"Керектен чыгарууга аргасыз": АКШ армиясы танкынын жараксыз экенин моюндады

© Photo / The U.S. ArmyАртиллерийская самоходка США Stryker M1128
Артиллерийская самоходка США Stryker M1128 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Жетишерлик деңгээлде сооттолгон эмес, көп жолдордон өтө албас, куралы ашкере кубаттуу жана өтө эле оор... Пентагон "Страйкер" бронетранспортерунун негизиндеги өзү жүрүүчү артиллериялык орнотмолорду ушул мүчүлүштүктөрүнөн улам тезинен жарактан чыгарууга аргасыз.
Бул дөңгөлөктүү танкаларды эки миңинчи жылдардын башында иштеп чыга баштаган, анткен менен алардын Иракта алгач ирет колдонулушунда эле бүтүндөй топтун конструкциясынын мүчүлүштүктөрү аныкталган. Америкалык зооттолгон техниканын чабал жактары тууралуу Николай Протопоповдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Дөңгөлөк үстүндөгү замбирек

"Страйкер" зооттолгон машина менен Пентагон 2002-жылы куралданган. Алар канадалык LAV III зооттолгон транспортунун (БТР) негизинде иштелип чыгышкан. Алар өз кезегинде 1970-жылы долбоорлонгон швейцариялык "Пиранья" БТРинин жаңыртылган версиясы болгон.
Америкалык БТР ошол прототиптеринен анчалык деле айырмаланбай, корпусу жана тышкы түзүлүшү өзгөртүүсүз калтырылган. Болгону бир аз бийиктетилип, коргоосу бекемделип, түбүнүн көрүнүшүн түзөтүшкөн.
Экипаж эки кишиден турат, десанттык бөлүгүнө тогуз жоокер батат. 350 аттын күчүндөй бар дизелдик кыймылдаткычынын кубаттуулугу менен "Страйкер" алдыңкы эки көпүрөсү өчүрүлгөн калыпта да шосседе саатына 100 чакырымга дейре күүлөнө алат.
Россиянын аскердик кемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
"10 кеме жетет". Түндүк флоту жаңы сокку уруучу комплексти өздөштүрүүдө
Күйүүчү май 500 чакырымга чейин жетет. Маңдайкы бронясы 14 миллиметрлик зооттолгон куралдардын же 155 миллиметрлик дүрмөттөрдүн сыныктарына да туруштук бере алат. Борт жана арткы бөлүгүн десант 7,62 миллиметрлик калибрдеги октон коргойт.
Стандарттык үлгүдөгү куралы — ири калибрдеги 12,7 же 7,62 миллиметрлик "Браунинг" пулемету. 40 миллиметрлик автоматтык гранатометту орнотуу мүмкүнчүлүгү да каралган. БТРдин бир топ варианттары, атап айтсак, өзү жүрүүчү 120 миллиметрлик миномет, чалгындоочу, командалык-штабдык, инженердик жана санитардык машиналар иштелип чыккан. Мындан тышкары, оор куралдуу – сайлуу 105 миллиметрлик танктык замбиректүү түрү да бар.
Болжолдуу душмандын бекемделген позициясы, бункер жана зооттолгон техникасына чабуул коюуга багытталган дал ушул модификациясынан Пентагондогулар баш тартууну чечишти. Анткени курал жана октоо автоматында системалык көйгөй табылды, баса, бул БТРди АКШ алгачкылардан болуп алган. Маселен, "Абрамсов" замбиректерин алигүнчө эскиче – кол менен октошот.
Аскер жетекчилери чыгашаларды эсептеп көрүп, өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштү заманбапташтыруунун кажети жок деген бүтүмгө келишкен. Оор "Страйкерди" танкка каршы "Жавелин"жылдырылма комплексине алмаштыруу алда канча арзан түшөрүн белгилешет.

Үмүттү актабады

Жыйырма жылдай мурун Пентагон дароо эки миңден ашуун бронетранспортерго буюртма кылышкан. Жөө аскерлерди ташуучу мобилдик каражаттарынын таңсыктыгын дароо чечүүгө умтулушкан. Ошол кезде адистештирилген механизациялашкан бригаданы (Stryker brigade combat team, SBCT) түптөшкөн.
Мындай бирикмелердин ар бири 4,5 миң жоокер жана офицерден туруп, аларда үч жүздөн дөңгөлөктүү БТР болгон. Тактикалык жактан алып караганда SBCT "Хамви" автомобилдери менен жүргөн жогорку мобилдүү пехота менен оор зооттолгон топтордун ортосундагы орунда. Аталган бригадалар ыкчам бурулуп, дүйнөнүн каалаган бурчунда ар кыл аскердик милдеттерди майнаптуу аткара алат деп эсептелет. Жеке курамды жана техниканы өлкөдөн тыш жактарга С-130 "Геркулес" транспорттук учактары жеткирет.
Россиянын Петр Великий атомдук крейсери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
"Бул кемесиз иш жүрбөйт": Россиянын Түндүк флоту НАТОго кандай жооп кайтарат?
2004-жылы биринчи бирикмени Иракка жолдошкон. Бир жыл аралыгында аскердик аракеттерде "страйкер-бригаданы" колдонуу тактикасын өздөштүрүшкөн, жаңы бронетранспортерлорду сынап көрүшкөн.
Командачылык ошондо бул түзүлүштөрдүн жана БТРлердин, айрыкча шаар ичиндеги кармаштардагы жогорку натыйжалуулугуна баа беришкен. Анткен менен жоокерлер машинанын конструкциясынын мүчүлүштүктөрүн, ок кубатынын жетишсиздигин жана чабал зооттолгонун айтып наалышкан эле.
Ошентип Пентагондун атайын комиссиясынын докладынан соң программа жабылып кала жаздаган. БТР түз жолдо жана шосседе гана жакшы экени аныкталган. Ал эми жол салынбаган жерлерде машина баткакка же кумга тыгылып калат. Кыймылдаткычын жогорулатылган жүрүштө пайдаланууга туура келип, андан улам ресурс кескин төмөндөп турган. Канадалык жана швейцариялык аналогуна салыштырмалуу "Страйкер" кыйла салмактуу чыккан.
Дагы бир орчундуу жагдайы – экипажды жакшы коргойт деген бронясы экипажды атуучу куралдан гана коргой алат. Реалдуу согуштарда душман гранатометтордон ок ачууну ылайык көргөн. Танкка каршы кол гранатометтордун дүрмөттөрү корпусту оңой эле тешип өткөн. Ошондуктан бул машиналарды тезинен торчолуу панелдер менен жабдууга туура келген. Андан сырткары, БТР оордугунан улам тоскоолдуктарда туш болуп, мина жарылганда көп жолу оодарылып калган. Анан да коопсуздук куру да адамдарды бурулууларда тийиштүү негизде бекем кармаган эмес, бул бир нече солдаттын өлүмүнө алып келген.

Көйгөйлөр эпкини

Жасалгандан берки кемчиликтерин оңдоого аракет кылышты. Кумулятивдик торчолорго каршы жана илме бронясын заводдо штаттык түрдө орното башташкан. Ошондон улам машина "салмактана" түшкөн. Бул аба аркылуу машинаны жеткирүүдө көйгөйлүү боло баштаган. Айрым модификациялар транспорттук учактардын жүк көтөрүмдүүлүк чегине туура келбей калган.
Жаңы электроника жана түнкү жарыктандыруу жабдыктары деле абалды өзгөртүп кое алган эмес. "Страйкер" ошентип толгон-токой чечилбеген көйгөйлөрү менен калды. Анан калса, аны заманбапташтыруу бүтүндөй программаны кошумча каржылоону талап кылды. Учурдагы согуштардагы талаптарга жараша сооттолгон транспортерлор менен жабдуу маселеси Американын армиясында алгач ирет болуп жаткан жок. Пентагон бул багыттагы бир катар долбоорлорду жүзөгө ашырууга ашыгып, бирок майнапсыз болуп келет.
Россиянын Балтика флотунун кемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Россиянын деңиз флотундагы өсүш. Жеңиш күнүн утурлай ишке кирчү жаңы долбоорлор
2004-жылы америкалык генералдар армияны терең реформалашмак. Future combat systems (FCS) алкагында учкуч менен тескелчү жана учкучсуз варианттарда зооттолгон машиналар тобун түзүүнү чечишкен. Аны ишке ашырууга жүздөгөн миллиард доллар сарптап, 2015-жылы жаңы техника менен толук жабдылган алгачкы бригаданы, 2030-жылга дейре 15 бирикмени түзүүнү көздөшкөн. Бирок күтүүсүздөн программаны жаап, расмий түрдө андай көрүнүштү коргоо стратегиясынын алмашканына байланыштуу деп түшүндүрүшкөн. Андан соң келечектүү Ground Combat Vehicle (GCV) аскердик пехота машинасын иштеп чыгууга киришишкен. Ал эскилиги жеткен M2 Bradly аппаратынын ордун басып, ага караганда жеңил, мобилдүү, маневрдүү болмок. Анткен менен GCV сериялык өндүрүш үчүн өтө кымбат болуп, 2014-жылы бул багыттагы иштерди жыйыштырышкан. Ушул тапта америкалыктар дагы бир— Optionally Manned Fighting Vehicle (OMFV) программасын ишке ашыруу аракетинде. Ал жасалма интеллекти бар, аралыктар айдалган чынжырлуу аскердик пехота машинасын чыгарууну болжойт.
Азырынча Пентагон М113 жана M2 Bradly өңдүү "эски муундагы" машиналары менен пехотасын ташып, ошону менен бирге эле кичине калибрдүү "Страйкерди" заманга бапташтырууга баш катырууда. Жаңыртылган "A1" аппаратын бир нече жыл мурун элге көрсөтүшкөн, 30 миллиметрлик курал, кошумчаланган броня, кыйла кубаттуу кыймылдаткыч, күчөтүлгөн трансмиссия... Аны менен бирге эле абадан коргонуучу чакан радиустук аракеттеги машина варианты да каралган. Бирок бул "Страйкер" мурдагы версияларына салыштырмалуу согуштук аракеттерге ылайык болор-болбосу белгисиз. Себеби маңызында конструкциясы мурдагыдай эле калат.
Жаңылыктар түрмөгү
0