Москвадагы Америка элчилигинде АКШнын мамлекеттик желеги. Архив

Арышы арбыбаган алака. РФ элчиси АКШга эмнеге кайтышы керек

84
(жаңыланган 17:16 24.03.2021)
Эң орчундуу делген куралданууну көзөмөлдөө боюнча маселе кийинкиге калды. Дагы беш жыл бар, демек, Россияга мамиле кандай нукта өнүгөрүн көрсөтүү үчүн Ак үйдүн убактысы жетиштүү.

АКШ президенти Жо Байдендин Россия лидери Владимир Путинге карата айткан сөзүнөн кийин Москва Вашингтондогу элчисин чакыртып алганы маалым. Мындай кырдаал советтик жоокерлер Афганистанга киргенден бери түзүлө элек эле.

Ушу тапта эки тарап тең өлкө башчыларынын эл көзүнчө бет маңдай отуруп алып сүйлөшүүсү мүмкүнбү деген маселенин айланасында баш катырып жаткан чагы. Эки мамлекеттин ортосундагы алаканын тагдыры кандай болоруна көз чаптырган Софья Мельничуктун макаласын РИА Новости жарыялады.

Үйгө кайткан элчи

Вашингтондо Россиянын кызыкчылыгын коргоп келген Анатолий Антонов Москвага акылдашуу үчүн учуп келди. Консультациялар канчага созулары белгисиз. ТИМ өкүлү Мария Захарова мөөнөтү аяктай элек элчинин Кошмо Штаттардан чыгып кеткен учурун эстей албай да койду. Эми Антонов бардык маселелерди сүйлөшүп алган соң гана кайта турган болду.

Консультациялар дүйшөмбү күнү эле Смоленск аянтында башталган. Негизгиси — "Вашингтон тарабынан туңгуюкка кептелип, оор учурду башынан кечирип турган россия-америка мамилесин" жөнгө салуунун жолун табуу.

"Алдыда көп иш турат, — деди Антонов. — Түзүлгөн кырдаалды жакшылап анализдеп чыгуу зарыл. Россия тарап мамиленин өнүгүүсүнө кызыкдар экенин бир нече жолу айткан. Азыр болгону бир жолду тандап алышыбыз керек".

Москва эки тараптуу алакага саресеп салып турган чакта Байден "кайсы бир учурда" Путин менен сүйлөшүп, ыңгайы келсе көзмө-көз жолугууга ниети бар экенин билдирди.

Ал арада Ак үй жаңы администрациянын Россия менен мамилеси төрт жылдагыга караганда таптакыр башкача өнүгөрүн кайталап келет. "Жо Байден Россиянын 2020-жылдагы шайлоого кийлигишүүсү, Алексей Навальныйдын ууланышы, америкалык аскерлер үчүн (Афганистан) сый акы жарыялоо же SolarWind киберчабуул сыяктуу чагымчыл аракеттерине нааразы экенин жашырбайт", — деди анын маалымат катчысы Жен Псаки. Ошол эле учурда Мамдепартамент Москва менен Американын кызыкчылыгына төп келген тармакта кызматташууга даяр экенин айтууда.

Коопсуздук жолу

Кызматташчу тармак анча көп эмес. Байдендин бирден-бир милдети Чабуул койчу стартегиялык курал жөнүндөгү келишимдин (СНВ-3) мөөнөтүн узартуу эле. Трамптын командасы менен ымалага келүү оор болду, америкалык тарап кошумча шарттарды киргизип, АКШ — Россия диалогуна аралашууга караманча каршы болгон Кытайды тартууну талап кылып келген.

Байден убадасына туруп, аталган келишимдин мөөнөтүн беш жылга узартуу боюнча жарлыкка кол койду. Анын айтымында, мындай кадам кийинки сүйлөшүүлөр үчүн негиз болуп бермекчи.

Албетте, бул жакшы жаңылык, бирок боло келген көйгөйлөр ошол боюнча калат дейт МГИМОнун Эл аралык иликтөө институтунун Евроатлантикалык коопсуздук борборунун улук илимий кызматкери Андрей Баклицкий. Биринчиден, мөөнөт болгону беш жылга узартылды, демек, документтин келечегин талкуулай турган күн баары бир келет. Экинчиден, СНВ-3 бардыгын камтыган макулдашуу эмес.

"Келишим коргонуу эмес стратегиялык чабуул кое турган куралды жөндөйт, орто жана жакынкы аралыктагы системаларды, космосту көзөмөлдөбөйт. Жалпы жонунан көп нерсе көмүскөдө калууда", — деди эксперт.

Эми АКШ өз командасын түзүп алгандан кийин сүйлөшүүлөр уланат деген үмүт бар. Куралданууну көзөмөлдөө мындан ары кандай багытта өнүгөрүн чечүү керек. "Мында стратегиялык өзөктүк күч жана тизмедеги андан аркы нерселер тууралуу сөз болууда", — деди Баклицкий.

Москва коопсуздуктун жаңы деңгээлинин стандарттарын иштеп чыгууну сунуштап жатат, ага бардык чабуул койчу жана коргонуу боюнча өзөктүк, өзөктүк эмес куралдар кирмекчи. Документ коопсуздуктун аскер-техникалык, ошондой эле аскердик-саясий аспектилерин камтышы керек. Башкача айтканда, көйгөйдү комплекстүү карап, кайсы фактор эмнеге таасир этерин түшүнүп, мунун баары тең салмактуулукту сактоодо эске алынышы зарыл.

Курал-жарактан тыш тармак

Кызматташуу үчүн космос, климаттын өзгөрүшү, Жакынкы Чыгыш, Арктика боюнча иш, инфекциялык оорулар сыяктуу тармактар бар. Бирок былтыркы жыл дүйнөлүк пандемия байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө боло албай турганын көрсөттү.

Ошол эле маалда Вашингтондун Кремлге карата санкциялык саясаты күтүлгөндөй эле активдешип кетти. Анын үстүнө ыңгайлуу шылтоо пайда боло калды. Мамдепартамент Россия сотунун Алексей Навальный боюнча чыгарган өкүмүн катуу сындап, укук бузуу жана "саясий плюрализмди басуу" катары сыпаттады.

Чектөөлөр көпкө күттүргөн жок. Марттын башында АКШ Навальныйдын ишинен улам кара тизмеге 14 уюмду киргизди. Ак үйдүн пикиринде мунун баары "биологиялык жана химиялык куралдын элементтерин өндүрүүнүн ар кайсы аспектилерине" катышкан. Санкцияга жети россиялык аткаминер да туш болду.

"Вашингтон мамилени тандап жакшыртууга кызыкдар", - дейт Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңештин башкы директору Андрей Кортунов. Жаңы президент ишке киришип, СНВ-3 талкууланып жаткан кезде жандуу пикир алышууга жана алдыга карай умтулууга үмүт бар эле. Эксперттин айтымында, эми баары ачык-айкын болуп келе жатат: жаңы администрациянын Москва менен алаканы жолго салуу ниети жок. Байдендин сөзүнөн улам чыккан чуу жана элчини чакыртып алуу — олуттуу көйгөйлөрдүн кесепети гана.

Ошентсе да Байдендин сөзү ички аудиторияга багытталган деп эсептегендер бар. Балким ошондойдур дейт эксперт. АКШда Путин Байденди тесттен өткөрүүгө камынып жатат дегендер кездешет. Чыр-чатактан алыс, ыкка көнө билген, анын үстүнө жашы өтүп калган Байденди Россия президенти сынап, эскалация стратегиясын жүргүзөт имиш. "Эгер баары айтылгандай болсо, АКШ лидери да ушундай пикирди карманса, анда анын сөзү, аракети оңой менен алдыра койбогон адам экенин айгинелеп турат", — деп түшүндүрдү Кортунов.

Натыйжада эң орчундуу делген куралданууну көзөмөлдөө боюнча маселе кийинкиге калды. Дагы беш жыл бар, демек, Россияга мамиле кандай нукта өнүгөрүн көрсөтүү үчүн Ак үйдүн убактысы жетиштүү. Азыркы ызы-чуу мамилелерди кескин начарлатып ийбес. Анткени ал болгону эки тараптуу алаканын натыйжасы гана болуп калды.

84
Белгилер:
санкциялар, курал, мамиле, Мамлекеттик департамент, АКШ, Россия, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
Путин Байденди түз эфирде сүйлөшүүгө чакырды. АКШнын жообу
Пакет көтөрүп бараткан аял. Архив

Жашоо начарлап кетсе эмне болот? Бүк түшүп калбай эмнеге даяр болуш керек

630
Бул макала сизди кооптондуруу, бүлүк түшүргөн сезимдерди жаратуу үчүн жазылган жери жок. Чубалган цифралар да, ар кандай эксперттердин пикири да камтылбады. Автор тек гана кырдаалга баам салып, көмөк көрсөтүүнүн жолун издеген.

Чындыгында каатчылык болору деле белгисиз, качан болорун эч ким так айтып бере албайт. Дүйнөлүк каржылык рынокторунун кыйрашы жөнүндө жоромол толтура, бирок божомол берекеси жок иш эмеспи. Бул кыргызстандыктардын турмушуна кандай чагылары анык эмес. Биз 1990-жылдан тарта эле каатчылыкта же аны менен "катарлаш" жашап келгендейбиз. Каатчылык сизге кандай таасир этип, кандай тармактар жабыр тартарын да болжош татаал. Бирок кандай болсо да кыйынчылыктарга туруштук берүүнүн камын ойлоп коюу ашыктык кылбастыр. Баанын көтөрүлүшүнө, маяна булагынан ажырап калууга даяр болуп, бирок андай күндө да эбин таап эптештирмейди билип, каражатыңызды сизге таянган жакындарыңызды багууга жеткире билгендей дараметте болуңуз.

Карыздар

Эң жаманы — каатчылыкты карыз, насыя же ипотека менен тосуп алуу. Колуңуздан келишинче мындай түйшүктөрдөн арылуунун жолдорун издеңиз. Чыгымдарды талдап чыгууга (эгер таптакыр эсеп жүргүзбөсөңүз, анда баштаганыңыз оң) жана аларды кыскартууга туура келет, маселен, көңүл ачуудан баш тартыңыз. Кошумча киреше булактарын табуу маанилүү. Эгер батир ижаралап жашасаңыз, ыңгайы келсе убактылуу ата-энеңиздикине барып турганыңыз оң чыгар.

Ал эми азык-түлүктөн сарамжалдайм деген ойдо болсоңуз, анын тобокелдиктери боюнча да туура акыл калчаңыз. Тамактануунун сапаты начарлап кете турган болсо, орто жана узак мөөнөттүү планда кесепети ары кооптуу, ары кымбат да болушу мүмкүн.

Каатчылыкка мойнуңуздагы насыя же ипотека менен кабылсаңыз эмне болот? Мындай учурда банкка барып, карызыңыздын түзүмүн өзгөртүп же кайра каржылоонун варианттарын издөөгө аракет кылуу абзел. Карызыңызды жапканыңыз банк үчүн да пайдалуу, андыктан каатчылыкта ал сизге жагдайдан чыгуунун жолун издөөгө кол кабыш кылар.

Тыйын топтоо

Акча топтоо — бул негиз. Эгер карыздарыңыз жок, бирок капиталыңыз болбосо, "каатчылык фондуна" чогулта бергениңиз дурус. Капыстан киреше булагыңыз бүтөлүп кала турган болсо, жашоого канча акча керек болорун болжол менен эсептеп чыгыңыз. Өзүңүзгө жана үй-бүлөңүзгө куру дегенде 3-4 ай кам санабай жашоого жете турган каражат коруңуз болгону жакшы. Бул убакыт аралыгында тыйын табуунун башка варианттарын таап калат чыгарсыз. Эгер кирешеден тышкаркы акча (сый акы, кошумча маяна, күтүлбөгөн киреше) болсо, аны да сарптап жибербестен чогултканыңыз жакшы.

Акча топтоого мүмкүндүк болбой жатабы? Айлык колго тиери менен бир бөлүгүн катып коюуну акырындап адатка айландырыңыз. Бул ыкма "адегенде өзүңө төлөө" деп мүнөздөлөт.

Чогулткан тыйыныңыз болбосо, кыйын кырдаалда карызга батып, насыя алып, өкмөттөн көмөк күтүүгө туура келет.... Мунун сизге кереги барбы? Кийин азабын тарткандан көрө азыр камын ойлогонуңуз оң эмеспи.

Капитал топтоо "каалоолоруңузду" тыя билүүгө тынымсыз тырышуу экенин эске түйүңүз. Айына 2-3 миң сомдон бөлүп турсаңыз деле жыл соңунда бир кыйла каражат чогулуп калышы ажеп эмес.

Жагдайы түзүк адамдар үчүн

Эгер жыйнаганыңыз жетиштүү, бересеңиз жок болсо, анда өнүгүү үчүн каражат чогултууну баштаңыз. Экономиканын кайсы тармактары жабыр тартары анык эмес, бирок бир каалга жабылса, башкасы ачыларын унутпаңыз. Мүмкүн кыймылсыз мүлк, чет элдик компаниялардын акцияларын, пайдалуу облигацияларды, бизнестен үлүштү арзан сатып алат чыгарсыз. Балким, кайсы бир ийгиликтүү багытка акча салып көбөйтүүгө мүмкүнчүлүккө туш болуп каларсыз. Бирок диверсификация да жадыңызда болсун, үрөндүн баарын бир кампага жыйып болбойт. Каатчылык — бул абалдын начарлашы гана эмес, бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн да убагы. Эң башкысы — андай шарттарды көрө билип, аларды пайдаланууга даяр болуу.

Акчаны кандай валютада кармаган оң?

Көпчүлүк доллар топтоп алып, айырмасынан акча таап, куру дегенде каражатты сактап калат. Бирок тобокелдиктерди да эске алыңыз. Доллар кармалып турарына же кымбаттап кетерине эч ким кепилдик бербейт. Бул эл аралык валютанын куну түшүп кетиши да толук ыктымал.

Эгер чыгымдарыңыз сом түрүндө болсо, акчанын баарын долларга айырбаштоонун кажети жок. Ооба, сомдун куну кылдын учунда турганда кайдыгер караш кыйын. Бирок башынан эң зарылдарын аныктап алып, пландап жана аны бекем кармансак, карыздардан кутулуп, кризистик фонд түзүп, өнүгүү үчүн акча топтоп алганда каатчылыкка туруштук берүү алда канча жеңилирээк.

Каатчылыкты кабылдай билүү

Тарых көрсөтүп тургандай, каатчылык — кадыресе көрүнүш. Экономика циклдүү багыт болгондуктан, эртеби-кечпи рынок өрүш алат. Азыркы учурдагы кадамдарыңыз келечегиңизди аныкташы ыктымал. Балким, кымгуут түшкөн кырдаалга да тушугуп калышыңыз мүмкүн. Эгер кокус башыңызга андай күн түшсө, сабак алып, күчтүү болууга тырышыңыз. Эгер баам сала билсеңиз, ар бир жагдайдан туура жыйынтык чыгара аласыз.

Ошону менен бирге эле өмүр сүрүүнү да унуткарбаңыз. Жашоодон ырахат алуу үчүн сөзсүз эле капчыгыңыздын калыңдыгы зарыл эмес. Бакыт — бул дүйнөгө болгон көз карашыңыз, аны кабыл ала билиңиз.

630
Белгилер:
экономика, жумуш, валюта, мүмкүнчүлүк, акча, запас, жашоо, турмуш, жакырчылык
Тема боюнча
Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жарымынан көбү жакыр жашайт
Статком: Баткен, Жалал-Абад жана Нарындын эли жакыр жашайт
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин архивдик сүрөтү

Тарыхтын эстен чыккан сабактары. Медведев РФ менен АКШнын алакасы тууралуу

196
(жаңыланган 20:09 25.04.2021)
РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары өткөн кылымдагы СССР менен АКШнын мамилесине сереп салып, Американын жаңы администрациясы алчу сабактарга токтолгон.

Акыркы жылдары Россия менен АКШнын мамилеси атаандаштыктан ачык эле контфронтацияга өттү, башкача айтканда, кансыз согуш дооруна кайтты. Санкциялык басым, опузалоо, каршылашуу, өзүмчүл кызыкчылыктарды коргоо — мунун баары дүйнө жүзүн олку-солкулукка кептеп жатат. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Эки өлкөнүн узак убакытка чейинки чыңалган мамилесинин өзү кризис. Мындай оор жагдай мамилени ого бетер курчутуп, "кризис каатчылыгын" шарттайт. Жаралган кырдаалда бир эле туура эмес жасалган кадам, чыдамы жоктук, сөзгө маани бере билбегендик анык бир өлкөлөрдү эле эмес, бүтүндөй дүйнөнү кандуу кагылышуу кооптуулугуна такайт.

Жалпы тарыхта мындай көрүнүшкө күбө болгонбуз. Албетте, мезгил башкачараак эле, окуя Кариб бассейнинде болгон, бирок өзөгү так эле ушундай болчу.

Ал кездеги АКШнын тышкы саясаты биздин өлкөнү тийиштүү кадам жасоого мажбурлап келген. 1950-жылдардын аягында жана 1960-жылдардын башында АКШ ракеталарын Түркияга, Түштүк Вьетнамга, Ливанга жайгаштырып, абалды курчуткан. Кубада да туура эмес саясатынын айынан революция жасалган, кайра көзөмөлдү кайтаруу боюнча аракет көрүп убара кылган... Айтор, айта берсе оголе көп.

Биринчиси. Узак мөөнөттүү жооп. Бул АКШ жээгинде ракеталардын жайгашышы эле эмес. Биринчи кезекте бул — өлкөбүздүн кыска убакытта планетанын кайсы гана бурчунда болбосун, аскерий базаларды ишке киргизүү боюнча инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүү, батыш мамлекеттерине сес көрсөтүү.

Экинчиси. Согуш босогосунда турган дүйнөнү компромисс деген эмне экенин жакшы түшүнгөн, абалга дыкат көз сала билген эки ири державанын лидерлери сактап калган.

Кайсы бир маалда лидерлер түз сүйлөшсө, айрым учурда анте алышкан эмес, кандай болгон күндө да СССР менен АКШнын ортосунда коркутуу, ультиматумдун жыты да жок тең укуктуу диалог бар эле.

Кариб кризиси соңуна чыккандан кийин ХХ кылымда эки мамлекет согушка ушунчалык жакын калган кырдаал түзүлгөн эмес. Анткени эки тарап тең эл аралык маселени чечүүдө конфронтацияга караганда кызматташуу алда канча жеңил экенин жакшы түшүнгөн.

Бирок бүгүнкү күндөгү абал бир аз башкачараак: АКШнын тышкы саясаты олку-солку болуп турат. Бул өлкөнүн Иран менен өзөктүк келишим түзүүдөн баш тартып, Ачык асман жана башка бир катар келишимдерден чыккан соң анык болду. Ал эми ушу тапта жаңы президенттин риторикасы буга айкын далил болуп турат.

Жаңы стратегиялык реалдуулукка, башкача айтканда, Вашингтондун тышкы саясий багытынын туруксуздугуна ички көйгөйлөр да, ошондой эле АКШнын Батыш дүйнөсүнүн лидери деген кадырынан ажырашы да себеп.

Ал эми жаңы администрация бир колу менен сүйлөшүү зарыл десе, экинчиси менен басымды күчөткөн тактиканы карманууда. Шайлоо алдындагы убадаларды аткаруу, багытты аныктоодо биримдиктин жоктугу, айтор, көп нерсе тууралуу сөз кылышы мүмкүн. Ал эми өнөктөштөрү менен атаандаштары айтылгандарды унчукпай, ыраазычылык менен кабыл алып, муюп отуруп бериши керек экен.

Диалог тууралуу эки президенттин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн билдик. Артынан эле катуу сөздөр айтылып, антироссиялык жаңы санкциялар жарыяланып, дипломаттар куулуп, Россиядан келчү кооптуулук тууралуу жарлыкка кол коюлуп кетти. Буга Украинанын чыгышына, биздин аймакка аскерий техника жайгаштыруу боюнча АКШнын билдирүүсүн да кошо кетели. Бир сөз менен абалды курчутууга аракет жасалды.

СССРди АКШ эсептеше турган атаандаш катары кабылдап келгени шексиз. Муну тараптардын аскердик-саясий тең укуктуулугу шарттап келген, ал эми бул паритетти сактоо үчүн эл аралык уюмдардын системасы түзүлгөн эле. Мындан тышкары, эки аскердик блок — НАТО менен Варшава келишиминин мамлекеттери бар эле.

Бирок СССР кыйрагандан кийин ортодогу тең укуктуулук бир саамга жок болуп кетти. Аскердик күч жагынан бир да мамлекет тең боло албаган, керек болсо теңелүүгө укугу да болбогон 15 жыл ичинде Америка тең укуктуу диалог деген эмне экенин эсинен чыгарып койду.

АКШнын жаңы администрациясы дүйнө башкаруучусу жана Батыштын коргоочусу деген кадырын калыбына келтирип жатып дүйнөдө кимдир бирөө Америка менен тең тайлаша турган инфраструктуралык мүмкүнчүлүккө жана аскердик-саясий потенциалга ээ болушу мүмкүн экенин моюндоого дарамети жетпейт. Мисалы, Кытай же Россия.

Ушу тапта күн тартибинде АКШнын азыркы администрациясы Кариб кризисин жолго салган эки лидердин копромисске келген даанышмандыгын көрсөтө алабы деген маселе турат.

Чегине жетип калган көйгөйлөрдү жөнгө салууга эмне жардам бере алат?

Үч учур бар.

Биринчиден, "тагдыр чеччү чечимдин" баасы. Эгер жеңиштин кесепети өтө эле оор болсо, башкача айтканда, жеңүүчүнүн бар же жок болуусу тууралуу маселе жаралса, анда бул жеңиш эмес.

Экинчиден, түз байланыш. Бул чалышып сүйлөшүп койгон телефон эмес. Мында ачык баарлашып, маектештин үнүн угуп, айтканына сүңгүү, логикасы менен келтирген аргументтерин түшүнүү олуттуу мааниге ээ.

Үчүнчүсү, компромисстин зарылдыгын түшүнүп тим болбостон ага барууга да даяр болуу. Диалогдун таш-талканын чыгарган ультиматум менен оройлуктан баш тартууга даяр болуу. Ушул эң башкысы.

Демек, америкалыктардын "Россия жооп берет" деген сөзү туңгуюкка кептейт. Бул тоннелден жол жок. Мындай бүтүм эч кимге жакшылык алып келбейт.

196
Белгилер:
ультиматум, администрациялык жаза, лидер, санкциялар, кризис, мамиле, АКШ, Россия, Дмитрий Медведев
Тема боюнча
Адис: Россия экономикасынын өсүшү Кыргызстанга пайда гана алып келет
АКШнын Россияга каршы санкциялык тизмесинде жоктор "кимге иштейт"?
Жарылбай калган снаряддар

Коргоо министрлиги Баткендеги жарылбай калган снаряддарды көрсөттү. Сүрөт

0
(жаңыланган 18:59 06.05.2021)
Коргоо министрлигинин сапёрлору жарылуучу каражаттарды байкап калган учурда ага тийбестен аскерлерге же бийлик өкүлдөрүнө кабарлоого чакырды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо министрлиги Баткен облусундагы жарылбай калган снаряддардын сүрөтүн жарыялады.

  • Неразорвавшиеся снаряды, найденные в Баткенской области после приграничного конфликта между Кыргызстаном и Таджикистаном
    Кыргызстандын Коргоо министрлиги Баткен облусундагы жарылбай калган снаряддардын сүрөтүн жарыялады
    © Фото / пресс-служба Министерства обороны КР
  • Неразорвавшиеся снаряды, найденные в Баткенской области после приграничного конфликта между Кыргызстаном и Таджикистаном
    2-майдан бери жеринде атайын жумушчу топ иштеп жатат. Алардын курамында КР Куралдуу күчтөрүнүн сапёрлору дагы бар
    © Фото / пресс-служба Министерства обороны КР
  • Неразорвавшиеся снаряды, найденные в Баткенской области после приграничного конфликта между Кыргызстаном и Таджикистаном
    Атайын топ Баткен жана Лейлек райондорундагы Максат, Кулунду, Кара-Бак, Кызыл-Бел, Достук, Миң-Булак, Самаркандек, Орто-Боз, Көк-Таш, Ак-Сай жана башка калктуу аймактарда иштеп жатат
    © Фото / пресс-служба Министерства обороны КР
  • Неразорвавшиеся снаряды, найденные в Баткенской области после приграничного конфликта между Кыргызстаном и Таджикистаном
    Коргоо министрлигинин сапёрлору жарандарды снаряд таап алган учурда аскерлерге же бийлик өкүлдөрүнө кабарлоого чакырды
    © Фото / пресс-служба Министерства обороны КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба Министерства обороны КР
Кыргызстандын Коргоо министрлиги Баткен облусундагы жарылбай калган снаряддардын сүрөтүн жарыялады

2-майдан бери жеринде атайын жумушчу топ иштеп жатат. Алардын курамында КР Куралдуу күчтөрүнүн сапёрлору дагы бар.

Атайын топ Баткен жана Лейлек райондорундагы Максат, Кулунду, Кара-Бак, Кызыл-Бел, Достук, Миң-Булак, Самаркандек, Орто-Боз, Көк-Таш, Ак-Сай жана башка калктуу аймактарда иштеп жатат.

Коргоо министрлигинин сапёрлору жарандарды снаряд таап алган учурда аскерлерге же бийлик өкүлдөрүнө кабарлоого чакырды.

0
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек
Ташиев: бир дагы метр жерибизди бербейбиз, Ворухка коридор ачылбайт