкарууну Улуттук гвардия менен колго алса, анда саясий упай топтойт. Анда демократтардын айткандары маанисин жоготот. Тартипке салган Трампка добуш беришет", — дейт серепчи.

Өлкөдөгү расалык дискриминацияга байланышкан кырдаал чындап эле үрөй учурарын баса белгилейт саясат таануучу. Протесттен кеп козгогондо муну да унутта калтырбоо абзел.

Демократтар Трамптын натыйжасыздыгын гана көрсөтпөстөн, азчылык арасында шайлоочуларды чочутуп албоого да тырышып жаткандарын айтат РФ Жогорку экономикалык мектеби улуттук изилдөө университетинин Европалык жана эл аралык комплекстик изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Дмитрий Суслов.

"Калктын ак жуумал эмес катмарынын колдоосунан ажырап калуудан абдан коркушат, дал афроамерикалыктар — шайлоодо Жо Байдендин негизги таянычы болуп саналат", — деп эске салат эксперт.

Анткен менен эки тарап тең кылдын кырында экенин кошумчалайт ал.

"Демократтар токтоо жана оома электоратты чочутуп алууну да тобокелге салып, Трампты жок кылууга аракет кылышууда. Ал эми Трамп дагы зордуктун күч алышына жана дагы көп өлүмгө алып келчү катуу чараларга барууда", — деп түшүндүрөт ал.

Америкалык коомдо ансыз деле жик кеткен. Протесттер тирештин тереңдигин даана көрсөттү. Карапайым адамдар полициянын кордугуна, талап-тоноолорго нааразы. Ал эми демократтар менен республикачылар мурдагыдай эле тил табыша албай келишет.

Жорж Буштун (улуусу) саясий карьерасында "Көтөрүлүш жөнүндөгү мыйзамдын" ролу кандай болгонун айтыш кыйын. Бирок 1992-жылы өткөн шайлоодо ал утулган. Трамп болсо катаалдыкка басым жасаганы айдан ачык. Эми аягы эмне менен бүтөрүн убакыт көрсөтөт.

139
Белгилер:
кайрылуу, Дональд Трамп, шайлоо, тополоң, расизм, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу
Пентагон Вашингтондун аймагына 1,6 миң аскер жиберди