АКШнын эсеп палатасы. Архивдик сүрөт

АКШ радиоэлектрондук күрөштө Россиядан артта экенин моюнга алды

Россия — жогорку технологиялык курал жаатында дүйнөлүк лидер. Радиоэлектрондук күрөш тутумдары тармагындагы өндүрүмдөр колдонулган чөйрөдө майнаптуулугун көрсөтүп келет. АКШнын эсеп палатасы электромагниттик күрөштө Россиянын алдында артыкчылыгын жоготконун моюндады.

Палатада коргонуу дарамети жана башкаруу маселелери боюнча директор Жозеф Киршбаум россиялык электромагниттик спектрдеги күрөштүн россиялык күчтөрү "АКШ жана башка мамлекеттерге каршы реалдуу колдонууда" (убактысын, жерин тактаган жок) натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгиледи. Мындан тышкары, америкалык адистердин пикиринде, Москва радиоэлектрондук күрөш каражаттары менен Пентагондун учак жана кемелеринин байланыш жана навигация тутумдарына таасир эте алат. Сириядагы РФтин аскердик операциясы АКШнын космостук каражаттары менен күрөшүүнүн потенциалын өрчүтүп, тажрыйба топтоого мүмкүндүк берген. Пентагон радиоэлектрондук күрөш жаатындагы мурда кабыл алынган стратегияларынын бирин да толук ишке ашыра алган жок.

Америкалыктар 1990-жылдардын башында мындай иштелмелерин зарылдыгы жок деген тейде токтотуп, эми эсесин толтурууга тырышууда. Түндүк атлантикалык альянс радиоэлектрондук күрөш каражаттары боюнча 2018-жылы эле артта калганын моюнга алган. Ошондо НАТОнун илимий-техникалык уюму альянстын тактикалык байланыш инфраструктурасы россиялык радиоэлектрондук күрөш каражаттарынан чабал экени байкалган. Ал эми "Радиоэлектрондук күрөш, учкучсуз учуучу аппараттар жана артиллериянын өтө маанилүү буталарын байкоо, аныктоо, жерин тактоо жана жок кылууну өзүнө айкалыштырган россиялык доктрина абдан ийгиликтүү экенин тастыктай алган". Россия жердеги, абадагы жана деңиздеги радиоэлектрондук күрөштүн уникалдуу каражаттарын өжөрлүк менен ондогон жылдар бою үзгүлтүксүз иштеп чыгууда.

Өткөн үч жылда РФ күчтөрү миңден ашуун радиоэлектрондук күрөш техникалар бирдигин, анын ичинде чакан көлөмдүк тоскоолдуктарды автономдук өткөргүчтөр,  19 жапжаңы үлгү менен куралданган. Бирок кеп санында эмес, радиоэлектрондук күрөштүн россиялык бөлүктөрүнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшүн техниканын көп функционалдуулугу жана сапаты менен камсыздаган. РФ коргоо министри Сергей Шойгунун маалыматына ылайык, системаларды колдонуунун ыраактыгы 3,5 эсеге өскөн.

Радиоэлектрондук күрөштүн россиялык тутумдары НАТО стандарттарынын байланышын тандап же жалпы "басаңдатып", террорчулардын учкучсуз аппараттарынын учушун токтотуп, америкалык Tomahawk канаттуу ракеталарын багытынан тайдыра алат. РФ электр-магниттик куралды сыноодо. Мисалга, жогорку жыштыктагы замбиректер 10 чакырым аралыктан душмандын электроникасын иштен чыгарып кое алат.

Абдан купуя куралдардын бири – "Алабуга" тутуму. Батыш маалымат каражаттарындагы маалыматтарга таянсак, күчтүүлүгү жагынан өзөктүк бомбага тете, "бүтүндөй армияны жок кылып кое алат".

Сириядагы реалдуулук

Сирия Араб Республикасынын аймагында колдонулган "Автобаза-М", "Борисоглебск-2", "Москва", "Красуха", "Самарканд", "Свет-КУ", "Ртуть-БМ", "Инфауна", "Репеллент" өңдүү россиялык радиоэлектрондук күрөш каражаттары душмандын электроникасын кыйратууга жөндөмдүү. Мисалга, "Красуха" 200 чакырымга чейинки радиустагы борттук тутумдарын иштен чыгарат. Башкача айтканда, Хмеймим базасынын үстүнөн касташкан тараптардын радиолокациялык станциялары, спутник менен байланыш системалары, учкучсуз аппараттарды башкаруу каналдары, жогорку жыштыктагы радио, уюлдук байланыш, Wi-Fi иштей албай калат. АКШ жана НАТОнун күчтөрү сигналды жашырып же тоскоолдуктан коргоочу электрониканы пайдаланган учурда да россиялык радиоэлектрондук күрөш системаларынын "контрчабуулдары" ийгиликтүү болот.

Мисал келтирсек, пассивдүү электрондук сканерлөө режиминде "Москва-1" 400 чакырымдык радиустагы мейкиндикти көзөмөлдөп, душмандын учак, ракеталарын, ал тургай дүрмөттөрүн таба алат. Жайыраак жүрчү чакан учкучсуз аппараттар менен күрөшүүдө "Валдай" абдан майнаптуу каражат экени тастыкталган. "Шиповник-АЭРО" радиоэлектрондук күрөш каражаты секундада учкучсуздун борттук компьютерин бузуп кое алат. Эгер бейтааныш түзүлүштү байкаса, бир нече мүнөт ичинде өз көзөмөлүнө которот. Мындан сырткары, "Шиповник" командалык байланыш пункттарын, теле жана радио уктуруу станцияларын, уюлдук жана башка түйүндөрдүн модулдарынын ишине да таасир этет.

Р-330Ж "Житель" станциясы радионурлантуу булактарынын сигналдары кай тараптан келип жатканын аныктоо менен аны толук талдап чыгат. "Инмарсат" жана "Иридиум", GPS навигациялык аппаратурасы өңдүү чет өлкөлүк глобалдык спутник байланыштарына бөгөт коет.

Россиянын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн Кара деңиз флоту Жер ортолук деңизге 22160 долбоорунун "Дмитрий Рогачев" күзөт кемесин жөнөткөн. "Калибр" канаттуу ракеталарынан тышкары, бортунда АКШ жана НАТОнун чалгындоо авиациясына каршы туруу үчүн деңизге ылайыкталган радиоэлектрондук күрөш аппаратурасы коюлган.

Сириядагы россиялык радиоэлектрондук техника душмандын радарларына учактардын учуп-конушун, ракеталардын кое берилишин, күчтөрдүн жер которушуна көз салышын бөгөйт. Өлкө аймагында сириялык согушкерлердин тышкы дүйнө жана "ячейкалар" ортосундагы байланыш тутуму дээрлик бузулган.

Душмандын электроникасына радиоэлектрондук күрөш каражаттары "кошумча реалдуулукту" жаратып, учуучу аппараттар радиоэлектрондук "закымдардын" (GPS жалган сигналдарынын) курмандыгына айланат. Болжол менен канаттуу ракеталарды кое берилген жерине кайра жөнөтүп коюуга болот. Эске салсак, 2017-жылдын 7-апрелинде америкалык "Росс" жана "Портер" эсминецтеринен сириялык Эш-Шайрат авиабазасына карай кое берилген 59 "Томагавктын" 36сы бутасына жеткен эмес, кайда тийгени да белгисиз. Россиялык объективдүү көзөмөл каражаттарынын маалыматы боюнча, сириялык авиабазага 23 гана ракета тийген.

Кийинчерээк АКШнын Коргоо министрлигине караштуу Атайын багыттагы күчтөр башкы башкармалыгынын жетекчиси, генерал Рэймонд Томас "Сирия планетадагы радиоэлектрондук күрөш интенсивдүү жүрүп жаткан жерге айланып калганын" билдирип, россиялык жана сириялык өкмөттүк күчтөр "күн сайын сыноого тушуктуруп, байланыш системаларыбызды бузуп, ЕС-130 учактарыбызды иштен чыгарууда" деген.

Америкалык генерал Россия сириялык аба мейкиндигинде АКШнын мыкты чалгындоо системаларында өз куралдарын сынап көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенине кейийт.

Стратегиялык багыттагы артыкчылык

Сириядагы окуяларга бүт дүйнө көз салып, радиоэлектрондук күрөш тутумдары кыйыр түрдө Россиянын геосаясий таасиринин өсүшүн кыйыр түрдө камсыздайт. Россиялык "Мурманск" күчтүү системасы КЭР адистерин да катуу таасирленткен көрүнөт. Sohu кытай басылмасы НАТОнун учактарына сокку уруп, "АКШнын текеберчилигинин тизгинин тартып кое алчу" дүйнөдөгү эң мыкты радиоэлектрондук техника жаралганы жөнүндө жазып чыкты.

Журналисттер "Мурманск" АКШ армиясынын Глобалдык кыска толкундуу байланыш системасына (жердеги, станциялар, учак жана кемелердин ортосундагы өз ара аракетти камсыздайт) көз салып, бул тутумдун ишине 3000 чакырымдык радиустан күчтүү тоскоолдук жарата алары, дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрү баш калаадан чек арага чейинки мындай радиус менен мактана албай турганын айтышкан.

Америкалык The National Interest адистешкен басылмасы: Россия радиоэлектрондук күрөш багытында түндүк атлантикалык альянс өлкөлөрүнөн кыйла озуп, жыл өткөн сайын бул айырма артып барат деп маалымдаган.

Альянс тарабынан агрессия көрсөтүлүп калса россиялык жаңы радиоэлектрондук күрөш каражаттары иштөө тереңдигиндеги бардык байланышты басып, НАТО күчтөрүнүн ортосундагы кандай гана болбосун өз ара аракетке жол бербейт. Россиялык радиоэлектрондук күрөш системаларынын таасиринен F-35 "учуучу компьютерлери" согуштук аракеттердин жүрүшүндө көз ачып-жумганча иштен чыгары турулуу иш.

Радиоэлектрондук күрөш аппаратурасы улам жакшырып отуруп, тактикалык звенодогу бөлүктөрдө да, ротада да өз ордун тапты. Россиялык аскер кызматкерлери душмандын радиоэлектрондук жабдыктарын дароо эле таап, аныктап, аларды кыйратуучу аракеттердин бүт комплексин аткара алышат.

"Пищаль", "Сапсан-Бекас", "Солярис-Н" портативдик жана чакан көлөмдөгү комплекстери ыңгайлуу жана таасирдүү. Мисалы, 2 чакырымга чейинки аралыктан иштей турган "Пищалдын" салмагы болгону — 3,5 килограмм. Сыртынан автомат сымал көрүнөт. Радиоэлектрондук күрөш каражаттарынын үлгүлөрүнүн топтомунун кылым ашырган тарыхы бар.

Радиотолкундарды согушта пайдалануу пикиринин өзү Россияга таандык. Таланттуу окумуштуу, радиону ойлоп чыгарган Александр Попов 1903-жылы Россия империясынын Аскер министрлигине жазган докладында радиоэлектрондук күрөш каражаттарынын принциптерин түшүндүргөн.

Жыл айланбай ал согушта, тагыраак, Порт-Артурду коргоодо "Победа" броня ташуучусунун радиостанциясы япониялык эскадранын кеме-түзөтүүчүлөрүн иштен чыгарган. Ошондон тарта бул багыттагы жабдыктардын "эрдиктери" дале даңазаланып келет.

Белгилер:
альянс, НАТО, курал, электроника, Россия, АКШ
Тема боюнча
Батыш үчүн революциялык кырдаал: Европа көңүлсүнбөйт, АКШ аткара албайт
Эркиндик айкелинин дубалга тартылган сүрөтү. Архивдик сүрөт

АКШ санкциялары менен дүйнөгө болгон үстөмдүгүн кыйратууда

(жаңыланган 19:03 11.04.2021)
Батышта Россияга каршы санкциялар иши өз нугунда жүрүүдө: бири аларды иштеп чыгып киргизип жатса, башкалары жаңы санкциялардын кесепетин болушунча азыраак тартуунун жолун издөөдө.

Айрым учурда ролдору бири-бирине дал келбейт, башкача айтканда, адегенде чектөөлөр киргизилет. Кийин демилгечилер өздөрү ошол "саздан" чыга албай чабалактайт. Ал эми Россия элитасын улутташтыруудан технологиялык автономдуулукка дейре өзү пландагандай жаңы, бирок өз пайдасы үчүн бир өңчөй чараларды пайдаланат. Дал ушул жагдайга баам салган Ирина Алкснистин макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Ушул тапта Вашингтон "Түндүк агым – 2" долбоорунун тагдыры боюнча сүйлөшүүлөрдү жетектей турган атайын өкүлдүн талапкерлиги аныкталат. Politico басылмасы америкалык Юстиция министрлиги курулуп жаткан газ түтүгүнө каршы кезектеги дагы эки санкцияны жактырганын жазып чыкты. Анын алкагындагы кара тизмеде газ түтүгүнүн курулушу жана кийинки пайдаланылышына жооп бере турган швейцариялык Nord Stream 2 AG компаниясы, анын жетекчиси Матиас Варниг да бар.

Чектөөлөрдүн долбоору келерки айда конгресстин кароосуна коюлуп, бекитилиши күтүлөт. Ачыгы бул так эмес, анткени газ түтүгүнө каршы жаңы чаралар боюнча акыркы чечим азырынча кабыл алына элек. Ал түздөн-түз сүйлөшүүлөргө жараша экени ачык. Бирок ал Россия менен эмес, Европа менен жүргүзүлмөкчү. Байдендин администрациясы үчүн башкы көйгөй дал ушунда. Конгрессте эки партиянын өкүлдөрү тең "Түндүк агым – 2" долбоорун эмне болсо да токтотууну талап кылып, ал эми Берлин айтканынан кайтпай газ түтүгүн коргоп көшөрүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Вашингтон стратегиялык объектисин коргогон Батыш Европанын бул маселеде жумшарышына үмүттөнөт. Анткен менен журналисттер улам эскертип тургандай, газ түтүгүнүн курулушу 96 пайызга аяктап калды.

Дээрлик бул менен катар эле Politico Bloomberg шайлоого кийлигишүү жана хакердик чабуулдар үчүн Россияны жазалоонун жаңы чараларынан баян салды. Кезектеги кара тизменин "Россиянын президенти Владимир Путинге жакын адамдар" менен толтуруудан тышкары, администрация "АКШда дипломатиялык вазийпаны жамынып иштеп жүргөн россиялык чалгынчыларды" өлкөдөн чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароодо. Ошентсе да Вашингтон үчүн анын "кыйыр таасирлери" да жок эмес. Жакында эле Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов айткандай, Кошмо Штаттар РФ дипломаттарына каршы визалык согушту баштап, анын айынан эки миссия тең кызматкерлердин, анын ичинде техникалык адистердин тартыштыгына кабылууда. Анткен менен россиялык элчиликтин кызматкерлери бардык кыйынчылыктарга туруштук берүүдө.

Пандемия маалында видеоконференция кызматын көрсөтүп, иши өргө чыккан Zoom компаниясы Россия жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик мекемелери жана компанияларын тейлөөгө тыюу салган. Бирок бир нече саат өткөн соң Zoom компаниясынын өкүлү "мамлекеттик, ошону менен бирге эле жаңы жана азыркы пайдалануучулар таратуучулар аркылуу эмес, сайт аркылуу түз кайрылып аккаунт сурай алышарын" тактаган. Компаниянын мындай кетенчиктегенин да түшүнүүгө болот, себеби былтыр россиялык мамлекеттик мекемелер, атап айтканда, жогорку окуу жайларына байланышкан кардарлары кыйла көп киреше алып келип турган. Эми алар жапырт жана шашылыш түрдө альтернативдик аянтчаларга кетүүдө.

Акыркы жылдары санкция темасы Россиянын ичиндеги процесстер да, эл аралык алакалар үчүн да кадыресе көрүнүшкө айланган. Глобалдык бир полярдуу дүйнөдө санкциялар – чындап эле азыркы тутумду бекемдөө инструменти.

Эң катаал чектөөлөр менен да жашоого болот, муну Иран да, Корея элдик-демократиялык республикасы тастыктап келет. Тек гана мунун куну чоң, калктын турмуш сапаты начарлайт, улуттук экономиканын жоготуулары көбөйөт, технологиялык жактан артта калат.

Санкциялар ал убакта өлкөнү заманбап өнүккөн цивилизациядан чийип салууну түшүндүргөн. Мейли бул жогорку технологиялык долбоорду ишке ашыруудагы кыйынчылык болсун, ал түгүл жөнөкөй эле жагдай, мисалы, SWIFT тутуму өчүрүлгөндүктөн жарандар дүкөндө да карта менен төлөй алышпайт. Жети жыл мурунку РФке каршы санкциялар да өлкөнү ушундай эле залалга батырган. Бирок бара-бара санкциялар батыш биримдигин да, АКШ үстөмдүк кылган жалпы дүйнөлүк тутумга да таасир этпей койбоду. Ал убакта өгөйлөнгөн өлкөлөрдү технологиялык жактан солгундатуу механизми болсо, азыр санкциялар, тескерисинче, алардын өнүгүшүнө өбөлгө болчу инструментке айланып отурат. Муну түшүнүп турса да, дүйнөдө Кошмо Штаттардын үстөмдүгүн кыйратып бүтүрсө да Вашингтондогулар бул кадамдан артка кайта албай турушат.

Белгилер:
экономика, КМШ, чектөө, санкциялар, Европа, АКШ, Россия
Тема боюнча
Батыш жаңы санкциялар менен темир көшөгөнү тартууда. Сереп
Климатты бетке кармап... АКШ кантип жашаш керектигин үйрөтүүгө өтчүдөй
Нью-Йорктун тургундары парктагы фонтан жанында. Архив

Климат көйгөйүнө жамынып ааламды аңтаргандар. Сереп

(жаңыланган 19:10 04.04.2021)
Өкмөттүн ишине нааразы болгондор ар элде бар. Сын айтуу миллиарддаган кишинин сүйгөн ишине айланганы жашыруун эмес. Ошентсе да корпорация ээлеринин дүйнөгө лидер болууга умтулушу акыркы убакта акылга сыйбай бара жатат.

2004-жылы Роналд Эммерихтин "Бүрсүгүнү" деп аталган Голливуддан чыккан блокбастери дүйнөлүк экранга чыккан. Анда ири кыйроолор менен адамдардын массалык кырылышы, жүрөктү эзген драма, уккулуктуу музыка, анан соңунда бардык кыйынчылыктарды жеңип чыккан ийгилик сыяктуу биз жактырган нерсенин баары бар эле.

"Бүрсүгүнү" бүгүн да көрүлө турган тасма, бирок моралдык жактан "карыды", уулуу болушу да мүмкүн. Анткени ал глобалдуу сууктан улам адамзаттын кырылышын көрсөтөт. Фильм "Грядущая всемирная супербуря" китебинин негизинде тартылган. 30 жыл мурун планетанын тоңуп калышы тууралуу китептер ого эле көп болчу. Климат көйгөйүнүн артында эмне жатканына РИА Новости сереп салган.

Учурда глобалдуу жылуулукка каршы тургандардын катары балдар жана жаштар менен толукталып жатканы да бекеринен эмес. Жашы улуураактар 1970-90-жылдары так ушул "жаңы муз доору" жүрөк үшүн алып келгенин жакшы билишет. Ал апаатты деле азыркы тапта күндүн ысып кетерин айтып коркуткан басылмалар жана телеканалдар жарнамалап келишкен.

Негизи бул тема 1960-жылдары пайда болуп, айланасында бүгүнкү күндөгүдөй эле чуу жаралган. Гезит беттери "20 жылдык жашообуз калды", "Муз доору такымдап келе жатат", "Тамак-аш калбай калат, бирок ага чейин суу түгөнөт", "Нью-Йорк, Венеция океан түбүнө кетет", "2000-жылга чейин планетаны муз каптайт" деген макалаларга толо эле.

Илимчи? Ал дайым прогресстен бир кадам алдыда болуп, глобалдуу суук жакын арада келет деген пикирди бардык жагынан тастыктаган далилдерди айтып турду. Окумуштуулар монография жазып, семинарларды өткөрүп келишкен. Браун университетинин көрүнүктүү ишмерлери 1972-жылы президент Никсонго кайрылышкан эле. "Урматтуу президент мырза! Бүткүл дүйнөнүн келечегине тынчсызданууңузду эске алып, биз климаттын өзгөрө турганын айтышыбыз керек. Мындай масштабдуу өзгөрүү менен адам баласы мурда-кийин бет келген эмес", — деп жазышкан алар.

"Глобалдуу суук" дароо эле кансыз согуштун куралына айланды. Дал ушул маалда Советтер Союзу мунай тармагын өркүндөтүп, газ өндүрүүнү баштаган. Ал эми батыштагы өнөктөштөр араб мамлекеттери камсыздаган нефтинин кымбатташынан жабыр тартып турган эле.

Орус коммунисттери Сибирде эч тоскоолдуксуз нефть казганы аз келгенсип, аны дүйнөгө да сатып жаткандай көрүндү. Ал эми президент Никсон бул учурда америкалыктарды сарамжал болууга чакырып, унааларга майды күн алыс куюп, трассада ылдамдыкты саатына 100 чакырымдан ашырбай айдап, үйдө жылуулукту 18 градустан жогорулатпай, учактардан баш тартуу зарылдыгын дембе-дем айтып жаткан болчу.

Глобалдуу суук тууралуу миф СССРден жаратылыш ресурстарын тартып алууга негиз болуп берди. Орустар кышында ысып-күйүп жатканда америкалыктардын үшүп отурушу акылга сыйбайт да.

Суук тууралуу уламыштан "өзөктүк кыш" өнүп чыкты. Радиоактивдүү күл астында калып, өлүмгө тушуктурчу кара булут менен курчалган аалам, кыйраган мегаполистердин урандысы, анда төрт аяктап жүргөн мутанттар... Айтор, ушунун баары Советтер Союзуна саясий басым жасоого, өзөктүк куралды кыскартууну бир тараптуу талап кылууга пайдаланылды. Кана эми ошол жомоктун баары?

2006-жылы — "Бүрсүгүнү" чыккан соң эки жылдан кийин — Канн фестивалында "Ыңгайсыз чындык" деп аталган даректүү тасма тартууланды. Ага АКШнын экс-вице-президенти, беделдүү америкалык саясий кландын өкүлү Альберт Гор демилгечи, демөөрчү жана башкы каарман болгон. Кийинки жылы бул тасма үчүн Гор Нобель сыйлыгын алган. "Чындыктын" түбүндө адамзаттын көйгөйүнүн баары глобалдуу жылуулуктан деген ой бар эле.

Суук түшөт, баары тоңот, өлдүк эле өлдүк деген The New York Times, The Guardian, CNN, BBC баштаган басылма менен телеканалдар АКШ администрациясынын күн тартибине кирген маселени катуу жайылтышты. Адамдын ишмердүүлүгү көмүр кычкыл газынын атмосферага бөлүнүшүн көбөйтөт, бул күндүн жылышын шарттайт. Күндүн жылып кетиши — жаман нерсе. Эмнеге? Аны сурабагыла.

Кайра эле "баарыбыз өлөбүз" дегенге келип такалды. 2009-жылы Британиянын ханзаадасы Чарльз адамзатка сегиз жыл берген. 2013-жылы The Guardian Арктика эки жылдан кийин эрип кетерин жазды.

Окумуштууларга да кудай берди. Кайра эле баягы семинарлар, конференциялар, президентке кайрылуулар... Натыйжада алдыңкы өлкөлөр климат боюнча Киот протоколу менен Париж макулдашуусуна кол кое салышты. Буга карабастан эксперттердин көбү күндүн глобалдуу ысышы тууралуу мифти кескин сындап келет.

Американын жаңы мифинин экономикалык жагы да бар. Бул атаандаштарды жок кылуу аракети. Россиядан чыккан газ менен буудайдан "көмүр кычкыл" изин таап, рыноктон сүрүп чыгаруу алда канча оңой эмеспи. Ордуна өзүнүкүн сунуштоого ыңгайлуу.

Ал эми глобалдуу ысыкты геосаясий жактан "климат падышасы" Жон Керри негиздеп берди: "...бул көйгөйдү бир да өкмөт өз алдынча чече албайт. Буга жеке менчик сектор гана жардам бере алат... Өкмөттөр жеке ишкерлерге бардык шарттарды түзүп бериши керек... Бул үчүн биз согушта салгылашкандай эле күрөшөбүз".

Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, суверендүү өкмөттөргө ыйгарым укуктарын жеке корпорацияларга өткөрүп берүү сунушталган. Мисалы, Жон Керринин жубайы мураскер болгон Heinz корпорациясы сыяктуу.

Өкмөттүн ишине нааразы болгондор ар элде бар. Сын айтуу миллиарддаган кишинин сүйгөн ишине айланганы жашыруун эмес. Ошентсе да корпорация ээлеринин дүйнөгө лидер болууга умтулушу акыркы убакта акылга сыйбай бара жатат.

Илон Маск, мисалы, бир нече жылдан кийин тилди пикир алышуунун куралы катары таптакыр жоюп салууну убадалап жатат. Миллиардер-мормон Тревор Милтон жарылуу кооптуулугу күч болгон суутекти отун катары пайдаланууну сунуштоодо.

Билл Гейтс күндүн глобалдуу ысышына каршы күрөшүүгө багытталган экзотикалык долбоорлорду каржылап жатат. Анын биринде миллиардер атмосферага тонналаган бор чачуу үчүн бир маалда миңдеген самолетторду учуруу керектигин айтууда. Бул масса бизди Күндөн жашырып, Жер чындап эле муздайт имиш. Эч нерсе өспөй, тамаш-аш жок калат экен, бирок күн ысыбай токтоп калат да. Эч тамашасы жок, керек болсо Гарварддагы окумуштуулар кадимкидей эле Гейтстин сунушун ар тараптан карап жатышат.

Ушу тапта байлардын демилгелери күлкү келтирет. Алар чындап бийликке келсе эмне болорун элестетип көрсөңүз... Кудай анын бетин ары кылсын...

Мунун баарын климат боюнча апрелде өтө турган саммиттин алдында унутпаш керек. Америкалык өнөктөштөр кандай гана идея болбосун, аны кыйратуучу куралга айландырып ийишет. Жаратылышты коргоо деген алмустактан келе жаткан эреже да куралга айланып кетиши толук мүмкүн.

Белгилер:
корпорация, өкмөт, окумуштуулар, жылуулук, ысык, суук, көйгөй, климат, АКШ, Батыш
Тема боюнча
Климатты бетке кармап... АКШ кантип жашаш керектигин үйрөтүүгө өтчүдөй
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда кырсык

Чүйдө эки унаа кагышып, жети адам жаракат алды. Видео

(жаңыланган 17:12 14.04.2021)
Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында болгон жол кырсыгынан жаракат алгандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени айтылды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда катталган автоунаа кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 14-апрель күнү саат 14:00дөр чамасында Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында болгон.

"Mercedes-Benz унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жаракат алган. Куткаруучулар унаага кыпчылып калган аялды чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.

Жабыркагандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени жана алардын абалы орточо экени айтылды.

Белгилер:
Торугарт, Нарын, Бишкек, ӨКМ, жол кырсык
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Чүйдө төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Кырсыктын видеосу
Түптөгү үрөй учурган жол кырсыгы: төртүнчү бала ооруканадан көз жумду
Сокулукта Lexus жолдо турган унааны сүзүп, бир адам каза тапты. Видео