Түндүк агым түтүгү. Архивдик сүрөт

Байден Меркель экөө "Түндүк агым" боюнча ымалага келишти. Украина унчукпашы керек

152
Кремль Украинаны "Түндүк агым — 2" менен опузалабай турганын айтып, долбоор Киевге басым жасай турган курал эмес экенин белгиледи.

АКШ менен Германиянын макулдашуусун баары күтүп жаткан кезде Украина бийлиги Вашингтондун "акыл-эстүүлүгүнө" ишенип турду. Анткени, Киевдин айтымында, аталган түтүк Украина эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө кооптуулук жаратат. Курулуш чындап эле аяктоо алдында турабы? РИА Новости агенттиги жарыялаган макала дал ушул туурасында.

Ишке ашар-ашпас макулдашуулар

"Россия энергетикалык ресурстарды саясий басым жасоо үчүн курал катары пайдаланат деген айыптоолорду дайым четке кагып келет, мындай болгон эмес, болбойт дагы. Баары тең коммерциялык макулдашуулар менен коммерциялык кызыкчылыктын негизинде гана ишке ашат", — деп дагы бир ирет түшүндүрдү Дмитрий Песков.

Вашингтон кечээ жакында эле Германия менен түзүлгөн макулдашуусунун четин чыгарды. Андан бир жума мурун Ангела Меркель Ак үйгө барып келген. Жолугушуудан соң мамдепартамент немецтер бир топ алгылыктуу сунуш айтканын белгиледи.

Америкалыктар Россияга энергетиканы саясий курал катары пайдаланууга жол бербөө деген жалпы максатты жүзөгө ашырууда алдыга кадам шилтенди деген ишенимде. Ага чейин Вашингтон Польша жана Украина менен сүйлөшкөнү белгилүү.

98 пайызы аяктап калган газ түтүгүнүн курулушуна эч ким тоскоол болбойт. Бирок эгер Россия түтүктү кыянатчылык менен пайдалана турган болсо, Германия кандайдыр бир чара көрүүгө аргасыз болот. Германия буга чейин Москвага каршы бир тараптуу аракет көрүүдөн баш тартып келген, абалга сереп салсак азыр деле кубангандай түрү жок.

Берлин Украинага энергиянын экологиялык булактарына өтүүгө жардам берчү Жашыл фондго инвестиция салууга макул. Кеп жок эле дегенде миллиард доллар тууралуу болуп жатат, Германия алгач 175 миллион котормой болду. Мындан тышкары, Киевге энергетикалык долбоорлор боюнча атайын өкүлүн жөнөтүп, аны менен кошо дагы 70 миллион берип жибермекчи.

Анын үстүнө Берлинден Россия менен Украинанын ортосундагы газ транзити тууралуу макулдашуунун мөөнөтүн кеминде 10 жылга узартууга жардам берүү талап кылынып жатат (мөөнөт 2024-жылы аяктайт). 21-июль күнү кечинде Меркель менен Владимир Путин телефондон сүйлөшүп, лидерлер "Газпром" менен "Нафтогаз Украины" компаниясынын ортосундагы макулдашууну өзүнчө талкуулашты.

Россия президенти Германиянын долбоорду ишке ашыруунун тарабында экенин айтып, коммерциялык максат көздөлүп жатканына токтолсо, Меркель Байден менен болгон сүйлөшүүсүнүн айрым деталдарын ачыктады. Москва дагы, Берлин дагы түтүктүн "курулушу аяктап бара жатканын канааттануу" менен белгилешти.

Каршылар

Украина акырына чейин нааразы болду. Владимир Зеленский "Түндүк агымдын" тагдыры АКШнын колунда экенин, Евробиримдик бирдиктүү фронт болушу керектигин айтып келет. Ал Меркель менен 12-июлда Берлинден жолугуп, долбоорду жаап салууга көндүрүүгө аракет кылды. Меркель макул болгон жок.

Киевде Меркель "Украинанын кызыкчылыгын сатты" дешти, бирок бул дагы жардам берген жок. Аны кой, Politico басылмасы Вашингтон Киевдин тынчышын талап кылганын жазып чыкты. Өнөктөштөрдүн айтканына макул болбой, ызы-чуу чыгарса Америка-Украина мамилесине доо кетип каларын эскертишти.

Байдендин чечимине конгрессмендер да нааразы болушту. Техастан республикачы сенатор Тед Круз макулдашууну "АКШ жана союздаштар үчүн катастрофа жана Путиндин муундарга калган геосаясий жеңиши" деп баалады.

"Украина менен Европанын энергетикасын Путинге берип садага чабышты", — деди дагы бир республикачы Стив Уомак. Ал эми анын партиялашы Жим Риштин айтымында, 11-августта Европанын энергетика коопсуздугун коргоо мыйзамы боюнча доклад чыгат (PEESA), ошондо Ак үй айласын таппай калат. Докладда "санкциялардан баш тартуу эмне үчүн АКШнын улуттук кызыкчылыгы үчүн керек экенине негиздеме берилген".

Бирок Америка бийлиги PEESA алкагында санкция киргизүү же киргизбей коюу укугу сакталарын баса белгиледи.

Моюн толгоо

Украинанын экономика боюнча эксперти Александр Охрименко Киев эми ири инвестиция күтпөй эле коюшу керектигин айтып, Россияга таасир этүү мүмкүн эмес экенин божомолдоду. "Келишим алкактан чыкпайт, энергетикалык коопсуздук тууралуу жалпы сөз болот. Украина тууралуу учкай гана кеп козголуп калышы мүмкүн", — деди ал маегинде.

Немец саясат таануучу Александр Рар да ушундай пикирде. "Киевдин реакциясына карасак, алар акча күтүп жаткандай. Бирок азыр кырдаал башка, Россия менен каршылашып жатканы үчүн эле акча келбейт", — деди ал. Эксперт андан көрө немец компанияларын Украинада иштөөгө чакыруу керек деп, бирок ал үчүн да шарт жок экенин белгиледи. Чет элдик бизнесмендерди тартуу үчүн Украина укук системасын, жеке менчик тууралуу жоболорун өзгөртүшү керек.

Бул америкалыктарга да тиешелүү. Рардын айтымында, алар суюлтулган газын Германия менен ЕБге сатууга, ЕБдин энергетика саясатын көзөмөлдөөгө кызыкдар эмес, ошол эле маалда "Украинанын өнүгүүсүн да каржылагысы жок".

"Бул Вашингтон менен Москванын мамилесине караганда трансатлантикалык алакага көбүрөөк тиешелүү, — дейт Эл аралык иштер боюнча Россия кеңешинин башкы директору Андрей Кортунов. — Негизи муну Америка саясатынын жеңилиши же акыл-эстин жеңиши деп эсептөөгө болот. Байден ири жана азыраак зыяндын бирин тандап алууга аргасыз болду. Албетте, басым жасоодон баш тарткысы келген жок, ошентсе да маанилүү өнөктөштүн бири менен чырлашпай туруу артыкчылык кылып кетти".

Бул Меркелдин жеңиши. "Меркель айтканынан кайткан жок, негизи пландарынан немецтер эмес, америкалыктар баш тартууга мажбур болушту", — деди Кортунов.

Газ түтүгүнүн курулушуна каршылык көрсөтүү бекер иш экенин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Татьяна Романова да тастыктады. Бирок эми жаңы кооптуулук жаралат. "Түтүк ишке киргени менен 2030-2035-жылдары энергиянын жаңыланып туруучу булактары басымдуулук кыла баштаганда көйгөй Американын кысымында эмес, ЕБдин энергетикалык балансынын өзгөрүшүндө болот", — деди ал.

Узакка созулган талаш-тартыштан соң "Түндүк агым — 2" аяктоо алдында турат. Германия бул түтүк үчүн көпкө чейин кармашты, өлкөнүн позициясы Меркель кеткенден кийин деле өзгөрбөсө керек. Ал эми жашыл энергетика газсыз болбойт. Демек, кымбат деп эсептелген жана көптөн күткөн долбоор акыры өзүн актайт деген үмүт бар.

152
Белгилер:
газ, түтүк, Германия, Россия, АКШ, Украина, Евробиримдик, курулуш, долбоор
Тема боюнча
Орустардын жашыруун куралы Европанын чок ортосунан АКШга сокку урду
Талибан согушкери Кабулда. Архивдик сүрөт

Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир

95
(жаңыланган 19:50 16.09.2021)
Эксперт бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкканын айтып, эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталарына токтолгон.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Афганистандагы окуялар Борбор Азия мамлекеттерине жаңы геосаясий реалдуулукту жаратты. Бул тууралуу саясий серепчи Эдил Осмонбетов билдирди. 

Политолог Эдил Осмонбетов во время видеомоста в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Саясий серепчи Эдил Осмонбетов

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Афганистандагы кырдаалдын Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасири" аттуу видео көпүрөгө катышкан.

Осмонбетовдун айтымында, аймактын коопсуздугу бүгүнкү күндүн орчундуу темасы.

"20 жыл аралыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык жана экономикалык маселелерди, керек болсо тышкы саясий маселелерди чечүү менен алектенүүгө геосаясий мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкты. Эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталат", — деген серепчи.

Анын айтымында, азыр "Талибан"* кыймылы башка мамлекеттердин алардын бийлигин таануусун талап кылып жатат. Бирок процесске таасир этчү бир дагы мамлекет талибдердин бийлигинин легитимдүүлүгүн таанууга даяр экенин айта элек. Эксперт жаңы геосаясий реалдуулуктун шартында бир топ маселе дүйнөлүк жана аймактык оюнчулар аркылуу чечиле турганын кошумчалаган.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

95
Белгилер:
Афганистан, серепчи, пикир, кырдаал, Борбордук Азия, коопсуздук
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Афганистан боюнча позициясын билдирди
Душанбедеги ЖККУ жыйынында Афганистандагы абал талкууланды
АКШда мунай өндүрүү иштери. Архивдик сүрөт

"Бороондуу" суроо-талап: АКШ россиялык мунайды сатып алууда

113
(жаңыланган 10:55 15.09.2021)
"Ида" бороонунун кесепетинен мунайды кайра иштетүүчү америкалык заводдордун иши үзгүлтүккө учурап, күйүүчү майдын тартыштыгы күч алды. Энергетика министрлиги өндүрүшчүлөрдү колдоо үчүн резервин ачты, бирок бул каражаттын кору да чексиз эмес.

Мексика жээгиндеги ишканалар оор сорттогу мунайга ылайыкташкан, ал эми анын Россиядан башка жерден табылышы кыйын. Кошмо Штаттар рекорддук көлөмдө импортту көбөйтүп, дагы сатып алууга ниеттенүүдө. Ушул абалга баам салган Наталья Дембинскаянын учкай макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Мунайды кайра иштетүүчү америкалык өндүрүшчүлөр мотордук күйүүчү майга болгон суроо-талапты канааттандыруу үчүн тийиштүү сырьёну дүйнө жүзү боюнча издөөдө. Бул жагдай жөнүндө жазган Bloomberg басылмасы аталган державанын Энергетика министрлигинин Энергетикалык коопсуздук башкармалыгынын маалыматтарын да мисал келтирет. Быйыл май айында Россиядан алынган чийки мунай жана мунай өндүрүмдөрүнүн импорту дароо 23 пайызга өсүп, күнүнө 844 миң баррелге чейин чыккан. Ал эми Мексикадан келген өндүрүмдөр көлөмү үч пунктка гана көтөрүлгөн.

Былтыр эле россиялык импорт тогуз жылдык максимумга жеткен. Рыноктогу тең салмактуулукту калыптандыруу үчүн кескин түрдө экспорт көлөмүн төмөндөткөн Сауд Аравиясынан озуп, Россия АКШга мунай жеткирүүчүлөрдүн арасында экинчи сапка чыккан. Себеби мунайды кайра иштетүүчү америкалык заводдор Венесуэладан келчү сырьёдон куру калышкан. Мындай жагдайга 2019-жылы Petroleos de Venezuela S. A. Ишканасына санкция салган Дональд Трамп себеп болгон.

Көбүрөөк жабыр тарткандар

Мексика булуңу жана Чыгыш жээктеги заводдор, анын ичинде мунайдын оор сортторун иштетчү Citgo Petroleum, Valero Energy, Chevron ишканалары кыйла кыйын абалда. Аталган компаниялар Россиядан негизинен бензин өндүрүүгө керектүү мазутту сатып алышат.

"Венесуэлалык сырьёдон куру калып, ОПЕКтегилердин өндүрүмдөрү кымбаттагандан тарта АКШ россиялык мазуттун негизги керектөөчүсүнө айланды", — дейт Оксфорд энергетикалык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери Ади Имсирович.

"Россия — артыкчылыктуу өнөктөш, анткени Mazut 100 сымал жарым-жартылай тазаланган майларды көп чыгарат. Бул Венесуэла жана Жакынкы Чыгыштан коюу, "тазалана элек" сырьё алып көнүп калган мунайды кайра иштетүүчү америкалык заводдор үчүн төп келет. Адегенде алар санкциялардын айынан, кийин ОПЕК келишиминин чектелишинен улам андан куру калышкан", — деп эске салат Bloomberg.

Августтун аягында Мексика булуңунун жээгин каптаган "Ида" бороону кырдаалды кескин түрдө курчутту. АКШ Энергетика министрлиги ушул айда абал турукташат, суткасына 1,2 миллион баррелге чыгарына үмүт артканы менен инфраструктура бир топ жабыркады. Америкалык рынокто жалпы 20,6 миллион баррель жок болду.

Кампалар ачылды

Луизианада электр жабдуулары оңдолуп, мунайды кайра иштетүүчү заводдордун иши жандангандан тарта мунайга муктаждык дагы артты. Бул тууралуу Exxon Mobil билдирди. Компания Луизианадагы заводун жабууга аргасыз болгон.

Энергетика министрлиги стратегиялык резервинен мунай берүүдө. Эки-үч ай аралыгында Exxon корун кайра толуктап, эң жогорку үлгүдөгү сырьё куюуга тийиш. Кандай болгон күндө да резервдер чектелүү. Демек, кайрадан импортту өстүрүүгө туура келет. Америкалык басылмалар "Ида" бороонунун кесепеттеринен утушка ээ болчулар россиялык экспортчулар болорун белгилешет.

"Сентябрь-октябрда май алып келүүнүн көлөмү көбөйтүлөт, анткени Кошмо Штаттардын Мексика булуңундагы шельфинде кен казуу али калыптана элек", — деп белгилейт Bloomberg.

Агенттик рыноктун өкүлдөрүнө таянуу менен бир нече күн ичинде эле россиялык сырьёнун үч партиясын сатып алганын маалымдайт.

Суроо-талап бааны арттырат. Сегизинчи сентябрда Urals наркы жети айлык максимумуна жетип, Brent үлгүсүнөн 1,05 долларга кымбат болгон. АКШны "Ида" бороону каптаганча, Urals Brent үлгүсүн 1,95 долларга арзандатуу менен сатып турган.

"Түндүк агым — 2" долбоорунан улам Вашингтон менен Москванын ортосундагы чыңалуу күчөп барат. Анткен менен рынок өз эрежелерин таңуулайт эмеспи, америкалык өндүрүшчүлөрдүн Ак үйдүн дипломатиялык жана геосаясий максаттарына эч кандай тиешеси жок.

113
Белгилер:
мунай, Россия, Батыш, газ, Түндүк агым - 2, АКШ, рынок, баа, экономика
Тема боюнча
Россия америкалык рынокторду ээлөөдө
Куралчан адам. Архив

Ок атып токтотушту. Чек арачылар Тажикстанга бараткан жүктү кармашты

0
(жаңыланган 15:12 17.09.2021)
Контрабандачылар чек арачыларды көргөндөн кийин качып кетүүгө аракет кылган, бирок автоунаасынын дөңгөлөгүнө атылган октон кийин токтошкон.

БИШКЕК, 17-сент. — Sputnik. Баткен облусундагы Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери Тажикстанга көмүрдү мыйзамсыз ташып бара жаткан автоунааларды бир нече ирет ок атып токтотконго аргасыз болгон. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.

Окуя бүгүн, 17-сентябрда, Лейлек районунун Майты аймагында болгон. Чек арачылар оор жүк ташуучу Mersedes жана MAN автоунааларын текшерүүгө аракет кылганда алар токтогон эмес.

"Алар чек арачыларды көргөндөн кийин качып кетүүгө аракет кылган. Аскерлер алгач эскертүү иретинде асманга ок чыгарганы менен айдоочулар чыгып кетүүгө аракет кылган. Акырында чек арачылар автоунаанын дөңгөлөгүн атканда гана токтошкон. Алар Кыргызстандан Тажикстанга 15 тонна көмүрдү уруксат кагазы жок алып чыгып бара жаткан", — деп айтылат ведомство тараткан маалыматта.

Тиешелүү документтер толтурулган соң айдоочулар көмүрү менен кошо тартип сактоо органдарына андан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүп берилген.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Тажикстан, чек арачы, ок атуу, контрабанда, көмүр
Тема боюнча
Тажикстанга мыйзамсыз бара жаткан автоунааны асманга ок атып токтотушту