Вашингтон Европаны чындап жазалоого белсенди

© AFP / PHILIPPE HUGUENФлаг Евросоюза
Флаг Евросоюза  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий баяндамачы Иван Данилов Евробиримдик АКШнын "каарына" суверенитетке ээ болуу аракети үчүн калып жатканын айтат.

Facebook, Google жана Amazon сымал IT үлкөндөрү менен начар мамиледе болгонуна карабастан Дональд Трамп америкалык корпорацияларды европалык салыкчылардан коргоо үчүн Кошмо Штаттар менен Евробиримдиктин ортосундагы трансатлантикалык тилектештик жана ак ниеттүүлүктүн калдыктарын да курмандыкка чалууга даяр экенин көрсөттү.

Бир топ жылдан бери бышып-жетилип калган жаңжал ушул тапта миллиарддаган долларга жыга турган каржылык сокку урууларга алып келди. Евробиримдик америкалык корпорацияларды жарга такагысы бар. Алар ондогон жылдардан бери Европа биримдигинин аймагында салык төлөбөстөн иштеп келишкен. Ал эми Кошмо Штаттар минималдык фискалдык суверенитетке ээ болуу аракети үчүн Евробиримдикти жазалоого киришти.

Трамптын командасына баа бербей кое албайсың, себеби алардын кек алышы кыйла даректүү. "АКШнын европалык колонияларында" иштеген америкалык IT бизнес салык төлөөгө тийиш деген оюн ортого салууга дааган, эркиндикке карай европалык умтулуунун авторун атап, дароо каршы жооп кайтарылды. "Google, Facebook жана Amazon корпорацияларынан салык алууну" демилгелеген киши Франциянын президенти, Европаны дүйнөлүк күч уюлу катары калыптандыруу жөнүндө кеп кылгандан жадабаган Эммануэль Макрон болуп чыкты. Ак үйдүн каарына калган компаниялардын тизмеси Елисей ордосун болушунча чайпалткыдай түрдө түзүлгөн.

АКШ Сирияны колдоого алган Россия менен Кытайды жазаламай болду. Видео

Американын каржылык CNBC телеканалы: "Франциялык үлкөн компаниялардын акциялары бул категориядагы айрым товарларга АКШда жогорку тариф бекитилери боюнча жарыяланары менен арзандап кеткен. Келерки жылдын январь айынын аягынан тарта күчүнө кире турган жаңы тарифтерге ылайык, АКШнын Соода өкүлчүлүгү (Тышкы соода мамилелери боюнча федералдык агенттиги – ред. тактоосу) Франциядан мындай товарлардын импортунан 100 пайызга чейинки төлөм жыйнай алат. Болжонгон сумма (жаңы тарифтерге камтылчу импортко таандык — ред. тактоосу) 2,4 миллиард долларды түзөт. Франциялык акциялардын арзандашы Louis Vuitton, Hennessy, Hermes, Christian Dior, Gucci, Yves Saint Laurent жана Balenciaga ээлик кылган ири компанияларын солгундатат", — деп билдирет.

"Жүз пайыз — бул өтө көп. Бул тариф эмес. Жүз пайыз дегени – бул айып пул", — деген пикирин билдирген Chanel үйүнүн президенти Бруно Павловский америкалык The Wall Street Journal басылмасына. Америкалык аткаминерлердин бул окуяларга карата өз версиялары бар экенин белгилей кетели. Алар чындап келсе булардын баарына Евробиримдиктин аймагындагы дал америкалык компанияларды жок кылгысы келген Макрон күнөөлүү дегенден артка кайтышпайт. Мындай айыптоо мекенчил маанайдагы америкалык маалымат каражаттарынын да шектенүүсүн жаратууда.

Борбор Азия жана Кавказга биолаборатория курууда АКШнын көздөгөнү эмне?

"Кошмо Штаттар француз салыгынын түзүлүшү Facebook, Google жана Amazon өңдүү америкалык интернет ишканаларына багытталган деп эсептейт. Анткен менен бөлөк өлкөлөр да өз рынокторунда миллиарддаган доллар киреше тапкан фирмалардан салык алуунун жолун табууга улам ашыгып келишет", — деп маалымдайт Politico басылмасы.

Трамп тараптан өч алуу инструментин тандоо, балким, "франциялык люкс" инвесторлор ишенимдүүлүктүн аралчасы жана "мээлүүн жай" деп саналгандыгына байланыштуу болушу мүмкүн. Алар өтө бардар керектөөчүлөр менен гана иш алып барган франциялык компаниялар коронавирус эпидемиясынын, соода согуштарынын таасиринен мыкты корголгон деп боолголоп келишкен.

Эпидемия менен күрөшүүгө сүңгүгөн Франция терең экономикалык туңгуюктан улам люкс классындагы компаниялар жарык нуру жана үмүттүн шооласы, ошондой эле салттуу өнөр жай тармагында Германия же Кытай менен атаандаша албаса да, эл аралык аренада кандайдыр атаандаштык артыкчылыгынын символу катары каралып келген.

Россияны дүйнөгө жаман көрсөткүсү келгендер "кой терисин" жамынганбы?..

Бул символду тебелеп-тепсөө, иш жүзүндө аталган компаниялардын америкалык рынокко киришине бөгөт коюу – эгер франциялык президенттин администрациясын коркутуп коюуга, жалпы европалык салык саясатына таасир этүүгө багытталган болсо, жакшы амал.

Француздар чечиминен кайтпай, америкалык компанияларга салык киргизиши (куру дегенде эле улуттук деңгээлде) мүмкүн, бирок немис аткаминерлери мындай түрдөгү жалпы европалык салыкты киргизүүнү колдору күмөн. Алардын, маселен, немис автомобилдерине 100 пайыздык тариф алууга тобокелге барышы арсар.

Экинчи жагынан, кеп мында жеке экономикалык жаңжал туурасында. Бул – көбүнесе европалык саясатчылардын өздөрүнүн макамы жөнүндөгү талаш сымал. Иш жүзүндө тигил же бул аймакка таандык экенин көрсөтүп турган аныктоочу фактор – жергиликтүү бизнесмендердин кимге салык төлөрү жөнүндөгү маселе.

АКШнын Кытайга карата кытмыр планы: пандемиядан улам ачылган көшөгөлөр

Кимдин мындай салыкты киргизип, жыйноого акылуу болсо, ошол белгилүү аймактагы бийлик ээси болуп саналат эмеспи. Тарыхта кай бир чет өлкөлүк көпөстөр же ишкерлер белгилүү бир өлкөдө төгүмсүз жана салыксыз соода же кызмат көрсөтүү укугуна ээ болгон учурлары болгон. Бирок андай көрүнүштөр ал согуштан жеңилип же аскер күчтөрүн колдонуу коркунучу менен кандайдыр көз карандылык шарттарына кол койгон учурларда гана орун алган. Америкалык компаниялар шарттуу Франциянын онлайн жарнама жана интернет соода рыногунда үстөмдүк кылган оюнчуга айланып, француз ишканаларынан миллиарддаган евро таап (аны менен бирге каалаган француз бизнесин кеминде эле аларды интернетте натыйжалуу жарнамалап же өз товарын сатуу мүмкүнчүлүгүнөн арылтып коюу менен эле "кыйратып кое алгыдай" күчкө ээ), бирок франциялык бюджет бул жагдайда бир да тыйын ала албаганы – Франция мында толук экономикалык суверенитетке ээ эмес экенин туюндурат. Үч пайыздык жупуну салыкты киргизүү чечимин бюджетти толуктоо каалоосу гана эмес, экономикалык көз карандылыгын калыптандыруу аракети десек болот.

Францияны жазалоо боюнча Трамптын администрациясынын аракеттерин АКШнын Республикалык да, Демократиялык партияларынын өкүлдөрү да колдоп чыкты.

Мурдагы коркутууларга Франция бийлиги, ал түгүл Германиянын өкүлдөрү артка кетенчиктебестен, көз карандысыз экономикалык саясатты киргизүү укугун коргоого даяр экенин көрсөтүшкөн.

"Баррели миң доллардан": америкалык план мунай рыногун "муңайтышы" ыктымал

Эгер кырдаал дале бул сценарий менен улана берсе, анда АКШдагы күзгү шайлоодо кимдин утканына карабай, Вашингтон — Париж жана Вашингтон — Берлин мамилеси бузулгандан бузула берчүдөй.

Эгер жакынкы келечекте Chanel атырын же Hermes сумкасын америкалык керектөөчү аткезчиликтин арты менен гана сатып ала алса, анда европалыктар америкалык социалдык медиа булактарына альтернатива издөөгө аргасыз болуп калышы ажеп эмес. Экономикалык деглобализациянын тамырлары турукташып калган эл аралык байланыш "асфальтын" жарып чыгып жаткандай.

Ааламдашкан экономиканын азыркы тутумуна ичи чыкпаган өлкөлөр үчүн бул – өткөндүн каталарын оңдоп, деглобализацияланган келечекте ыңгайлуу ордун камсыз кылууга соңку жана урунттуу мүмкүнчүлүгү.

Жаңылыктар түрмөгү
0