Афганистандын Газни аймагынан качкан балдар. Архивдик сүрөт

Эч кимге эми жеңил болбойт. Афганистандагы акыркы кырдаалга сереп

213
(жаңыланган 10:01 16.07.2021)
Анкара менен Вашингтон Кабулдагы аэропортту күзөт жана көзөмөлдөө үчүн калтырып жаткан түркиялык аскерлерге талибдер "каалга тарапты көздөй буюрду".

Буга катар эле "ислам эмирлигинин" жапайылашкан согушкерлери аскер туткундарын – өз мекендештерин өлтүрүшүүдө. Афганистан, аны менен кошо Кошмо Штаттар жана алардын союздаштарынын эл аралык аброю жардан ары кулап барат...

"Талибан"* Афганистандын аймагындагы түркиялык аскерлердин калышын АКШ менен келишимди, өлкөнүн суверенитетин жана территориялык бүтүндүгүн бузуу деп баалап, Түркияга көйгөйдү (бирди көрсөтүүнү) убада кылды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун кезектеги макаласы да Афганистандагы абалдан кеп учугун чубайт.

Кайсы өлкөнүн аскерлери калбасын, талибдер оккупация катары баалашат: "Баскынчылар менен Лунара хижрасы боюнча 1422-жылдагы (2001) фатфанын негизинде күрөшөбүз. Ага ылайык, акыркы 20 жыл аралыгындагы согуш жихад болду". Кескин талап кайра талкууга алынбайт.

Мурдараак Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Кабулдагы аэропортту 2021-жылдын 31-августунан кийин белгисиз убакытка чейин кайтаруу маселеси АКШ менен макулдашылганын жар салган. Борбор калаанын аба майданынын коопсуздугун АКШ жана альянс күчтөрү чыгарылгандан кийин да НАТОго мүчө-өлкөнүн аскерлери тарабынан камсыздоо долбоору башынан эле ишке ашырылгыс экени сезилген. Кабулдун түндүк бөлүгүндөгү бул объект шаардык курулуш жана коммуникацияга интеграцияланган.

Автомобилдик жана темир жол түйүндөрүнүн начардыгынан улам аэропорт – Афганистандан тышкы дүйнөгө чыгуу жана сырттан кирүүнү каалагандардын баарына негизги "портал". Аэропортту ким көзөмөлдөсө, иш жүзүндө ал баш калаанын, бир кыйла деңгээлде өлкөнүн кожоюну болуп саналат. Албетте, талибдер муну түшүнгөндүктөн өз "эмирлигинде" бийликти чет өлкөлүк күчтөр тургай, атаандаштарынын эч бири менен бөлүшкүсү жок.

Кабулду алууну "окуучулар" кыймылы мезгилдин гана маселеси деп эсептейт. Бүгүнкү күндө "Талибан"* өлкөнүн 398 уездинин 250гө чукулун көзөмөлдөөдө. АКШ күчтөрүн чыгаруу процесси да 95%га аяктап калды.

Афганистандын түндүк чек араларына жакын райондордо өкмөттүк күчтөр, элдик кошуундун "Талибандын"* отряддары менен айыгышкыс согушу дале уланууда. Талибдер коңшу мамлекеттердин чек аралары бузулгус деп ынандырганы менен согуш башаламандыгы Борбор Азияга өтө эле чукулдап турат. "Ислам мамлекетинин"* активдешкени да кооптондурат. РФ Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, түндүк провинцияларга 4000дин тегерегинде ИМ* согушкери топтолгон.

Ыкчам кырдаал

Өткөн жумада Афганистанда Кундуз, Бадахшан, Бадгис жана Герат провинцияларында согуштук аракеттер күч алып, жүздөгөн аскерлер, талибдер жана жай жарандар окко учушту. Өкмөттүк күчтөрдүн көзгө көрүнөрлүк ийгилиги "Талибан"* чалгын кызматынын жетекчиси Кари Шагасини Логар провинциясында 12-июлга караган түнү жок кылганы болду.

Экинчи жагынан басып алган уезддерде талибдер жырткычтык аракеттерге барууда. Жергиликтүү кыздарга зордоп үйлөнүп, "эмираттын" жаңы эрежелерине (теле көрсөтүү, акылдуу телефон, музыка, европалык кийим-кече кийүүгө тыюу салуулар) элдин нааразычылыгын ырайымсыздык менен басып, ал түгүл туткундагыларды өлтүрүп да жатышат. CNN маалыматына таянсак, согушкерлер Түркмөнстан менен чек арага жакын Фарьяю провинциясынын Давлат-Абад шаарында багынып берүүгө камынып калган афган армиясынын 20дан ашуун атайын багыттагы аскерин атып салышкан. Мындай жоруктары талибдердин эл аралык аренада мыйзамдуу улуттук күч катары көрүнүү аракеттерине карама-каршы келүүдө. Борбор Азияда баарынан тажик чек арасы эң чыңалган жана кооптуу болууда, Афганистандын бул мамлекет менен чектешкен аймактары ушул тапта дээрлик толугу менен талибдердин көзөмөлүндө.

Афганистандын Кундуз шаарынан 60 чакырымдык аралыктагы "Шерхан-Бандар" көзөмөл-өткөрүү пунктунун басып алынышы АКШ үчүн өзгөчө жүз кызарткан сокку болду. Анткени паромдорду алмаштырган 37 млн. долларлык 700 метрлик көпүрө 2007-жылы америкалык өкмөттүн каржылык колдоосу менен курулган. Бүгүнкү күндө ошол көпүрөдө "бажы төлөмдөрүн" расмий бийлик эмес, "Талибандын"* согушкерлери топтоодо. Россия менен Тажикстан Афганистан менен чектешкен жерде жаңы чек ара заставасынын курулушуна тегин жерден киришкен жок. Акыркы эки күндө эле талибдерден кутулуу үчүн тажик аймагына 120дан ашуун афган жараны өткөн. Душанбеде 13-14-июлда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин ТИМ жетекчилеринин афган маселесине басым жасалган саммити өттү. Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери "ар кыл террордук, сепаратисттик жана экстремисттик уюмдардын топтолушу кескин күч алгандыктан" Афганистандын түндүк провинцияларындагы абалга тынчсызданууларын билдиришти. Россия, Индия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстандын өкүлдөрү 2022-2024-жылдарга терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүүдө кызматташуу программасын, 2018−2023-жылдарга баңгизатка каршы стратегиясы боюнча жумушчу планын карашты.

Чыгыш кылдаттыкты талап кылат

"Талибандын"* дипломатиялык активдүүлүгү Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдү капарга илбеди. Анткен менен анын "саясий кеңсеси" Москва, Тегеран жана Борбор Азиянын айрым баш калааларында болду. Акыркы күндөрдөгү окуялар жана көрүнүштөр Кошмо Штаттар жана алардын союздаштары Афганистан Ислам Республикасынын мыйзамдуу жетекчилигине эми эч кандай жардам бере албастыгын көрсөттү.

Талибдер Кабулдагы өкмөттү жеңе элек, бирок Вашингтонду утту. Америкалыктар Афганистандагы Вьетнамдан кийинки эң кыйратуучу геосаясий жеңилүүнүн күнөөкөрлөрүн кызуу издөөгө киришти. Экинчи (!) афган согушунда утулган Улуу Британия Бириккен Улуттар Уюму 2001-жылдан ушул күнгө чейин террорчу деп атап келген – бүгүнкү жеңүүчүлөр менен кызматташууга баш ийген сымал. Ал тургай талибдер арасында сыйга татыган Түркия да "акыркы афган эскертүүсүн" алды.

Жамааттык Батыш дале Афганистан Ислам Республикасынын өкмөттүк күчтөрүнө "колдоо" көрсөтүмүш болууда. Кабулдагы америкалыктарга ыктаган өкмөттү коргоп кала албаса да "өз аброюн сактап калуу" далалатында. Бирок камсыздоочу авиабазанын алыс – Абу-Дабиде (Бириккен Араб Эмирлиги) жайгашканы майнаптуулукту азайтып, Афганистанга чейин үч-төрт саатты гана кепилдейт (Кабулга чейин 1800 чакырым). Башка чекке жете алышпады.

Географиялык жайгашуусу Вашингтон менен НАТОго караганда эң оболу Москва жана анын союздаштарына жараша. РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Афганистандан америкалык күчтөрдүн чектеш борбор азиялык мамлекеттерге жеткирилиши Россия үчүн таптакыр ылайыксыз экенин айткан. Бул көз карашын Москва Вашингтон жана өзүнүн аймактык союздаштарына да билдирген.

Мындан ары эч кимге жеңил болбостугу айдан ачык. "Талибан"* – деструктивдик, террордук уюм экендиги талашсыз, бул жагдай РФ, Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн адекваттуу чара көрүшүн талап кылат.

Пакистандын экстремисттик медреселеринде жаш радикалдарды Россия жана европалык цивилизацияга карата болушунча терс маанайда тарбиялашат.

Ошентсе да Ирак, Афганистан, Югославия, Ливия, Сириядагы АКШ жана НАТОнун кан төгүлгөн көп жылдык "түзөтүүлөрүн" жалпы алып караганда, талибдер "азыраак зыяндуу" чыгар.

Кошмо Штаттар соңку жетимиш жылдыктагы согуштардын баарында жеңилген, бирок Афганистан – Батыш тарыхынын өзгөчө барагы. Ал ондогон өлкөлөрдүн аскердик-экономикалык дарамети жана биргелешкен жогорку технологиялык чымыркануусуна карабастан 20 жыл бою Чыгышты өзгөртө алган жок.

* – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар.

213
Белгилер:
абал, 'Талибан' кыймылы, согуш, Батыш, Аскер, НАТО, АКШ, Афганистан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (48)
Тема боюнча
Борбор Азия "америкалык" афган качкындарынын айласын кантип табат?
Талибдер Афганистанды башка өлкөлөргө кол салуу үчүн колдонбоого убада берди
Афганистандын коопсуздук күчтөрүн колдогон жүздөгөн куралчан адамдар. Архивдик сүрөт

Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар

460
(жаңыланган 15:11 23.07.2021)
Эксперт Афганистандагы согуштун Борбордук Азия үчүн кооптуулугу барган сайын арбып жатканын белгиледи.

Аймактардагы жаңжалдар өзүнүн объективдүү мыйзамдарына ылайык уланат. Буга Афганистандын түндүгүндөгү согуштук аракеттердин акырындап Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектешкен түштүк аймактарына жылып жатышы далил.

Афган чыры күчөп, Борбордук Азия үчүн кооптуулук да арбып бара жатат. Бүгүнкү күндө тажик-афган чек арасын (80-90 пайызы) толугу менен "Талибан"* көзөмөлдөөдө, бирок маселе мында да эмес. Россия ТИМинин жетекчисинин орун басары Андрей Руденконун берген маалыматы боюнча, Афганистандын түндүк провинциялары "Аль-Каида"*, "Ислам мамлекети"* сыяктуу көп сандагы эл аралык террордук топтор позициясын бекемдеген аймактарга айланууда. Регионго Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын согуш жүргөн жерлериндеги террорчулар тартылып жатат. Борбордук Азиядан чыккандарды азгыруу иши катуу жүрүүдө.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 22-июль күнү Душанбеде өткөн аскер парадында өлкө эч убакта коңшуларына каршы армиясын колдонбой турганын белгиледи. Бирок афган согушу акырындап Пяндж дарыясынан түндүк тарапка өтүп бара жатат.

Ага чейин талибдер Афганистандын 1 600 жоокерин Тажикстанга өтүүгө аргасыз кылган. Алардын айрымдары "Талибанды" көздөй Тажикстанда туруп ок атууну уланткан. Андан кийин афгандыктар өз өлкөсүнө башка жагынан кирип, талибдерге чабуул жасаган.

Бул тактикалык эпизод нейтралитет жана коңшулук мамиле тууралуу эле эмес, кырдаал курчуп кетиши мүмкүн экенин да айтып турат. Бир күнү талибдер каршылашын ок менен токтотууга аракет кылат, чек арадан өтүп кеткенин "байкабай калат" да, жергиликтүү тургундарга зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Эл андайды кечирбейт. Ошондо анан Борбордук Азиядагы согуштук аракеттер реалдуулукка айланат.

Түркмөнстан жабык өлкө экени маалым. Ошентсе да каза болгон 18 түркмөн аскердин туугандары ЖМК аркылуу окуя Афганистан менен чектешкен Марый вилаятында болгонун айтышууда. Ал эми расмий маалымат боюнча, эки офицер менен 16 жоокер автокатастрофадан көз жумган. Кандай болгон күндө да талибдер Түркмөнстан менен чек арадагы көзөмөл пунктун 9-июлда эле басып алышкан. Ашхабад буга Марый вилаятынын түштүгүнө кошумча күч, артиллерия жана техника тартып жооп берген эле. Кырдаал оор.

Божомол кандай?

Рахмондун параддагы кайрылуусу негизинен оптимисттик маанайда болгону менен президент тажик-афган чек арасындагы абалды өтө оор деп баалады. Учурда кызмат өтөп жаткан 100 миң аскер кызматкери, запастагы 130 миң жоокер менен офицер толук даяр болушу кокусунан эмес. Эгемендүү Тажикстандын тарыхында биринчи жолу кездешип жаткан көрүнүш.

Рахмон Афганистандын түндүгүндөгү кырдаал өтө оор бойдон калып жатканын айтып, күндөн-күнгө татаалдашып жатканын белгиледи. Чек араны кайтаруу жана түштүк аймакта бардык күчтөрдү мобилизациялоо ушу тапта Тажикстандын башкы маселеси болуп турат. Коңшулар менен акыры согушуп калуусу толук мүмкүн.

Афганистандын президенти Ашраф Гани талибдердин өлкөнү террорчулардын баш калкалоочу жайына айлантуу ниети бар экенин, уюм "Аль-Каида"* жана пакистандык "Джаиш-е-Мухаммад"*, "Лашкар-е-Тайба" топтору менен байланышып турарын жар салды. Ошондой эле Кабулдагы Атайын операциялар корпусунун аскер кызматкерлерине алдыдагы жарым жылда абалды жакшырта турган коопсуздукту камсыздоо планы тууралуу айтып берди.

Карапайым калк президентинин этияттыгына макул эмес экени айгине. Афганистанда учурда талибдерден тышкары "Ислам мамлекетинин"* 10 миңдей согушкери жүрөт. Тарыхка кайрылсак, 1989-жылы Афганистандан советтик жоокерлер чыгарылгандан кийин ошол кездеги президент Мохаммад Наджибулланын демократиялык өкмөтү моджахеддер менен үч жыл согушуп, аягына чыга алган эмес. Азыркы өкмөт менен президент Ашраф Гани канчага туруштук бере алары белгисиз.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб начальниктеринин бириккен комитетинин башчысы, генерал Марк Милли 21-июлда "Талибан" Афганистандын аймагын басып алып, стартегиялык жактан үстөмдүк кылып жатканын белгилеген. 419 уезддик борбордун 210у азыр талибдердин көзөмөлүндө. Бирок Милли афган армиясы күч топтоп, Кабул менен башка ири шаардын жашоочуларын коргоо үчүн райондук борборлорду атайылап эле "берип" жатат деп эсептейт. Буга чейин президент Жо Байден да АКШ менен НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийин афган өкмөтүнүн талибдерге каршы турууга алы жетерин айткан. "Талибандын" ийгилигин карап отуруп Гани, Милли жана Байдендин оптимизми анча ишенич жаратпай жатат.

Ал арада Афганистанда таасирин күчөтүүнү каалаган коңшулар Пакистан менен Ирандын аракети да тынчсыздандырууда. Булар талибдерге каршы чыккан афган шииттеринин "Хашд аш-Шиа" уюмун жетектейт деп айтылат. Негизи эле Пакистан менен "Талибандын" тарыхый байланышы тууралуу айтчу сөз арбын. Ал эми афган шииттерин Сириядагы согушка деп Ислам революциясын коргоочулар корпусунун адистери даярдаганы божомолдонуп келет.

Афганистанда 30дай террордук уюм бар экени айтылууда. Булардын саны өкмөттүк күчкө каршылык көрсөтүүгө жетет. Балким талибдердин чабуулу шииттердин мобилизациясына түрткү болуп жаткандыр, негизи эле ар кыл "партизандык" түзүлүштөрдүн аскердик даярдыгына баа берүү кыйын. Булардын арасында жалаң кыз-келиндерден турган отряддар бар экени айтылып келет. Кандай болгон күндө да Ашраф Ганинин администрациясы иран жетекчилигин Афганистанда төңкөрүш жасоого аракет кылган деп шектенүүдө. Кабул менен Исламабаддын да мамилеси көңүл жылытпайт.

Оор күндө калтырбаган Россия

Афганистанда абал курчугандан бери Россия Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен дайым байланышта. Бейшемби, 22-июль күнү, Россия менен Тажикстандын президенттери Владимир Путин жана Эмомали Рахмон телефондон Афганистандагы кырдаалды талкуулашты. Зарылдык жаралса Москва Борбордук Азия өлкөлөрүнө жардам берүүгө даяр.

РФ Куралдуу күчтөрүнүн атайын жана тынчтык орнотуучу күчтөрү август менен сентябрда Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын аскер күчтөрү менен биргелешкен тогуз маневр жасашат. Масштабы өтө кеңири болору айтылды.

Иш-чарага Россия тараптан Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базалардын авиатоптору, армиянын спецназ бөлүктөрү, атайын дайындоодогу Псков жана Новосибирск бригадалары, Ульяновск десанттык бригадасы жана 55-тоо, 15-тынчтык орнотуучу бригадалары катышмакчы. Бул Шанхай кызматташтык уюмунун (Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан) күзүндө өтчү "Тынчтык миссиясы — 2021" машыгуусуна катыша турган 4000 аскер кызматкерин эсепке албагандагы көрсөткүч. Тажикстандагы аскер базасынын бөлүктөрү ушу тапта пландык жана пландан тышкаркы окуулардан өтүп жатат.

Афганистан менен чектешкен Сурхандарья облусундагы (Термез полигону) Россия менен Өзбекстандын бергелешкен машыгуусуна Борбордук аскер округунун сокку уруучу авиациясы тартылууда. Кыргызстандагы биргелешкен аскер базасынын Су-25СМ штурмовиктеринин экипажы 30-июлдан 10-августка чейин "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык бүтүндүгүн сактоону" максат кылган аскер бөлүктөрүн абадан колдоп турмакчы. Аталган окуу-машыгууда россиялык контингенттин негизин Борбордук аскер округунун атайын дайындоодогу бригадасы менен тынтык орнотуучу күчтөрү түзөт.

Тажикстандын Хатлон облусундагы Харб-Майдон полигонунда 5-10-август күндөрү Россия, Өзбекстан жана Тажикстан аскерлеринин биргелешкен маневрлары өтөт. Афганистан менен чектешкен жерден 20 чакырым аралыкта өтчү иш-чарага Россия тараптан жаңы бронетехника менен күчтөнгөн 201-аскер базанын бөлүктөрү катышат.

Эскерте кетсек, июнь-июль айларында талибдер афган армиясынын көптөгөн аскердик базаларын басып алып, арсеналына ээлик кылууга жетишти. Бул — согуштук мүмкүнчүлүктөрдү кыйла жакшыртчу АКШ өндүрүшүнөн чыккан ондогон артиллериялык система, жүздөгөн сооттолгон машина, курал-жарак, тонналаган ок-дары. Мунун баары Афганистан менен чектешкен Борбор Азия өлкөлөрүнө кадимкидей коркунуч жаратат. Бүгүн талибдер афган бийлигин толугу менен басып алууга аз калды, эртең эмне болот?

* — Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыз

460
Белгилер:
машыгуу, 'Талибан' кыймылы, Борбордук Азия, жоокер, Аскер, Россия, согуш, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (48)
Тема боюнча
ЖМК: АКШ Афганистандан 12,5 миң жаранды алып кеткени жатат
Түндүк агым түтүгү. Архивдик сүрөт

Байден Меркель экөө "Түндүк агым" боюнча ымалага келишти. Украина унчукпашы керек

95
Кремль Украинаны "Түндүк агым — 2" менен опузалабай турганын айтып, долбоор Киевге басым жасай турган курал эмес экенин белгиледи.

АКШ менен Германиянын макулдашуусун баары күтүп жаткан кезде Украина бийлиги Вашингтондун "акыл-эстүүлүгүнө" ишенип турду. Анткени, Киевдин айтымында, аталган түтүк Украина эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө кооптуулук жаратат. Курулуш чындап эле аяктоо алдында турабы? РИА Новости агенттиги жарыялаган макала дал ушул туурасында.

Ишке ашар-ашпас макулдашуулар

"Россия энергетикалык ресурстарды саясий басым жасоо үчүн курал катары пайдаланат деген айыптоолорду дайым четке кагып келет, мындай болгон эмес, болбойт дагы. Баары тең коммерциялык макулдашуулар менен коммерциялык кызыкчылыктын негизинде гана ишке ашат", — деп дагы бир ирет түшүндүрдү Дмитрий Песков.

Вашингтон кечээ жакында эле Германия менен түзүлгөн макулдашуусунун четин чыгарды. Андан бир жума мурун Ангела Меркель Ак үйгө барып келген. Жолугушуудан соң мамдепартамент немецтер бир топ алгылыктуу сунуш айтканын белгиледи.

Америкалыктар Россияга энергетиканы саясий курал катары пайдаланууга жол бербөө деген жалпы максатты жүзөгө ашырууда алдыга кадам шилтенди деген ишенимде. Ага чейин Вашингтон Польша жана Украина менен сүйлөшкөнү белгилүү.

98 пайызы аяктап калган газ түтүгүнүн курулушуна эч ким тоскоол болбойт. Бирок эгер Россия түтүктү кыянатчылык менен пайдалана турган болсо, Германия кандайдыр бир чара көрүүгө аргасыз болот. Германия буга чейин Москвага каршы бир тараптуу аракет көрүүдөн баш тартып келген, абалга сереп салсак азыр деле кубангандай түрү жок.

Берлин Украинага энергиянын экологиялык булактарына өтүүгө жардам берчү Жашыл фондго инвестиция салууга макул. Кеп жок эле дегенде миллиард доллар тууралуу болуп жатат, Германия алгач 175 миллион котормой болду. Мындан тышкары, Киевге энергетикалык долбоорлор боюнча атайын өкүлүн жөнөтүп, аны менен кошо дагы 70 миллион берип жибермекчи.

Анын үстүнө Берлинден Россия менен Украинанын ортосундагы газ транзити тууралуу макулдашуунун мөөнөтүн кеминде 10 жылга узартууга жардам берүү талап кылынып жатат (мөөнөт 2024-жылы аяктайт). 21-июль күнү кечинде Меркель менен Владимир Путин телефондон сүйлөшүп, лидерлер "Газпром" менен "Нафтогаз Украины" компаниясынын ортосундагы макулдашууну өзүнчө талкуулашты.

Россия президенти Германиянын долбоорду ишке ашыруунун тарабында экенин айтып, коммерциялык максат көздөлүп жатканына токтолсо, Меркель Байден менен болгон сүйлөшүүсүнүн айрым деталдарын ачыктады. Москва дагы, Берлин дагы түтүктүн "курулушу аяктап бара жатканын канааттануу" менен белгилешти.

Каршылар

Украина акырына чейин нааразы болду. Владимир Зеленский "Түндүк агымдын" тагдыры АКШнын колунда экенин, Евробиримдик бирдиктүү фронт болушу керектигин айтып келет. Ал Меркель менен 12-июлда Берлинден жолугуп, долбоорду жаап салууга көндүрүүгө аракет кылды. Меркель макул болгон жок.

Киевде Меркель "Украинанын кызыкчылыгын сатты" дешти, бирок бул дагы жардам берген жок. Аны кой, Politico басылмасы Вашингтон Киевдин тынчышын талап кылганын жазып чыкты. Өнөктөштөрдүн айтканына макул болбой, ызы-чуу чыгарса Америка-Украина мамилесине доо кетип каларын эскертишти.

Байдендин чечимине конгрессмендер да нааразы болушту. Техастан республикачы сенатор Тед Круз макулдашууну "АКШ жана союздаштар үчүн катастрофа жана Путиндин муундарга калган геосаясий жеңиши" деп баалады.

"Украина менен Европанын энергетикасын Путинге берип садага чабышты", — деди дагы бир республикачы Стив Уомак. Ал эми анын партиялашы Жим Риштин айтымында, 11-августта Европанын энергетика коопсуздугун коргоо мыйзамы боюнча доклад чыгат (PEESA), ошондо Ак үй айласын таппай калат. Докладда "санкциялардан баш тартуу эмне үчүн АКШнын улуттук кызыкчылыгы үчүн керек экенине негиздеме берилген".

Бирок Америка бийлиги PEESA алкагында санкция киргизүү же киргизбей коюу укугу сакталарын баса белгиледи.

Моюн толгоо

Украинанын экономика боюнча эксперти Александр Охрименко Киев эми ири инвестиция күтпөй эле коюшу керектигин айтып, Россияга таасир этүү мүмкүн эмес экенин божомолдоду. "Келишим алкактан чыкпайт, энергетикалык коопсуздук тууралуу жалпы сөз болот. Украина тууралуу учкай гана кеп козголуп калышы мүмкүн", — деди ал маегинде.

Немец саясат таануучу Александр Рар да ушундай пикирде. "Киевдин реакциясына карасак, алар акча күтүп жаткандай. Бирок азыр кырдаал башка, Россия менен каршылашып жатканы үчүн эле акча келбейт", — деди ал. Эксперт андан көрө немец компанияларын Украинада иштөөгө чакыруу керек деп, бирок ал үчүн да шарт жок экенин белгиледи. Чет элдик бизнесмендерди тартуу үчүн Украина укук системасын, жеке менчик тууралуу жоболорун өзгөртүшү керек.

Бул америкалыктарга да тиешелүү. Рардын айтымында, алар суюлтулган газын Германия менен ЕБге сатууга, ЕБдин энергетика саясатын көзөмөлдөөгө кызыкдар эмес, ошол эле маалда "Украинанын өнүгүүсүн да каржылагысы жок".

"Бул Вашингтон менен Москванын мамилесине караганда трансатлантикалык алакага көбүрөөк тиешелүү, — дейт Эл аралык иштер боюнча Россия кеңешинин башкы директору Андрей Кортунов. — Негизи муну Америка саясатынын жеңилиши же акыл-эстин жеңиши деп эсептөөгө болот. Байден ири жана азыраак зыяндын бирин тандап алууга аргасыз болду. Албетте, басым жасоодон баш тарткысы келген жок, ошентсе да маанилүү өнөктөштүн бири менен чырлашпай туруу артыкчылык кылып кетти".

Бул Меркелдин жеңиши. "Меркель айтканынан кайткан жок, негизи пландарынан немецтер эмес, америкалыктар баш тартууга мажбур болушту", — деди Кортунов.

Газ түтүгүнүн курулушуна каршылык көрсөтүү бекер иш экенин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Татьяна Романова да тастыктады. Бирок эми жаңы кооптуулук жаралат. "Түтүк ишке киргени менен 2030-2035-жылдары энергиянын жаңыланып туруучу булактары басымдуулук кыла баштаганда көйгөй Американын кысымында эмес, ЕБдин энергетикалык балансынын өзгөрүшүндө болот", — деди ал.

Узакка созулган талаш-тартыштан соң "Түндүк агым — 2" аяктоо алдында турат. Германия бул түтүк үчүн көпкө чейин кармашты, өлкөнүн позициясы Меркель кеткенден кийин деле өзгөрбөсө керек. Ал эми жашыл энергетика газсыз болбойт. Демек, кымбат деп эсептелген жана көптөн күткөн долбоор акыры өзүн актайт деген үмүт бар.

95
Белгилер:
долбоор, курулуш, Евробиримдик, Украина, АКШ, Россия, Германия, түтүк, газ
Тема боюнча
Орустардын жашыруун куралы Европанын чок ортосунан АКШга сокку урду
Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов. Архив

Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин директору Крымдын туруктуу өкүлү менен жолукту

0
Жолугушууда Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Болот Дүйшөналиев Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

"Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык процессинин алкагында Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.  Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коомдук палатасын түзүүнүн келечеги тууралуу кеп болду", — деп айтылган маалыматта. 

Андан сырткары Крым менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунун активдүү кызматташуусун өнүктүрүүдө жаралган тоскоолдуктарды анализдөө темасына көңүл бурулган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Крым, жолугушуу, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду