ЕАЭБ мамлекеттеринин президенттери. Архивдик сүрөт

ЕЭК Кыргызстан, Казакстан жана ЕАЭБ ортосундагы көйгөйдү кантип чечет?

(жаңыланган 16:00 12.07.2020)
Адатта Кытайдан келген көмүскө импорт Россияга Кыргызстан жана Казакстан аркылуу кирип, бул учурда алар бажы төлөмдөрүн кыйгап өтөт деп эсептейт серепчи.

Мария Науменко

Евразиялык экономикалык комиссия бул аптада өткөн жыйынында ЕАЭБ чек аралары аркылуу товар алып өтүүдөгү талаш маселелерди чечүү үчүн ыкчам комитет түздү.

Аталган биримдикке мүчө-өлкөлөр ортосундагы пикир келишпестиктерди чечүүгө мезгил жеткенин белгилешти кеңешменин катышуучулары. Атасак, ЕАЭБ ичиндеги чек араларда жүктүн көпкө текшерилиши, Россияга Беларусь менен Казакстан аркылуу санкциялык товарлардын реэкспорту жана Кытайдан келген көмүскө импорт өңдүү маселелер бар. Кайсы инструменттер бул көйгөйлөрдү чечүүгө көмөкчү болорун, аталган маселелердин келип чыгышына эмне себеп экенин Sputnik талдап көрдү.

"Жол картасы" жана жаңы комитет

Бул маселелер биримдик ичиндеги чек араларда бир өлкө аркылуу бөлөк өлкөгө өткөрүлчү жүктөрдү көзөмөлдөө иш-чараларынын киргизилгенине байланыштуу экенин билдирет Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри Олег Панкратов.

Назаралиев: ЕАЭБ өлкөлөрү ортосунда бирдиктүү биржа рыногу түзүлөт

"Бирдиктүү бажы жана экономикалык мейкиндикке мындай көзөмөл туура келбей турганын баарыбыз түшүнөбүз, бирок андай чараны колдонуунун жүйөлүү себептери бар (Кеп РФ тарабынан Россияга киргизүүгө тыюу салынган продукциялардын камтылып-камтылбаганын текшерүү жөнүндө болушу мүмкүн — ред.)", — деп кошумчалайт ЕЭК мүчөсү.

Азыр биримдикке кирген өлкөлөр ЕАЭБ ичинде жүктөрдү алып өтүүдөгү пикир келишпестиктерди чечүү боюнча "жол картасын" иштеп чыгууда. ЕЭКтеги ыкчам жөнгө салуу чараларына "санкциялык" товарларды идентификациялоо, навигациялык пломба колдонуу, үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган импортту тескөө жана ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы маалымат алмашуу маселелери кирери айтылат комиссиянын пресс-релизинде.

"Түзүлгөн кырдаал ички сооданын азайышына жана чыңалуунун жаралышына алып келерин түшүнгөнбүз. Ошондуктан комиссияда жогорку деңгээлдеги топту (ыкчам комитет – ред.) түзүү чечимин кабыл алышты. Ал талаш жагдайларды жөнгө салуу үчүн "жол картасын" бачым түзүп чыгат", — дейт Панкратов. "Жол картасы" мамлекеттердин кызыкчылыктарынын балансын табууга мүмкүнчүлүк берерин белгилейт ал.

"Бул чаралар чектөөлөрдү койгон өлкөлөр өз рыногуна андай товарларды киргизүүгө уруксат берүүгө кызыкдар болгудай тартипте түзүлмөкчү. Ал эми бул рынокко товар ташыган өлкөлөр өз аймагында бардык товарлардын "ак" экенин, бажы талаптарына жараша өткөрүлөрүн айгинелеген заманбап технологияларды болушунча тез киргизүүнү каалашты", — деп түшүндүрдү ЕЭК коллегиясынын мүчөсү.

Бакетаев: ЕАЭБге мүчө өлкө жетекчилери өз амбициясын эмес элди ойлошу керек

Министрдин айтымында, бул технологиялар ЕАЭБ бюджетине салык төлөмдөрүн толук төгүүнү жана өлкөлөрдүн бюджеттерине болгон салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат.

Аталган ыкчам комитетти Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Михаил Мясникович жетектей турганы болжонууда. Ошону менен бирге эле жумушчу топко комиссиянын дагы беш министри: Гегам Варданян, Тимур Жаксылыков, Олег Панкратов, Виктор Назаренко жана Андрей Слепнев кирет.

Андан тышкары, комитетке ар бир өлкөдөн мамлекеттик бийликтин ички соода, бажы тармагы жана фискалдык төгүмдөргө жооптуу үч-төрт өкүлү кирмекчи. Квартал сайын жаңы орган өз иши тууралуу ЕЭК кеңешинде, зарыл учурда Жогорку экономикалык кеңеште отчет берет. Мындай чаралардан майнап чыгарына ынанышат серепчилер.

"Бир жагынан өлкөлөр эркин сооданын бирдиктүү аймагы болушуна кызыкдар. Баары бирдиктүү жалпы рынок түзөт. Бирок ошону менен бирге эле, албетте, мамлекеттер өз өндүрүшчүсүн коргоого далалат кылат. Талаш-тартыштын баары ушундан улам келип чыгууда", — деп эсептейт Россия Илимдер академиясынын ИМЭМО Постсоветтик иликтөөлөр борборунун улук илимий кызматкери Станислав Притчин.

Ал Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы айыл чарба продукциялары боюнча көйгөйлөрдү мисал келтирди.

"Кыргызстандык товарлардын эң жакынкы Казакстан рыногуна чыгарууга белгилүү бир чектөөлөр бар. Казак бийлиги өз өндүрүшчүсүн коргоого аракет кылып, айрым кыргызстандык товарларды сатууга тыюу салат", — дейт серепчи.

Айтымында, ыкчам комитетти түзүү — "ортодогу келишпестиктерди жое турган кадам". ЕАЭБ чек араларындагы көйгөйлөрдүн бүт топтому биримдиктин өтө тез өнүгүшүнөн улам келип чыккан деп эсептейт Станислав Притчин.

"Эгер Евразиялык экономикалык биримдик түптөлгөндөн берки азыркы интеграциялык баскычына чейинки жолду салыштырсак, Европа биримдиги бул деңгээлге жетүүгө ондогон жыл сарптаган. Алдыга озгон график менен бараткандыктан, өсүштүн да кыйынчылыктары болбой койбойт", — деп боолголойт эксперт.

Ички соода-сатыктагы көйгөйдү жоюу. ЕЭК бир катар чараларды сунуштады

Бул көйгөйлөрдү жоюу маселеси ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын кабыл алуу зарылдыгынан улам да пайда болду. Документ 19-майда эле Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында эле кабыл алынмак, бирок ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн президенттери ал толукталууга тийиштигин белгилешкен.

"Талаш жагдайларга тушуктурган көйгөйлөрдү чечүү стратегияда камтылган. Ошондуктан жумушчу топ 1-3 жылга болжонгон кыска мөөнөттүү иш-чараларга басым жасамакчы", — деп белгилейт министр ЕЭК Панкратов.

Электрондук чип коррупциялык тобокелдиктерди азайтат

Ыкчам комитеттин биринчи кезектеги милдети — дал маалында транспорттук каражаттардын орду жана кыймылына көз салган заманбап навигациялык пломбаларды киргизүү экенин белгилейт ЕЭК мүчөсү Олег Панкратов.

"Пломбалар коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле алар мамлекеттик көзөмөлдөөчү структуралар менен жүк ташуучулар бет келген учурларды да азайтат. Бул мамлекеттик фискалдык органдарга товар агымдарынын баарын онлайн режимде көз салып турууга жол ачат. Биринчи баскычта бул көп тобокел жараткан товардык агымдарга пайдаланыларын болжоп турабыз", — деп түшүндүрөт министр.

Эксперттик чөйрөдөгүлөр навигациялык пломбалар биримдикке мүчө-мамлекеттердин ортосундагы талаш маселелердин бир бөлүгүн чече аларына ынанышат.

Мигранттар которгон акчанын көлөмү май айында кескин өстү

"Азыр товарга коштомо кагазы гана бар, ал кагаз менен анын ташуу багытына көз салууга мүмкүн эмес", — деп белгилейт Притчин.

Пикир келишпестиктерди жоюуга транспорттук компаниялар үчүн мыйзам чыгаруу системасынын ачыктыгы жардамга келерин айтат саясат таануучу Дмитрий Болкунец.

"Түзөтүүлөрдү улам киргизе беришет, ал эми жүк ташуучулар алардан кабардар болбой калышы ыктымал. Бул көйгөй жаратып, мыйзам бузууга түртөт", — деген ойдо адис.

Анын пикиринде, өтө талаштуу учурларларда өлкөлөр Евразиялык экономикалык биримдиктин сотуна кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.

"Евразиялык биримдиктин сотуна анын чечимдери сөзсүз аткарылууга тийиш болгудай ыйгарым укуктарды берүү зарыл. Азыр анын чечимдери сунуш гана иретинде. Бул – мындай талаш маселелерди чечүүдөгү соңку инструменттердин бири", — дейт Болкунец.

Санкция жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген кооптуу товарлар

Азыр биримдиктин рыногу үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган кооптуу товарлардан толук түрдө корголбогонун ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко билдирген. Себеби көп учурда чет өлкөлүк өндүрүшчүгө сериялык тастыктама негизсиз эле карматылат.

"Товардын ылайык келишин баалоо боюнча органдар жана текшерүүчү лабораториялар бар. Алар процедураларды туура эмес жүргүзүп, натыйжада негизсиз документтер берилет. Комиссияны айрыкча узак мөөнөткө – беш жылга берилген сериялык сертификаттар тынчсыздандырат", — дейт Назаренко.

ЕАЭБ өлкөлөрү кооптуу товарларга каршы төмөнкүчө күрөш жүргүзөрү күтүлөт. Өндүрүмдүн төп келишин баалоого өндүрүшчүнүн өкүлү эмес, өзү гана заявка тапшыра алат. Мындан сырткары, биримдикке мүчө-өлкөдө өндүрүшчүнүн ыйгарым өкүлү сөзсүз болууга тийиш. Ал өндүрүмдүн биримдиктин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп беришине жоопкерчилик алат.

Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө канча акча жумшалды

Россияга Евробиримдиктен санкцияланган өндүрүмдөрдү ташуу да чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдөн. ЕАЭБде орток бажы зонасы бар. Россиялык рынокко европалык өндүрүмдөрдү ташууга коюлган чектөөлөргө карабай, ЕАЭБдин аймагына келген товарлардын баары эч тоскоолсуз айлана алат.

"Бул мүмкүнчүлүктү беларустук жана казакстандык ишкерлердин баары кызуу пайдаланышкан. Баштапкы багыты Казакстан же Беларусь деп көрсөтүлгөнү менен алар аягында Россиянын рыногуна чыгарылган. Кытайдан товар ташууда деле көйгөй ушул. Адатта КЭРден келген көмүскө импорт Казакстан жана Кыргызстан аркылуу бажы төгүмдөрүн кыйгап келип Россияга түшөт", — деп эсептейт Притчин.

Ушул тапта РФ рыногуна "санкциялык" ташууларды токтотуу үчүн Москвадагы транспорттук компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүү маселеси каралууда.

Белгилер:
соода, товар, документ, көйгөй, Казакстан, Кыргызстан, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК жалпы электроэнергетика рыногун түзүү боюнча иш-чаралардын жол картасын жактырды
Военнослужащий войск НАТО во время учений в Латвии

"НАТОнун иши": россиялык чек араларда эмне башталмакчы? Сереп

(жаңыланган 20:11 17.04.2021)
Крымдын чектерин абадан чалгындоо, Кара деңиздеги НАТО кемелери, масштабдык окуулар жана АКШдан Украинага жеткирилген сырдуу жүктөр...

Соңку күндөрү түндүк атлантикалык альянс Чыгыш Европада кескин түрдө активдешти. Бул Киев тарабынан Донбасска чектешкен жерге аскердик бөлүк жана техниканы алпарууга, ошондой эле өлкө ичиндеги россиялык күчтөрдү жайгаштырууга болгон реакция экенин эч ким жашырбайт. Аталган чек араларда эмне болуп жатканын Андрей Коц талдап көргөн.

Фронттун үстүнөн көз салган учкучсуздар

Донбасста кырдаал дагы курчугандан бери НАТО өлкөлөрүнүн авиациясы бул жакта көп пайда боло баштады. Чектешкен жерде дайым асмандан RQ-4 Global Hawk дрон-чалгынчылары айланып, Донбасс эл республикасы, Луганск эл республикасынын армияларынын даярдыгына көз салууда. Анан, албетте, учкучсуздар менен тартылган сүрөттөр заматта киевдик жетекчилердин столуна жетери бышык. Украина куралдуу күчтөрүнүн өзү да абадан чалгындоону активдештирген. Элдик кошуунчулар Түркиядан сатып алынган Bayraktar TB2 сокку уруучу дрондорун дароо байкашкан. Жердеги буталарга чабуул коюшкан эмес, учкучсуз аппараттардын операторлору азырынча согуштук аракеттердин потенциалдуу театрын гана изилдөөдө.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ушул типтеги алты дрону бар. Дагы кошумча аппараттарды сатып алууга келишимге президент Владимир Зеленскийдин Түркияга болгон жакындагы эле иш сапарында кол коюлган. Мындан сырткары, батыш авиациясы дээрлик күн сайын Крымдын жээктерине байкоо салат.

Кара деңиздин бейтарап сууларын британиялык жана америкалык Boeing RC135W жана Lockheed P-3Corion радиоэлектрондук чалгындоо учактары, ошондой эле P-8Aposeidon айланат. Алардын негизги милдети – Кара деңиз флотунун кемелеринин багытына баам салып, жарым аралда уюштурулган аскердик топтордун абадан коргонуу позицияларын ачыктоо.

Сырдуу жүктөр

НАТО чөлкөмдө аскердик-деңиз күчтөрүн да бекемдөөдө. Апрелдин аягына дейре Кара деңизге АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн эки ракеталык эсминеци келүүгө тийиш. Пентагондун расмий версиясы боюнча кемелердин келиши "кадыресе мүнөздө". Бирок Кремль ага карата кескин көз карашта. Бул эсминецтер элүүдөн ашуун "Томагавк" канаттуу ракеталарын ташып жүрсө да таң калып болбойт.

"Кошмо Штаттардын Кара деңизде аскердик активдешүүсү, анын ичинде кемелери байма-бай өтүүдө, — деп белгилейт Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров. — Азыр бул абдан өзгөчө өжөрлүк, агрессивдүүлүк менен коштолууда. Россия Федерациясы Украинага чектешкен жерде эмне кылууда деп суроо салышууда. Жооп жөпжөнөкөй, биз ал жакта жашайбыз, бул биздин өлкө. Украинада НАТОнун алкагында ар кандай иш-чараларды уюштурган аскер кызматкерлери кемелери менен Кошмо Штаттар бул аймактарда – өз территориясынан миңдеген чакырым аралыкта эмне кылып жүрөт? Бул соболубуз жоопсуз калууда".

Ушундай эле дагы бир бүйүр кызыткан суроого жооп боло элек: Киевге АКШнын аскердик-аба күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учактары ташып жаткан жүк эмне? Адистер FlightRadar интернет-сервисинин көрсөткүчтөрүнө көңүл бурушат, анда "АКШ, Германия жана Прибалтикадан учуп чыккан америкалык C-17 жана C-130 Борисполь аэропортуна конуп, жүгүн түшүрүп, кайра учуп кетип жатышканы" боюнча маалымат камтылат. Аскердик эксперт Алексей Леонковдун пикиринде, Украинага Вашингтон радиоэлектрондук күрөш комплекстерин жеткирүүдө, бул Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн тез арадагы чабуулунан кабар бериши мүмкүн. Ал АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн "Чөлдөгү бороон" операциясындагы тактикасын мисалга келтирди. Ошондо жаңжалдын алгачкы күндөрү америкалыктар Саддам Хусейндин армиясына көз ачырган эмес.

Ушундай эле версия Донбасс эл республикасынын жетекчилигинин жакындагы эле билдирүүсүндө да кездешет. Анда аймакка аскердик техникалардын жапырт алып келинип жатканын жашыруу үчүн украиналык күчтөр ЕККУ (Европа коопсуздук-кызматташтык уюмунун) миссиясынын учкучсуздарынын башкаруу каналдарын жана GPS датчиктеринин сигналдарын басаңдатып жатканы айтылат. Анткен менен Россия да буга кол куушуруп отуруп калбайт.

"Эгер кырдаал курчуп кете турган болсо, албетте, биз өзүбүздүн жана жарандарыбыз кайда жүрүшпөсүн, коопсуздугун камсыздай турганыбыз шексиз, — деп белгилейт Россия ТИМ орун басары Сергей Рябков. — Мындай болжолдуу тирештин кесепетине жоопкерчилик толугу менен Киевде жана анын Батыштагы кураторлорунда болот. АКШга да биз Крымдан, Кара деңиздеги биздин жээктерден алыс турууну эскертебиз. Бул алардын өзүнө эле жакшы".

Машыгууларга даярдык

Россиялык чек араларга жакын батыш өлкөлөрүнүн күчтөрүнүн активдешүүсүнүн дагы бир себеби — НАТОнун Defender Europe 2021 машыгууларына даярдыгы. Ал келерки айдын ортосунда башталат. Окуулардын уламышына ылайык, НАТОнун күчтөрү Калининград областын алып, Россиянын батыш областтарын бөгөттөп, ошондой эле "орустардын жапырт чабуулунун" мизин кайтарышмакчы.

Мурдагы жылдардагыдан айырмаланып быйыл Чыгыш эмес, Түштүк Европага өзгөчө көңүл бурулат. Машыгуулар Черногория, Косово жана Албанияда өткөрүлмөкчү. Болгария жана Румынияда абадан коргонуу жана "жер – жер" классындагы ракеталар менен атуу боюнча машыгышат. Ал эми Венгрия бекем тыл болмокчу. Бул жылкы аскердик окууларга украиналык аскер кызматкерлери да катышат.

Америкалыктар Европага бир топ күчтү, анын ичинде 1-кавалериялык жана 82-аба-десанттык дивизиянын бөлүктөрүн алып бармакчы. Атлантика аркылуу ар кыл багыттагы аскердик техниканын жүздөгөн бирдигин жеткирет. Булардан сырткары Флорида штатынан 53-пехоталык бригадасын да катыштырат. Мурдагы машыгууларда адат болуп калгандай эле бул ирет да куралдардын бир бөлүгүн америкалыктар Европада "унутуп калары" ажеп эмес. Адистердин көз карашында, Пентагон ушундай амал менен жыл сайын чөлкөмдө чабуул коюу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүдө.

АКШнын Европадагы Кургактагы күчтөрүнүн расмий сайтында жарыяланган пресс-релизде быйылкы окуулар АКШнын НАТОдогу союздаштары жана өнөктөштөрүнүн ортосундагы стратегиялык жана ыкчам даярдыкты жана өз ара аракетти жогорулатууга багытталганы айтылат. Машыгуулар үчүнчү өлкөлөргө коркунуч туудурбай турганы баса белгиленет. Бирок Defender Europe 2021 окууларынын Россияга каршы күн тартиби айдан ачык.

Үч тараптуу байланыш тобундагы Украинанын спикери Алексей Арестович бул туурасында "окуунун маңызы Балтиядан Кара деңизге чейинки аймакта Россия менен согушка машыгууда" экенин ачык эле билдирген. Буга жооп катары Россия менен Беларусь сентябрда "Батыш – 2021" окууларын өткөрөрү турулуу иш. Мурда Беларусь коргоо министри Виктор Хренин билдиргендей, "чогуу машыгуулар жогорку урбанизацияланган жерлерде бирдиктүү штурмдук бөлүктөрдүн биргелешкен аракеттеринин жаңы ыкмаларын сыноого", ошондой эле "курал жана техниканын жаңы жана заманбап үлгүлөрүнүн майнаптуулугун баалоого" мүмкүндүк берет.

РФ коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, азырынча аталган өлкөнүн батыш чек араларына аскердик даярдыгын текшерүү алкагында эки армия жана аба-десанттык күчтөрдөн үч бирикме жеткирилген.

Белгилер:
Аскер, курал, Донбасс, Украина, машыгуу, Пентагон, чек ара, Россия, АКШ, НАТО
Тема боюнча
"Циркон" Россиянын жээктеринен батыш кемелерин "кубалады"
"Чогуу жооп беребиз". НАТО Россиядан сырткары кимден кооптонот?
Көчөдө бараткан кыз. Архив

Кабар алып туралычы! Эже-карындашына кайдыгер ага-инилерге кайрылуу

Аялдарга карата зордук-зомбулук коомдогу эң көйгөйлүү маселелердин бири бойдон калууда. Колумнист Мирбек Сакенов кыздарды зомбулуктан сактоодо ага-инилердин ролу тууралуу ой толгоду.

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин оюмдан бир нерсе такыр кетпей койду. Кыздын жакындары "ала качкан киши Айзаданы меники болбосоң, апаңды өлтүрүп кетем, апаң экөөң жалгыз экенсиң" деп коркутуп жүрүптүр деп айтышты. Кыязы, зөөкүр "мунун сурап алары жок" дегендей мамиле кылган окшойт.

Бирок азыркы күндө атасы, ага-инилери бар кыздар деле башына кыйынчылык түшкөндө таянарга тоо таппай калган учурлар болуп жатат.

Бала кезден чогуу ойноп, чогуу чоңойгон көчөлөш баланын карындашы Жибектин (аты өзгөртүлдү — ред.) окуясын айтып берейин. Биз жогорку класстарда окуп жүргөндө Жибек мектеп босогосун жаңы аттаган, чачына ак бантик тагынган секелек болчу. Агасы экөөбүз малга барсак дагы, көлгө түшсөк дагы артыбыздан калбай жүрүп, мага өз карындашымдай болуп калган. Алысыраак жерге барсак, кичинекей неме чарчаганын көрүп, алмак-салмак аркабызга көтөрүп келчүбүз. Алма-өрүк жесек, ага эң кызылын, эң даамдуусун алып берчүбүз...

Кийин жашоо ар кимибизди ар кайсы жакка таратты. Эки жыл мурда үйдөгүлөр кошунанын кызы Жибек турмушка чыкты деп калышты. Көрсө баягы кичинекей кыз бойго жетип, Бишкектеги окуу жайлардын биринде 2-курста окуп жүрүптүр. Апам "ал зээндүү, токтоо кыз болуп чоңойгон. Анысына кызыккандар куда түшүп келе берип, ата-энеси бир таанышынын уулуна күйөөгө берип коюшту" деди.

Ошол бойдон аны деле унутуп калыптырмын. Бир күнү Бишкектен Жибектин агасы, баягы айылдык досумду жолуктурдум. Шаарда турат экен, үй-бүлөлүү, иштеген иши бар, айтор, жашоосу дурус экенин айтып отурду. Балалыкты эстеп, аркы-беркини сүйлөшүп отуруп Жибек эсиме түштү.

"Турмушка чыкты деп уктум эле, көнүп кеттиби, балалуу болдубу?"деп сурадым. Ал "жакшы, жакшы" деп башын ийкеп койду да, сөздү башкага бурду. Чынын айтсам, мен Жибек тууралуу сүйлөшкүм келген. Анткени ал биздин бала кездеги достугубуздун ажыратып алгыс бир бөлүгү болчу.

Мен анын ой-боюна койбой эле карындашы тууралуу сурап туруп алдым, күйөө бала эмне иш кыларына кызыктым. Аягында өзү ыңгайсыз болуп кетти окшойт, "мен аны менен көп деле сүйлөшпөйм, жеңеси сүйлөшөт" деп айтты.

Арадан дагы бир нече ай өтүп кеткен. Бир күнү апам шаарга келди. Айыл-апа, кошуна-колоңдор тууралуу сүйлөшүп отуруп, "коңшубуз небересин багып жатат, кызы Жибек жолдошу менен ажырашып кеткен. Бир жашка чыга элек уулун таштап, Россияга иштегени кетти" деп кейиди.

Көрсө Жибектин күйөөсү чоң муштум чыгып, кош бойлуу кезинде кол көтөрчү экен. Атасынын таанышына келин болгон байкуш кыйналганын айта албай жүрүп, бир ирет өз жанын кыюуга аракет кылыптыр. Атургай окуяга милиция аралашып калгандыктан, ал тууралуу жаңылыктарга дагы чыккан экен.

Бул жерде эмнени айткым келет? Жаш кыздын ушундай тагдырга туш болушуна, албетте, көп кишинин күнөөсү бар. Бирок эмне үчүн агасы жаңы турмушка аттанып, жашоосунун өтө маанилүү, жоопкерчиликтүү, морт учурунда ал-жайын сурап, колдоо көрсөтүп койбойт деген ой мээмен кетпей койду.

Жеңеси сүйлөшүп жатат дейт. Жеңенин орду башка да. Менимче, кыз кишиге агасынын "Коркпо, мен бармын!" деген сөзү бир топ дем-күч берет.

Жигиттер, аялзаты табиятынан назик, коргоого, колдоого муктаж аяр жан. Кыз-келиндер жашоодо канчалык күчтүү, ийгиликтүү болбосун, кээде өзүн алсыз сезип ага-инисине таянгысы келет. Аларга эркелеп майда-барат маселелерин айтып, жок дегенде колдоо, мактоо сөздөрүн уккусу келет. Ошондой учурда агалар өзүбүздүн эч нерсеге арзыбаган сөзүбүздү, убактыбызды бөлүүгө жарабай жатабыз.

Окуганы же иштегени кеткен карындаштарыбыздан кабарыбыз жок. Алардын каякта окуп, ким менен жатаканада жашап, кандай адамдар менен мамиле куруп жатканына кызыгып да койбойбуз. Ата-энесинин камкордугунан бир нече чакырымга алыстаган секелек кыздарыбызды турмуштун тегирменине жалгыз таштап коюудабыз.

Турмушта жолу болбой ажырашып, бала-бакырасы менен ара жолдо калган жакындарыбыздан качып калдык. Адамдын көңүлүн ооруткан, кейиткен ушундай окуяларга көпчүлүгүбүз күбө болуп жүрөбүз. Ошол учурда аялзаты ээн талаадагы сормо сазга түшүп калган чаарчыктай тыбырчылап жатып күчтүүлөрү чыгып кетип жатат. Алы жогучу?..

Кээде эркектердин алсыздыгына, кайдыгерлигине көзү жеткенде өз арабасын өзү согуп, эч кимден жардам күтпөй, турмушун улантууда.

Жигиттер, бизди Жараткан күчтүү кылып, аялзатын коргосун деп жараткан. Апабызбы, эже-карындашыбызды, жубайыбызды, кыздарыбызды калкалашыбыз керек.

Белгилер:
көйгөй, жардам, кыз, Кыргызстан
Тема боюнча
Мамашова: Айзада чиновниктин эмес, жөнөкөй адамдын кызы болгону үчүн өлдү
Уурдалып, киши колдуу болгон Айзаданын окуясы боюнча жаңы жагдайлар айтылды
Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты

Бишкектин борбордук аянтында кайрадан митинг өтүүдө. Видео

(жаңыланган 14:33 19.04.2021)
Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар Кыргызстанга Абхазия өлкөсүнөн келген унааларды мыйзамдаштырууну талап кылышууда.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар адегенде бир убакта сигнал басып, Садыр Жапаровдун жолугушууга чыгышын талап кылышкан. Милиция ызы-чуу чыгарууга жол берилбей турганын айткандан кийин чогулгандар Өкмөт үйүнүн парад өтүүчү жагына барышкан.

Нааразычылыкка чыккандар Кыргызстанга ташылып келинген абхазиялык номер тагылган автоунааларды мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты. Алардын алдына өкмөттүн өкүлү чыгып, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Абхазиядан алынган унааларга байланыштуу чуу

Кыргызстанда Абхазиядан алынган унааларды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Себеби мындай унаалар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен алып келинген. Болжол менен онго жакын машина айып короого токтотулган.
Мындан улам Ала-Тоо аянтында жана өкмөт үйүнүн алдында Абхазиянын номери тагылган унаалардын ээлери митингге чыгышты. Алар Республикага буга чейин кирип кеткен автолорду мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышууда. Айдоочулар буга чейин эскертүү берилбегенин билдирип, нааразы болушту. Митингчилер унааларын насыяга алгандар бар экенин, айрымдары такси айдап үй-бүлөсүн багарын айтышты.

Өткөн аптада Экономика жана финансы министрлиги абхазиялык номер тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн экенин эскерткен

Белгилер:
талап, унаа, номер, Абхазия, митинг
Тема боюнча
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн