Газ. Архив

Жалпы газ рыногун кандай келечек күтөт? Тариф, кызыкчылыктар, аракеттер

263
(жаңыланган 11:39 12.02.2021)
Өткөн аптада Беларусь премьер-министри Роман Головченко Евразиялык экономикалык биримдиктин жалпы рыногун жүзөгө ашыруудагы кийинки баскычка жакын арада өтөрүн жарыялады.

Бирок Биримдикке кирген өлкөлөрдүн аймагындагы газ жеткирүү тарифи жөнүндөгү маселе ачык бойдон. Бүгүнкү күндө тараптар бул багытта бир пикирге келише элек.

Долбоор тездетилмекчи

Жакын арада Россия жалпы газ рыногу жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөр боюнча эл аралык келишимди даярдап, документтин долбоорун иштеп чыгууга киришет. Өткөн жекшембиде "Беларусь-1" телеканалынын эфиринен Беларустун премьер-министри Роман Головченко билдирди.

© Sputnik / Виктор Толочко
Беларустун премьер-министри Роман Головченко
"2025-жылга чейин интеграцияны өнүктүрүү стратегиясы боюнча чечимдер ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер башчылары тарабынан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште кабыл алынган, - дейт Роман Головченко. – Ушул тапта Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан берилген тапшырмаларга ылайык, Россия Федерациясы жалпы газ рыногу боюнча эл аралык келишим даярдоодо. Россиялык кесиптештер ишти тездетүү керектигин түшүнүү менен кабылдоодо. Ошондуктан жакын арада биз жалпы газ рыногу жөнүндөгү долбоорду иштеп чыгууга киришебиз".

Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович долбоор быйыл даярдаларын, ал эми 2022-жылы макулдашууга кол коюлуп каларын боолголойт. Эске салсак, 2016-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жалпы газ рыногун түзүү концепциясын бекиткен.

Документке ылайык, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия 2025-жылы жалпы газ рыногун түзүүгө тийиш.

Жалпы газ рыногу сырьёнун бул түрүн сатуу эрежелерин бир беткей кылууну, жалпы рынокто баа жана тарифтик саясатты түзүүгө бирдиктүү жолдорду ишке ашыруу жана газ тармагын жөнгө салуучу мамлекеттердин мыйзамдарын, ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында жайгашкан газ жеткирүү тутумдарына жетүүнүн бирдиктүү эрежелерин шайкеш келтирүүнү талап кылат.

ЕАЭБде газдын кандай запасы бар
ЕАЭБде газдын кандай запасы бар

Кызыкчылыктардын кагылышы

Газ тармагындагы эксперттердин баамында, Беларусь менен Армения россиялык ички рыноктогу баада алууга кызыкдар. Өз кезегинде Россия бул ЕАЭБ алкагында мамлекеттердин интеграциясынын терең деңгээлинде болушу керек деген пикирди карманат.

Былтыр жазда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында РФ президенти Владимир Путин бирдиктүү тариф бирдиктүү бюджети жана бирдиктүү салык тутуму бар бирдиктүү рынокто гана жүргүзүлүшү мүмкүн деп билдирген.

Эксперттердин айтымында, беларусь жана армян тарап мындай интеграцияга азырынча даяр эмес, ал эми өз кезегинде Россия белгилүү саясий кепилдиктерсиз экономикалык тобокелдиктерди алууга кызыкдар эмес.

"ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жалпы газ рыногу бир нече нерсени талап кылат, - дейт Технологияларды өнүктүрүү институтунун Эксперттик кеңешинин мүчөсү Дмитрий Коптев. – Атап айтсак, жалпы рынокко кирген өлкөлөр үчүн четтен кирген жана сыртка чыгарылуучу товарлардын пошлиналарын колдонуу, газ-транспорттук түйүндөрдөн басмырланбай пайдалануу мүмкүнчүлүгү, газ сатуу эрежелерин бир беткей тартипке келтирүү, баа жана тарифтик саясат жаатындагы бирдиктүү ыкма, мүчө-өлкөлөрдүн бул жааттагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү. Жөнөкөйлөтүп айтканда, жалпы платформа алкагында ички рынокко жана мүчө-мамлекеттердин рыногуна газ ташуунун теңме-тең кирешелүүлүгү көгүлтүр отту ташуу чыгымдарын эсепке алуу менен камсыздалууга тийиш".

Дмитрий Коптевдин айтымында, Россия үчүн бул долбоор эң оболу саясий, анткени ансыз ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн реалдуу интеграциясын камсыздоого мүмкүн эмес.

Кыргызстан жана Казакстан үчүн бул негизинен эки тараптуу маселе. Кыргызстан казакстандык газдын импорттоочусу болуп саналат.

"Армения жана Беларусь үчүн жалпы рынокту түзүү аталган республикаларга берилчү россиялык газдын баасын арзандатуу үмүтүнө байланышкан. Болду-болбоду, андайга жол берилбейт, - деп кебин улайт Дмитрий Коптев. – Жөнгө салына элек соңку маселе – газ ташуу тарифтерин түзүү. Себеби дал ошолорго жараша Армения жана Беларусь үчүн акыркы баа коюлат. Бул өлкөлөрдүн кызыкчылыгы жөнөкөй эле, алар өз чыгымдарын азайтууга умтулат. Россия Беларусь менен Армения бирдиктүү макроэкономикалык регион катары Евразиянын сакталышы үчүн аракет этерине кепилдик алгысы келет".

Ведущий эксперт Фонда национальной энергетической безопасности, преподаватель Финансового университета при Правительстве РФ Игорь Юшков во время мультимедийной пресс-конференции по итогам исследования Россияне – о ценах на бензин и мерах Правительства по их регулированию, проведенного холдингом Ромир, в Международном мультимедийном пресс-центре МИА Россия сегодня.
© Sputnik / Нина Зотина
РФ өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин илимий кызматкери Игорь Юшков
"Жалпы рынок дегенибиз – ЕАЭБ ичинде өлкөлөр ортосундагы газ сатууга эч кандай чектөөлөрдүн жоктугу, - деген оюн айтат Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун улук талдоочусу, РФ өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин илимий кызматкери Игорь Юшков. – Азыр, маселен, Россиядан түтүк аркылуу газ экспорттоого монополиялык укукка "Газпром" ээлик кылат. Россия ичинде "Газпромдон" сырткары чоң көлөмдө газ сатуу менен НОВАТЭК жана "Роснефть" алектенет, бирок көгүлтүр отту, мисалы, Беларуска жеткире албайт".

Эксперттердин пикиринде, Беларусь жетекчилиги "жалпы рынокту" россиялык газды өз өлкөсүндөгү керектөөчүлөр үчүн РФтин Смоленск облусундагы баалардын деңгээлине дейре арзандатуу жолу катары кабылдайт.

"Беларусь жалпы газ рыногу түптөлсө Россия казакстандык газды өз аймагы аркылуу ташууга уруксат берүүгө тийиш деген пикирде. Мындай нерсенин ишке ашары арсар, анткени бул баа Россиянын ичинде да колдоого алынат (субсидияланат). Армениянын да жалпы рынокко кызыгуусу жана күткөнү ушундай эле", - деп эсептейт Игорь Юшков.

Рыноктун келечеги бүдөмүк

Игорь Юшковдун пикиринде, ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү соодада жарытарлык өзгөрүүгө алып келбейт, формалдуу түрдө өлкөлөр ортосунда газ ташуу үчүн чек аралар ачык болот, бирок рыноктун реалдуу кайра курулушун күтүп болбойт.

"Армения жана Беларусь үчүн баалар төмөндөтүлбөйт, анткени Россиядагы газ алынган райондордон (Ямало-Ненецкий автономдук округу – ред. тактоосу) бул республикаларга жеткирүү бир топ кымбат.

Жаңы рынокторго көз карандысыз өндүрүшчүлөр келбейт, алар кымбатыраак баада гана сатууга даяр. Тагыраак, Газпром койгон баадан кымбат – 1 миң кубун 130 доллардан жогору сатышат. Себеби "Газпромдун" канатындагы ишканаларга, транзитке чоң акы төлөшөт", - дейт Игорь Юшков. Айтымында, Казакстан да транспорттук машакаттардан улам Беларусь же Арменияга газ жеткире албайт. "Ал Кытайга газ берүүдөн көбүрөөк акча табат", - деп корутундулайт эксперт.

"Чынында жалпы рынок иштеп кетеринен күмөнсүйм, - деп билдирет Дмитрий Коптев. – Сүйлөшүүлөр оор жүрүүдө, макулдашууга кол коюу улам жылып келет. Эгер тараптар тил табыша алса, ЕАЭБдин документтеринде камтылгандай, жалпы рыноктогу баалар түз келишимдер жана биржалардын алкагында эки жол менен аныкталат. Баса, алдыда бул платформаларды түзүү милдеттери да турат".

Акыры макулдашыла турган тариф түзүү механизмин бүгүн атоого мүмкүн эмес, ал эми ЕАЭБдин документтеринде бул маселеге азыраак көңүл бурулган.

"Болгону анда "керектөөчүлөр, газ берүүчүлөр жана мүчө-мамлекеттердин табигый монополия субъектилеринин кызыкчылыгынын тең салмактуулугу сакталышы шарт. Ал керектөөчүлөр үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана алардын сапатынын тийиштүү деңгээлин, табигый монополиялардын майнаптуу иштеши жана өнүгүшүн камсыздайт" деп айтылган. Мындай бүдөмүк жагдайды ар бир тарап өз көмөчүнө күл тартуу менен чечмелери түшүнүктүү", - дейт Дмитрий Коптев.

"Биз газдын бирдиктүү эмес, жалпы рыногу жөнүндө айтып турабыз. Айырмасы чоң, - деп белгилейт Энергетика жана каржы институтунун энергетикалык багыты боюнча башкы директорунун орун басары Алексей Белогорьев. – Эгер ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн беш рыногу биригип, башында улут үстүндөгү жөнгө салуучу турса, бирдиктүү рынок болмок. Жалпы рынок – өз эрежелери боюнча иш алпарган өзүнчө субстанция. Ал транс чек аралык, мамлекеттер аралык соодага тиешелүү".

Ошентип мыйзам шарттары өлкөлөрдө бир түргө салынбайт, тек гана шайкеш келтирилмекчи. Ушул себептен көптөгөн айырмачылыктар, анын ичинде жеткирүү жана баа коюуда тарифтер деңгээлиндеги өзгөчөлүктөр сакталат.

263
Белгилер:
энергетика, транспорт, Беларусь, Армения, келечек, газ
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (240)
Тема боюнча
Соңку аракет: АКШ кайрадан "Түндүк агым-2" долбоорун "эрмектөөдө"
Европа Россия менен алакасын туңгуюкка кептеди. Андан өзү жабыр тартууда
Вашингтондогу Америка желектеринин фонунда Капитолий имаратынын сыртындагы адамдар. Архив

Демократияны үйрөтөт. АКШ бирөөнүн жашоосуна кийлигишүүнүн жаңы ыкмасын тапты

110
Америкалыктар мындан ары демократия үчүн күрөшпөйт. Башка өлкөлөргө кийлигишүү жана авторитардык лидерлерди кулатуунун майнапсыз экенин мезгил көрсөттү.

Вашингтон мындан сабак алып, дүйнөнү өзүнөн баштап өзгөртүүгө чамынды. Мындан ары Кошмо Штаттар кандай аракет этерине Софья Мельничук сереп салган.

Жаңы доор — жаңы ыкмалар

АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин мамлекеттик департаменттеги алгачкы расмий сөзү бош залда жаңырса да чоң чуу жаратты. Жарым саат ичинде америкалык дипломатиянын башчысы тышкы саясаттын негизги багыттарын санады. Алар жакында улуттук коопсуздук стратегиясында бекитилет. Блинкендин айткандарынын дээрлик көбү жаңылык эмес, өзү да, президент Жо Байден да акыркы айларда бир нече жолу кайталап келген эле сөздөр. Ошентсе да бир нерсе көңүл бурдурду.

"Биздин ыкма өзгөрөт, — деп жарыялады мамлекеттик катчы. — Биз демократияны кымбат баалуу аскердик кийлигишүүлөр же авторитардык режимдерди күч менен кулатуу аракеттери аркылуу жайылтпайбыз". Жакшы ниет менен жүргүзүлсө да, мындай ыкмалардын аягы жакшы бүтпөгөнүн моюнга алды жаңы администрациянын өкүлү. Ал тургай, "демократияны жайылтуу" деген терс маанай жаратып, ага америкалыктардын өздөрү деле ишенбей калышкан.

Дүйнө алмашты, эми жаңы шарттарда Вашингтон көңүлдү террордук коркунучтардан атаандаш державаларга бурат. Демократияны жайылтуу — бул мурдагыдай эле АКШнын тышкы саясатынын императиви бойдон, өз үлгүсүндө көрсөтөт.

"Болбосо бизди баалуулуктарыбыздан адаштыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаган Кытай жана Россия сымал атаандаштарга уттурабыз. Аларга шарт түзүп бербейли", — деп аяктады сөзүн америкалык дипломат.

Өзү өрнөк боло алабы?

Аталган державаны былтыркы жыл катуу сынады. Биринчи, Экинчи дүйнөлүк жана Вьетнам согушунан да көп америкалыктын өмүрүн алып кеткен коронавирус пандемиясы саламаттык сактоо тутумундагы теңсиздикти көрсөттү. Полициянын ырайымсыздыгы жана кара терилүү кишинин өлтүрүлүшүнөн улам өлкөнү расалык толкундоолор каптаган. Дагы бир ирет коомдо системалуу расизм көйгөйү ачык байкалып калды.

Президенттик шайлоо да ондогон жылдар ичиндеги эң чуулгандуулугу менен эсте калды. Дональд Трамп али күнчө шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деген ойдо. Ушундай маанай айрымдарды алтынчы январда Капитолийдин имаратын басып кирүүгө түрттү.

Жаңы президент Жо Байдендин алдында өлкөнүн ички биримдигин калыптандыруу зарылдыгы курч турат, ошондой эле ал эң оболу америкалыктардын өздөрүнө АКШ дале демократиянын үлгүсү экенин көрсөтүүгө тийиш.

"Кошмо Штаттарда башкаларга өрнөк болуу жаатында азыр көйгөй чоң, — дейт АКШ жана Канада институтунун улук илимий кызматкери Павел Кошкин. — Аларга азыр электоратты мобилизациялоо үчүн риторикалык инструмент абзел. Өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салууга кудурети жетерин көрсөтүү маанилүү".

Блинкендин билдирүүсүн кандайдыр бир деңгээлде ички жагдайга да багытталган деп болжоого болорун айтат Кошкин. "Бөлөк өлкөлөрдү тартипке келтирүү өзүңдөн баштоого кандайдыр өбөлгө сымал", — деп түшүндүрөт ал.

Демократияга каршы өнүгүү

Байдендин администрациясы дайым башкы стратегиялык атаандаш Кытай жана анын өнүгүү үлгүсү экенине басым жасап келет. Вашингтон дал ошону өзгөртүүгө ниеткер. Пекин өзү саясий тутумду эч жакка көчүрүүнү пландаган жок. КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин айткандарын эстейличи. "Биз дүйнөнүн мүмкүнчүлүктөрүн өнүгүү аркылуу жайылтабыз", — деп түшүндүргөн ал.

Айрым мамлекеттерде чындап эле мамлекетти башкаруунун кытайлык элементтерин импорттоого талап бар экенин белгилейт Москвадагы Карнеги борборунун консультанты Кытайды изилдөөчү Темур Умаров. Айталы, Борбор Азиядагы мамлекеттер. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдө АКШнын таасири жылдан-жылга азайып барат.

"Аймактын бардык автократиялары Кытайдын ийгилигин кайталагысы, демократиялык реформаларсыз эле экономикасы өнүккөн өлкөгө айлангысы келет", — дейт Умаров. Ошол эле убакта заманбап дүйнөдө кандай автократия болбосун, демократиялуу көрүнгүсү келет. Антпесе глобалдык дүйнөдө кадыресе жашоо мүмкүн эмес.

Ошол себептен Борбор Азиядагылардын баары сөз жүзүндө реформа жана адам укуктары жөнүндө айтышат, бирок иш жүзүндө Батышты үлгү катары эсептебейт. Эгер мурда бул чөлкөмдө жалгыз Кыргызстан демократия аралчасы аталып, Америка тарапка ыктап келсе, азыр ал оюнан кайтып башка жолго бет алды.

Эгер Кытай өңдүү Борбор Азияга экономикалык жактан активдүү басым жасаган болсо, Кошмо Штаттар аймакта позициясын күчөтө алмак. Ансыз идеологиялык планда чоң таасирге ээ боло албастыгын айтат Умаров.

Унутулгус эски адат

Жаңы администрациянын ыкмасы — Барак Обама баштап кеткен жолдун уландысы. Обаманыкы деп аталган доктрина чет жактагы америкалык аскерлердин кыскартылышына багытталган. Ошондой эле демократтар аскердик ыкмалар анчалык майнапсыз экенин, демократияны кийлигишүү, басып алуу жана мамлекеттик түзүлүш эсебинен эмес, жумшак күч менен жайылтуу керек деген бүтүмгө келишкен. Бирок Кошмо Штаттардын 44-президенти ишке ашыра алган эмес. 2011-жылы АКШ ливиялык өкмөттүк күчтөргө аба соккусун урган.

Кийинчерээк чечим туура, албетте, туура болгонун, бирок Вашингтон анын кесепеттерине даярданбаганын ал моюнга алган. Ливия башаламандыкка сүңгүп, муну Обама президенттик мөөнөтүндөгү эң чоң катачылык деп атаган.

Кошмо Штаттардын азыркы администрациясы экс-президенттин аракеттерин улантып, аскердик кийлигишүүдөн тышкары бардык ыкмаларды пайдаланарын боолголойт.

РФ Жогорку экономикалык мектеби улуттук изилдөө университетинин европалык жана эл аралык комплекстик изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Дмитрий Суслов.

"Чет элдик жардам саясатына жана коммерциялык эмес уюмдарга басым жасашат, "кызгылт сары революцияларды" алда канча активдүү колдошот, — дейт ал.  Сирияда Башар Асаддын режими менен АКШ түз күрөшкөн эмес, оппозициялык күчтөргө көмөктөшкөн. — Бул жөндүү инструмент бойдон калат".

Ушул тапта Вашингтон Россия, Беларусь, Венесуэлада оппозициянын өкүлдөрүн колдойт. Мурда Кошмо Штаттар Алексей Навальныйдын ишинен улам айрым россиялык аткаминерлерге каршы санкцияларды киргизген.

Беларусь президенти Александр Лукашенконун дарегине карата чектөө чараларын америкалык элчи Светлана Тихановская менен талкуулаган.

Жакында эле Блинкен Венесуэланын оппозициялык лидери Хуан Гайдо менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Кытай жана Иранда АКШ батышчыл коммерциялык эмес уюмдарга жана бул мамлекетти кескин сындагандарга жардам берип келет. Конкреттүү аракеттер өлкөдөн көз каранды экенин белгилейт Суслов. Кай бир жакта жарандык согушта тараптардын бирин колдоп, кээ бир өлкөдө саясий каатчылыкка чагымчылдык кылат. Маалыматтык саясат, үгүт, коомдук дипломатия.

Санкциялар — демократияны жайылтуунун маанилүү инструменти, алар арылгысы келген элиталарга сокку урат. Ирак, Ливиядагыдай жаңы операциялар эми кайталанбайт. Тарых көрсөткөндөй, чет элдик долбоорлорго каражат бөлүп коюуга караганда өзүндөгү демократия менен үлгү көрсөтүү алда канча татаал. Ошондуктан достук күчтөрдүн каржылык колдоосу АКШ Мамлекеттик департаменттин негизги инструментине айланат.

110
Белгилер:
демократия, тарых, Алексей Навальный, мамлекет, АКШ
Тема боюнча
Россияны ооздуктоо боюнча милдеттенмелерден арыла албаган Европа
Европа — Россия мамилеси: Боррелдин сапары алдын ала чалгындоо беле?
Рим шаарында көчөдө бараткан адамдар. Архив

Европа өз көйгөйлөрүнө күнөөлүүнү тапты. Бет тырмарлыкпы?..

131
(жаңыланган 10:14 05.03.2021)
Европа биримдигиндеги демократиялык процесстерге чет элдик кийлигишүүлөр боюнча Европарламенттин атайын комитетинин угууларында европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель бурмаланган маалыматтык кампанияга Россияны айыптады.

Боррелдин айтымында, бул Евробиримдиктеги демократияны каралоого жана эл аралык кызматташтыкты чабалдатууга багытталган. Бул тууралуу Ирина Алкснистин материалын РИА Новости жарыялады.

Боррель мизи али кайта элек пандемия шартында жалган жана жаңылыш ойго түрткөн маалыматтардын өтө кооптуулугун белгилеген. "Биз Кремлге ыктаган каналдардын бет кап тагынуунун кажети жоктугун айтканын, карантинге каршы козуткандарын көрдүк", — дейт ал.

Дипломаттын пикиринде, эми Москванын вакциналык дипломатиясы биринчи планга чыкты. Ал бир жагынан батыш препараттарын жана өндүрүшчүлөрүн каралоого тырышып, экинчи жагынан өздөрү өндүргөндөрүн даңазалап, активдүү таанытууга аракет кылууда.

Европалык аткаминердин тынчсыздануусун түшүнүүгө болот. Ошол эле убакта Россияда турмуш көпчүлүк үчүн азыраак ыңгайсыз болсо да кадимки нугуна түшүп калды. Ал эми бийлик пандемиядан улам киргизген чектөөлөрүн акырындап алууда.

Европада жаңы карантиндик катаал чаралар толкуну башталып туру. Финляндияда өзгөчө абал жарыяланып, Чехияда дүйнөдө илдет эң көп катталгандыгынан улам тургундарга жашаган райондорунан чыгууга тыюу салынган. Италияда да чектөөлөр күчөтүлдү.

Өз кезегинде дээрлик бир жылдан берки тыюу салуулар жана үйдө отургандан жадаган Европа калкы бийликтин бул чаралардын баары өз саламаттыгы үчүн деген аргументтеринин эч бирин уккусу келбей баратат. Массалык протесттер дээрлик бүт континентке жайылды.

Кырдаал ушунчалык татаал экенин мындан билиңиз, биримдиктин бекемдиги көз алдыбызда бириндөөдө. Чехия "Спутник V" вакцинасын алуу үчүн Россияга кайрылды, бул – өлкөнүн президенти жана премьер-министринин макулдашылган позициясы. Словакия андан да алдыга кетип, аркасынан Венгрия, Сербия жана башка өлкөлөрдүн европалык жөнгө салуучуну күтпөстөн россиялык препаратты тездетилген жол-жобо менен каттады.

Коронавирус боюнча кыйла татаал кырдаалдагы поляктар үчүн Россияга жардам сурап кайрылуу акылга сыйгыс, ошондуктан алар COVID-19га каршы вакцина жөнүндө Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүүгө киришти.

Абал бир жыл мурунку окуяны эске салууда. Анда Европа биримдиги өзгөчө кырдаалда өзүнүн толук алсыздыгын көрсөтүп, анын мүчөлөрү курч каатчылыкка каршы өз алдынча күрөшүүгө мажбур болгон. Айырмасы – анда глобалдык масштабдагы күтүүсүз жагдай эле, бул чындап эле принципиалдуу түрдө маанилүү. Анын жүрүшүндө өзгөчө шарттарда ыкчам реакция зарыл учурда Брюссель аракетке жөндөмсүз экени айгинеленди.

Бул, албетте, Европа үчүн жагымсыз ачылыш. Бирок ошол абалда ЕБдин дармансыздыгын актоого болбосо да, жок дегенде көйгөйдүн өтө күтүүсүздүгү жана глобалдуулугун түшүндүрүүгө болмок.

Азыр кырдаал алда канча башкараак. Пандемиядан улам күтүүсүздүктүн таасири басаңдаганда Евробиримдик кайрадан тирдене түшкөн. Анткени анын күчтүү деп саналган сапаттары, атап айтканда, стратегиялык пландоо, татаал процесстерди уюштуруу, каражаттарды топтоо жана бөлүштүрө билиши зарыл болду. Европалык бийликтин жакындагы эле аракеттеринде, маселен, экономиканы кайра калыбына келтирүү планынан дүйнө жүзүнө мындай коркунучтар менен күрөшүүнүн үлгүсүн көрсөтө тургандыгы боюнча убадасы байкалат. Көрсөтүштү. Анын натыйжасы маанилүү багыттардагы ийгиликсиз аракеттери болду.

Европа талдалган карантиндик стратегия өз башына муш болду, ал эми калкты эмдөө боюнча иш жагдайын сүрөттөө үчүн "кырсык" деген гана аныктама туура келет. Ошону менен катар мындай абалдын кейиштүүлүгүн мындан билиңиз, пандемия менен күрөшүүдө үлгү болгусу келген өлкөлөрдүн өзүндө абал Европадагыдан бир топ дурус.

Ал эми бардык нерсенин өзөгүндө европалык бийлик тарабынан кабыл алынган жаңылыш чечимдер. Бул Европа биримдигинин кадыр-баркына алапайын таппай калган бир жыл мурунку абалынан да катуу доо кетирет.

Ушундай жагдайда чыгыш европалык мамлекеттердин өз алдынча аракет этүүгө умтулганы түшүнүктүү. Алар, албетте, ЕБ курамында экинчи сапта турушарын жакшы билишет, ошондой эле коронавирус көйгөйүндө калдык принциби боюнча жардам алууга мажбур экенин билет. Натыйжада өз кезегин сабырдуулук менен күтүүдөн чарчаган өлкөлөрдүн саны улам арбып, анын ордуна алар Брюсселдин уруксатын албастан аракетке өттү. Брексит, ошондой эле өзгөчө шарттарда да Брюсселге кылчактабаган польшалык жана венгриялык бийликтин евроскептицизминин өрчүп баратышы Европа биримдиги үчүн анча жакшы көрүнүш эмес.

Дээрлик алты жыл мурун Европа өзүнө миграциялык каатчылык уюштуруп, анын азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып келет. Пандемияга каршы күрөш европалык саясатты дагы бир ийгиликсиздикке тушуктуруп, кыска эле мезгил ичинде оор кесепеттерге кептеген кыйла стратегиялык туура эмес эсептер менен жүргүзүлгөнүн көрсөттү.

Брюсселдин көйгөйдү сырттан европалык демократия жана шериктештикке доо кетирген душман издөөгө шылтоо менен өз катачылыктарын моюнга алуудан принципиалдуу түрдө баш тартышы бул маселелер менен эле токтоп калбастыгын кепилдейт.

131
Белгилер:
душман, пандемия, коронавирус, Россия, Европа, АКШ
Тема боюнча
Батыш вакцина үчүн күрөшүүгө даяр

Марипов карылар үйүндөгү энелерди көрүп, көзүнө жаш алды. Видео

0
(жаңыланган 17:30 08.03.2021)
Премьер-министр Улукбек Марипов 8-март — Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкектеги улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган социалдык мекемеге барды.

Өкмөт башчы мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай жана күч-кубат каалады. Видеодон ал сүйлөп жатып көзүнө жаш алганын дагы байкоого болот.

"Бул сапар мага аябай көп эмоция берди. Ата-энелер өз балдарынан ушундай мамиле көрүүгө татыктуу эмес", — деп жазган Марипов.

Ошондой эле ал карылар үйүндөгү энелер жалгыз эмес экенин айтып, алар баарыбыздын ата-энебиз катары камкордукка алынарын белгилеген.

"Мен балдар жана карылар үйүнүн жок болушун чын жүрөктөн каалайт элем. Балдар жана улгайган адамдар үй-бүлөдө, сүйүү жана камкордукка бөлөнүп жашашы керек. Биз өсүп келе жаткан муунду улууларга, ата-энесине урмат көрсөтүүгө тарбиялашыбыз керек. Биз сиздердин жашоону жакшыртуу үчүн иштөөгө тийишпиз", — деди өкмөт башчы.

Андан соң премьер-министр боорукердик бөлүмүндөгү саламаттыгынан абалы начар жарандардан кабар алып, ал-жайын сураган.

Ведомство тарабынан скандинавиялык таяктар менен камсыздоо өтүнүчү айтылып, Марипов алып берүүнү убадалаган.

0
Белгилер:
куттуктоо, Карылар үйү, өкмөт, Улукбек Марипов
Тема боюнча
Кыйындыкта бел болуудан тайбадыңар! Марипов аялзатын ыр окуп куттуктады. Видео
Кыргыз аялы үй-бүлө ынтымагынын кам көрүүчүсү. Жапаровдун куттуктоосу