"Кооптуу сценарий бар": Батыш эмне үчүн аскердик күчүн Украинага тартууда?

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүАктивная фаза учений Rapid Trident на Украине
Активная фаза учений Rapid Trident на Украине - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Киев бийлигинин аракети менен көз карандысыз Украина НАТО армиясынын машыгуулары үчүн Чыгыш Европадагы эң чоң полигонго айланууда.
Быйыл эле аталган мамлекетте 11 миң чет элдик аскердин катышуусунда тынч маалдын ченеми менен активдүүлүгү болуп көрбөгөндөй, көп улуттуу жети машыгуу өтөт. Бул кимге пайдалуу жана эмне менен аяктаары тууралуу Егор Никитиндин макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланган.

Кыйроо коркунучу

АКШ (Rapid Trident 2021 жана Sea Breeze 2021), Улуу Британия (Kozak Mace 2021 жана Warrior Watcher 2021), Польша ("Үч кылыч — 2021" жана Silver Saber 2021) жана Румыния (Riverine 2021) менен биргеликте машыгуулары... Эксперттердин пикиринде, "2021-жылы башка мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн көп улуттуу окууларга катышуу үчүн Украинанын территориясына киргизүү тууралуу Украина президентинин чечимин жактыруу жөнүндө" мыйзамга кол коюу менен Владимир Зеленский балакеттин башын баштады. Келечекте бул "көз карандысыз" өлкөнүн өзүнө кесепетин тийгизиши мүмкүн.
Украино-американские учения Fearless Guardian - 2015 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
"Кимдин ким экенин көрсөтөбүз": НАТО күчтөрү Украинада топтолууда
"Балким эң кооптуу сценарий чыгар, бирок НАТО күчтөрүн Украинага жайгаштыруу мамлекетке кыйроо коркунучун туудурат, — деп түшүндүрөт Россия табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Константин Соколов. — Чектешкен өлкөлөрдө, атап айтканда, Польша, Венгрияда (Закарпатьеде тыгыз жашашкан өз этникалык азчылыгын колдоого алары талашсыз) Киевге территориялык дооматтар бар экенин билебиз".
Бирок акыркы окуялар жана билдирүүлөргө караганда, Киев бийлиги ойдон чыгарылган россиялык кооптуулук боюнча ашкере дүрбөлөңгө түшүп алып, бул шылтоо менен океандын ары жагындагы калкалоочулардан жаңы садага суроо менен алек болуп кооптуулукту болжой албай турат өңдөнөт.
"Заманбап машыгуулар — бул болгону Украина жөнүндө унутпаганын гана көрсөтүү, — деп белгилейт Соколов. — Булар Батышка пайдалуу бийликти колдоо үчүн зарыл. Жөн гана коомчулук көзүнө. Бул өлкө менен эч кимдин кандайдыр шериктештик түзүүгө камынганы жок. Эң көп дегенде АКШ аскердик аралашуу жана окуулардын шылтоосу менен курал-жарак, ок-дары жана аскердик техниканы жеткирүүнү гана камсыздай алат. Ошондой эле "Азов" батальону өңдүү мамлекеттик эмес ар кыл түзүмдөрдүн согушкерлерин даярдай алат.
Ага катар эле Кошмо Штаттарга НАТОнун бөлөк мүчөлөрү менен чогуу Украинада жайгашуу пунктулар тутумунан толук кандуу базаларга дейре түзөт. Бул юридикалык көз караштан алып караганда мыйзамсыз, анткени Украина конституциясына каршы келет. Өз чек араларына жакын жердеги антироссиялык аскердик потенциалды өрчүтүү Москаны тынчсыздандырбай койбойт.

Коргонуу инстинкти

Украинской АЗС Воловец на западе Украины - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
АКШ, Россия жана Европа Украинага каршы бирикти

Биз пикирлерин тыңдаган эксперттер абалды Россия менен куралдуу жаңжалга жеткирбөөгө Киевдин акылы жетерин белгилешет. "Аскердик жана экономикалык дараметин салыштырып болбойт, — дейт Соколов. — Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Россияга зыян келтирерге чамасы жок. Бул тема тегерегинде чайкоочулук көп болушу мүмкүн, бирок ашынган улутчулдар жана Батышка сатылгандар да мындай кадамга даап барыштан оболу коргонуу туюму ойгонор".

Ал эми америкалыктарга Россияга каршы толук кандуу согуштук аракеттердин зарылдыгы жок экени маалым. Пентагондогулар Украина сымал ыңгайлуу плацдармдан да өзөктүк өлкөгө түз басып кирүү жеңилген да, жеңилбеген тарап да болбой турган үчүнчү дүйнөлүк согушту тутантарын жакшы түшүнөт.
"Байдендин жакынкы келечекте буга барбай турганы талашсыз, — дейт РФтин Аскердик илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Сергей Судаков. — Ал эми Украинаны өз кызыкчылыгында пайдаланууну америкалыктар уланта бермекчи. Алар кайсы бир өлкөгө акча жумшаганда анын кайтарымын сезмейинче акырына дейре жөн коюшпайт. Мындай кырдаалда катаал чара көрүүгө, кеминде эле аттоого болбой турган кызыл чекти так белгилөөгө тийишпиз".

Сүйлөшүү позициясы

Javelin комплексинен ок атып жаткан АКШ аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
АКШ Украинага жаңы курал берет. "Жавелин" комплекстеринин саны артты

"Путин менен Байдендин алдыдагы жолугушуусу бир чекти айгинелейт. Батыш дүйнөсүнүн лидери катары Кошмо Штаттар учурда жүргүзүлгөн саясаттан майнап чыкпагандыктан аны өзгөртүү керек экенин аңдашты, — дейт эксперт. — Россияга карата максаттарынан америкалыктар баш тартпасы айдан ачык, анткен менен экономика жана эл аралык өз ара аракеттешүүдө болушунча жеңилдиктерди сунуштоо менен көшөкөрлөнө башташы ыктымал. АКШ тарабынан таңууланган Россия менен тирештен оголе көп жоготууга тушуккан Европанын жүгүн андай көрүнүш бир топ жеңилдетери бышык.

Бир жагынан бул версияны Украинадагы НАТОнун жогорулатылган аскердик активдүүлүгү да тастыктайт. Кошмо Штаттар адатынча каалаган убагында Донбасста жаңжалды тутантууга, ошондой эле жагдайды өз пайдасына оңой өзгөртүп алууга жөндөмдүү экенин көрсөтүүгө умтулуу менен күчтүү сүйлөшүү позициясын камдоодо. Саясий маселелерди ушундай ыкмалар менен чечүүдө америкалыктардын тажрыйбасы мол эмеспи.
Жаңылыктар түрмөгү
0