Вашингтондо АКШ желегин көтөрүп бараткан киши. Архивдик сүрөт

"Орустар максатына жетти": дүйнөлүк тоталитардык держава курулду

167
(жаңыланган 10:26 03.12.2020)
Алдыдагы төрт жылда Америка Кошмо Штаттары Россияны эмне үчүн жазалай тургандыгы белгилүү болду. Бул — түз болбосо да кыйла түшүнүктүү жагдай.

"Россия сегодня" эл аралык агенттигинин адистери тарабынан ("Осьминог 3" деген жашыруун аталышта) жарым жыл аралыгында америкалык белдүү он маалымат каражатында РФ аталган же ал туурасындагы макала-материалдар талданды. Натыйжада америкалык медиа чөйрөдөгү, демек, америкалык саясаттагы Россия жаатындагы контекст жана ал аткарган роль эми түшүнүктүү. Россияга карата мамиле, ошону менен бирге эле келечекте көрүлө турган аракеттер да болжолдуу түрдө айкын болуп калды. Дал ушунун тегерегинде РИА Новости ой калчаган. 

Кубанычтуу кабар: РФ америкалык маалымат каражаттарынын эсинде, аны жактырышат, 2016-жылга караганда көбүрөөк эстешет (макалаларда РФ ошол кезге салыштырмалуу чейрек эсеге көп айтылат). Ошол убакта "орус бейжайлыгы" жетер чегине жеткендей көрүнгөн.

Бир аз кайгылуу кабар: былтыр (2019-жылдын күз айларынан берки материалдар менен таанышууну чын дилден сунуштайбыз) мурдагы түрмөктөн эч нерсе өзгөргөн эмес. Быйыл 1-августтан 15-ноябрга чейинки Россияга тиешелүү 1227 материал арасында жагымдуу маанайда болгону жокко эсе. Бейтарап деп баалоого мүмкүн болгон макалалардын саны 46ны (мисалы, "орустар Трамптын жеңиши жөнүндө жаман хештег башташкан эмес", "жок, орустар шайлоонун жыйынтыгына таасир этишпептир", "орустар шайлоого кийлигишүүнү моюнга алышкан жок" деген өңдүү) же жалпы макалалардын төрт пайызын түзөт. Калган 96 пайызы — бул кайталоо да эмес, тек гана максаттуу аудиторияга баягы эле: "орустар шайлоого кийлигишүүдө, орустар социалдык медиада аң-сезимиңерди талкалап жатат, орустар Трампты чөктүрүүдө, орустар жалган маалыматты таркатууда" деген темаларды кайра-кайра сиңирүү аракети.

Кыязы журналисттер жана редакторлор кабинеттеринде же аралыктан отуруп алып эле өз аудиториясына кызыгуусун өлчөп да койбостон, суткасына беш ирет эптеп эле бир нерсе айтып калууга далбас ургандай болушкан. Маселен, CNN — 106 күндө 570 материал жазууга үлгүргөн.

Адатта төмөнкүдөй темалар камтылат:

  • Путин Трамп бурадарын колдоого алып, биздин шайлоого кийлигишүүнү самайт;
  • Россия биздин шайлоону үзгүлтүккө учуратууну улантат;
  • Россиялык троллдор аудиторияга таасир этүүдө;
  • Социалдык медиа орус хакер жана троллдорунун ишмердигин жетишсиз көзөмөлдөөдө;
  • Трампка добуш берүү менен күңүрт лорд Путиндин көрсөтмөсүн аткарасың ж.б.

Мунун албетте Россияга эч тиешеси жок, болгон да эмес. Бул – ар тараптуу өнүгүүдөн өтө өксүк жана тынымсыз электоралдык циклдеги массанын өлкөсү болгон АКШнын ички медиа турмушунун элементи.

2020-жыл күчкө толуп турган демократияга жаңылык киргизди: Facebook жана Twitter сыяктуу үлкөн социалдык аянтчалар өз көзөмөлүндөгү медиа мейкиндикти демократтардын талапкери Жо Байдендин пайдасына тизгиндеди. Башкача айтканда, жалган маалымат деп баалаган сайын, тагыраак, 65 ирет Трамптын оозун жап кылышкан. Мындай кадамга Байдендин бүлөсүнүн Украинадагы кылыктары туурасында жазылган эң белгилүү маалымат каражаттарына карата да жасалган. Бул багытта Twitter менен Facebook биргеликте жемиштүү иш алпарышты. New York Post басылмасына жарыяланган кенже Байдендин жоруктары туурасында демократ шайлоочулардын көпчүлүгү билбей деле калышты. Маалыматтык XXI кылымдын тоталитардык державасынын курулушуна күбө болуп жаткан элек, ал дагы алдыбызда токтоду.

Медиа мейкиндикти колго алган державалар бир эле убакта элес жаратып, ал эми демократтардын колдоосу сыйкырдуу түрдө 14 миллионго өскөндөн кийин шектенгендердин добушуна тыюу салууга киришти. Аны менен тим калбай "шайлоодо мыйзам бузулган жок, Трамп калп айтат, трампчылардын дооматтары да жалган" дегенге өтүштү. Башка эмне дей аласың буга.

Албетте, РФ АКШ президентинин администрациясынын мындан аркы аракеттерине эч кандай таасир эте албайт. Биринчиден, Америкада эч кандай "россиялык кызыкчылыкты көздөө" жок, болгон да эмес ( айрыкча республикачылардын арасында эч убакта андай көрүнүш жок. АКШда эң "россиялык" деп саясий ишмер катары Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Тулси Габбард эсептелчү. Россияны жазалабоого чакыра коем деп "орус активи" атыгып калган).

Экинчиден, Россия туурасында АКШнын саясий да, медиа же кайсы тармактагы каймактары болбосун, он жылдай убакыттан тарта Россия жөнүндө эч нерсени билбей деле турганын түшүнүү керек.

Америкалык саясатчылардын эч бири РФке каттабайт, алардын эч кимиси Москва, Питер, Екатеринбург, Сибирь жана Камчатканы көргөн эмес. Эч бири БУУдагы алдын ала даярдалган кезектеги сессиясында гана россиялык дипломаттардан тышкары орустар менен эч качан көрүшкөн эмес. Россия жөнүндөгү бардык маалыматтар алар өздөрүнө ыктаган оппозиционерлер (Путин ууландыргандан кийин керемет менен аман калган) аркылуу алышат.

Бирок албетте, бул да алардын көңүл чордонунда: бардык ички душмандары азыр ички өз улутуна топтоштурулган, биринчи кезекте дал ошолор менен күрөшөт. Жакшы жаңылык дегенибиз мына ушунда. Жогоруда саналган себептер боюнча РФке каршы аракеттенүү жана жазалоонун эң оор ыкмалары колдонуларын боолголоонун кажети жок. Ушул тапта ал жакта медиа-саясий олигархия утту. Ал өзүнүн башкы душманы катары ички атаандаштарын карайт.

Ызы-чуусу толтура, бирок натыйжасыз ыкмалар менен жеңилүү да бар. Бирок бул Россиядагы "Түндүк агым – 2" сымал ири долбоорлорго коркунуч туулбайт дегенди туюндурбайт. Анткен менен кооптуулук күч алып барат дешке да негиз жок.

Албетте, РФти башкалардын кыртышы сүйө бербейт (балким жек көрүшөт чыгар. Керек болсо дүйнөлүк гегемонду жарым саатта жок кылууга жөндөмдүү планетанын жападан жалгыз өлкөсүнөн башка эмнени күтүшмөк эле).

Бирок тоталитардык, "жеке кишинин колундагы бийлик" же "демократиялык" болобу, кадимки мамлекеттик түзүлүштөн дайым негизги душмандарын өз ичинен издеп, өз катарынан табат. Андыктан сабыр кылуудан башка арга жок.

167
Белгилер:
Дональд Трамп, саясат, Медиа, Россия, АКШ
Тема боюнча
АКШга бөгөт болгон россиялык моряктар: Петр Великий куймасындагы чагымчылдык
Демократияны алгачкылардан болуп Европа кыйратабы? Абалга сереп
ЖККУ мамлекеттеринин машыгуулары. Архив

ЖККУ машыгууларынын зарылдыгы. Быйылкыга эмнелер пландалган?

70
(жаңыланган 00:04 01.03.2021)
Эл аралык терроризм коркунучу жана НАТОнун деструктивдүү аскердик активдүүлүгү күчөп турган шартта Жамааттык коопсуздук келишим уюму коргонуу дараметин жогорулатып, биргелешкен машыгууларды байма-бай өткөрүп келет.

Уюмдун мүчөлөрүнө Европада АКШнын аскердик күчтөрүнүн кеңейиши, бир катар батыш өлкөлөрүнүн коалициялык жана улуттук потенциалынын өсүшү, Афганистан жана Сириядагы быкшып турган согуштук жаңжалдар, эл аралык терроризм жана регионалдык экстремизм кооптуулук туудурат. ЖККУнун иш-аракеттери, мүчө-мамлекеттердин биргелешкен машыгуулары, Батыштын саясатынын эпкинине туруштук бериши тууралуу аскерий баяндамачы Александр Хроленко ой толгогон.

Жамааттык коопсуздук тутуму коркунучтарга акыл калчоо менен ыкчам чара көрөт. Эң оболу аскердик даярдык жаатында чогуу иш-аракеттерди өткөрөт. Бул боюнча ЖККУнун Биргелешкен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров Москва калаасындагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын бул баасы орундуу.

Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы "Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жөнүндөгү келишимди" узартууга макул болду. Анткен менен Чыгыш Европада АКШнын ракетага каршы коргонуу тутуму чыңдалууда.

Румыниядагы (Девеселу) ракетага каршы коргонуу тутумдар базасына кошумча 2022-жылы Польшадагы (Редзиково) ушундай эле объект ишке кирет. Дал ушул жайлардан 2000 чакырымдан ашуун ыраактыкка багытталган сокку уруучу "Томагавк" канаттуу ракеталары колдонулушу ыктымал.

Польша, Балтика өлкөлөрү, Болгария жана Румыниядагы алдыңкы базаларда аскердик күчтөрдү кабыл алуу жана жайгаштыруу үчүн Пентагондун курал-жарак, аскердик техника жана материалдык каражаттарын пландуу түрдө топтоо уланууда.

Вашингтон жана Варшаванын ортосундагы коргонуу багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү туурасындагы макулдашууда Польшанын аймагында 20 миң америкалык аскер кызматкерин туруктуу жайгаштыруу үчүн инфраструктура объектилерин куруу камтылган.

Чар тараптан

ЖККУ өлкөлөрү бир эле убакта Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Кавказ багытындагы коркунучтарга жооп берүүгө аргасыз. 2021-жылдагы аскердик окуулар антитеррордук күрөшкө басым жасап, аскердик машыгууну жакшыртууга жана ЖККУнун коргонуу дараметин өстүрүүгө багытталган.

Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган "Аскердик бир туугандык - 2021" биргелешкен ыкчам-стратегиялык машыгуулар кыйла маанилүү окуя болмокчу.

Иш-чара "Издөө-2021" чалгындоо күчтөрү жана каражаттарын тартуу менен ЖККУнун бөлүктөрүн материалдык-техникалык камсыздоо ("Эшелон-2021"), уюмдун алкагында Ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн ("Өз ара аракет этүү - 2021") биргелешкен машыгууларын Жамааттык күчтөрдүн ар кыл компоненттеринин даярдыгын атайын окуулар форматында бириктирет.

Жамааттык коопсуздуктун Борбор Азия чөлкөмүндөгү окуулардын жүрүшүндө Жамааттык күчтөр тобу ЖККУ аймагына эл аралык террордук уюмдардын согушкерлеринин киришине жол бербөө уламышы боюнча курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу заттарды ташуу каналдарын бөгөп, террорчулардын "жашыруун ячейкаларын" таап жок кылат.

Иш-чаранын акыркы баскычында ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн "Бузулгус бир туугандык – 2021" биргелешкен окуусу РФ аймагына пландалган (аскерлер тынчтык орнотуу операция ыкмасы аркылуу кризистик зонада жаңжалдан кийинки жөнгө салуу сценарийине ылайык машыгышат).

Биргелешкен иштиктүү оюн ЖККУнун Москвадагы Кризистик чара көрүү (жооп кайтаруу) борборунда мүчө-мамлекеттердин тийиштүү министрлик жана мекемелеринин ыкчам топтору менен өз ара аракетте уюмдун башкы катчысынын жетекчилиги алдында өтмөкчү. Мында жамааттык коопсуздук факторлору майда-чүйдөсүнө чейин каралып, өнүгүшү божомолдонуп, көйгөйлөрдү чечүүнүн бардык баскычтарында таасир этүүнүн компенсациялык чаралары жана механизмдери аныкталат.

Ырбатууга басым жасашкандай...

Чыгыш Европа багытында америкалык топтордун улам көбөйтүлүп жаткан сокку уруучу-чабуул коюу мүмкүнчүлүктөрү Беларусь жана Россияга реалдуу коркунуч болуп саналат. "Алдыңкы катарда болууну күчөтүү" жана "Атлантикалык чечкиндүүлүк" операцияларында жана Балтика өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин кайтаруу боюнча миссияга НАТОнун бириккен куралдуу күчтөрүнүн 12 миңден ашуун аскер кызматкери тартылган.

"Түндүк" (Латвия), "Түндүк-Чыгыш" (Польша), "Түштүк-Чыгыш" (Румыния) көп улуттуу дивизияларынын штабдары түзүлгөн. Румынияда көп улуттуу корпустун штабын уюштуруу макулдашылууда. Польшанын аймагында 2020-жылдын ноябрында АКШнын Кентукки штатынан келген кургактагы аскердик бөлүктөрдүн 5-армиялык штабынын ишмердиги жандандырылган.

Литванын Куралдуу күчтөрүнүн Беларустун мамлекеттик чек арасына жакын жердеги "Пабраде" полигонуна америкалык танктык батальон жайгаштырылган. НАТО чалгындоо мүмкүнчүлүктөрүн чыңдап, өзөктүк потенциалды аскердик багытта колдонууну жактайт.

Европалык согуштук аракеттер театрында альянстын ыкчам жана аскердик даярдык иш-чараларынын саны эки эсе артты. Ал түгүл машыгууларга өзөктүк курал ташуучу америкалык стратегиялык бомбалоочу учактар да тартылды.

Окуулардын көпчүлүгүнүн сценарийинде Германиядан түндүк-чыгыш (ФРГ – Польша – Балтия өлкөлөрү) жана түштүк-чыгыш (ФРГ – Венгрия – Болгария) коридорлору аркылуу аскердик бөлүктөрдү көчүрүү, кийин аларды чабуул коюучу көп улуттуу ири топтордо пайдалануу ниети камтылат.

НАТОнун ишмердигинин негизги багыттары Вашингтондун түздөн-түз көзөмөлүндө жана "россиялык агрессияны ооздуктоого" даярдык уюмдун дээрлик бардык доктриналык документтеринде бекитилген.

АКШ бийлигинин тышкы саясатынын негизги багыты – аскердик күчтүн эсебинен глобалдык лидерликти камсыздоо. Мамлекеттер аралык алакалардын жаңы "нормалары" пайда болгон карама-каршылыктарды чечүүдө күч ыкмаларын пайдалануу чегин төмөндөтөт.

Борбор Азия чөлкөмүндө ЖККУ өлкөлөрүнө исламдык террорчу топтор негизги кооптуулукту туудурат. Генерал-полковник Анатолий Сидоровдун маалыматында, "Талибан" кыймылынын катарында (Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердигине тыюу салынган террордук уюм) 70 миңге чукул согушкер бар, алардын 15 миңи Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен түндүк райондорунда аракет этишет.

Талибдер Афганистан Ислам Республикасынын территориясынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт. Өлкөнүн азыркы жетекчилигин кулатып, "Афганистан Ислам эмирлигин" кайра калыптандырууга умтулат.

Аймактык коопсуздукка "Ислам мамлекетинин" (Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердигине тыюу салынган террордук уюм) 4000дин тегерегиндеги согушкери бар афгандык филиалы коркунуч келтирет.

Айрыкча чыгыш жана түндүк провинцияларындагы отряддар активдешкен. Террорчулар Тажикстан жана Пакистан менен чектешкен райондорду көзөмөлдөөгө, ыңгайлуу плацдармдарды түзүүгө, кийин аларды Борбор Азия мамлекеттеринде кеңейтүүгө умтулушат.

Афганистанда ошондой эле "Өзбекстандын ислам кыймылы", "Аль-Каида", "Чыгыш Түркестандын ислам кыймылы" (2500гө жакын согушкер) террордук топтору да бар. Муну менен катар чет элдик (АКШ жана НАТО) аскерлердин дагы кыскарышы, афгандык күч структураларынын куралдуу оппозицияга майнаптуу туруштук берүүгө жөндөмсүздүгү исламчылардын кызыкчылыгын жайылтууга жана алардын тарапташтарынын санын арттырууга ыңгайлуу шарт түзүп берүүдө.

Жамааттык коопсуздуктун Кавказ аймагында Грузия менен НАТОнун аскердик кызматташуусу күч алып, региондо АКШнын аскердик орун алышы, анын ичинде республиканын территориясынын жана Кара деңиз акваториясынын аба мейкиндигин көзөмөлдөө үчүн кеңейип келе жатканы байкалат.

Брюсселдеги жакындагы эле жолугушуулардын жыйынтыгында аталган өлкөнүн жетекчилиги жана түндүк атлантикалык альянс тарабынан "НАТО – Грузия орчундуу чаралар топтому" толукталып, эки жак быйыл биргелешкен ыкчам жана аскердик даярдык машыгууларды, альянстын согуштук кемелеринин грузиялык портко карай алган сапарларын улуттук армиянын НАТО стандарттарына жетишүүсү "аяктаганча" каржылык жардамды көбөйтүү боюнча макулдашты.

Ошол эле убакта Грузия, Молдова, Украина союзун түзүү демилгеси да ортого салынууда. Кошмо Штаттардын Кавказда абалды ырбатууга жана туруксуздукту жаратууга басым жасаганы мыйзам ченемдүү түрдө чөлкөмдөгү коопсуздуктун доо кетишине кептегени турат.

Тышкы кооптуулук жана коркунучтарга карабастан ЖККУнун аскердик кызматташтыгы коргонуучу мүнөздө гана жүрөт, Жамааттык күчтөрдүн жоопкерчилигиндеги аймактарда террордук топтор менен күрөштө Россия армиясы сириялык тажрыйбасын колдонууга аргасыз болбойт деген үмүт бар.

70
Белгилер:
саясат, кырдаал, Афганистан, НАТО, АКШ, машыгуу, ЖККУ
Тема боюнча
Россиялык "Армата" танкы чет өлкөгө талпынды. Кайда бет алат?
Генералдык штабдын башчысы Өмүралиев ЖККУнун башкы катчысы Зась менен жолукту
Россиянын жана Евробиримдиктин желектери. Архив

Россияны ооздуктоо боюнча милдеттенмелерден арыла албаган Европа

78
(жаңыланган 12:15 28.02.2021)
Батыш Россияга каршы санкциялардын жаңы топтомун киргизүүдө: апта башында Евробиримдик "Навальныйды куугунтуктоого" катыштыгы бар россиялык аткаминерлердин бир тобуна жекече санкция киргизүүнү макулдашты.

Ал эми Кошмо Штаттарда Навальный эле эмес, Россия айыпталып жаткан америкалык мекемелер жана компанияларга хакердик чабуул үчүн да "санкция жана башка чаралардын" бүтүндөй топтому даярдалып калды. Жаңы чектөөлөр жаатында Петр Акоповдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Жети жылдан бери РФке көрсөтүлгөн санкциялык кысымды айтпаганда да мунун баарын болжоого болот эле. Албетте, Россиянын Батыштагы "өнөктөштөрү" өз аракеттерин бекемдеп келген дооматтар ар убак эле кызыктуу эмес. Ал эми мотивдери таптакыр түшүнүксүз. Алардан РФ президенти Владимир Путин ФСБнын коллегиясында кеп кылды.

"Биз Россияны ооздуктоо саясатына тушугуп келебиз. Кеп мында эл аралык мамилелерге таандык табигый атаандаштык тууралуу эмес. Алардын аракети биздин өнүгүүнү үзгүлтүккө учуратып, аны басаңдатуу, тышкы периметрлери боюнча көйгөй жаратып, ички туруксуздукту козгоп, баалуулуктарды солгундатып, натыйжада Россияны чабалдатып, тышкы көзөмөлгө мажбурлоого багытталган ырааттуу жана кыйла агрессивдүү нуктагы чагымчылдыктарга багытталган. Биз күбө болуп тургандай, мындай көрүнүш постсоветтик мейкиндиктеги айрым өлкөлөрдө да байкаларын билебиз" – деди РФ лидери.

Путин белгилегендей, мындай максаттар жашыруун эмес, "ачык булактардагы стратегиялык документтер менен таанышып, бир катар өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлеринин ачык билдирүүлөрүн карап чыгуу эле жетишерлик".

Ооздуктоонун бардык ыкмалары жакшы белгилүү, Путин тек гана аларды санап чыкты:

"Бизди экономикалык жана башка санкциялар менен тушап, биз эле эмес, биздин өнөктөштөр да кызыкдар болгон ири эл аралык долбоорлорго бөгөт коюуга, өлкөбүздүн коомдук жана саясий турмушуна, демократиялык жол-жоболоруна түз кийлигишүүгө тырышат. Анан да, албетте, атайын кызматтардын арсеналынан инструменттерди кызуу пайдаланышат".

Мунун баары Россиянын тарыхында биринчи ирет болуп жаткан жок, бул методдордун баарын аталган өлкөгө каршы колдонушкан. Андыктан ага россиялык бийлик туруштук берип, жооп кайтарууну деле үйрөнүп калды көрүнөт. Дал ушул себептен Путин "Россияга карата мындай аракет майнапсыз" экенин баса белгиледи өңдөнөт. Ошону менен бирге эле Россия өз суверенитетин жана кызыкчылыктарын коргогон коргонуучу ролу тууралуу жар салып, мындан тышкары, баары менен мамилени өнүктүрүүгө, өз ара ишеним жана сый-урматтын негизиндеги ачык диалогго даярдыгын баса белгилеп келишет. Путин да дал ушуну эске салды. Бирок буга кандай жооп болду?

"Россия Европа биримдиги менен кызматташууга кызыкдар эмес, ал эми россиялык бийлик өлкөнү авторитаризмге карай алып бара жатат" деген бүтүмгө келишти ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери. Натыйжада жаңы санкциялар жөнүндө чечим кабыл алышты. Ал эми европалык демократия башчысы Жозеп Боррель Россияны "өзүн душман сымал алып жүрүүнү чечкен коңшу" деп атады. Калыстык үчүн анын:

"Тескерисинче, аракет этүүнү чечкен коңшулар менен тирешүүдөн кача алгыдай үлгүнү аныктап алууга тийишпиз" деп баса белгилегенин да айтып коюу керек. Башкача айтканда, Европа жана Батыш тирешүүгө шылтоону Россия издеп, мамилени өнүктүрүүнү каалабай, ал гана эмес европалык иштерге дайым кийлигишип, ЕБге кысым көрсөтөт имиш. Ошондуктан Евробиримдик эми Москва менен үч принципте мамиле курмакчы. Боррель сүрөттөгөндөй, Москва эл аралык укук жана адам укуктарын бузганда каршы туруу, эгер Россия ЕБге кысым көрсөтүүнү күчөткөн учурда ооздуктоо, Евробиримдик кызыкдар багыттарда Россия менен кызматташуу керек. Күрөшүү, ооздуктоо, ЕБге пайдалуу жерлерде кызматташуу – булардын баары европалык дипломатиянын салгылаш топтому. Бирок кеп эмне жөнүндө болууда?

"Эл аралык укук жана адам укуктарын бузуу" дегендери Крым менен Навальныйдан башка бардык, анан калса, россиялык ички да, эл аралык темалар да ачыкталат. Россияда гей никенин жоктугу, башкача айтканда адам укугунун бузулушу үчүн санкцияларбы? Алгыла. "Абхазияны Грузияга кайтаруудан" баш тартууга да чектөөлөрбү? Сөзсүз. Германиялык бундестагдын компьютердик тутуму талкаландыбы? Албетте, Россияны жазалоо абзел.

Ушундай эле нукта ЕБге кысым көрсөтүү иретинде баарын атай берүүгө болот. Москвага "Германия үчүн альтернатива" парламенттик фракциясынын өкүлдөрү келсе – орустар Меркелге ор казууда дешет. Москва Польша же Чехиядагы советтик жоокерлердин эстелигин кулатууга каршылыгын билдиреби – эркиндикти сүйгөн байкуш чыгыш европалыктарды кысмакка алып жатканын айтышат. Газ түтүгүн курса, Европаны бөлүп-жарууда дешет. Куруудан баш тартса, Европаны тоңдургусу бар деп кине тагышат. Бирок иш жүзүндө баары башкача: өзүн кас катары алып жүргөн коңшу дал Европа биримдиги. Россияга шарт коюп, насаатын айтып, РФтин ички иштерине кийлигишип, эң кызыгы, муну кадыресе көрүнүш катары санайт.

Атлантикалык демилге болсо да Украинаны Россиядан жүз буздурууга, Чыгыш менен Батыштын тарыхый чек араларын өзгөртүүгө, өз турмуштук мейкиндигин орус цивилизациясынын эсебинен кеңейтүүгө тырышкан жана буга Россиянын унчукпай тим калышын каалаган дал Евробиримдиктин өзү. Кандай болгон күндө да Россия Европа менен өзү үчүн ылайык келген шарттарда алакасын кайра түзөт. Муну ЕБдегилер канчалык эрте түшүнсө, бул процесс ошончолук оңой жана тез жүрөт. Баары бир Европанын башка альтернативасы жок. Ал өзүн Россиядан оолактатып же коңшудан Россиянын душманына айлана да албайт. Антсе өзүнө өзү залал келтирет.

78
Белгилер:
милдеттеме, алака, Владимир Путин, Алексей Навальный, санкциялар, Европа, Россия
Тема боюнча
Россия менен Евробиримдик мамилеси: Лавровдун билдирүүсү көңүл чордонунда

Брюс Лини туураган Нурмухаммед өзгөчө өнөрү менен рекорд койду. Видео

0
(жаңыланган 18:20 01.03.2021)
Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй жасаган кыргызстандык жеткинчек Нурмухаммед Ташмаматов Россиянын Биринчи каналы уюштурган "Я почти знаменит" долбооруна катышты. Ал нунчакты колдонуп, өнөрүн тартуулады.

Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.

Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.

"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.

Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.

Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.

0
Белгилер:
Нурмухаммед Ташмаматов, видео, өнөр, теннис, рекорд, жеткинчек, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык кыз "Лучше всех" шоусунда спорттун өзгөчө түрүн көрсөттү. Видео