Киши Венадагы ОПЕК офистин жанында өтүп бара жатат

"Тобокелдиктер дале бар". ОПЕК+ жыйынынын жыйынтыктарына саресеп

208
(жаңыланган 21:43 10.04.2020)
ОПЕК+ уюмунун негизги өлкөлөрү, Мексикадан тышкары, баары мунай өндүрүүнү кыскартуу параметрлери боюнча макулдашты. Кырдаал мындан ары кандай нук аларына Sputnik радиосунун обосунда энергетикалык коопсуздук жаатындагы серепчи Игорь Юшков саресеп салды.

ОПЕК+ катышуучулары 10 сааттык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мунай казууну май-июнь айында суткасына жалпы 10 миллион баррелге азайтуу боюнча макулдашты, бирок келишимдин күчүнө кириши үчүн Мексиканын макулдугу зарыл.

"Бул баскычта өндүрүштүк милдеттенмелер ОПЕК өлкөлөрү үчүн суткасына 6,085 миллион баррелди жана ОПЕКке кирбеген мамлекеттерге суткасына 3,915 миллион баррелди түздү", – деп билдирген Азербайжан Энергетика министрлигиндеги булак РИА Новости агенттигине.

Жылдын калган бөлүгүндө мунай казууну жалпы кыскартуу суткасына 8 миллион баррелди, 2021-жылдын январынан 2022-жылдын апрель айына чейин кен казууну 6 миллион баррелге төмөндөтүүгө милдеттенме алат. Эл аралык маанидеги расмий жолугушуунун жыйынтыгына жараша Россия жана Сауд Аравия ОПЕК+ жаңы келишимин аткарууда май айынан июндун аягына дейре мунай казуунун көлөмүн суткасына 8,5 миллион баррелден ашырбайт.

Аталган маалымат агенттигинин маалыматына таянсак, ОПЕК+ катышуучулары мурда кен казууну кыскартуунун базалык деңгээлдеги эсеби боюнча макулдаша алышкан эмес. Мексика бийлиги башынан эле мунай казууну суткасына 400 миң баррелге кыскартуу келишими боюнча үч баскычтуу квотага макул болбой, болгону 100 миң баррелге азайтууну сунуштаган.

Расмий Мехико жакынкы эки айда суткасына дал ушунча көлөмгө сырьелук өндүрүштү кыскартууга даяр. ОПЕК+ өлкөлөрүнүн тийиштүү министрлери бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жума күнү да улантат.

Sputnik обосунда РФ өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин серепчиси, Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун башкы аналитиги Игорь Юшков ОПЕК+ жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча талдады.

“Эски форматтагы ОПЕК+ келишиминин негизги оюнчулары бир пикирге келишкени жана жарыяланган параметрлерине катышуучулардын көбү макул болгонуна карабай, ага каршы чыккан Мексика да бар. Тегиз баары бир пикирге келбесе, келишим аткарылбайт. Өндүрүштүн көлөмүн кыскартуу жөнүндөгү келишим ортого жалпы макулдашуудан чыкты. Эгер мүчөлөрдүн бири катышуудан баш тартса, калгандары: “Кимдир бирөө аткарбай, биздин аракеттерибиздин жемишин пайдалана турган болсо, биз эмнеге кыскартышыбыз керек?” деп суроо салышы ыктымал. Ушундай эле собол келишимге кол койбогон башка өлкөлөргө да тиешелүү. Эң оболу, алар – АКШ, Улуу Британия", – дейт Игорь Юшков.

Адис кен казууну ОПЕК+ өлкөлөрү мунай баасын колдоп туруу үчүн кыскартууга макулдашышканынан улам мурда АКШ өндүрүш көлөмүн көбөйтүп келгенин эске салды. Вашингтон азыр өз мунайынын көлөмүн чектеп-чектебей турганы белгисиз деп эсептейт эксперт.

"Дал ОПЕК+ келишими мунайдын баррелин 50-60 доллардан кылууга мүмкүндүк бергендигинен улам АКШ өзүнүн сланецтик долбоорлору менен кен казууну кыйла жогорулаткан. Ушул тапта Россия америкалыктар да кен казуунун көлөмүн кыскартуу процессине өз салымын кошсун деген шарт коюуда, бул онлайн-жолугушууда талкууланмакчы. АКШ буга чейин табигый жол менен өз салымын кошорун айтып келген. Бирок келишимдин мүчөлөрү АКШ дагы так бир көлөмдү аташын жана бул квоталардын аткарылышына кепилдик беришин талап кылышууда. Аталган держава бул милдеттенмелерди алабы же жокпу, азырынча түшүнүксүз", – деп белгилейт Игорь Юшков.

Анын божомолунда тараптардын баары макулдаша алса да, баа кайсы бир мезгилге чейин жогорулабайт.

"Мунай сактагычтарды толтуруу сценарийлеринин тобокелдиктери дале бар, анткени келишим 1-майдан тарта иштей баштайт. Апрель айына карата дүйнө жүзү боюнча мунай сактагычтардын басымдуу үлүшү толтурулат жана бул рынокко кысым кылат. Баа июнь-июлдан кийин мурдагы калыбына келет, ал эми азыр баррелине 35 доллардан өйдө көтөрүлбөйт", – деп эсептейт Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун башкы аналитиги.

ОПЕК+ өлкөлөрү 6-мартта мунай казууну кыскартуу жөнүндөгү келишимдин параметрлерин өзгөртүү боюнча да, келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө да бир пикирге келе алышкан эмес. Натыйжада 1-апрелден тарта мурдагы альянстын курамындагы өлкөлөрдө мунай өндүрүүдө чектөөлөр жоюлган. Бул менен катар коронавирус пандемиясы да мунай рыногундагы кырдаалды курчутту.

208
Белгилер:
нефть, өндүрүш, Мунай, ОПЕК
Тема боюнча
Мунай рыногун бирге сактайлы: АКШ да мунай казууну азайтат
Бутуна тура баштаган Кытай Россияга мунай согушун жеңүүгө жардам берет
Нью-Йорктогу полиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт

АКШда расизмге каршы күрөш мародерлор менен кармашка айланды

139
(жаңыланган 11:42 05.06.2020)
Полициянын колунан каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн улам тутанган массалык башаламандык, карактоо жана өрт коюу басылбай келет. Штаттын жарымына коменданттык саат киргизилген, бирок жергиликтүү бийликтин аракети байкалбайт.

Полициянын күчү жетпей барат, вандализм менен мародерлукту токтотуу үчүн Дональд Трамп регулярдык армияны пайдаланууга ниеттенүүдө. Президент үчүн бул канчалык кооптуу экенин биздин өнөктөш РИА Новости агенттигиндеги кесиптешибиз Софья Мельничук сураштырып көрдү.

Кайрадан мыйзам жана тартип

Америкалыктар өлкө башчысынын улутка кайрылуусун күтүшкөн. Бирок президент создуктуруп отуруп, Вашингтондогу витриналар болушунча талкаланган соң, 2-июнда гана элге кайрылды.

"Жорж Флойддун өлүмү көңүл чөгөртөт, — деп баштады ал. — Бирок жаалданган топтун тынч митингди бузушуна жол бере албайбыз. Жабыр тарткандардын көбү — калктын мыйзамга баш ийген жана жакыр катмары. Аларды коргоо үчүн күрөшөм".

"Мен мыйзам жана тартиптин президентимин", — деп белгиледи Трамп. Америкага бул ураан жакшы тааныш. 1968-жылы да кыйын маалда өлкө президенттик шайлоого даярданып жаткан. Вьетнамдагы согушка каршы массалык демонстрациялар, аялдарды жана расалык азчылыкты колдоо акциялары өтүп жаткан.

Ынды каралардын укугу үчүн күрөшкөн Мартин Лютер Кинг (кенже), андан кийин эл чоң үмүт арткан сенатор Роберт Кеннеди өлтүрүлгөн соң Ричард Никсон шайлоого "мыйзам жана тартип" деген ураан менен чыккан.

"Көйгөйдүн баары чындап эле ынды караларда экенин моюнга алуу зарыл", — деп түшүндүргөн ошол убакта Ак үй администрациясынын башчысы Гарри Холдеман. Ошондон бери "мыйзам жана тартип" дегенди ынды кара америкалыктар полициянын зордугу катары кабыл алат.

Тынч митинг башаламандыкка өтүп кетти

Ушул таптагы окуяларды Трамп ички терроризм деп атады. Улутка кайрылуусунда президент козголоңчулардын колу менен "кыялдары көз алдында талкаланып" жаткан чакан бизнес ээлери боюнча да токтолду. Көчөдөгү мародерлук тууралуу видео далилдер интернетте жайнап кетти. Демонстранттар витриналарды талкалап, товарларды алып чыгып, дубал, каалга-терезелерге чиймелеп кетип жатышат. Мисалы, Санта-Моникада Vans спорттук кийим дүкөнүнөн дээрлик баарын тоноп кетишти.

Fox 11 телеканалынын журналисттери көчөдөгү кишилерден кроссовки салынган кутуларды кайдан алгандарын сурашканда алар унчукпай эле жай өтүп кетип жатышты. Айланада бир дагы полиция кызматкери көрүнгөн эмес.

Ушундай эле нерселер өлкөнүн булуң-бурчунда болуп жатат. Бийликтин вандализмди токтотуу чакырыктары куру эле жаңыргандай. Менчик жайларды тынч демонстранттар жана бизнес ээлери өздөрү коргоп жатышат. Ошол эле Санта-Моникадагы дүкөндөрдүн биринин эшигинде "Зордукту токтоткула" деген жазуу менен бир кыз туруп алган. Аны түртүп салууга аракет кылып, ал түгүл түтөмө шашканы ыргытышкан, бирок кыз корккон эмес.

Көп өтпөй ага "Биз протестке чыктык, мародерлук кылган жокпуз" деген плакат менен ынды кара киши кошулган. Бул жаштар тынч митингди жаманатты кылып жаткан талап-тоноочуларга жолтоо болуу үчүн атайын шаардын борборуна келген.

Вашингтондогу митингчилер

Сан-Диегодогу окуя орус мафиясы тууралуу тамашаны эске салды. Ал жакта мурдагы СССРдин курамындагы республикалардан келгендер Pushkin аталган ресторанын талоончулардан коргоп калышты. Аталган жайдын кожоюну Айк Газарян өзү аракет кылышы керектигин тез эле түшүнгөн.

"Мендей эле республикачыл маанайдагы (митингчилерден айырмалана – ред. тактоосу) досторум көп. Жекшемби күнү жаман нерселер болорун аңдап баарына телефон чалып чыктым. Жарым саат өтпөй ресторандын алдына чогулушту. Тапанча, курал көтөргөн он эки киши элек. Курал-жарагыбыз расмий катталган, кантип колдонуу керектигин үйрөнгөнбүз. Менчигибиздеги жайларда жеке коргонуу үчүн аларды пайдаланууга укугубуз бар", — деп түшүндүрөт Газарян.

Алар Pushkin ресторанын гана эмес, ага удаа жайгашкан бир нече жайды, анын ичинде улгайган ирактык кишинин да алкомаркетин коргоп калышкан. Өлкөнүн бөлөк бурчунда, тагыраак, Нью-Йорктогу Бруклинде полиция аракет көргөнчө эле шаардыктар топтолуп, тартипти сактоону колго алышууда. "Биз коргоо үчүн чыктык. Расизмге каршы күрөштү жана протест кылуу укугун сыйлайбыз. Бирок үй-бүлөбүз менен жашаган жерди талкалоого эч кимдин укугу жок, — дешет күзөттүн уюштуруучулары Айзек Болтянски жана Дэвид Бродски. — Бизди коргобогон Нью-Йорктун мэрине уят эле".

Карантинден каршылык акциясына карай

Жергиликтүү бийликтин аракетсиздигине көпчүлүк нааразы. Нью-Йорктун мэри Билл де Блазиону мародерлорду жактоодо деп айыпташууда, өткөндө эле анын кызы көчөдөгү кагылышта кармалды. Штаттын губернатору Эндрю Куомого да ушундай эле күнөө тагышууда. Болбосо жакында эле аны коронавирус эпидемиясына каршы күрөштө баатыр катары көкөлөтүп жатышкан. Дүйшөмбүдө Де Блазио аскерлерди киргизүү кооптуу, бул кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн деген ойдо: "Куралдуу күчтөр киши жайгашкан райондорго кирсе, аягы жакшы бүтпөйт". Ошондой болсо да көчөдө полиция санын эки эсеге арттырып, төрт миңден сегиз миңге көбөйтүлдү. Шаарда коменданттык саат жарыяланган.

Улуттук гвардияны киргизүүгө башка аймактар да, негизинен демократтар эч ашыкпайт. Билл де Блазио келтирген аргументтерди Орегондун губернатору Кейт Браун, Иллинойстуку Жей Роберт Прицкер, Неваданыкы Стив Сисолак жана Мичигандын губернатору Гретчен Уитмер да кайталоодо. Вашингтон штатынын башчысы Жей Инсли аскердик бөлүктөрдү даярдыкка келтиргени менен шаарларга азырынча киргизбеди.

Анткен менен Трамп көчөгө аскерлерди өзү чыгарарын айтып коркутту. Башкы командачы болгону менен президент штаттардын аймагында федералдык куралдуу күчтөрдү өз билгениндей пайдалана албайт.

Бирок ал 1807-жылкы "Көтөрүлүш жөнүндөгү мыйзамга" таянса, Улуттук гвардия анын буйругу менен губернаторлорго карабастан аракетке кирет. Акыркы ирет аны Жорж Буш (улуусу) Лос-Анджелесте төрт ак жуумал полиция кызматкери тарабынан ынды кара киши сабалганда тутанган протест маалында колдонгон.

Бирок губернаторлордун митингчилер менен мамилени курчутпоого аракет кылганында саясий өңүт бар деп эсептейт Америка боюнча саясат таануучу Дмитрий Дробницкий. "Демократтардын башкы милдети – Трамптын экинчи мөөнөткө шайлануусуна жол бербөө. Протесттер баштала электе адамдарды карантинде кармап турууга мүмкүн болчу. Эми аларга ачуулануу акысын беришти, — дейт ал. — Демократтардын риторикасына ылайык, азыркы президент расист, коомдо жек көрүүнү жаратканы үчүн Трампты элге жаман көрсөтүү керек".

Эгер бүлгүнгө салган ушунча күндөн кийин президент башкарууну Улуттук гвардия менен колго алса, анда саясий упай топтойт. Анда демократтардын айткандары маанисин жоготот. Тартипке салган Трампка добуш беришет", — дейт серепчи.

Өлкөдөгү расалык дискриминацияга байланышкан кырдаал чындап эле үрөй учурарын баса белгилейт саясат таануучу. Протесттен кеп козгогондо муну да унутта калтырбоо абзел.

Демократтар Трамптын натыйжасыздыгын гана көрсөтпөстөн, азчылык арасында шайлоочуларды чочутуп албоого да тырышып жаткандарын айтат РФ Жогорку экономикалык мектеби улуттук изилдөө университетинин Европалык жана эл аралык комплекстик изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Дмитрий Суслов.

"Калктын ак жуумал эмес катмарынын колдоосунан ажырап калуудан абдан коркушат, дал афроамерикалыктар — шайлоодо Жо Байдендин негизги таянычы болуп саналат", — деп эске салат эксперт.

Анткен менен эки тарап тең кылдын кырында экенин кошумчалайт ал.

"Демократтар токтоо жана оома электоратты чочутуп алууну да тобокелге салып, Трампты жок кылууга аракет кылышууда. Ал эми Трамп дагы зордуктун күч алышына жана дагы көп өлүмгө алып келчү катуу чараларга барууда", — деп түшүндүрөт ал.

Америкалык коомдо ансыз деле жик кеткен. Протесттер тирештин тереңдигин даана көрсөттү. Карапайым адамдар полициянын кордугуна, талап-тоноолорго нааразы. Ал эми демократтар менен республикачылар мурдагыдай эле тил табыша албай келишет.

Жорж Буштун (улуусу) саясий карьерасында "Көтөрүлүш жөнүндөгү мыйзамдын" ролу кандай болгонун айтыш кыйын. Бирок 1992-жылы өткөн шайлоодо ал утулган. Трамп болсо катаалдыкка басым жасаганы айдан ачык. Эми аягы эмне менен бүтөрүн убакыт көрсөтөт.

139
Белгилер:
кайрылуу, Дональд Трамп, шайлоо, тополоң, расизм, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу
Пентагон Вашингтондун аймагына 1,6 миң аскер жиберди
Сириядагы Хмеймим россиялык базасында аскерлер. Архивдик сүрөт

Россияга Сирияда аскердик базаларын кеңейтүүнүн зарылдыгы кандай?

63
(жаңыланган 10:02 03.06.2020)
Сирияда аскердик базалардын аймагын кеңейтүү менен Россия өзүнүн эл аралык позициясын бекемдеп, Жер Ортолук деңиз жана Жакынкы Чыгыштагы конструктивдик таасирин өстүрүүдө.

РФ президенти Владимир Путин 29-майда Тышкы иштер министрлиги жана Коргоо министрлигине Сириядагы россиялык аскердик базаларды кошумча кыймылсыз мүлк жана акваториялар менен камсыздоо боюнча аталган мамлекеттин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тапшырма берди. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул маселенин тегерегинде ой толгогон.

Аталган министрликтер сириялык тарап менен макулдашкан соң Россия Федерациясы менен кол коюуга тийиш. Бул – капыс кабыл алынган чечим эмес, жагдайга жараша эл аралык укуктарга толук шайкеш стратегиянын уландысы жана тактиканын өнүгүшү.

Замандын чакырыктарына туруштук берүүдө Россия Жер Ортолук деңизде жана Жакынкы Чыгышта аскердик-саясий таасирин арттыруусу зарыл. Баарынан оболу эл аралык туруктуулукту колдоо үчүн Сирия Араб Республикасында күч контингентин алдыдагы он жылдыктарга сактоого тийиш.

Бүгүнкү күндө ирандык күчтөрдүн көп бөлүгү чыгарылып, ливандык Хезболланын өз жерине кайткандан кийин россиялык топ Сирия жергесинде террордук уюмдар менен ийгиликтүү жана мыйзамдуу түрдө күрөшкөн жападан жалгыз чет элдик күч бойдон калууда.

Тактикалык планда россиялык объектилердин аймактык кеңеши Тартус, Хмеймим жана Сирия Араб Республикасынын башка жактарында коопсуздук периметрлерин ынанымдуу камсыздоо үчүн зарыл.

Сирияда эки ири россиялык аскердик объект: Хмеймим авиабазасы (мында авиациялык топ мөөнөтсүз жайгашкан) жана Тартус материалдык-техникалык камсыздоо пункту (25 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен 49 жылга ижараланат. Аскердик-деңиз флотунун кемелик тобу бар) иштейт.

Эске салсак, Дамаскинин расмий өтүнүчү менен 2015-жылдын сентябрында Хмеймимде россиялык Аба-космостук күчтөрүнүн авиациялык тобу түзүлүп, ИМ* террордук тобуна каршы куралдуу операциясы башталган. Кийинчерээк, тагыраак, 2017-жылы Москва менен Дамаск дагы бир документке кол койгон. Ага ылайык, Тартуста 11 чакты россиялык кеме жайгаштырылып (өзөктүү реакторлор менен субмариналар менен кошо), порттун кеме куруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болжонууда.

Аймактык туруктуулук

Сирия өз аймагында кургакта да, деңизде да Россиянын аскердик күчтөрүнүн жайгашуусун кеңейтүүнү кубаттайт. Аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатында Дамаск менен Москванын кандайдыр тиреши жөнүндөгү туура эмес маалымат аркылуу аймакта РФтин беделин түшүрүү аракеттери аянычтуу экени айдан ачык.

Сирия менен Россиянын өз ара аракеттешүүсү – турмуштун бардык багыттарындагы тынчтык жана туруктуулукка жол. Аймактагы оюнчулар муну жакшы түшүнүшөт. Экинчи жагынан, Жер Ортолук деңизде АКШнын Аскердик-деңиз флотунун 6-флотунун орун алышы жана Сирия Араб Республикасынын айрым мунай өндүрүүчү райондорунун америкалык күчтөр тарабынан оккупацияланышы (БУУнун санкциялары же аталган Араб Республикасынын мыйзамдуу өкмөтү болбостон) – көп жылдык аскердик-саясий турбуленттуулук жана жай калктын коопсуздугунун коркунучтарынын булагы.

1-июнда РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Сириядагы россиялык аскердик объектилери жайгашкан райондорго жакын жердеги АКШнын аба чалгындоосун агрессивдүү жана Россия менен макулдашууларына каршы келерин билдирген. Кантсе да америкалыктар, башка "өнөктөштөр" кай бир убактан бери Жакынкы Чыгыш жана Жер Ортолук деңиздеги оюна келгенин жасоо, жазасыз калуу сезимин жоготту. Россиялык Су-35 истребителдери тарабынан АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн 6-флотунун чалгынчыларынын учактарын колго түшүрбөгөн сейрек апта өтүүдө.

РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматтары боюнча, май айында мындай 17 эпизод болгон. Россия авиациясынын ар бир учушу аба мейкиндигин пайдалануунун эл аралык эрежелерине шайкеш аткарылат. Су-35 истребителдеринин маневрлары АКШнын чалгындоочу учактарына кайда учпоо керектигин гана көрсөтүп турат. Британдык суу алдындагы кайык Сирия аймагындагы канаттуу ракеталарга сокку урууга аракет кылып, бирок майнапсыз болгондогу эпизод дүйнөгө кеңири белгилүү. Анткени россиялык субмариналар аны артка бурулууга, позициялык райондон сүрүп чыгарып, кетүүгө мажбурлаган.

Сириялык көйгөйдөн кеп козгоп жатып АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри: "Менин милдетим – муну орустар үчүн сазга айландыруу", - деп билдирди жакында эле. РФтин көп тараптуу ортомчулугунда сириялык жөнгө салуунун төрт жылдык динамикасын эске алсак, "сазга айландыруу" маселеси көз жеткен келечекте чечилери күмөн.

Москванын келечек пландары болушунча так, бир аз мурдараак РФ президенти Владимир Путин: "Биз бул аймактагы кызыкчылыгыбызды коргоо үчүн ошол жактабыз. Бул биздин кызыкчылыктарыбызга шайкеш келип турганда аскерлерибиз ал жакта болушат".

Жакынкы 50 жылда россиялык күчтөрдү аталган аймактан чыгаруу пландалбаганын болжоо, ал эми сириялык операциялык мейкиндиктин кеңейиши Россияга аймактагы кырдаалдын өзгөрүшүнө натыйжалуу реакция кылуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Жаңы курал

Сирия россиялык куралдарды сыноо үчүн полигон эмес экени, бирок дал сириялык операциялардын жүрүшүндө алдыңкы үлгүлөрдү текшерүүгө, ал эми россиялык коргоо-өнөр жай комплексинин ишканалары өз буюмдарын "от күйгөн жерде" ыкчам жакшырта алууга шарт түзүлдү. Бул тажрыйбаны ашыра баалаш кыйын.

Согуштук аракеттердин сириялык театрында Каспий жана Жер Ортолук деңиздеринен өзүнчө жана топтордун курамында "Калибр" канаттуу ракеталарын, Россиянын Аскердик-деңиз флотунун суу үстүндөгү кеме жана субмариналарын биринчи ирет колдонушту.

Россиялык ыраак аралыктагы авиация алгач жолу Сириядагы террорчулар менен күрөшүүдө ыраактыгы 5000 чакырымга чейинки жогорку тактыктагы стратегиялык Х-101 канаттуу ракеталарын колдонду (ракетанын өзөктүк версиясы(Х-102) 250 килотонналык кубаттуулуктагы заряд көтөрө алат). Аскердик күчтүн мында көрсөтүлүшү – ниети бузуктарга кулак кагыш.

Сирия Араб Республикасында Су-34 бомбалоочулары жогорку натыйжалуулугун далилдешкен. Бешинчи муундагы көп максаттуу Су-57 оор истребители, "Армата" Т-14 жаңы танкы, радио-электрондук күрөш тутумдары жана башка дагы көп нерселер согуш шарттарында сыноодон ийгиликтүү өткөн.

Сирияда россиялык жаңы куралдарды пайдалануу тажрыйбасы потенциалдуу чет элдик сатып алуучулардын кызыгуусун жаратканы мыйзам ченемдүү. Египет, Индия, Кытай жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Москва "Армата" Т-14 танкын сатып алууга алдын ала тапшырыктарды алган. Ал эми Су-34 бомбалоочуларына кызыккан чет элдик сатып алуучулардын кезеги узагандан узап барат. Натыйжада Сирия операциясы өз ара пайдалуу гана болбостон (Дамаск менен Москва үчүн), кирешелүү да болушу мүмкүн. Бул – Россия үчүн дагы бир баалуу табылга. Спецназ тактикасын, учкучсуз жана космостук байланышты пайдаланган аеосуз жана фанатизмге алдырган душмандарга каршы согуштук аракеттерде россиялык куралдуу күчтөр (жаш адистер жана дасыккан аскер жетекчилери) эч кандай окууларда ала албаган уникалдуу тажрыйбага ээ болушту.

2015-жылдан бери Сирияда кыйла көп сандагы россиялык аскер кызматкерлер кызмат өтөдү. Алар иш жүзүндө заманбап аскердик жаңжалдын чыңалышын жон териси менен сезип, чалгындоо жана байланыш канчалык маанилүү экенин аңдап, ар түрдүү күчтөрдүн жана каражаттардын натыйжалуулугу кантип камсыздаларын түшүнүшкөн. Ошентип, Россиянын жогорку профессионалдуу адистеринин жана тынчтыкты чыңдоонун ишенимдүү инструменттеринин саны арбып барат.

ИМ* – РФ жана бир катар мамлекеттерде ишмердигине тыюу салган террордук топ.

63
Белгилер:
тактика, армия, таасирлүү, Россия, Сирия, база, курал-жарак
Тема боюнча
"Сарматтын" талпынышы. Россияга жаңы Satana эмне үчүн зарыл?
Су-57 сыналып бүттү: Россия алгачкы 76 истребителин качан алат?
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архивдик сүрөт

Дастан Жумабеков көк бөрүчү Кушчубай Илис уулуна автоунаа белек кылды. Видео

0
(жаңыланган 16:39 06.06.2020)
Спикер 2019-жылдагы мыкты көк бөрүчүлөрдүн бирине Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа тартуулаган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков "Ынтымак" командасынын улакчысы Кушчубай Илис уулуна автоунаа белек кылды. Бул туурасында спикер Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Дастанбек Джумабеков (@dastanbek_djumabekov_official)

Анда төрага 2019-жылдагы мыкты көк бөрүчүлөрдүн бири Илис уулуна Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа тартуулаганы айтылат.

"Төрага Дастан Жумабеков эл аралык класстагы спорт чебери, жаш улакчыга ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалады", — деп жазылган.

Автокөлүктүн ачкычын Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын жанында тапшырганын көрүүгө болот.

0
Белгилер:
белек, автоунаа, улакчы, Дастанбек Жумабеков
Тема боюнча
Германияга чейин барган. Төрага Жумабеков чоң атасы тууралуу айтып берген видео
Президент Аалы Туткучев баштаган сыймыктуу уул-кыздардын энелерин сыйлады. Сүрөт