АКШнын "Талибан"* менен "туугандашуусунун" аягы эмне болот?

© WAKIL KOHSARОсвобождение заключенных талибов в Афганистане
Освобождение заключенных талибов в Афганистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талибдер менен келишим түзгөнү Кошмо Штаттар диалектикалык жактан орто кылымдык террордук кыймылды "жакшыртууга", афган элинин кызыкчылыктарына жана Вашингтонго лоялдуу Кабулдагы өкмөттүн кызыкчылыктарына карабай, бир катар кылмыштарга көз жумууга мажбур.

АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) башкы командири Кеннет Маккензи 10-июнда талибдер Кошмо Штаттарга эч качан коркунуч туудурбаганын билдирди. Кыязы Афганистандын аймагындагы америкалык армиянын 19 жылдык согуштук аракеттери ИМ* жана "Аль-Каиданын"* орун алышы менен гана түшүндүрүлөт окшойт. Бул билдирүүгө жана от күйгөн аймактагы абалга аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салды.

Маккензи талибдер "ИМ* менен дос эмес" деп тактаганы менен Талибандын "Аль-Каида*" менен мамилесин мүнөздөөдө оңтойсузданды. БУУнун жакындагы эле докладын эске салалы. Анда 29-февралда америкалыктар менен келишимге кол койгондон кийин деле талибдердин "Аль-Каида*" менен "достукка, биргелеше каршылык көрсөтүү тарыхына, идеологиялык симпатия жана туугандык байланышты орнотууга" негизделген тыгыз байланыштары уланып келе жатканы айтылган.

С-400 Триумф зениттик ракеталык системалар - Sputnik Кыргызстан
"Триумфалдык" келишим: Түркия С-400дү алары бышыкталды
Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талибдер "Аль-Каида*" менен улам кеңешип турган. "Тарыхый байланышы" мындан ары да сыйланарына кепилдик беришкен. Өз кезегинде "Аль-Каида*" аны "Талибан*" кыймылынын жана "жалпы иштин" жеңиши катары сыпаттап, Катарда кол коюлган америка-талиб келишимин оң баалаган. Афганистандагы тынчтыкты жөнгө салууну улантуу жана өнүктүрүү үчүн талибдер жана башка элдешкис оппозиция өкүлдөрү (өлкөдө ар кандай маанидеги отуз чакты куралданган топ бар) чуулгандуу "Аль-Каидадан*" биротоло кол үзүүгө тийиш экени анык. Башка вариант болбошу керек. Бирок "Талибандын*" жетекчилиги БУУнун докладына теригип, аталган эл аралык уюмдун бедели төмөндөп, компетенттүүлүгү төмөндөп бараткандыгынын белгиси байкалганын белгиледи. "Жалпысынан бул доклад Ислам Эмирлиги ("Талибан*" – ред. тактоосу) жана Кошмо Штаттардын ортосундагы, Афганистандагы согушту токтотуунун маанилүү инструменти жана каражаты болуп саналган келишимди үзгүлтүккө учуратып, бузууга багытталган", - дешет алар.

Көз көрүнөө фактыларды бурмалоо жана түшүнүктөрдү алмаштыруу жүрүүдө, мындай көрүнүш Афганистандагы жарандык согуштун жаңы эпкинине тушуктуруп, Борбор Азиядагы коңшулаш өлкөлөргө коркунуч жаратышы ыктымал. Америкалыктардын талибдер менен болгон келишиминин салмактуулук, конструктивдүүлүк жана реалдуулук даражасы башынан эле шек санаткан.

Талаптар аткарылабы?

"Талибан*" бийликке умтулууда. Ал эми бул жолдо аскердик каражаттарды ылайык көрүп, өзүн кандайдыр бир жаңы мамлекеттин негизи катары көрөт. Талибдер оозанган "эмирлик" – эмир башында турган ислам мамлекетинин башкаруу формасы (бийлик атадан балага мурас калат). "Эмирлик"  халифат, султанат жана имамат түшүнүктөрү менен бирдей деңгээлде, бирок көптөгөн афгандыктар мындай келечекке макул эмес. Бүгүнкү күндө Афганистан – президент менен парламентти эл шайлаган Исламдык Республика.

Талибдер америкалыктарды жана алардын НАТО боюнча союздаштарына ок чыгарбоого убада беришкен. Анткен менен жаз бою күнүнө 30 куралдуу кол салуу (ар кайсы провинцияларда) болуп жатты. The New York Times басылмасынын маалыматына таянсак, июнь айынын алгачкы үч күнүндө Афганистандын аймагындагы жергиликтүү коопсуздук күчтөрдүн 28 жоокери жана 33 жай жаран өлтүрүлгөн.

Куралдуу кагылыштардын хроникасы афган калкынын тагдырын, террордук коркунучтардын өсүшү жана "Талибан*" менен Кошмо Штаттардын тынчтык макулдашууларынын шарттуу мүнөзүн дегеле тоготушпаганын айгинелейт.

Празднование Дня Победы в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Россияга Сирияда аскердик базаларын кеңейтүүнүн зарылдыгы кандай?
"Ички саясий диалог" форматындагы атышуу реалдуу тынчтыкка жана америкалык күчтөрдүн чыгарылышына жолтоо болот. Дал тынчтыкты орнотуу үчүн талибдерди мыйзамдаштаруу кадамдары жасалган эмес беле. Ушундан улам Афган администрациясы Катарда талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даярданууда.

Делегацияны Афганистандын улуттук элдешүү жогорку кеңешинин башчысы жана "Талибандын*" эзелки душманы Абдулла Абдулла жетектеп бармакчы. Вашингтон Кабулду каржылык колдоону токтотобуз деп коркутуп, өз ара аракеттешүүгө мажбурлоодо.

Эгер тараптар абактагыларды бошотуу милдеттенмесин аткарса, абактардан 5000ден ашуун талиб, ал эми алар туткунга алган 1000 аскер жана Куралдуу күчтөрдүн кызматкери чыгарылат. Адилеттүү "алмашуу" эмес экени анык, кесепеттери да айкын. Июндун башында 2700 талиб жана 420 афган күчү эркиндикке чыкты.

Коңшуларды кошо коркунучка кептеп...

Тигил же бул таасирдүү топтун террордук активдүүлүктү саясий өңүткө чыгаруу аракеттери, мыйзамдуулук иллюзиясын жаратуу жакшылыкка алып келбейт. Талибдер мурдагыдай эле олуттуу аскердик кооптуулукту жаратат, планетардык масштабдагы наркотрафикти көзөмөлдөйт. Пентагондун "Талибан" менен "туугандашуусунун" парадоксалдуу кырдаалы туруксуз, келечеги да таптакыр бүдөмүк.

Тынчтык процессинин иллюзиясын колдоо үчүн тараптардын ресурстары чектелүү, жаңы кризистен кача алышпайт. Ошондуктан Россия Федерациясы борборазиялык союздаштары – Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын чек араларын жана аскердик коопсуздугун бекемдөөгө бар күчүн жумшамакчы.

Афганистанда аскердик-диний кыймылдын улам күчөп бараткан таасири жана зордук-зомбулуктун эскалациясы аймактагы коңшу өлкөлөргө да коркунуч туудурат.

Мурда талибдер афган-тажик чек арасына жакын Янги-Кала уездиндеги өкмөттүк күчтөрдүн блокпостторуна чабуул койгон. Коргоо күчтөрүнүн жети жоокери окко учуп, эки аскер жарадар болгон.

Афган Коопсуздук күчтөрү өлкөнүн түндүгүндөгү тажик согушкерлеринин жанданышын белгилейт. Кырдаал ОДКБ өлкөлөрүнөн жана Өзбекстандан критикалык анализ, адекваттуу жөнгө салуу, түштүк чек араларын бекемдөөнү талап кылат.

Ооганстандын Нангархар провинциясындагы өткөрмө бекетте Талибан радикал согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабыры түгөнгөн афган бийлиги. Кабул талибдерге согуш ачты
"Талибандын*" структурасы бир өңчөй эмес, АКШ менен тынчтык келишимине караманча каршы чыккан согушкерлердин фракциясы пайда болду. Жакын арага чейин эле талибдердин баары президент Ашраф Ганинин "камчысын чапкан режими" менен сүйлөшүүгө барышпай тургандыгын айтып келишкен. Кызыкчылыктардын шайкештиги кимдир бирөө тарабынан жөнгө салынууда.

Мамилелердин татаал аймактык конфигурациясында афган аймагындагы тынчтыкка байыртан кызыкдар болбогон айрым коңшулардын позициясын да эске алуу абзел. Талибдердин тобун курал-жарак, ресурс жана алардын үй-бүлөлөрүн турак жай менен колдоп келишет.

Пентагондун маалыматы боюнча, Белужистан түштүк-батыш пакистандык провинциясы талибдердин база жана тирөөчү болуп саналат. Башкача айтканда, аталган топ географиялык жактан Афганистандын чегинен эбак чыгып, маңызында эл аралык уюмга айланып калган.

Вашингтон 2001-жылы "Талибанга*" каршы аскердик операциялардын сериясын тектеш "Аль-Каида*" террордук тобун жашыргандыгы үчүн (АКШдагы 11-сентябрдагы террордук актылардан кийин) баштаган.

Кошмо Штаттар жана "Талибандын*" расмий өкүлдөрү сүйлөшүүгө 18 жылдык согуштук аракеттерден кийин гана Доха (Катар) шаарында 29-февралда чогулуп, "Тынчтык жөнүндөгү келишимге" кол коюшкан. Макулдашуу талибдер зордук-зомбулуктан качып, расмий Кабул менен элдешкен шартта Афганистанда америкалык күчтөрдүн санын баскыч-баскычы менен кыскартууну (акыркысына чейин) карайт. Бирок Афганистанда куралдуу жаңжалдар дагы да уланып келет.

* – Ишмердигине Россия жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар

Жаңылыктар түрмөгү
0