Нью-Йорктогу Уолл-стрит көчөсүндөгү абал

Кайтпас чекке жетти: талдоочулар АКШ экономикасынан кооптонууда

166
(жаңыланган 13:38 15.07.2021)
АКШ каатчылыкка чейинки деңгээлден да төмөн калышы ыктымал деп эсептейт Moody"s Analytics. Калыбына кайтуу индекси пандемиядан кийинки экономика абдан өзгөргөнүн көрсөтүп, жети пайызга төмөндөдү.

Аналитиктер өлкө кайтарылбас чекке жеткенин белгилешет. Чындап эле ушундайбы же жокпу, биздин өнөктөш РИА Новости талдап көргөн.

Кайтарылбас чекке карай

Индекс 37 экономикалык көрсөткүч боюнча эсептелет. Алардын арасында насыялоо көлөмү, жумушсуздук боюнча жөлөк пулга тапшырыктар, вакансия саны, ички авиакаттамдар жана ал тургай отелдердин толушу тууралуу маалыматтар да камтылат.

Moody"s Analytics компаниясы туризмдеги көйгөйлөрдүн айынан америкалык экономиканын айтылуу күчүн кайтарууга болбойт деген бүтүмгө келди. Питтсбург университетинен саясат таануучу Омер Зарплинин баамында пандемиянын айынан бул тармак АКШда 69 пайызга түшкөн. Европа биримдигинде дээрлик 90, ал эми Улуу Британияда 73 пайызга кыскарган. Эмгек форматынын түзүлүшү да өз түзөтүүлөрүн киргизген. Көптөгөн америкалыктар үйдөн иштөөдө. Жумушсуздук боюнча да эки эсе көп кайрылууда.

Фондулук рынок аркылуу, адатта, америкалыктардын же чет өлкөлүк инвесторлордун бош каражаттарынын өсүш эсебинен экономикага салым салууну көбөйтүү да – көйгөйлөрдүн бири. Каражат экспортко кетчү технологияларга жумшалары күтүлөт. Америкалык үлкөн концерндердин бөлөк өлкөлөрдө заводдору бар. Инвестициялар жаңы жумушчу орундарын түзөт, буга ылайык салык төгүмдөрү артып, экономика өнүгөт. АКШдагы рыноктун бир нече пайызга эле кыскарышы да импорттоочу мамлекеттерди олуттуу көйгөйлөргө кептеши мүмкүн.

"Тобокелдик зонасында — Мексика, Канада, Япония бар. Ал эми инфляция Европада да ушундай эле процесстерди козгошу мүмкүн", — деп эскертет Г.В.Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин статистика кафедрасынын доценти Ольга Лебединская.

S&P500 индекси эбак тарыхый максимуму менен соодалашып турганын белгилейт Moody"s Analytics компаниясынын экономисти Марк Занди. Кескин көрүнүштөр да болушу ыктымал. Эгер Федералдык резервдик тутум базалык пайыздык ченди көбөйтө турган болсо америкалык компаниялардын акциялары 10-20 пайызга арзандап кетет.

Былтыр жөнгө салуучу орган экономиканы жана керектөөчүлүк суроо-талапты жандандыруу үчүн көрсөткүчтү дээрлик нөлгө түшүргөн. Бирок эми инфляция божомолдордон ашып түшүп, Федералдык резервдик тутум ченди жогорулатууга аргасыз болот.

Мурда каржылык саясат тобокелдүү активдерге суроо-талапка жагымдуу жагдай түзүп берер эле. Жакында кырдаал өзгөрөт. Бирок 30 пайыздан ашык ылдыйлабастыгын айтат Марк Занди. Эгер акциялар кескин арзандап кетсе, экономикалык өсүш жайлайт (рецессия). Бирок экономист андай болушу күмөн экенин белгилейт.

Америкалык экономиканын кыйрашы: миф же чындыкпы?

Базалык чендин жогорулашы насыялардын кымбатташына жана мамлекеттик карызды тейлөө чыгымдарын кыйла арттырат. Ошондуктан америкалык экономика жана доллар апта сайын кыйрай турганы да болжонууда. Калыбына келтирүү индексинде жалпы экономикалык гана эмес, багыттардын, айрыкча пандемияда жабыркаган тармактардын абалы да эске алынат. Андай жагдайга мейманкана бизнеси, авиакаттамдар, ошондой эле чакан жана орто ишкердик кабылды.

Жалпысынан Кошмо Штаттар тез калыптанууда. Эң оболу энергетикалык ресурстарга баанын өсүшү буга өбөлгө болууда. Мындан сырткары, IT-технологиялар, атап айтканда, софт экспортунда 20-25 пайыздык өсүш байкалат. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун соңку божомолунда, америкалык ИДП ушул жылдын экинчи кварталынан кийин эле пандемияга чейинки деңгээлге кайтат. Экономикага коронавирустук каатчылыкты жоюу үчүн триллион доллар салынгандыктан, жумушсуздуктун көбөйүшү да көбүнесе жасалма көрүнүш катары баалоого болот. Сентябрда андай төгүмдөр токтотулат. Күзгө дейре эмдөөдөн улам авиакаттамдар жанданып, мейманканалар кайрадан толо башташы да ажеп эмес. Демек, туризмдин да арышы өр алат.

Албетте, күүлөнүп турган инфляцияны да тоготпой койгонго болбойт. Май айында АКШда керектөөчү баалар жылдык маанисинде беш пайызга өстү, бул – 2008-жылдын августунан берки рекорддук көрсөткүч. Баары – азык-түлүк, кийим-кече, тиричилик техникасы, машиналар кымбаттады. Бирок мындай жагдай утурумдук экенин айтат Федералдык резервдик системанын төрагасы Жером Пауэлл. Жөнгө салуучу органдын талдоочулары жыл жыйынтыгы боюнча инфляция 3,4 пайызды, ал эми келерки жылы — 2,1 пайызды түзөрүн жоромолдошот.

Жером Пауэлл эмгек рыногундагы абалдын да жакшырарын белгилейт. Жакынкы айларда жаңы жумушчу орундары түзүлөрү күтүлөт.

Май айында жарыяланган вакансия көлөмү рекордду каккан, тагыраагы, бош орундардын саны тогуз миллиондон ашуун. Калктын мурдагыдай иш менен камсыз болушу үчүн ыргакты ылдыйлатпоо маанилүү. Бул эмдөөнү да тездетип, пандемиялык факторлорду жалпы чабалдатат. Жөнгө салуучунун баамында, быйыл жумушсуздук төрт жарым пайызга чейин азаят.

"Коронакаатчылыгын көп салыштыруу адатка айланган улуу депрессия кайталанбайт. Керектөөнүн глобалдык коллапсы болбойт, инфляция акырындап турукташат. Көбөйтүлгөн фондулук рыноктон Федералдык резервдик системанын акчалай каражаттары гана артка кайтарылат", — деп түшүндүрөт "Финансыны тескөө жогорку мектеби" аналитикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Коган.

Америкадан алдыга озуп…

Адатта кыйроонун артынан өсүш келет. Ушул тапта абал жаңырууда. Дүйнөлүк экономика күтүлгөндөн да бат калыптанып жатканын белгилейт Эл аралык валюталык фонду.

Кытай бардык үлкөн оюнчулардан алдыга озуп, каатчылыкка чейинки өсүш көрсөткүчтөрүнө жетти. Кошмо Штаттар да учурду колдон чыгарбайт. Америкалыктарда жаңы экономикалык циклге секирик жасоого ресурс жетишерлик.

Пандемиянын кесепеттери менен Россия да күрөшүүдө. Калкты жана бизнести колдоого эки жарым триллион рубль бөлүнгөн. Бул – федералдык бюджеттин он пайызы. Бирок азырынча чакан ишкердик жана тейлөө тармагы кыйынчылыктарды жеңе албай турат. Анткен менен январь-февраль айларында ички авиакаттам 2019-жылдагы көрсөткүчтөн ашты.

"Эки жыл сабыр кылуу зарыл. Ишканалардын басымдуу бөлүгү жабыр тартты, көпчүлүк ишсиз калды. Биринчи жарым жылдыкта юридикалык жактардын жабылгандарына караганда эки эсе аз катталды", — деп маалымдайт Михаил Коган.

Россияда инфляция маселеси Кошмо Штаттардагыдай курч эмес. Керектөөчүлүк баалардын өсүшү өткөн айда жылдык маанисинде алты жарым пайызга жеткенин маалымдайт Росстат. Бул 2016-жылдын жай мезгилинен берки максимумду түзөт.

Дүйнөдө тез кымбаттап бараткан товарлардын алдыңкы сабында – жашылча жана курулуш материалдары. Бирок майда мындан да начар көрүнүш эле. РФтин экономикалык өнүгүү министри Максим Решетниковдун айтымында, инфляциянын өсүшү басаңдоодо. Мекеме ушул айда терс көрүнүштөр аяктап, августта дефляция болорун боолголойт.

Бирок талдоочулардын тыянактары оптимисттик маанайда эмес. Инфляциялык басым ички да, тышкы да каналдар боюнча жогорулоодо. Ошондуктан июлда РФ Борбордук банкы дагы бир ирет негизги чендин көлөмүн арттырат. 11-июлда россиялык каржылык жөнгө салуучу аны 0,5 пайызга көтөрдү. 2022-жылы жети пайызга чыгышы ыктымал. Мындай шарттарда өкмөт салык маневрлерин жана жаңы чектөө чараларын ойлонууга тийиш экенин айтышат экономисттер. Өлкө экономикасы аздыр-көптүр калыбына келе баштаганын реалдуу кирешелердин өсүшү айгинелейт. Азырынча капчыктар бошогондон бошоп барат. Биринчи кварталда көрсөткүч каатчыл 2014-жылдагыга караганда тогуз жарым пайызга төмөн эле.

166
Белгилер:
пандемия, экономика, АКШ, чек, баа, товар, кымбаттоо, инфляция
Тема боюнча
Россия ТИМи SWIFT санкция оюндарына аралаштырыла баштаганын айтты
Россия бензинди экспорттоого убактылуу тыюу салуу маселесин карайт
Рубль валютасынын символу. Архив

Рубль дүйнөдө наркы бааланбаган валюта. Доллар чынында канча турат?

4
(жаңыланган 17:02 05.08.2021)
Россия жана АКШдагы McDonald's тамактануучу жайларындагы бигмактын (керектөөчүлөрдүн сатып алуу жөндөмүнүн бейрасмий түрдөгү индекси, бул тез татым түйүнүндө Big Mac – "сыйлуу" бургерлердин бири) баасына карасак, доллар 30 рубль болууга тийиш. Бул 2013-жылдагыдан аз.

Ирина Бадмаева

Америкалык экономикалык журналдын индикатору канчалык объективдүү жана эмнеликтен иш жүзүндөгү жана "бургердик" баалар эмнеге мынчалык айырмаланары тууралуу Ирина Бадмаеванын макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланган.

"Экономисттин" шакабасы (тамашасы)

Россиялык рубль бааланбагандыгы боюнча "бигмак индексине" ылайык ливан фунтунан гана өйдөңкү сапта турат. Бургер бирдей баада болушу шарт экени болжонот. АКШга караганда арзан турган өлкөдө жергиликтүү валютанын наркы бааланбай, же тескерисинче, ашкере бааланат.

Россияда бигмак — 169 рубль, АКШда — 5,65 доллар. Демек, адилеттүү курс 30ду түзөт. Бирок алмаштырууда реалдуу баасы — 74,53. Башкача айтканда, доллар боюнча РФ валютасы дээрлик 60 пайызга, ал эми евро — 11,1, британиялык фунт — 15,5га бааланган эмес. Төрт акча бирдиги ашкере бааланган. Бул тизмеде венесуэлалык боливар айрыкча айырмаланат, дегеле ал 47,7 пайызга арзан болушу керек эле. Швейцариялык франк — 24,7, норвегиялык жана швед крондору — 11,5 жана 9,6га ашык бааланган.

"Бигмак индексин" 1986-жылы The Economist журналы тамаша иретинде ойлоп чыккан. Бирок эми маңызында керектөөчүлүк жөндөмдүүлүк паритетин аныктоонун бейрасмий ыкмасы — бирдей эле товардын наркына карап эки валютаны салыштыруу. Жылына эки ирет эсептелет.

Бардык жерде сатылгандыктан McDonald's гамбургерин тандап алышкан. 1980-жылдары эле тез татым ресторан түйүнү глобалдык бизнеске айланган. Буга мүнөздүү болгон М тамгалуу тамактануу жайлары Бермуд аралдарында, Иран, Македония, Йемен, Черногория, Түндүк Корея, Зимбабве, Боливия, Армения жана Исландияда жок.

Башкысы — классикалык бигмак бардык жерде бирдей. Анан жалпы эл сатып ала тургандай эле азыктардан – нан, сыр, котлета, жашылчадан жасалат. Өткөн айдагы соңку рейтингге ылайык, көп өлкөлөрдө бигмак Кошмо Штаттарга караганда, атап айтсак, Австралия, Сауд Аравиясы, Катарда арзаныраак. Тизменин акыркы саптарында Азербайжан, Түркия, Түштүк Африка бар.

Таанымал экени анык, бирок калыстыкка жатпайт

Рублдин бааланбаганы ондогон жылдардан бери айтылып келет. Бирок "бигмак индексинен" тышкары дагы башка факторлор толтура. Анан да бургер ар кайсы өлкөлөрдө бирдей баада боло албайт.

Айталы, маяна жана ижаралык үстөк РФте Кошмо Штаттарга салыштырмалуу кыйла аз. Ошол себептен баа дагы төмөн. Анан да бигмактар тиричилик электроникасы же акылдуу телефон сымал сырттан ташып келинбейт, жеринде жасалат. " iPod индекси" боюнча рубль ашкере бааланып, кыйла арзан турары бышык. Ошону менен бирге эле McDonald's компаниясы бааны жергиликтүү калктын реалдуу кирешесин жана сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө жараша белгилейт. Салык жана атаандаштык туурасында да унуткарбоо абзел. Ошондуктан "бигмактын индексин" адилеттүү дешке болбойт. Салыштыруунун мындан да комплекстүү жана ачык ыкмалары бар. Маселен, эң зарыл товар, сырье, жарым-жартылай даяр азыктардын негизинде. Алардын бааларын коммерциялык сыр боюнча укугуна таянган жеке компания эмес, рынок коет.

Кеп бигмакта эмес

Улуттук валюта куну өлкөнүн төлөм балансынын узак мөөнөттүү динамикасын аныктайт. Ал өз кезегинде инфляцияга таасир этет.

Эл аралык жана ички валюталык рыноктогу маанилүү оюнчулар — борбордук банктар. Каржылык жөнгө салуучулар улуттук акча бирдигин чыңдоону чектеп, же тескерисинче, кескин түрдө түшүп кетишинен сактай алышат. Валюталык курс алардын көзөмөлүндө, анткени бул – өлкөлөр ортосундагы атаандаштык соода күрөшүнүн негизги ыкмаларынын бири. Натыйжада акча наркы көбүнесе бурмаланат. Активдерди эркин сата алгандар катары эле баанын коюлушунда рыноктун катышуучуларынын күткөнү да камтылат. Андыктан "бигмак индексине" анча таяна берген болбойт.

"Валютасынын наркы бааланбагандардын алгачкы он сабында негизинен дүйнөдө кеңири таралган алдыңкы 100 акча да кирет. Буга ачык мисал — ливан фунту. Андан өйдөңкү сапта россиялык рубль турат.

Анткен менен өтө жогору бааланган венесуэлалык боливардын акылга сыйгыс инфляцияга тушугуп, АКШнын мүмкүн болгон бардык санкцияларына кабылган", — дейт CMS Institute экономикалык жана каржылык иликтөөлөр департаментинин кызматкери Николай Переславский. Анын айтымында, акыркы жети жылда рубль кунуна геосаясат да таасир этүүдө. Россияга каршы санкциялар салынган, алардын кеңири таралуу тобокелдиктери да бар. Адатка айлангандай эле мунай баалары да роль ойнойт. Кара алтын кымбаттаган учурларда РФ Каржы министрлиги тарабынан валюталарды сатып алуу эрежеси да ага чагылбай койбойт.

Ошентип рублдин ашыкча бекемделишине жасалма түрдө бөгөт коюлат. Жалпысынан курсту түзүүчү саясат анын күчтөнүшүнө өбөлгө эмес.

Рубль кунунун орточо чабалдыгы чет өлкөгө чыгарылышынан түшкөн бюджеттик кирешелерди жогорулатат. Бул экономикада үстөмдүк кылган экспортчуларга да майдай жагат.

Кыйыр факторлор — дүйнөлүк каржылык рыноктордун ички саясаты жана маанайы.

"Санкцияларсыз россиялык валюта кеминде эле бир жарым эсеге кымбат бааланары туурасындагы ыктымал абдан жогору", — деп тактап өттү эксперт.

Кандай болгон күндө да жыл соңуна дейре баары бир доллар 70 рублден төмөндөбөйт. Ал эми саясий тобокелдиктердин айынан 80ге да чыгышы толук мүмкүн. Болду-болбоду, доллардын куну 73-77, евронун курсу 85-90 рубль чегинде калары турулуу иш.

4
Белгилер:
Россия, рубль, доллар, баалар, валюта
Тема боюнча
НАТОнун антироссиялык жаңы "манифести" КМШ өлкөлөрүнө коркунуч туудурат
Афганистан өкмөтүнүн аскерлери

Афганистандын чек араларына жакын үч тараптуу машыгуулар өтөт. Максаты эмне?

135
(жаңыланган 01:36 04.08.2021)
Борбор Азия өлкөлөрү жана Россия Афганистан менен коңшулук алака түзүүгө ниеткер. Анткен менен афган жергесиндеги ондогон террордук топту унуткарышпайт.

Россия жана Өзбекстандын аскердик күчтөрүнүн биргелешкен машыгуулары кечээ, 2-августта, Афганистан менен чектешкен жердеги Термез өзбек тоо полигонунда башталды.

Күчтөрдүн тобу кургактагы күчтөрдү, сокку уруучу авиация, чалгындоо жана бута көрсөткүчтөрүнүн заманбап тутумдарын колдонуу менен коргоо жана Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүн камсыздоого машыгышат. Ага 1500дүн тегерегиндеги жоокер жана офицер, аскердик техниканын 200 бирдиги, ошондой эле Канттагы россиялык авиабазанын Су-25СМ чабуулчулары тартылган. Абадан сокку уруу менен учкучтар күчтөрдүн биргелешкен топторун колдойт.

ЖККУнун күчтөрү аракетте. Канттагы бириккен россиялык аскердик авиабазасы – Ыкчам аракет этүүчү жамааттык күчтөрдүн авиациялык компоненти. Ал РФтин Аскердик-аба күчтөрү жана Абадан коргонуу тутумунун күчтүү 14-армиясынын курамына кирет.

Канттагы авиабаза ЖККУга мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле достук мамиледеги Өзбекстан аймагынын жана аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздайт. Өзбекстандын 200 чакты аскер кызматкери 1-августта Тажикстандын Афганистан менен чек арасына жакын жайгашкан Харб-Майдон полигонуна келди. Бул жерде 5-10-август аралыгында Россия, Өзбекстан жана Тажикстан күчтөрүнүн экинчи жолку биргелешкен окуусу өтмөкчү.

Термез полигонунан аскердик бөлүктөр өз техникасы менен 200 чакырымдык марш жасашты. Машыгуулар районунда командалык пунктулар түзүлүп, ок позициялары жабдылган. Тажик чек арасындагы Харб-Майдон полигонунда окуулар Россия, Өзбекстан, Тажикстандын бириккен күч топторунун аскердик координациясынан башталат.

Негизги баскычта үч өлкөнүн аскер кызматкерлери мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу тактикасын машыгышат. Окуулардын бардык баскычтарында чалгындоо-ок атуучу жана чалгындоо-сокку уруучу комплекстерди пайдалануу менен тактикалык аракеттер каралган. Термез жана Харб-Майдон полигондорундагы чек ара машыгуулары Россия, Өзбекстан жана Тажикстандын эки республиканын территориясындагы болжолдуу душманды талкалоо боюнча бирдиктүү операцияларына акырындап интеграцияланат. Баш-аягы 2500 аскер кызматкери, 500 курал жана техника бирдиги тартылат.

Мында бир кылдат саясий учурду эске алуу кажет – Өзбекстан ЖККУнун курамына кирбейт, бирок анын биргелешкен аскердик окууларга катышуусу Ташкент чөлкөмдөгү коопсуздуктун бирдиктүү тутумун түзүүнүн жалпы түйшүгүн жана чыгымдарын бөлүшө турганын тастыктайт.

Россиянын позициясы

Афганистан менен чектешкен жерде россиялык аскердик контингенттин өзөгүн Тажикстандагы 201-аскердик базанын күчтөрү жана атайын багыттагы бөлүктөр түзөт. РФ Борбордук аскердик округдун күчтөрүнүн командачысы, генерал-полковник Александр Лапин коюлган милдеттерди аткаруу үчүн россиялык контингентти 1 800 кишиге жана аскердик техниканын бирдигин 420га көбөйтүүнү чечкен. Башкача айтканда, Тажикстан Республикасынын территориясындагы биргелешкен окууда россиялык техниканын саны эки эсеге жогорулатылды.

Жарандык согушка баш-оту менен кирген талибдер Борбор Азия өлкөлөрүнө басып кирүүнү пландабаган өңдүү, ошентсе да ЖККУга мүчө-мамлекеттердин чек араларындагы кырдаал татаал.

Июлдун башында "Талибан"* Афганистандын беш өлкө менен, атап айтсак, Иран, Түркмөнстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан жана Кашмир (Индия, Кытай Эл Республикасы жана Пакистандын ортосунда талаштуу) территориясы менен чек араларды көзөмөлгө алган.

Москва Афганистандагы бийликтин талибдер тарабынан толук басып алышын реалдуу деп эсептебегени менен андай жагдайга да даяр. Бул тууралуу жакында РФ президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия экинчи департаментинин директору Замир Кабулов билдирди.

Афганистан менен 1 344 чакырым аралык чектешкен Тажикстан Республикасынын коопсуздугу көбүрөөк кооптондурат. Россия "Талибан"* баш болгон террордук топтордун бардыгын "жихад" Афганистандын чегинен чыга турган болсо, союздаштарын коргоого даяр экендиги жөнүндө расмий түрдө эскерткен.

Зарыл болсо россиялык 201-аскердик база ыкчам түрдө Тажикстанга жардамдашат. Мында бүтүндөй Борбордук аскердик округду күчтөндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, аскердик дараметин көңүлгө түйгөн дурус.

Афганистандагы кырдаал курчугандан бери 201-аскердик база кыйла бекемделди. Бригадалык штаттан дивизиялыкка өткөрүп, жаңы аскердик техника менен жабдылды. Мисалы, 2018-жылдан тарта мото аткычтар пехотанын БМП-2М заманбапташтырылган аскердик машиналарын алат. Ал акыркы үлгүдөгү аскердик "Бережок" модулу менен жабдылган, бул ага күнү-түнү талыкпай согушууга мүмкүндүк берет. Мындан сырткары, Гиссар аэродромунда 201-аскердик базанын авиатобу кайра түзүлгөн. Анын карамагында сокку уруучу Ми-24 жана көп буталуу Ми-8МТВ5-1 тик учактары бар. Винттик-канаттуу машиналар Афганистан менен чектеш тоолуу райондордо күзөтүүгө катышат.

Россиялык чек арачылар тажик-афган чек араларын коргоо тартылбайт, бирок Тажикстанга Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара боюнча кеңешчилер тобу көмөктөшүүдө. Мамлекеттик чек аралардын бекемдиги үчүн аскердик авиация маанилүү. Ошол себептен Пянж дайрасына жакын жердеги Гиссар аэродромуна россиялык Су-25 чабуулчулары жеткирилген. Алардын аркасында РФ Аскердик-аба күчтөрү жана Абадан коргонуу тутумунун бүткүл 14-армиясынын карааны турат.

Military Watch журналы Россия Борбор Азиядагы аскердик ордун сактап, ал эми Су-25тин жайгаштырылышы РФтин коңшуларынын коопсуздугуна коркунуч туудурган бардык күчтөргө кубаттуу сигнал экенин белгилеген. Аталган чабуул коюучу дүйнөдө абадан колдоонун жакынкы эң кубаттуу аянтчасы болуп саналат. Бул учак учурда ок жаңырган, кан күйгөн Афганистан, Сирия жана башка жерлердеги аракеттерде активдүү катышкан. Өзбекстан жана Тажикстандын аймагындагы биргелешкен активдүү окуулар түндүктө "орустардын күчү көп" деп, Афганистандын түштүгүнө оогон талибдерди бир топ опкоолжутса керек. Ошентип коңшу өлкөнүн ички иштерине түз кийлигишпестен Россия жана анын союздаштары Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр үчүн согуштук кооптуулук потенциалын төмөндөтүүдө.

Айыгышкыс салгылаш күчөп барат...

Афганистандын ар кайсы провинцияларында согуштук аракеттер уланууда. Айрыкча Нангархар, Пактия, Пактика, Логар, Кандагар, Герат, Фарьяб, Жаузжан, Балх, Саманган, Гильменд, Тахар, Кундуз, Баглан жана Каписада ырайымсыз салгылаш жүрүүдө. 1-августка караган түнү талибдер Кандагар аэропортун ракеталар менен аткылап, ошондон соң бардык авиакаттамдар токтотулду.

Гератта согушкерлер Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесине чабуул коюп, комплекстин кире беришин гранатомет жана пулеметтор менен аткылашкан. Өлгөндөр да бар. Афганистан Ислам Республикасынан чыгып кеткен Кошмо Штаттар 2-августта түштүктөгү Гильменд провинциясынан талибдерге абадан сокку урган. Бул афган аралык тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кейиштүү абалын айгинелейт.

Афганистан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Гани кечээ парламенттин чукул жыйынын чакырып, өкмөт улуттук коопсуздукту чыңдоо боюнча жаңы алты айлык планды аткарууга киришкенин жарыялады. Ага ылайык, армия стратегиялык объектилерди кайтарып, полиция калаалардагы коопсуздукту камсыздоо менен алектенет. Күч структуралары тарабынан кайтарылбаган мейкиндик талибдердин карамагында, мындай жагдайдан улам алдыда дагы көп салгылаш болуп, дагы далай курмандыктарды алышы ыктымал.

"Талибандын"* басма сөз катчысынын Twitter баракчасына (Дональд Трамптыкындай анын аккаунту бөгөттөлгөн эмес) аскердик-диний кыймылдын жоокерлеринин сүрөттөрү жарыяланган. Алардын жабдуусу жана куралданышы америкалык атайын багыттагы аскерлерден кем калышпайт. Ал ортодо АКШ кеткенден кийин афган куралдуу күчтөрүнүн келечеги куру дегенде эле ынанымдуу күйүүчү май ташуучулардын жоктугунан улам бүдөмүк абалда.

Афганистанды калыптандыруу боюнча атайын башкы инспектордун жаңы отчетуна таянсак, Пентагон акыркы 10 жылда афган күч структураларын күйүүчү май менен камсыздоого 3,74 млрд. доллар жумшаган. 2025-жылга дейре дагы 1,45 млрд. доллар сарптоо зарыл. Мында негизги көйгөй – логистика.

Афганистан жана Түркиянын аскердик мекемелеринин башчылары Бисмилла Хан Мохаммади жана Хулуси Акар 31-июль күнү телефон аркылуу Кабул аэропортунун коопсуздугун камсыздоону талкуулашты. Демек, Кабулда түркиялык аскердик жайгашуу долбоору дале орчундуу бойдон деген бүтүм чыгарууга болот. Бензин жана дизелдик күйүүчү майды авиатанкерлер менен жеткирүү планы болушу мүмкүн, анткени провинциялардын көпчүлүгүндө жер бетиндеги транспорттук коммуникация талибдер тарабынан бөгөттөлгөн. НАТОнун аскердик инструкторлору атайын багыттагы афган аскерлерин Түркияда окутууну колго алды. Ага катар эле 200 афган котормочу-коллаборационисттеринин биринчи тобу АКШга, тагыраак, Виржиния штатындагы Форт-Ли базасына көчүрүлдү.

Эске салсак, америкалык иммиграциялык визага 20 миңге чукул афгандык котормочу тапшырган. Ал эми талибдердин "ислам эмирлигинин" орто кылымдык караңгылыгына макул эмес Афганистандын калган жарандарынын тагдыры эмне болот?..

* – Кыргызстанда жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

135
Белгилер:
Афганистан, чек ара, машыгуу
Тема боюнча
Россияда аскердик роботтордун үлүшү төрт жыл аралыгында 30 пайызга жетет
Талибдер чек арада. ШКУ мамлекеттеринин коргоо министрлери кандай арга табышат?