"Акыр заманга кадам". АКШ СНВ-3 келишиминен чыккандан кийин эмне өзгөрөт

© AFP / CLAYTON WEARИспытание межконтинентальной баллистической ракеты Minuteman III в США
Испытание межконтинентальной баллистической ракеты Minuteman III в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров белгилегендей, Ак үй СНВ-3түн чабуул койчу стратегиялык куралынын санын азайтуу боюнча келишимди узартпоону чечкендей.

Бул эки өзөктүк державанын аскердик күчүн ооздуктап турган акыркы документ. Эл аралык коопсуздук системасынын бүлүнүшү жалпы дүйнөгө кандай зыян тийгизерин РИА Новости талдап көрдү. 

Кытайды кошуу

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ТИМ башчысы Сергей Лавров СНВ-3түн узартылбай калышынан улам ызы-чуу түшүүгө негиз жок экенин белгиледи. Анын айтымында, Россия өз коопсуздугун аталган документсиз эле коргоп алат. Ошентсе да бул макулдашуу өтө маанилүү болчу. СНВ-3 Россия менен АКШнын президенттери Дмитрий Медведев жана Барак Обама тарабынан 2010-жылдын 8-апрелинде түзүлгөн. Документ 2011-жылдын февралында күчүнө кирип, мөөнөтү 2021-жылы аяктамак.

"Посейдон" сыноодон өтүүдө: Батыш мүнөздөгөндөй "кыямат күндүн торпедасыбы"?

Макулдашууда Россия менен АКШнын арсеналындагы өзөктүк дүрмөттүн санын 1550 бирдикке, континенттер аралык баллистикалык ракеталардын, суу алдынан жүрчү кемелердин баллистикалык ракеталарынын, оор бомбардирлердин санын 700гө чейин кыскартуу каралган. СНВ-3 документине СНВ-1дин мөөнөтү бүткөндөн туура бир жыл соң кол коюлган. Алгач анын узартылышынан эч ким күмөн санабаса, Дональд Трамптын келиши менен кырдаал кескин өзгөрүп кетти.

СНВ-3түн мындан ары узартылышы үчүн америкалык лидер макулдашууга Кытайды кошуу шартын айтып отурат. КЭРдин Тышкы иштер министрлигинин куралды көзөмөлдөө боюнча департаментинин директору Фу Цун мындай талап Кытай өзөктүк арсеналын АКШнын деңгээлине жеткиргенде же Вашингтон өзүнүкүн кыскартканда гана аткарылышы мүмкүн экенин белгиледи. Пекин башка варианттарды караган да жок, анткени алардын баарында стратегиялык потенциалдагы айырмачылыктар эске алынган эмес.

Москва Вашингтон коюп жаткан дагы бир шартка макул болбой жатат. Июлдун башында АКШ президентинин куралды көзөмөлдөө боюнча атайын өкүлү Маршал Биллингсли "Буревестник" ракеталарынын жана "Посейдон" дрондорунун долбоорун "коркунучтуу" деп атап, СНВ-3түн чектөөлөрүнө дал келбегендиктен аларды жабууну сунуштаган. Америкалыктар буга чейин деле Россия чыгарган жаңы куралдарды чектөөнү айтып келген.

"Армата" экспортко чыгат: россиялык жаңы Т-14 танкын биринчи ким алат?

"Мунун баары АКШнын дүйнөлүк лидерликти сактап калууга өзөктүк шантаждан башка рычагы калбай баратканын айгинелейт. Экономикалык жактан айрым тармактар боюнча Кытайдан, аскердик технология боюнча Россиядан артта калууда. Ушундан улам жаңы ачылыштарды жасоодон баш тарттырышмакчы. Биз бул капкандан кыйгап өтүшүбүз керек", — деди аскер илимдеринин доктору Константин Сивков.

Солк этпеген позиция

Сергей Лавров Россия АКШдан макулдашуунун мөөнөтүн узартууну суранбай турганын айтты. Министр америкалыктар менен СНВ-3түн алкагында россиялык өндүрүштөн чыккан эки жаңы стратегиялык системанын санын азайтуу маселеси талкууланганын белгиледи. Мында кеп "Авангард" деп аталган гиперүндүү аскердик блоктор жана "Сармат" аталышындагы континеттер аралык баллистикалык ракеталар тууралуу жүрүүдө.

Россиялык "Циркон" Дүйнөлүк океандагы нукту өзгөртөт. Ага каршы курал жок

"Ал эми калган үч система (Буревестник, "Посейдон", "Циркон") СНВ-3түн бир да категориясына кирбейт. Бирок биз макулдашууда каралбаган куралды да талкуулоого даярбыз", — деди Лавров.

АКШ буга жооп кылып, сүйлөшүүгө шыр эле макул боло калбаса керек. Вашингтон "Же силер биздин айтканыбыз менен болосуңар, же биз макулдашуудан чыгабыз" деген талабын канчадан бери айтууда. Бирок Россиянын да, Кытайдын да улуттук кызыкчылыктан кечип Американын мындай шартына көнчү түрү жок. Адистердин айтымында, СНВ-3тү узартуу дээрлик мүмкүн болбой калды. Бул эл аралык коопсуздук системасы түп тамырынан бери өзгөрөт деген сөз.

Сандан сапатка карай

"Арсенал Отечества" журналынын редактору Виктор Мураховскийдин айтымында, аскердик тармакта эл аралык коопсуздук системасы дээрлик жок экенин моюнга алуу керек.

"Система СССР менен АКШнын, кийин Россия менен АКШнын макулдашуусунун негизинде кармалып турган. Бул ПРО, РСДМ, өзөктүк сыноого таюу боюнча документтер эле. Аларды америкалыктар ратификациялаган эмес. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча макулдашуу да АКШнын аракети менен жок болду. Кансыз согуштун курч кырдаалдарында кылдаттык менен негизделип түзүлгөн система Вашингтондун демилгеси менен кыйрады", — деди адис.

Эксперт азырынча иштеп жаткан СНВ-3төн тышкары Ракета технологияларын көзөмөлдөө режими боюнча макулдашуу гана калганын белгиледи. Бирок бул документти да америкалыктар өзүнө карап ыңгайлаштырып алууга аракет кылып жатат. Июнда "Рейтер" агенттиги аскердик өнөр жай комплексиндеги жана өлкө жетекчилигиндеги маалымат булагына таянып, Ак үй келишимдин жоболорун карап чыгууга даярданып жатканын жазган. Бул пилотсуз учуучу учактарын башка мамлекеттерге сатуу үчүн жасалмакчы. Мындай кадам бөлөк мамлекеттерге жагары күмөн.

Дүйнөдө Т-15 "Арматанын" теңдеши жокпу? Cууга чөкпөс, отко күйбөс курал

"Баарын кайра башынан түзүп, курап чыгууга туура келет. Бул маселени талкуулоо үчүн биздин президент БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн жолугушуусун демилгеледи. Балким, чектөө болбосо да өзөктүк куралды көзөмөлдөө тууралуу бир пикирге келишээр. Бирок Вашингтондун саясаты менен позициясы бул ойдон да баш тартууга мажбурлап жатат", — деди Мураховский.

Эксперт эми Россия менен АКШ куралынын саны боюнча эмес, ушул тармакта мыктылыгын көрсөтүү үчүн катуу кармашат деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0