Талибан уюмунуну согушкерлери. Архивдик сүрөт

Талибдер АКШ эсебинен күчтөнүүдөбү? Колундагы курал кайдан

252
(жаңыланган 00:12 08.07.2021)
"Талибан"* согуштук аракеттерди күчөтүп, Афганистандан чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгарылышынан улам курал-жарагын да белендеп алууда.

Соңку күндөрү согушкерлер Афган ислам республикасынын өкмөттүк армиясынын базаларындагы, арсенал жана бөлүктөрүндөгү жүздөгөн аскердик техника бирдигин, тонналаган ок-дарыны басып алышты. Өздөрү баштаган аскердик-саясий түзөтүүлөрүнүн жыйынтыгын көзөмөлдөбөстөн, иш жүзүндө талибдерге багынып берүү менен Кошмо Штаттар террордук топторду ушинтип кайра куралдандырууда.

АКШ менен НАТОнун күчтөрү Афганистандан кетүүдө, ал эми "Талибан"* расмий өкмөттүк күч структураларына калтырылган америкалык өндүрүштөгү заманбап, жогорку технологиялык куралдардын эсебинен өзүнүн аскердик потенциалын өстүрүп жатат. Ушундай кейиштүү жагдайдан жана анын болжолдуу кесепеттеринен аскерий баяндамачы Александр Хроленко ой учугун чубаган.

Учурда дүйнөнүн көңүл чордонундагы бул мамлекеттен чет өлкөлүк күчтөр толугу менен келерки айда чыгып кетиши керек эле. Бирок бул ушул айда эле аяктачудай болуп турат.

Өлкөдө батыш күчтөрүнүн саны азайган сайын талибдердин активдүүлүгү күчөп, өкмөттүк армиянын аскердик жөндөмү төмөндөөдө. НАТО стандарттарына ылайык түптөлүп жана жабдылган Афган ислам республикасынын улуттук куралдуу күчтөрү алдан кетип жана тарачудай абалда.

Талибдердин ийгилиги артып, бир нече жуманын ичинде эле америкалык өндүрүштөгү зооттолгон техниканын ондогон бирдигин, оор артиллерия тутумдарын, 715 "Хаммер" жана башка армиялык автомобилдерди басып алды. Мындай маалымат талибдерге чоң көлөмдө курал жана техникасын өткөрүп берип жаткан афган коопсуздук күчтөрү тартылган сүрөттөр менен тастыкталат. Ушундай эле көрүнүштөр ИМдин* катышуусунда Иракта да болгон.

Афган ислам республикасындагы мындай терс жагдай Борбор Азия өлкөлөрү менен Россия Федерациясынын ортосунда эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү активдештирет. Апта башында Россия менен Өзбекстандын президенттери Владимир Путин менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу Афганистандагы, айрыкча түндүктө чектешкен провинциялардагы абалдын курчушун талкуулашты.

Ага дейре россиялык лидер ушундай эле маселени Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен да сүйлөшүп, Тажик Республикасына ЖККУ алкагында жана эки тараптуу форматта колдоого даяр экенин билдирген.

Тажикстан 5-июлда түштүк чек арасын 20 миң аскер менен бекемдеди. Афганистанда жаңжалдын күчөшүнө Иран менен Пакистан да тынчсыздануусун билдирди.

"Баграм" жашыруун операциясы

"Америкадан кийинки" Афганистандын тагдыры арсар. Ислам республикасындагы америкалык куралдын арсеналы башка колго өтүшү согуштук аракеттердин күч алышын, туруксуз кырдаалдын Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнө чагылышынан коңгуроо кагууга аргасыз кылат. Америкага ыктаган Кабулдагы өкмөт кулаган күндө да талибдер тынчтыкка жакындабай турганы айкын. Айрым провинцияларда каршылык көрсөтүү (элдик кошуундар) очогу дале уланат. Булардан тышкары, талибдер менен куралдуу күрөшкө ага атаандаш "Ислам мамлекети"* террордук уюму да кошула алат. Ал да бир топ мезгилден бери Афганистандын түндүк провинцияларына жайгашып, таасирин күчөтүп келет.

Өткөн айдын аягында Вашингтонго болгон сапарында афган президенти Ашраф Гани америкалык союздаштарын жок дегенде сентябрга дейре Баграмдан авиациялык колдоо көрсөтүүнү суранып жалбаргандай эле болгон.

Бул афган коопсуздук күчтөрү үчүн өтө маанилүү. АКШ жана НАТОнун авиациясы тийиштүү даражада "Талибандын"* чабуулун ооздуктап турган. Бирок АКШнын акыркы күчтөрү Баграмдан күтүүсүздөн, жергиликтүү бийлик менен макулдашпастан 2-июлда учуп кетишти.

Көп өтпөй ондогон жергиликтүү мародерлор кайтаруусуз калган дарбазалардан кирип келип, афган коопсуздук күчтөрү базаны колго алганча эле болушунча талкалап салышкан. Андай "майда-барат" көрүнүштөр америкалыктардын кылын кыйшайткан жок. Болбосо дал ушул авиабаза 20 жыл бою АКШнын Афганистандагы Аскердик-аба күчтөрүнүн операциялык активдүүлүк борбору катары кызмат өтөгөн. 77 чарчы чакырымдык аянтта мурунку жылдары 100 миңге чейинки америкалык жоокер, ондогон авиациялык бөлүктөр жайгашкан.

Баграмдын 4 чакырым узундуктагы учуш-конуш тилкеси каалаган типтеги учактарды кабыл алууга шарт түзгөн. Базанын аймагында 110дон ашуун имарат жана коргондор курулуп, аскерлердин ыңгайлуу тиричилиги үчүн инфраструктура түзүлгөн.

Ушул тапта Баграм авиабазасына командачылык кылган афган офицери Мир-Ассадула Кохистанинин айтымында, америкалык тарап толук кетерин кабарлаган эмес, эч кандай коштошуу иш-чарасын да өткөрбөй учуп кеткен. Жөн гана түндө базада капыстан жарык өчүп, катуу добуш чыккан. АКШ Аскердик-аба күчтөрүнүн өлкөдөгү соңку C-17A Globemaster аскердик-транспорттук учагы абага көтөрүлгөн.

Америкалык учкучсуздар согушкерлерге акыркы ирет 25-июнда түндүктөгү Кундуз провинциясында сокку уруп, 35 талиб жок кылынган. Эми "Талибан"* Кошмо штаттардын жана НАТОнун Аскердик-аба күчтөрүнө кылчактабастан Афганистандын 34 провинциясындагы өкмөттүк күчтөргө чабуул коюп, чечкиндүү түрдө Кабулду курчай кысымга алышы ыктымал.

Бир эле күн ичинде (1-июлда) Бадахшан жана Багландагы согушта 23 аскер кызматкери жана элдик кошуундун ыктыярчысы набыт болду. Талибдер Афганистанда алардын көзөмөлүндөгү аймактын кеңейиши тууралуу ачык эле жар салып, маалымат каражаттарына чыккан "радикалдуу кыймылдын афган өкмөтүнө тынчтык жөнүндөгү кандайдыр сунуш берүү пландарын" төгүндөөдө. Афган террорчуларына Катар жана Кипр аба майдандарынан сокку уруу божомолу тууралуу америкалык жана британиялык декларациялар ынандырарлык эмес, анткени мейкиндик чегиндеги күрөштө аралык жана убакыт дайым талибдердин пайдасына иштейт.

Афган ислам республикасынан күчтөрдү чыгарардан мурун Пентагон Катардагы Аль-Удейд авиабазасына B-52 бомбалоочуларын жана Перси кысыгына "Эйзенхауэр" авиа ташуучусун жайгаштырган. Бирок ал жактан Афганистанга дейре төрт саат учуу абзел.

Пентагондун "горизонт чегинен тыш" пландары

Кошмо штаттагылар "Талибандын"* Афганистанды кыйратуучу стратегиясын жана ИМдин* "хорасандык бөлүмү" тараптан олуттуу коркунуч болорун жакшы билишет. Бирок америкалык аскердик командачылык Афган ислам республикасын "горизонттон" колдой турганын билдирүүдө. Пентагондун планы боюнча Перси булуңунан учуп чыккан MQ-9 Reaper сокку уруучу дрондорунун миссиясы АКШ өкмөтү "эң жакын жайгашуу вариантын аныктаганча" абада кармалат.

Америка коргоо министри Ллойд Жеймс Остиндин Өзбекстан жана Тажикстандагы кесиптештери Абдусалом Азизов жана Шерали Мирзо менен активдүү сүйлөшүүлөрүнө караганда "жакынкы вариант" катары дал ушул эки мамлекет караларын жоромолдоого болот. Экөө болбосо, АКШнын расмий өкүлдөрү тез-тез каттап жаткан Казакстан каралган чыгар.

Эгер болжолдуу түрдө АКШнын Аскердик-аба күчтөрүнүн америкалык аскердик базалары өзбек жана тажик аймактарында пайда болсо (ЖККУ жана Россиянын реакциясын айтпаганда эле), бул эки объекти тең дароо "Талибандын"* чабуулунун буталарына айланат. Борбор Азия өлкөлөрүнө террорчулардын согуштук "рейддерине" шылтоо да болот. Ошентип, Пентагондун пландарын ишке ашыруу афган согушун Борбор Азияга түз чагылтуу болуп саналат. Тынч жашап жаткан калкка болжоп болгус бүлүк салып, талибдер (ИМ* жана "Аль-Каида"*) менен согушууга Россия жана ЖККУ күчтөрүнүн тартылышына мажбур кылат. Канткен күндө да АКШнын ийгиликсиз аскердик-саясий эксперименттеринин айынан планетанын ар кандай чөлкөмдөрүндөгү жергиликтүү калк тушуккан көйгөйлөр Вашингтонду эч качан түйшөлткөн эмес.

Эске салсак, 1970-жылдары демократиялык Афганистан чөлкөмдөгү экономикалык жактан эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири эле. Батыштын "колдоосу", Пакистан жана араб-радикалдык исламчыл козголоңчулук кыймылынын кыйратуучу таасири 1979-жылы аягы көрүнбөгөн жарандык согушка, өлкөнүн социалдык-экономикалык деградацияга алып келген.

* – бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм

252
Белгилер:
террорчулук, 'Талибан' кыймылы, согуш, база, курал, Аскер, НАТО, АКШ, Афганистан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (46)
Тема боюнча
Тажикстан чек арасын бекемдөө үчүн 20 миң аскерин мобилизациялады
Афганистандын коопсуздук күчтөрүн колдогон жүздөгөн куралчан адамдар. Архивдик сүрөт

Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар

263
(жаңыланган 15:11 23.07.2021)
Эксперт Афганистандагы согуштун Борбордук Азия үчүн кооптуулугу барган сайын арбып жатканын белгиледи.

Аймактардагы жаңжалдар өзүнүн объективдүү мыйзамдарына ылайык уланат. Буга Афганистандын түндүгүндөгү согуштук аракеттердин акырындап Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектешкен түштүк аймактарына жылып жатышы далил.

Афган чыры күчөп, Борбордук Азия үчүн кооптуулук да арбып бара жатат. Бүгүнкү күндө тажик-афган чек арасын (80-90 пайызы) толугу менен "Талибан"* көзөмөлдөөдө, бирок маселе мында да эмес. Россия ТИМинин жетекчисинин орун басары Андрей Руденконун берген маалыматы боюнча, Афганистандын түндүк провинциялары "Аль-Каида"*, "Ислам мамлекети"* сыяктуу көп сандагы эл аралык террордук топтор позициясын бекемдеген аймактарга айланууда. Регионго Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын согуш жүргөн жерлериндеги террорчулар тартылып жатат. Борбордук Азиядан чыккандарды азгыруу иши катуу жүрүүдө.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 22-июль күнү Душанбеде өткөн аскер парадында өлкө эч убакта коңшуларына каршы армиясын колдонбой турганын белгиледи. Бирок афган согушу акырындап Пяндж дарыясынан түндүк тарапка өтүп бара жатат.

Ага чейин талибдер Афганистандын 1 600 жоокерин Тажикстанга өтүүгө аргасыз кылган. Алардын айрымдары "Талибанды" көздөй Тажикстанда туруп ок атууну уланткан. Андан кийин афгандыктар өз өлкөсүнө башка жагынан кирип, талибдерге чабуул жасаган.

Бул тактикалык эпизод нейтралитет жана коңшулук мамиле тууралуу эле эмес, кырдаал курчуп кетиши мүмкүн экенин да айтып турат. Бир күнү талибдер каршылашын ок менен токтотууга аракет кылат, чек арадан өтүп кеткенин "байкабай калат" да, жергиликтүү тургундарга зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Эл андайды кечирбейт. Ошондо анан Борбордук Азиядагы согуштук аракеттер реалдуулукка айланат.

Түркмөнстан жабык өлкө экени маалым. Ошентсе да каза болгон 18 түркмөн аскердин туугандары ЖМК аркылуу окуя Афганистан менен чектешкен Марый вилаятында болгонун айтышууда. Ал эми расмий маалымат боюнча, эки офицер менен 16 жоокер автокатастрофадан көз жумган. Кандай болгон күндө да талибдер Түркмөнстан менен чек арадагы көзөмөл пунктун 9-июлда эле басып алышкан. Ашхабад буга Марый вилаятынын түштүгүнө кошумча күч, артиллерия жана техника тартып жооп берген эле. Кырдаал оор.

Божомол кандай?

Рахмондун параддагы кайрылуусу негизинен оптимисттик маанайда болгону менен президент тажик-афган чек арасындагы абалды өтө оор деп баалады. Учурда кызмат өтөп жаткан 100 миң аскер кызматкери, запастагы 130 миң жоокер менен офицер толук даяр болушу кокусунан эмес. Эгемендүү Тажикстандын тарыхында биринчи жолу кездешип жаткан көрүнүш.

Рахмон Афганистандын түндүгүндөгү кырдаал өтө оор бойдон калып жатканын айтып, күндөн-күнгө татаалдашып жатканын белгиледи. Чек араны кайтаруу жана түштүк аймакта бардык күчтөрдү мобилизациялоо ушу тапта Тажикстандын башкы маселеси болуп турат. Коңшулар менен акыры согушуп калуусу толук мүмкүн.

Афганистандын президенти Ашраф Гани талибдердин өлкөнү террорчулардын баш калкалоочу жайына айлантуу ниети бар экенин, уюм "Аль-Каида"* жана пакистандык "Джаиш-е-Мухаммад"*, "Лашкар-е-Тайба" топтору менен байланышып турарын жар салды. Ошондой эле Кабулдагы Атайын операциялар корпусунун аскер кызматкерлерине алдыдагы жарым жылда абалды жакшырта турган коопсуздукту камсыздоо планы тууралуу айтып берди.

Карапайым калк президентинин этияттыгына макул эмес экени айгине. Афганистанда учурда талибдерден тышкары "Ислам мамлекетинин"* 10 миңдей согушкери жүрөт. Тарыхка кайрылсак, 1989-жылы Афганистандан советтик жоокерлер чыгарылгандан кийин ошол кездеги президент Мохаммад Наджибулланын демократиялык өкмөтү моджахеддер менен үч жыл согушуп, аягына чыга алган эмес. Азыркы өкмөт менен президент Ашраф Гани канчага туруштук бере алары белгисиз.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб начальниктеринин бириккен комитетинин башчысы, генерал Марк Милли 21-июлда "Талибан" Афганистандын аймагын басып алып, стартегиялык жактан үстөмдүк кылып жатканын белгилеген. 419 уезддик борбордун 210у азыр талибдердин көзөмөлүндө. Бирок Милли афган армиясы күч топтоп, Кабул менен башка ири шаардын жашоочуларын коргоо үчүн райондук борборлорду атайылап эле "берип" жатат деп эсептейт. Буга чейин президент Жо Байден да АКШ менен НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийин афган өкмөтүнүн талибдерге каршы турууга алы жетерин айткан. "Талибандын" ийгилигин карап отуруп Гани, Милли жана Байдендин оптимизми анча ишенич жаратпай жатат.

Ал арада Афганистанда таасирин күчөтүүнү каалаган коңшулар Пакистан менен Ирандын аракети да тынчсыздандырууда. Булар талибдерге каршы чыккан афган шииттеринин "Хашд аш-Шиа" уюмун жетектейт деп айтылат. Негизи эле Пакистан менен "Талибандын" тарыхый байланышы тууралуу айтчу сөз арбын. Ал эми афган шииттерин Сириядагы согушка деп Ислам революциясын коргоочулар корпусунун адистери даярдаганы божомолдонуп келет.

Афганистанда 30дай террордук уюм бар экени айтылууда. Булардын саны өкмөттүк күчкө каршылык көрсөтүүгө жетет. Балким талибдердин чабуулу шииттердин мобилизациясына түрткү болуп жаткандыр, негизи эле ар кыл "партизандык" түзүлүштөрдүн аскердик даярдыгына баа берүү кыйын. Булардын арасында жалаң кыз-келиндерден турган отряддар бар экени айтылып келет. Кандай болгон күндө да Ашраф Ганинин администрациясы иран жетекчилигин Афганистанда төңкөрүш жасоого аракет кылган деп шектенүүдө. Кабул менен Исламабаддын да мамилеси көңүл жылытпайт.

Оор күндө калтырбаган Россия

Афганистанда абал курчугандан бери Россия Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен дайым байланышта. Бейшемби, 22-июль күнү, Россия менен Тажикстандын президенттери Владимир Путин жана Эмомали Рахмон телефондон Афганистандагы кырдаалды талкуулашты. Зарылдык жаралса Москва Борбордук Азия өлкөлөрүнө жардам берүүгө даяр.

РФ Куралдуу күчтөрүнүн атайын жана тынчтык орнотуучу күчтөрү август менен сентябрда Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын аскер күчтөрү менен биргелешкен тогуз маневр жасашат. Масштабы өтө кеңири болору айтылды.

Иш-чарага Россия тараптан Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базалардын авиатоптору, армиянын спецназ бөлүктөрү, атайын дайындоодогу Псков жана Новосибирск бригадалары, Ульяновск десанттык бригадасы жана 55-тоо, 15-тынчтык орнотуучу бригадалары катышмакчы. Бул Шанхай кызматташтык уюмунун (Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан) күзүндө өтчү "Тынчтык миссиясы — 2021" машыгуусуна катыша турган 4000 аскер кызматкерин эсепке албагандагы көрсөткүч. Тажикстандагы аскер базасынын бөлүктөрү ушу тапта пландык жана пландан тышкаркы окуулардан өтүп жатат.

Афганистан менен чектешкен Сурхандарья облусундагы (Термез полигону) Россия менен Өзбекстандын бергелешкен машыгуусуна Борбордук аскер округунун сокку уруучу авиациясы тартылууда. Кыргызстандагы биргелешкен аскер базасынын Су-25СМ штурмовиктеринин экипажы 30-июлдан 10-августка чейин "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык бүтүндүгүн сактоону" максат кылган аскер бөлүктөрүн абадан колдоп турмакчы. Аталган окуу-машыгууда россиялык контингенттин негизин Борбордук аскер округунун атайын дайындоодогу бригадасы менен тынтык орнотуучу күчтөрү түзөт.

Тажикстандын Хатлон облусундагы Харб-Майдон полигонунда 5-10-август күндөрү Россия, Өзбекстан жана Тажикстан аскерлеринин биргелешкен маневрлары өтөт. Афганистан менен чектешкен жерден 20 чакырым аралыкта өтчү иш-чарага Россия тараптан жаңы бронетехника менен күчтөнгөн 201-аскер базанын бөлүктөрү катышат.

Эскерте кетсек, июнь-июль айларында талибдер афган армиясынын көптөгөн аскердик базаларын басып алып, арсеналына ээлик кылууга жетишти. Бул — согуштук мүмкүнчүлүктөрдү кыйла жакшыртчу АКШ өндүрүшүнөн чыккан ондогон артиллериялык система, жүздөгөн сооттолгон машина, курал-жарак, тонналаган ок-дары. Мунун баары Афганистан менен чектешкен Борбор Азия өлкөлөрүнө кадимкидей коркунуч жаратат. Бүгүн талибдер афган бийлигин толугу менен басып алууга аз калды, эртең эмне болот?

* — Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыз

263
Белгилер:
машыгуу, 'Талибан' кыймылы, Борбордук Азия, жоокер, Аскер, Россия, согуш, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (46)
Тема боюнча
ЖМК: АКШ Афганистандан 12,5 миң жаранды алып кеткени жатат
Түндүк агым түтүгү. Архивдик сүрөт

Байден Меркель экөө "Түндүк агым" боюнча ымалага келишти. Украина унчукпашы керек

85
Кремль Украинаны "Түндүк агым — 2" менен опузалабай турганын айтып, долбоор Киевге басым жасай турган курал эмес экенин белгиледи.

АКШ менен Германиянын макулдашуусун баары күтүп жаткан кезде Украина бийлиги Вашингтондун "акыл-эстүүлүгүнө" ишенип турду. Анткени, Киевдин айтымында, аталган түтүк Украина эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө кооптуулук жаратат. Курулуш чындап эле аяктоо алдында турабы? РИА Новости агенттиги жарыялаган макала дал ушул туурасында.

Ишке ашар-ашпас макулдашуулар

"Россия энергетикалык ресурстарды саясий басым жасоо үчүн курал катары пайдаланат деген айыптоолорду дайым четке кагып келет, мындай болгон эмес, болбойт дагы. Баары тең коммерциялык макулдашуулар менен коммерциялык кызыкчылыктын негизинде гана ишке ашат", — деп дагы бир ирет түшүндүрдү Дмитрий Песков.

Вашингтон кечээ жакында эле Германия менен түзүлгөн макулдашуусунун четин чыгарды. Андан бир жума мурун Ангела Меркель Ак үйгө барып келген. Жолугушуудан соң мамдепартамент немецтер бир топ алгылыктуу сунуш айтканын белгиледи.

Америкалыктар Россияга энергетиканы саясий курал катары пайдаланууга жол бербөө деген жалпы максатты жүзөгө ашырууда алдыга кадам шилтенди деген ишенимде. Ага чейин Вашингтон Польша жана Украина менен сүйлөшкөнү белгилүү.

98 пайызы аяктап калган газ түтүгүнүн курулушуна эч ким тоскоол болбойт. Бирок эгер Россия түтүктү кыянатчылык менен пайдалана турган болсо, Германия кандайдыр бир чара көрүүгө аргасыз болот. Германия буга чейин Москвага каршы бир тараптуу аракет көрүүдөн баш тартып келген, абалга сереп салсак азыр деле кубангандай түрү жок.

Берлин Украинага энергиянын экологиялык булактарына өтүүгө жардам берчү Жашыл фондго инвестиция салууга макул. Кеп жок эле дегенде миллиард доллар тууралуу болуп жатат, Германия алгач 175 миллион котормой болду. Мындан тышкары, Киевге энергетикалык долбоорлор боюнча атайын өкүлүн жөнөтүп, аны менен кошо дагы 70 миллион берип жибермекчи.

Анын үстүнө Берлинден Россия менен Украинанын ортосундагы газ транзити тууралуу макулдашуунун мөөнөтүн кеминде 10 жылга узартууга жардам берүү талап кылынып жатат (мөөнөт 2024-жылы аяктайт). 21-июль күнү кечинде Меркель менен Владимир Путин телефондон сүйлөшүп, лидерлер "Газпром" менен "Нафтогаз Украины" компаниясынын ортосундагы макулдашууну өзүнчө талкуулашты.

Россия президенти Германиянын долбоорду ишке ашыруунун тарабында экенин айтып, коммерциялык максат көздөлүп жатканына токтолсо, Меркель Байден менен болгон сүйлөшүүсүнүн айрым деталдарын ачыктады. Москва дагы, Берлин дагы түтүктүн "курулушу аяктап бара жатканын канааттануу" менен белгилешти.

Каршылар

Украина акырына чейин нааразы болду. Владимир Зеленский "Түндүк агымдын" тагдыры АКШнын колунда экенин, Евробиримдик бирдиктүү фронт болушу керектигин айтып келет. Ал Меркель менен 12-июлда Берлинден жолугуп, долбоорду жаап салууга көндүрүүгө аракет кылды. Меркель макул болгон жок.

Киевде Меркель "Украинанын кызыкчылыгын сатты" дешти, бирок бул дагы жардам берген жок. Аны кой, Politico басылмасы Вашингтон Киевдин тынчышын талап кылганын жазып чыкты. Өнөктөштөрдүн айтканына макул болбой, ызы-чуу чыгарса Америка-Украина мамилесине доо кетип каларын эскертишти.

Байдендин чечимине конгрессмендер да нааразы болушту. Техастан республикачы сенатор Тед Круз макулдашууну "АКШ жана союздаштар үчүн катастрофа жана Путиндин муундарга калган геосаясий жеңиши" деп баалады.

"Украина менен Европанын энергетикасын Путинге берип садага чабышты", — деди дагы бир республикачы Стив Уомак. Ал эми анын партиялашы Жим Риштин айтымында, 11-августта Европанын энергетика коопсуздугун коргоо мыйзамы боюнча доклад чыгат (PEESA), ошондо Ак үй айласын таппай калат. Докладда "санкциялардан баш тартуу эмне үчүн АКШнын улуттук кызыкчылыгы үчүн керек экенине негиздеме берилген".

Бирок Америка бийлиги PEESA алкагында санкция киргизүү же киргизбей коюу укугу сакталарын баса белгиледи.

Моюн толгоо

Украинанын экономика боюнча эксперти Александр Охрименко Киев эми ири инвестиция күтпөй эле коюшу керектигин айтып, Россияга таасир этүү мүмкүн эмес экенин божомолдоду. "Келишим алкактан чыкпайт, энергетикалык коопсуздук тууралуу жалпы сөз болот. Украина тууралуу учкай гана кеп козголуп калышы мүмкүн", — деди ал маегинде.

Немец саясат таануучу Александр Рар да ушундай пикирде. "Киевдин реакциясына карасак, алар акча күтүп жаткандай. Бирок азыр кырдаал башка, Россия менен каршылашып жатканы үчүн эле акча келбейт", — деди ал. Эксперт андан көрө немец компанияларын Украинада иштөөгө чакыруу керек деп, бирок ал үчүн да шарт жок экенин белгиледи. Чет элдик бизнесмендерди тартуу үчүн Украина укук системасын, жеке менчик тууралуу жоболорун өзгөртүшү керек.

Бул америкалыктарга да тиешелүү. Рардын айтымында, алар суюлтулган газын Германия менен ЕБге сатууга, ЕБдин энергетика саясатын көзөмөлдөөгө кызыкдар эмес, ошол эле маалда "Украинанын өнүгүүсүн да каржылагысы жок".

"Бул Вашингтон менен Москванын мамилесине караганда трансатлантикалык алакага көбүрөөк тиешелүү, — дейт Эл аралык иштер боюнча Россия кеңешинин башкы директору Андрей Кортунов. — Негизи муну Америка саясатынын жеңилиши же акыл-эстин жеңиши деп эсептөөгө болот. Байден ири жана азыраак зыяндын бирин тандап алууга аргасыз болду. Албетте, басым жасоодон баш тарткысы келген жок, ошентсе да маанилүү өнөктөштүн бири менен чырлашпай туруу артыкчылык кылып кетти".

Бул Меркелдин жеңиши. "Меркель айтканынан кайткан жок, негизи пландарынан немецтер эмес, америкалыктар баш тартууга мажбур болушту", — деди Кортунов.

Газ түтүгүнүн курулушуна каршылык көрсөтүү бекер иш экенин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Татьяна Романова да тастыктады. Бирок эми жаңы кооптуулук жаралат. "Түтүк ишке киргени менен 2030-2035-жылдары энергиянын жаңыланып туруучу булактары басымдуулук кыла баштаганда көйгөй Американын кысымында эмес, ЕБдин энергетикалык балансынын өзгөрүшүндө болот", — деди ал.

Узакка созулган талаш-тартыштан соң "Түндүк агым — 2" аяктоо алдында турат. Германия бул түтүк үчүн көпкө чейин кармашты, өлкөнүн позициясы Меркель кеткенден кийин деле өзгөрбөсө керек. Ал эми жашыл энергетика газсыз болбойт. Демек, кымбат деп эсептелген жана көптөн күткөн долбоор акыры өзүн актайт деген үмүт бар.

85
Белгилер:
долбоор, курулуш, Евробиримдик, Украина, АКШ, Россия, Германия, түтүк, газ
Тема боюнча
Орустардын жашыруун куралы Европанын чок ортосунан АКШга сокку урду
Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев с футбольным арбитром Бахадыром Кочкаровым

Азамат Жаналиев: дүйнө чемпионатына айтылуу 100 футболчунун сүрөтүн алып барам

0
(жаңыланган 19:47 24.07.2021)
Өзгөчө ыкма менен иштеген сүрөтчү Азамат Жаналиев буга чейин бир катар дүйнөлүк лидерлердин портретин тартып, аларга жолугуп сүрөтүн тапшырган.

Сүрөтчү учурда мык жана жиптин жардамы менен hi legends долбоорунун алкагында 100 футболчунун сүрөтүн тартууда. Алар 2022-жылы Катарда өтүүчү дүйнөлүк футбол чемпионатында атайын көргөзмөгө коюлат.

"Улуу кыргыз изи" коомдук фондунун жетекчиси, сүрөтчү Азамат Жаналиев String Art ыкмасы менен сүрөт тартуу өнөрү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек курду. 

Кыргызстанский художник Азамат Жаналиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанский художник Азамат Жаналиев

— 2017-жылы социалдык тармакта "Жети жылдын ичинде жети континентте, 70тен ашуун мамлекетте 350гө жакын стринг-арт ыкмасында тартылган эмгектерди жаратайын" деп жазыптырсыз. Арадан төрт жыл өттү, учурда жогорудагы максатты көздөп баратсаңыз керек. Алгач сөздү сүрөт тартуу ыкмасы, жетишкендиктер жана акыркы жаңылыктарыңыз тууралуу баштасак?

— Бүгүнкү күнгө чейин үч-төрт мамлекетте ири көргөзмөлөрдү уюштурдук. Стринг-арт ыкмасындагы эң көп коллекция азырынча бизге таандык. Акыркы сапарыбыз Сауд Аравиясына болуп, королго өз портретин тапшырдык. Азыр дүйнөлүк чемпионатка карата легендарлуу футбол оюнчуларынын сүрөтүн тартып жатабыз. 2022-жылы Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өтчү дүйнөлүк чемпионатта сүрөт көргөзмөбүз уюштурулат. Катарлыктар менен байланышканыбызда алар hi legend долбоорун колдоп, көргөзмө уюштурууга кызыкдар экенин айтышты. Ага чейин ар бир футболчуну өзүнүн туулуп-өскөн өлкөсүнө барып тартабыз деген план бар эле. Бирок Египет менен Түштүк Кореяга барып келгенден кийин пандемия башталып, көп мамлекеттерге боло турган сапарыбыз токтоп калды. Ушул июль айларында Аргентина, Уругвай, Чили, Түштүк Америка, Бразилияны кыдырышыбыз керек болчу. Мыйзам боюнча ар бир өлкөдө эки жумадан обсервацияда жатууга туура келет. Буга убакыт аябай көп кетип калууда. Ошондуктан биз барбасак да сүрөттөр барып келсин деген ойдо сүрөттөрдү гана жөнөткөнү жатабыз. 

Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев в Катаре
© Фото / предоставлено Азаматом Жаналиевым
Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев

— Жалпы канча футболчунун сүрөтүн тарткан жатасыз?

— Кудай буюрса, 100 сүрөт деп болжоп турабыз. Дүйнө эли урматтаган мыкты футболчулар тартылат. Алардын да ишмердиги, жашоо-турмушу жагынан айырмачылыктары бар. Айрымдары өтө кымбат үйлөрдө жашап, укмуш автоунааларды тээп, миллиарддаган долларга ээ. Ошону менен бирге ушундай эле акча тапкан, бирок өз өлкөсүнө жардам берип көптөгөн бала бакча, мектептерди салып, каражатты калктын социалдык жашоосун жакшыртууга жумшап өзү кадимки карапайым турмушта жашаган оюнчулар да бар. Биз футболчулардын элге жакындарын тандап жатабыз. Командамдын жардамы менен 350 коллекцияны жети жыл аралыгында бүтүрүүгө жетишем. Буга эл да жардам берүүдө. Бишкектеги бир соода борборунда Зинедин Зидандын сүрөтүнө каалоочулар келип тактага мык уруп, атайын баракка аты-жөнүн калтырып кетип жатышат. Кийин ошол тизме менен сүрөттү Зидандын өзүнө жөнөтөбүз. Ал сүрөткө акыркы алтын мыкты уруп, жип байлап, кол тамгасын коёт. Тизмедеги бирөөнү тандап, ага чакан болсо да өз колунан белек берип жиберет. Ошентип кол тамгасы менен дүйнөнүн мен деген футболчуларынын 100гө жакын портрети биздин өлкөдө топтолот. Бул сүрөттөр кийин Дохадагы көргөзмөгө коюлуп, андан соң аукциондо сатылат. Ал портреттер өзү 100 миң доллар турмак, ал эми кол тамга менен миллион долларга чейин барат. Түшкөн акчаны ар бир футболчунун жеке фондуна жөнөтөбүз, бирок келишим боюнча алар акчаны кайрымдуулукка которот.

  • Картины в стиле стринг-арт художника Азамата Жаналиева
    Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев
    © Фото / Азамат Жаналиев
  • Картины в стиле стринг-арт художника Азамата Жаналиева
    Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев
    © Фото / Азамат Жаналиев
1 / 2
© Фото / Азамат Жаналиев
Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев

— Сиздин эң алгачкы эмгегиңиз Чыңгыз Айтматовдун портрети экенин билебиз. Ал да аукциондо кымбат баага сатылган. Негизи эле стринг-арт сүрөт тартуу ыкмасына кандайча келип калдыңыз эле?

— Кесибим боюнча архитектормун. Архитектурада да сүрөт тартуунун концепциясын анча-мынча үйрөтөт. Сүрөт тартуу менин бала кезимден берки кыялдарымдын бири болчу. Ал эми стринг-арт менен сүрөт тартып калышыма ата-энемдин да салымы бар. Атам мык какканды үйрөтсө, апам жип менен иштеп, кийим тигүүнү үйрөткөн. 4-5-класста окуп жүргөндө айылда сокмо менен үй салып сыртына мык кагып, аны зым менен ороп, калганын саман шыбак менен шыбаганбыз. Ошондо зым менен бир-эки сүрөт тартып уруш уккам. Айылдаштарым, туугандарым ушул күнгө чейин "балдардын эң эле тентеги Азамат болчу" деп айтышат. Кийин университетти аяктаган соң жашоомдо бир кыйынчылык болду. Анан "балалыктагы кыялдар аруу болгондуктан ийгиликке алып барат" деген ишеним менен ушул идея келди. Алгачкы эмгегимди кыргыздын улуу инсаны Чыңгыз Айтматовго арнагам. Окуган адамды шыктандырып, башка бир дүйнөгө киргизип койгон чыгармалары менен Айтматовду баары тааныйт. Аукциондо сүрөт 300 миң сомго чейин көтөрүлгөн, күткөн эмесмин. Элмурат Алымкулов деген кыргыздын мыкты меценат уулу сатып алып, сүрөттү улуу жазуучунун үй-музейине койгон. "Ошол кезде жазуучу канча жашта болсо, мага ошончо эле акча бергиле, жетет" дедим. Калган сумманы Элдар Айтматов менен кеңешип, Айтматовдун үй-музейине которгонбуз. Ошентип уланып кеткен. 

Портрет всемирно известного писателя Чингиза Айтматова в стиле String Art созданный участником проекта Улуу Кыргыз изи (Великий кыргызский след) Азаматом Жаналиевым
© Фото / Азамат Жаналиев
Портрет всемирно известного писателя Чингиза Айтматова в стиле String Art

— Кесибиңиз архитектор экен. Сурайын дегеним, бизде стринг-арт ыкмасын үйрөткөн устаттар барбы? Май боёк менен сүрөт тартууну үйрөтүүчү мугалимдер көп эле, бирок мык, балка жана жиптин жардамы менен сүрөт тартуу сейрек кездешет эмеспи...

— 2001-жылы Бишкекке жаңы келип, Архитектура техникумуна тапшырып жатканда бир кабинеттин эшигин акырын ачып карасам, толтура балдарды отургузуп алып бир мугалим сүрөт тартканды үйрөтүп жатыптыр. Эшиктин кычыгынан шыкаалап карап алып аябай суктандым эле. Чындап келгенде мага үйрөткөн деле устат болгон жок. Жол көрсөтүүчүм болгондо, мүмкүн мындан да чоң ийгиликтерге жетишмекмин деп ойлойм. 

— Башка мамлекеттерде, ошол эле коңшуларда сиздей болуп жип менен сүрөт тарткандар барбы? Аларда бул ыкма кандай жайылган?

— Сегиз жыл мурда бул ыкма менен сүрөт тартып баштаганда дүйнөдө эки-үчөөбүз эле болчубуз. Японияда бир аял, Украинада жана Бразилияда бирден бала бар эле. Анан мен тартып калдым. Ар кайсы өлкөнүн президенттерине байланышып, алардын портреттерин тарта баштаганда мени туурагандар чыкты. Ошентип отуруп акырындан көбөйүп келе жатат. Алар көбөйгөн сайын менде да стимул пайда боло баштады. Анткени алардан бир кадам алдыда жүрүшүм керек да, бул үчүн көп эмгектенүүгө туура келет. Учурда бир нече сүрөт тартып, чет өлкөлөрдө көптөгөн көргөзмөлөрдү уюштуруп келе жатам. Бул техника менен жаңы тарых жаратабыз деп терең ишенем. Ачка-ток болгонума карабай, Кыргызстандын жараны болуп туруп бир чарчы метр жерим жок болсо да максаттарды ишке ашырууга аракеттене беребиз. Тытынып жалгыз кете берсең артыңдан ою бир адамдар чогулуп, колдой берет экен. Мен ошо менен сыймыктанам. Жашоо өтө берет, кийин бала-чаканы, урпактарды шыктандыра турган эмгегибиз калат. 

Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев готовит картину футболиста Мохаммеда Салаха у пирамиды в Египте
© Фото / предоставлено Азаматом Жаналиевым
Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев

— Стринг-арт ХVI кылымда эле Англияда пайда болгон экен. Бул техника көбүрөөк кайсы мамлекетте жайылган?

— Алгач стринг-арт техникасын Англиядагы геометрия сабагынан берген мугалим ачкан. Ал төрт бурчтуу, үч бурчтуу геометриялык фигураларды жасап, окуучуларына сабак берчү экен. Убакыттын өтүшү менен жаңыланып отуруп, акыркы беш-алты жылда бул ыкма менен портрет жасоо багыты пайда болду. Аны баштоочулардын бири кыргызстандыктар болуп калды. Азыр менин техникам менен иштеп жаткандар абдан көп. 

— Жалпы иштөө процесси тууралуу айтсаңыз?

— Муну сөз менен айтуу мүмкүн эмес болуш керек... Улам барган сайын чеберчилигим артып, материалдарды өздөштүрүп, жакшыртып жүрүп отурдум. Башында бир жумалап мык каксам, азыр бир күндө кагып коём. Айрымдар "менин жумушум оор" деп даттанышат. Анда көңүл сүйгөн иш менен алектенгиле деп айтар элем. Кандай иш болбосун каалоо менен аткаруу керек. Кечке мык кагып отуруу бизге деле оңой эмес. Бирок "оор" дей берсең эч бир жумуштан майнап чыкпайт. Кыргызстандын ичинде эле ар кайсы чиновниктин сүрөтүн тартып, нан-чайга акча таап отура берсем болот эле. Бирок мен дүйнөлүк лидерлерге, улуу, тарыхый инсандарга басым жасадым. 

Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев готовит картину футболиста Сон Хын Мина в Сеуле
© Фото / предоставлено Азаматом Жаналиевым
Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев

— Көп эле белгилүү адамдарды тарттыңыз. Өзгөчө башка мамлекеттердин президенттерин тартып жолукканыңыз белгилүү. Сүрөтүн тапшырып жатканда алардын реакциясы кандай болду?

— Эң эле биринчилерден болуп Рамзан Кадыровдун атасынын, анан Владимир Путиндин сүрөтүн алып барып бердим. Путиндин өзүнө жолуккан жокмун, бирок "белек берүү" фондунун президентине тапшырып кеткем. Андан кийин Режеп Тайип Эрдогандын сүрөтүн тарттым. Монголиянын президенти Баттулга менен бир эмес, эки-үч жолу жолугуп, баарлашып отурдук. Монголиянын жарандыгын алууну да сунушташты. Бирок мекениме колдон келишинче сырттан акча тартып, эмгек жасагым келет. Ошондой эле Дубайдын эмирлери, Сауд Аравиясынын королунун да кабыл алуусунда болдум. Булар саясий чөйрөдөгү лидерлер. Эми биз дүйнөлүк спорт, искусство жана кино тармагындагы жылдыздарга басым жасайлы деп турабыз.

Ал эми ар кимдин реакциясы ар кандай болот. Бул жакта жөн эле сүрөттү берип койбостон, ар бир сүрөттүн жан дүйнөсүн, философиясын түшүндүрүп берем. "Бир кагылган мык — мен, экинчиси сиз. Ушул мыктардын бардыгы бүтүндөй адамдарды түзсө, жиптер ортодогу мамилени түшүндүрөт. Келип чыккан сүрөт, жалпы бир бүтүндүктү жана бир калк, улутту туюнтат. Ал сиз караган өлкөнүн биримдиги, бүтүндүгү жана ынтымагы. Бул сүрөт сизге кыргыз элинин атынан белек" деп бардык эмгектерди элибиздин атынан ыйгарам. Баш-аягы 16дай мамлекетте болдум. Азыр Дубай, Катар жана Калифорнияда өтүүчү көргөзмөгө даярданып жатабыз. Бир гана иштеш керек.

— Сүрөттөрүңүз сатыкка кетеби?

— Меники көбүнчө коллекциялык сүрөттөр. Буларды сатыкка коё элекмин. Бир-эки жолу кризис убагында сатыкка коюлган учурлар болгон. Сүймөнкул Чокморовдун "Караш-Караш окуясы" фильминдеги Бактыгулдун ролундагы карышкырдын көз карашы менен карап турган образы азыр деле сатыкта турат. Каалоочулар болсо алса болот. Ал сүрөттүн өзгөчөлүгү фосфор менен тартылгандыктан түнкүсүн күйүп турат. Калган сүрөттөр ири көргөзмөлөрдө сатылып, акчасы дүйнөлүк иш-чараларга сарпталышы керек.

Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев показывает технику рисования в Сеуле
© Фото / предоставлено Азаматом Жаналиевым
Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев

— Сүрөттүн баасы кандай бычылат? Көлөмүнөбү же ким тартылганына жарашабы?

— Ким тартылгандыгынан да көп нерсе көз каранды. Таанып-билип жан дүйнөсүн жакшы билбегенден кийин тааныбаган адамдарды көп тарта албайм. Канча аракет кылсаң да окшошпой калат. Өзүмө жаккан инсандардын сүрөттөрү абдан жакшы чыгат. Тартардын астында адамдын жан дүйнөсүн изилдейсиң. Буюртма бергендер абдан көп. Мен алардан эки ай убакыт сурайм. Анткени тарта турган кишимди жакшы таанып, жакындан изилдеп чыгышым керек. Буюртманын көбүнөн баш тартам. Дос, туугандардын арасында да таарынгандар абдан көп болот. Башында тарткан портреттеримдин узундугу 2,5 метр, туурасы 1,25 метр, салмагы 40-50 килограммдан жогору болчу. Башка өлкөгө алып барып да тарткандыктан учакта көйгөй жаратчу. Азыр узун-туурасын бир топ кичине кылдым. Мурункудай жыгачка эмес, буканын терисин чойдуруп туруп аны кагазга ороп ошонун бетине тартып жатам. Бул абдан өзгөчө ыкма. Теринин мык менен жипке да пайдасы көп, сакталышы да узак болот.

— Стринг-артка канча каражат кетет? Ошол мыктардын арасында алтыны да бар экендигин билебиз...

— Бир сүрөткө эки килограммдын тегерегиндеги латундан жасалган мык жана үч чакырымга жетчүдөй полиэстер жиби кетет. Полиэстер жиби бирдей температурада турса, бери жагы 500 жылдай сакталат. Мен көбүнчө портретке кара түстөгү жипти пайдаланам. Баасы кымбат эле. Азыр пандемияга байланыштуу латун мыктары Кыргызстанга келбей, Алматыга буюртма берүүнү ойлоп жатам. 

— Мурда мыкты бир жума какчумун деп айтып калдыңыз. Азыр бир сүрөттү канча убакта бүтөсүз?

— Айрым адамдардын чачы да, муруту да жок. Мында иштин көлөмү азыраак болот. Мисалы, Зидандын сүрөтүн тартуу оңой. Ал эми Марадонанын сакалы да, чачы да узун. Бул ишти көбөйтөт. Жаңы баштап жатканда портретти бир айлап тартып, колдор ооруп, жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып азыр кол бышып калды. Бир окуучум бар. Экөөлөп тартып жатабыз. Мүмкүн келечекте үчөөлөп, анан бешөөлөп иштеп каларбыз.

Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев у пирамиды в Египте
© Фото / предоставлено Азаматом Жаналиевым
Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев

— Келечекте стринг-арт мектебин ачуу оюңузда барбы?

— Албетте, бар. Мүмкүн 20-30 жылдан кийин ачып калармын. Өзүм жетишерлик билим чогултуп, анан элге берүүм керек.

— Пандемия сиздин чыгармачылыгыңызга кандай таасир этти?

— Мен эле эмес, азыр көп эле сүрөтчүлөрдүн топтогон байлыгы, каткандарынын баары түгөндү. Машинабызды сатып, буюмдарыбызды күрөөгө коюп отуруп, эми азыр кайра жандануу акыбалында турабыз. Анткени биз эч жерден беш-он миң сом айлык албайбыз. Сүрөтчүлөр сүрөтүн тартып, сатылышын күтүп отурат. Мамлекет деле сүрөтчүлөргө, искусствого бир аз көңүл буруп койсо деген тилек бар.

0
Белгилер:
инсандар, белгилүү, мык, сүрөтчү, искусство, Азамат Жаналиев
Тема боюнча
Өнөрпоз Болотбеков: министрдин аялына сатылып кеткен сүрөтүмө ичим ачышат
Чачтан тартылган залкарлар, 3D кишилер. Бишкектеги өзгөчө көргөзмөнүн сүрөттөрү