Чек арачылар. Архив

Чекисттер менен чек арачылар бириксе эле чек ара көйгөйү чечилеби? Пикирлер

738
(жаңыланган 15:39 04.02.2021)
Мамлекеттик чек ара кызматынын УКМКга кошулушунун күңгөй-тескейи тууралуу Sputnik агенттигине ушул тармактагы адистер айтып берди.

Чек арачылардын чекисттерге кошулушу тууралуу былтыр эле айтылган. Жакында өкмөт жобосун иштеп чыкты, эми ага президент кол коюшу керек.

Эске салсак, Кыргызстан эгемендик алгандан бери Чек ара кызматы УКМКга үчүнчү ирет кирип жатат. Акыркы жолу 2012-жылы чыгарылган.

Жапаров Ташиевди чек ара маселесин чечүүгө милдеттендирген

Былтыр ноябрдын башында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Баткен облусунун эли менен болгон жолугушууда бийлик Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин карамагына өткөрүүгө белсенип жатканын айткан.

Андан кийин Ош облусунун жашоочулары менен жолукканда Өзбекстан боюнча чек ара маселесине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жоопкерчиликтүү болорун билдирген.

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время совещания с руководителями структурных подразделений аппарата президента
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров
"Мындан ары чек ара маселесин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баштаган комиссия мүчөлөрү чечет. Муну кандай кабыл аласыздар билбейм, бирок биз ушундай пикирге келдик. Чек ара маселесин тез арада чечүү керек, антпесе өлкөдө тынчтык болбойт. Кудай буюрса, жакында Өзбекстан менен бул көйгөй чечилет (такталбаган аймактар — ред.)", — деген Жапаров.

Ага чейин Кубатбек Бороновдун өкмөтүнүн маалымат кызматы Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадагы макулдашылбаган 10 аймактын бирин макулдашып, бекиткенин билдирген болчу.

Былтыр 14-ноябрда Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына киргизилген токтомго кол койду.

"Чек ара кызматынын УКМКнын курамына киргизилген себеби чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүп, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу болду. Ошондой эле чектеш мамлекеттерден өлкө аймагына жүк, товар, баңгизат жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, аткаруу органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында УКМКга өткөрүлдү", — деп билдирген президенттин аппараты. 

1-февралда өкмөт УКМКнын курамына киргизилген Чек ара кызматынын жаңы жобосун иштеп чыккан.

"Бул мамлекеттик чек араны кайтаруучу, чек ара коопсуздугун камсыздоочу жана чек ара саясатын жүзөгө ашырууга жооптуу жана ыйгарым укуктуу орган болуп саналат", — деп жазылган жободо.

Ал эми Чек ара кызматын УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп саналган директор жетектейт. Тиешелүү документке президент кол коюшу керек.

Медетбеков: чечимди колдойм, бирок таяктын эки учу бар

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков эки кызматтын бир болгонун туура деп эсептейт.

Ветеран спецслужб, экс-зампредседателя ГКНБ генерал Артур Медетбеков в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков
"Башка мамлекеттерде Советтер Союзунан бери чек ара менен атайын кызмат чогуу болуп келген. Биз дагы кайрадан ушул жолду тандаганы турабыз. Бул, биринчиден, ыкчам операцияларды өткөрүүгө, чалгындоо жана контрчалгындоо иштерине жакшы таасирин тийгизет деген ишеним бар. Экинчиден, чек арадагы орчундуу көйгөйлөрдү чогуу анализдеп, бийликке жеткирүү оңоюраак болот. Ошондой эле МЧК менен УКМКнын биригиши аскерлерге дагы, чек арага жакын жашаган тургундарга дагы моралдык жактан дух берип, кызматтын күчөтүлүшүнө жана тыкыр иштешине шарт түзөт", — деди Медетбеков.

Мурдагы чекист Мамлекеттик чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин биригиши эл аралык кызматташтыкка эпкинин тийгизиши мүмкүн экенин да жашырган жок.

"Чек ара кызматы өзүнчө болуп турганда чет мамлекеттен гранттар же башка гуманитардык жардамдар келчү. Эми кызмат УКМКга кошулгандан кийин берилиши күмөн болуп калат, себеби эл аралык уюмдар атайын кызматка жардам берүүдөн баш тартып келишет", — деди Медетбеков.

Ал, мындан тышкары, эки орган бириккенде документтерди алмаштырууга анча көп эмес акча каражат сарпталарын, бирок өлкө коопсуздугу үчүн чыгым башкы көйгөй болбошу керектигин белгиледи.

Мамбеталиев: Чек ара кызматы УКМКга кошулса өз алдынча өнүгө албай калат

Чек ара кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Искендер Мамбеталиев эки органдын кошулушу туура эмес деп эсептейт.

Полковника запаса Искендер Мамбеталиев на торжественном мероприятии, посвященное 20-летию пограничной службы и 27-летию вооруженных сил КР. 28 мая 2019 года
© Фото / пресс-служба президента КР
Чек ара кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Искендер Мамбеталиев
"Чек ара кызматынын Генералдык штабдын ичинде жүргөнү, азыр УКМКга кирип жатканы дагы туура эмес. Чек ара кызматы өз алдынча өнүгө албай келет. Генштабдын начальниги МЧКга байланыштуу кардиналдуу жана стратегиялык чечимдердин бардыгын кабыл алып, негизги кызматтардын жетекчилерин дайындачу. Азыр деле конторага (УКМК) кошулса ушундай бийлик болот. Анда Чек ара кызматы деп атабай эле УКМКнын бир бөлүмү же аскер бөлүгү деп эле коюшпайбы? Мамлекет өгөй баладай мамиле кылып келет", — деди Мамбеталиев.

Ал мындай реформанын аркасы менен эле чек арадагы чыр-чатактар чечилип калат дегенден алыс.

"Эки ирет бул кызматтар биригип иштеп көрүшкөн, бирок натыйжасын көргөн жокпуз. Чек ара кызматы чийип берген аймакты кайтарып берет. Эмнеге Казакстан менен Кытайдын чек арасында талаш болбойт, себеби жерлер так чийилген. Такталбаган аймактарда чыр-чатак боло берет. УКМК дагы, Чек ара кызматы дагы делимитация, демаркация маселесин карай турчу орган эмес. Муну президент, өкмөт баш болгон бийлик чечиши керек", — деди мурдагы аскер кызматкери.

Искендер Мамбеталиев кызматтар кошулгандан кийин чек арачылардын айлыгы чекисттер менен теңделип, офицерлердин ал-абалына көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

Буржуев: чек ара маселеси батыраак чечилиши ыктымал

Мамлекеттик чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев УКМК менен Чек ара кызматынын кошулушун туура деп эсептейт.

Председатель совета ветеранов государственной пограничной службы, полковник запаса Чолпонбек Буржуев
© Фото / пресс-служба Председателей совета ветеранов
Мамлекеттик чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев
"Чек араны бузуп киргиси келген куралдуу топторго, баңгизат жана мыйзамыз курал-жарактарды ташыгандарга, аткезчилик менен алектенгендерге бөгөт коюу мындан жакшырат. Чекисттер менен чек арачылар ыкчам маалымат алмашып, чогуу аракеттерди көрө алышат. Мындан тышкары, чек арачылардын айлыгы көтөрүлөрү айтылган. Негизи МЧК УКМКда болгону оң болчу, башка мамлекеттерде дагы ушундай. Буга чейин саясий чечимдер менен эки ирет чыгарып салышкан", — деди Буржуев.

Запастагы полковник органдардын биригиши чек ара чырларынын чечилишине көмөк көрсөтөрүнө ишенет.

"Отуз жылдан бери өкмөт алмаша берип, делимитация менен демаркация да токтоп калып жатты. Мунун айынан акыркы үч-төрт жылдан бери ок атышуулар, кан төгүүлөр болду, курман болгондор да катталды. Чек ара кызматынын УКМКга кириши маселени чечүүнү тездеткенге жардам берет деп ойлойм", — деди Буржуев.

Ал коңшу мамлекеттер менен чек араны тактоо ар кандай тобокелдиктерди гана азайтпастан, саясий жана экономикалык алаканы жакшыртарын кошумчалады.

Жакында эле КРдин Куралдуу күчтөрүндө дагы реформа болуп, Генералдык штаб Коргоо министрлигине айланды. Бул өзгөрүү тууралуу дагы эксперттердин пикирин укканбыз.

738
Белгилер:
Чыр-чатак, пикир, биригүү, реформа, Искендер Мамбеталиев, Артур Медетбеков, Мамлекеттик чек ара кызматы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети
Тема боюнча
Өкмөттүн курамы кыскарса көп адам жумушсуз калабы? Мариповдун жообу
Ташиев жаңы өкмөт мүчөлөрү жаза басса люстрация кыларын убадалады
Көп багыттуу F-35 Lightning II бомбалоочу истребители. Архив

F-35тин солгундашы. Истребителди кайрадан "кара булут чулгоодо"

130
(жаңыланган 20:33 23.02.2021)
Көп багыттуу F-35 Lightning II бомбалоочу истребители америкалык артыкчылыкты жана аскердик күчтүн жогорку технологиялык символу болууга тийиш эле, бирок бул аппарат жаатында АКШнын Аскердик өнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүгү чектелүүдө.

Себеби "бешинчи муундагы" көзгө чалдыкпас учактын солгундашына күбө болуп келебиз. F-35тин америкалык паркынын үчтөн экиси кыймылдаткычтагы көйгөйүнөн улам уча албайт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул аппараттын кемчилиги, келечегине сереп салган.

Учактын оголе көп орчундуу конструктивдик мүчүлүштүктөрү бар. Пентагон тарабынан белгиленген сыноодон өткөн жок, алигүнчө жалпы өндүрүшкө уруксат чыга элек. Ушул тапта АКШнын Аскердик аба күчтөрү F-35тен баш тартып, 4+ муундагы жөнөкөй  F-16 истребителин тандоого даяр.

Пентагондогулар F-35A учагына буюртманын көлөмүн адегенде 40 пайыздан ашуун, тагыраагы, 1 763төн 1050 учакка чейин кыскартууну сунуштаган. Аны менен катар эле АКШ Аскердик аба күчтөрү эски, бирок ынанымдуу F-16 Fighting Falcon учагына буюртма алуу жолун караштырууда.

F-35 бомбалоочу истребителин АКШ Аскердик аба күчтөрү беш жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланып келет, бирок даярдыгынын төмөндүгү, майнапсыздыгы өнөкөткө айланган. АКШ коргоо министринин орун басары мурдараак F-35 Lightning истребителдеринин 36 пайызы гана учууга жарактуу экенин, калган машиналар "жарым-жартылай гана иштээрин" маалымдаган.

Бул аппараттардын даярдык даражасы азыраак деңгээлде Аскердик аба күчтөрү менен, ал эми көбүнесе стелс-каптагычы, кыймылдаткычы, навигация жана учкучтун өмүрүн тобокелдикке сала турган "оңдолгус" конструктивдүү кемчиликтерине жараша аныкталат.

F-35тин бирдигин 100 млн. долларга сатып алган АКШнын союздаштары жана өнөктөштөрүнүн (Улуу Британия, Норвегия, Израиль, Италия, Сингапур, Түштүк Корея, Япония) үмүтү акталган жок. Учак 5-муундагы көрсөткүчтөргө төп келбейт, аскердик даярдыкка дегеле караандабайт, башкача айтканда, багыты боюнча милдеттерин аткара албайт. Кызыгы, АКШнын Аскердик өнөр жай комплексинин "чийки" түзүлүшүн алууга кезек бүтпөйт.

Бириккен Араб Эмирлиги F-35тен 50 даана алууга келишим түзгөн. Израиль "чагылган" паркын үч эскадрилияга (40 машинага чейин) көбөйтүү ниетин билдирген. Мындай жагдайды АКШ менен "достукка" жамынган акы менен гана түшүндүрүүгө болот.

F135 – майнапсыз кыймылдаткыч

Мурда "чагылгандардын" үндөн ыкчам ылдамдыкта стелс-каптагычы жана корпусу талкаланып кетери, кычкылтектин берилишиндеги үзгүлтүктөр (учкучтарга) жана F-35тин программалык камсыздоосундагы мүчүлүштүктөр туурасында кабарланган.

Инженерлер пайдалануунун жүрүшүндө анын кемчиликтерин жоюуга аракет кылышат, бирок алар улам арбып барат. АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн F-35A истребители F135 менен жабдылган, аны америкалыктар "дүйнөдөгү каалаган истребителге пайдаланылчу эң кубаттуу" кыймылдаткыч деп санашат. Бирок дал ошол жабдыгы F-35тин начар иштешинин негизги себеби болуп эсептелет. Машакаттуу F135тин бир саат учушуна 31 миң, ал эми "карыя" F-16 – 8 миң долларга чукул каражат сарпталат. Айтмакчы, Pratt&Whitney компаниясынын F135 кошумча кыймылдаткычтары жетишсиз, ал тургай жай убакта да тартыштык бар. Кокус согуш тутанып кетсе, абага F-35 учактарынын үчтөн бири көтөрүлөт, кийин душмандын абадан коргонуу каражаттарынан да эмес, металлдын ысып кетишинен эле күндөн-күнгө азаят.

F-16ны алмаштырууга да мезгил жетти

АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн согушка жарамдуулугун сактоо үчүн F-35тин үлүшүн кыскартууга аргасыз. Алар заманбапташтырылган F-16 Fighting Falcon (бул менен 1979-жылы куралданышкан, бүгүн мындай типтеги 790 истребитель бар) менен алмаштырылат. Төртүнчү муундагы F-16 көп функциялуу жеңил истребителинин учуш массасы – 21,8 тонна, илмегинин 9 бурчунда 7,7 тонна авиабомба жана ракета ташый алат. Радиусу – 1700 чакырым, максималдуу ылдамдыгы – саатына 2200 чакырым. Аймактык жаңжалдар үчүн дурус машина, бирок "бешинчи муундан" бир кадам артка чегинүү (технологиялык деградация) жакшы эмес. Пентагондо бул жаатта компромисс издөөдө.

Аскердик аба күчтөрүнүн штаб жетекчиси генерал кенже Чарльз К. Браун "антиквариатты" (F-16) сатып алууга каршы чыгып, F-35ке салыштырмалуу арзан-жөнөкөй, бирок F-16га караганда заманга төп бир моторлуу жеңил истребителдин жапжаңы классын иштеп чыгууга чакырды. Кенже Браун буларды "төрт жарым же бештен кем муундагы" машиналар деп сыпаттады.

Америкалык Аскердик аба күчтөрү F-16 Fighting Falcon истребителдерин аскердик учактарга алмаштыруунун жөндүүлүгүн баалоо үчүн изилдөө программасын баштады. Изилдөө каржылык 2023-жылдын башталышына чейин аягына чыгат. F-35 батыш дүйнөсүндө өндүрүлгөн "бешинчи муундагы" жалгыз истребитель болгондуктан ушундай машакат жаратууда. Ал менен шарттуу түрдө атаандашкан кансыз согуш доорундагы төртүнчү муундагы конструкциялар, тагыраагы, Boeing өндүрүшүндөгү F-15 жана F-18 истребителдеринин эскилиги жетти.

АКШнын европалык союздаштары бешинчи муундагы өз истребителин чыгарууга батына элек, ал эми үмүтү үзүлгөн Улуу Британия, Польша, Бельгия, Италия америкалык F-35ти сатып алууга инвестициялап келет.

"Чагылганды" иштеп чыгууга жалпы чыгымдар 400 млрд. доллардан ашып кетти, бирок бул улуттук бюджеттик каражаттарды туура эмес пайдалануунун башаты гана болду.

АКШнын Куралдуу күчтөр боюнча сенаттык комитетте F-35ти "коргоо жаатындагы сатып алуулардын бузулган тутумунун хрестоматиялык үлгүсү" деп атап, ал эми кезегинде белгилүү саясатчы, эски учкуч Жон Маккейн: "F-35 программасынын рекорддук көрсөткүчтөрү нарк, график жана өндүрүмдүүлүк жаатында жаңжал жана апаат болгон", — деп мүнөздөгөн. Анткен менен "Чагылган" АКШ жана анын союздаштарынын Аскердик аба күчтөрүнүн бышыктыгын дагы далай сынай турганы анык.

"Көзгө чалдыкпас" F-35 долбоорунун мындай "өнөкөт" ийгиликсиздеринен улам россиялык Су-57 истребителинин технологиялык жетишкендиктери өзгөчө айырмаланат. Бул – гипер үндүү ракеталарды өздөштүрүп жаткан дүйнөдө чыныгы бешинчи муундагы истребителдеринин карлыгачы. Америкалыктар россиялык куралдын артыкчылыгын аргасыз моюнга алууда.

130
Белгилер:
истребитель, долбоор, АКШ
Тема боюнча
"Баарын ойрон кылат": Пентагон Россияны "ооздуктоого" камынды
"Кайырмак да беришет бекен?". Украинага тартууланган үйлөмө кайыктар
Россия менен Евробиримдиктин желектери. Архив

Россия менен Евробиримдик мамилеси: Лавровдун билдирүүсү көңүл чордонунда

129
Соңку күндөрдө Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сенсациялуу билдирүүсү бүт дүйнөнүн талкуусунда.

РФ ТИМ башчысынан "Россия Европа биримдигинен кол үзчү нукта баратабы?" деп сурашканда министр: "Биз буга даярбыз деп негиздейт элек. Эгер кайсы бир тармакта, анын ичинде талуу багыттарда да экономикабызга тобокелдик жараткан санкциялар салынса, ооба", – так кесе жооп берди. Ушул жооптун тегерегинде жана РФ менен ЕБ алакасы тууралуу Павел Данилин ой толгогон.

РФ дипломатия башчысынын айтымында, Россия "дүйнө турмушунан" оолак болгусу жок, бирок андай абалга даяр да болушу кажет. "Тынчтыкты самасаң, согушка камылга көр", — деди Лавров. Россиянын Европа биримдигинен жүз бурууга даярдыгы – эл аралык аренада жогорку деңгээлдеги жаңылык.

Албетте, Финляндия ТИМ жетекчиси Пекка Хаависто менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча андан эки күн өтпөй Лавров Россиянын позициясын тактап: "Биз көйгөйлөрдү талкуулоого даярбыз. Бул Россиянын кызыкчылыктарына да айкалышса, биз климаттын өзгөрүшү да, айлана-чөйрө боюнча да өз ара аракеттешебиз. Бирок бул алакалардын түзүлүшү Брюсселдин демилгесинен улам атайы бузулду".

Мындан сырткары, Лавров тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча ЕБдин жогорку өкүлү Жозеп Боррель Москвадан кайтканы достукка жатпаган бир катар билдирүүлөрдү жасаганын эске салды. Боррелдин пикиринде, Россия үмүттү актаган жок, заманга ылайык демократиялуу боло албады, Европадан тездик менен оолактоодо.

Лавров белгилегендей, иш жүзүндө баары тескерисинче: Брюссель өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү макулдашуунун негизиндеги бардык механизмдердин бирин калтырбай ырааттуулук менен бузду. Анын ичинде жылына эки ирет өткөрүлчү саммиттер, Россия өкмөтү менен европалык комиссарлар жана Еврокомиссиянын төрагасынын ар жылкы жолугушуусу, төрт орток мейкиндикти түзүү боюнча долбоорлор, 20дан ашуун тармактык диалогдор, россиялык ТИМ башчысынын жана Евробиримдиктин жогорку өкүлүнүн катышуусунда Өнөктөштүк жана кызматташтык кеңешинин ар жылкы жыйыны да бар.

РФтин ТИМ башчысы калыстык менен белгилегендей, нормалдуу байланышты токтотуу демилгесин иш жүзүндө Россия көтөргөн жок, Евробиримдиктин өзүнөн чыкты. Россиялык дипломаттардын европалык бюрократтар менен сейрек байланышынын жыйынтыктары боюнча деле өз ара түшүнүшө албай келет. Анын ордуна Россиянын дарегине улам жаңы опузалоолор жаңырып, кезектеги санкциялар топтому менен коркутушат. Жозеп Боррелдин Москвага сапарынан кийин да дал ушундай эле болду. Брюсселге кайта элек жатып Россияны болушунча айыптап, Москвага жаңы санкцияларды тезинен киргизүүгө чакырды. Анда эмнеге келди деген суроо туулбай койбойт. Мындай жагдайда эч кандай диалог жүргүзүүнүн кажети деле жок. Натыйжада Европа биримдиги менен түзүлгөн макулдашуулар Брюссель тараптан алардын аткарыларына кепил эмес экени белгилүү. Эгер европалык аткаминерлер бир нерсени убада кылып, ал тургай өз милдеттенмелерин кагазда каттаган болсо да, бул чындап аткарылат дегенди билдирбейт. Европалык бюрократтын сөзү иш жүзүндө ал жазылган баракка да арзыбайт. Буга Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин айткандары да далил. Ал 2014-жылдын 21-февралында Евромайдандын лидерлери менен "Украинадагы саясий каатчылыкты жөнгө салуу жөнүндөгү макулдашууга" кол койгон.

Макулдашуунун кепили бир катар европалык жогорку аткаминерлер болуп саналат. Эске салсак, Россиянын өкүлү документке кол коюудан баш тарткан. Антип да туура кылган, анткени Евробиримдиктин кепилдиги эч кандай күчкө ээ эмес болуп чыкты. Андан бир-эки күн өтпөй жаалданган топ украиналык президенттин резиденциясын алып койгон. Жогорку рададагы оппозиция Украинанын Конституциясын бузду деп Януковичти бийликтен четтетип, ал эми президент өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон. Булардын баары Варшава, Берлин жана Брюсселдин кубаттоосунда жүргөн. Януковичке берилген кепилдиктерге кол койгондордун эч бири аларды аткарууга кенедей да чара көргөн эмес. Баары тегиз эч кандай кепилдик берилбегендей түр көрсөтүп тим болушкан. Бул саясий алдамчылык эмей эмне? Лавровдун сөзүн талкууга алган айрым комментаторлор дагы бир маанилүү нерсеге көңүл бурушкан: Россиянын ТИМ башчысы – учурдун мыкты дипломаттарынын бири, ошондуктан анын ар бир сөзү маанилүү.

РФ министри ар бир кебин таамай терип сүйлөгөндүктөн, айткандарынын жалпы маңызын гана эмес, сөз төркүнүн да кылдат талдоо керек. Лавров Европа эмес, Евробиримдик менен мамилени үзүү жөнүндө айтканын мисалга алалы.

Россия үчүн маанилүү билдирүү да ушул. РФ эки нерсени: улуттуктан жогору койгон бюрократия жана Европанын айрым өлкөлөрүн так ажырата карайт. Санкциялар шартында да аздыр-көптүр РФ менен Европа өлкөлөрүнүн, айталы, ошол эле Германиянын ортосунда эки тарапка тең пайдалуу биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат.

Боррель өңдүү ЕБ аткаминерлери биримдикке кирген белгилүү бир өлкөлөрдүн эмес, Вашингтондун таңууланган "тилектерине" шайкеш жеке жамааттык кызыкчылыктарды көздөйт.

Дал ушундан улам алар ЕБге мүчө болгон айрым өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына каршы саясий чийинди таңуулап келишет. Тактап айтканда, Европанын басымдуу мамлекеттеринин Россия менен эзелтен бекем экономикалык байланышы бар.

Кеп Франция, Германия, Италия сымал ири оюнчулар жөнүндө эле эмес, бирок, албетте, бул үч мамлекет Евробиримдиктин орустардан оолактоо көз карашынан улам башкалардан көбүрөөк жабыр тартып келет.

Ошону менен катар эле Брюсселдеги аткаминерлер өз маянасын дал ушул мамлекеттердин салык эсебинен аларына кымындай да тынчсызданып койбойт. Ошентсе да Сергей Лавровдун айткандарына кайра кайрылсак, Россия өзү үчүн маанисиз жана ал түгүл зыяндуу, улутка үстүрт караган европалык институттар менен байланыштан баш тартууну чечкенин белгилеп коюу дурус.

Кезегинде америкалык дипломат Генри Киссинжер "Европа менен сүйлөшүү үчүн кимге телефон чалышым керек?" деген суроону кабыргасынан койгон. Киссинжер бул менен АКШ үчүн маанилүү маселени жалпы европалык деңгээлде чечүү мүмкүн эместигин билдирген.

Россияга Лондон, Берлин же Париж менен өз-өзүнчө сүйлөшүүгө туура келет. Жылдар өттү, ал эми азыркы кырдаал эгер геостратегиялык масштабда өзгөрүүлөр орун алган болсо, тек гана үстүртөн жүргөнүн айгинелейт.

Лондон да жакында эле "бул топтон" чыгып кетпедиби. Берлин менен Париж Европа биримдигинин "саан уйларынын" ролунан жадап барат. Дал ушул убакта Россия үчүн Евробиримдиктин институттары жана алардын бюрократтары менен алакада болуу – майнапсыз жана болбогон иш.

Германия же Франция менен өз-өзүнчө сүйлөшкөн оң. Балким бул дайым жагымсыз боло бербеши мүмкүн, бирок пайдалуураак болору анык: өз ара кызыкчылыктар жана болжолдуу тил табышуу чеги түшүнүктүү.

Мындан ары Россия алар менен Брюсселди аралаштырбай баарлашмакчы, себеби бирдиктүү Европа эч кимдин үмүтүн актаган жок.

129
Белгилер:
дипломат, стратегия, Сергей Лавров, мамиле, Россия, Евробиримдик
Тема боюнча
Жылуу мамилени сактоо аракети. Шредер немецтерге согуш тууралуу эскертти
Сыра ичип жаткан адамдар. Архив

Кайсы кесиптин ээлери ичимдикке жакын болот? Изилдөө

11
Адистер  2006-жылдан 2010-жылга чейин 40 жаштан 69 жашка чейинки курактагы 100 миң адамдын маалыматын анализдешкен. Анкетада катышуучулар күн сайын канча ичимдик ичерин айтып, кесиби тууралуу жазышкан.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Улуу Британияда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча ичимдикти курулуш жана өндүрүш тармагында иштеген эркектер көп колдоно турганы маалым болду. Бул тууралуу BMC Public Health журналына жарыяланган макалага таянып РИА Новости кабарлады.

Билдирмеге караганда, аялдар арасында көбүрөөк жетекчи кызматтагылар ичимдик ичет.

Жумуш менен ичимдик колдонуунун ортосундагы байланышты баалоо үчүн изилдөөнүн авторлору 2006-жылдан 2010-жылга чейин 40 жаштан 69 жашка чейинки курактагы 100 миң адамдын маалыматын анализдешкен. Анкетада катышуучулар күн сайын канча ичимдик ичерин айтып, кесиби тууралуу жазышкан.

"Сурамжылоодон кийин окумуштуулар эркектер арасында курулуш, өндүрүш тармагында иштегендер жана пол жуугучтар көбүрөөк ичет деген тыянак чыгарышкан. Ал эми дин кызматкерлери, практикадан өтүп жаткан дарыгерлер, геолог жана метеорологдор аз ичери айтылган. Аялдар арасында жогорку жана ортоңку звенодогу жетекчилик кызматтагылар ичимдик көп ичери маалым болду. Ал эми мектептеги мугалимдер, дарыгерлер жана окумуштуулар ичимдик менен көп достошпойт", — деп жазылат маалыматта.

Авторлор алардын изилдөөсү ичкилик менен кесиптин ортосундагы байланышты гана ачып бергенин белгилешкен.

11
Белгилер:
изилдөө, эркек, аял, ичимдик, кесип
Тема боюнча
Кофеиндүү суусундуктар менен алкоголду чогуу ичүү жүрөк ыргагын бузат
Көчмөн элге спирт ичимдигин ичүүгө болбойт. Нарколог себебин айтты