Россияда аскердик роботтордун үлүшү төрт жыл аралыгында 30 пайызга жетет

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүРазминирование восточных районов сирийского города Алеппо
Разминирование восточных районов сирийского города Алеппо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Согуштук аракеттерде өз алдынча аракет этүүгө жөндөмдүү жасалма интеллект орнотулган роботтор – Россия армиясынын бүгүнкү реалдуулугу.

Александр Хроленко, аскерий баяндамачы

Роботтоштурулган курал комплекстери бардык күчтөргө активдүү түрдө киргизилип, машыгууларда гана эмес, аскердик чөйрөлөрдүн бардыгында колдонулат. Роботтоштурулган техниканы пайдалануу менен инженердик күчтөрдүн масштабдуу үч күндүк машыгуулары кечээ РФ Батыш аскердик округунда аяктады. Бул иш-чарага баам салган аскердик баяндамачы Александр Хроленконун макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Окууга Россия Федерациясынын алты субъектиси, 12 полигон жана Ока дайрасынын тилкеси колдонулуп, 8 миңден ашуун аскер кызматкери катышты. 1500дүн тегерегиндеги техника, анын ичинде минаны залалсыздандыруучу "Уран-6" жана өрт өчүрүүчү "Уран-14" робототехникалык комплекстери тартылган.

Нижегород облусунун Мулино полигонундагы машыгууларда РФ Батыш аскердик округунун эпизоддорунун биринде Аба-десанттык күчтөр менен биргеликте инженердик бөлүктөр жыш жайгашкан калаага "Уран" сериясындагы роботтордун колдоосу менен чабуул коюуга машыкты. Анда аскердик бөлүктөр Сирияда топтогон тажрыйбасын пайдаланышты.

Россиянын Ил-96 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Россия "Кыямат күндүн" жаңы учактарын куруу камында. Үчүнчү муундун өзгөчөлүктөрү
Инженердик күчтөрдүн талкалоо жана куруу өңдүү өз спецификасы бар. Ошону менен бирге эле Россия армиясында курамында ондогон автономдук сокку уруучу роботтор бар алгачкы бөлүктөр түзүлүүдө. Аларды согушта пайдалануу тактикасы полигондордо гана өздөштүрүлгөн жок. Өткөн жумада россиялык "Соратник" аскердик роботу тарабынан сириялык террорчуларды жок кылуу операциясынын тасмасы жарыяланды.

Жети тонналык сооттолгон чынжыр дөңгөлөктүү машина Сирияда РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Атайын операциялар күчтөрүн коштогон. Күндүзү да, түнкүсүн да "жихадчылардын" айрым согушкерлерин жана транспорттук каражаттарын таамай талкалаган.

РФ коргоо министри Сергей Шойгу өлкөдө аскердик роботтордун сериялык өндүрүшү башталганын жарыялаган эле. Айтымында, аларга жасалма интеллект орнотулган, согуш талаасында өз алдынча салгылаша алышат. "Жөн гана эксперименталдык үлгүлөр эмес, чындап эле фантастикалык тасмаларда көрсөтүүгө боло турган роботтор пайда болду", — деген министр.

Күчтөрдү мындай машиналар менен жабдуу – РФтин артыкчылык берилген багыттарынан. РФтин Коргоо министрлигинде аскердик роботторду бул тармакка киргизүүгө жооптуу адистештирилген башкармалык түзүлдү. Россияда жасалма интеллектти өркүндөтүү жаңы деңгээлге чыкты. Бул – мезгил талабы. Акыркы үлгүдөгү куралдардын бардык түрүндө автоматташтырылган тутумдардын мааниси жогорулоодо.

Келечек бүгүн түптөлүүдө

Болочоктогу куралдуу жаңжалдардагы жеңиштер россиялык коргоо жаатындагы ишканалар тарабынан бүгүн камсыздалууда. Бул мекемелерде Россиянын Аба-космостук күчтөр, Аскердик-деңиз флоту жана Кургактагы күчтөр үчүн аскердик роботтор өндүрүлөт. Алардын арасынан белгилүү үлгүлөрдү карап чыгалы.

Жогоруда аталган "Соратник" алгач жолу "Армия-2016" эл аралык аскердик-техникалык форумунда "көзгө чалдыккан". Ал күчтөрдү ок атуу менен колдоо, аймактарды күзөтүү жана объектилерди кайтаруу, минаны залалсыздандыруу жана тосмолорду алуу, ретрансляция, ок-дары жана күйүүчү майды ташууга ылайыкталган.

Робот күчтүү куралдарды, атап айтканда, 40 мм же 30 мм гранатомётторду, 12,7 мм же 7,62 мм пулемётторду, танкка каршы коргонуучу тескелүүчү төрт ракетаны же "Шмель" реактивдүү огнемётторун ташый алат. Чептерге чабуул коюуда, ар кандай атайын операцияларда өзгөчө майнаптуу жана пайдасы арбын. Зарыл учурда эки "Соратник" согуш талаасында өз ара маалымат алмашууга жөндөмдүү.

Бул аскердик автоматташтырылган система аба ырайынын бардык шарттарында күнү-түнү иштей берет. Саатына 40 чакырымдык ылдамдыкта бир ирет май куюу менен 400 чакырым жүрө алат.

Мурманскдагы Адмирал Горшков фрегаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Батышка тынчтык берчүдөй эмес. Россиянын Аскер-деңиз флотундагы жылыштар
Чынжыр дөңгөлөктүү "Уран-9" сокку уруучу дрону да согуш жагдайында сыналган. Ал кеңири коомчулук назарына 2018-жылы Москвадагы Жеңиш парадында коюлган. Чалгындоо, күчтөрдү ок атуу менен колдоо, душмандын аскердик техникасын талкалоого ылайыкталган.

Сүрү катуу 12 тонналык сооттолгон машина тескелүүчү "Атака" курал комплексин ташыйт. Анын курамында танкага каршы коргонуу ракеталары, "Шмель" реактивдүү огнемёттору, 30 мм автоматтык замбиреги, 7,62 мм пулемёт бар.

Машина стелс менен корголуп, лазердик нурлануунун алдын алуу тутуму менен жабдылып жана башка уникалдуу мүнөздөмөлөргө ээ. Батыш аналогдору жок. The National Interest адистешкен журналы да россиялык технологиялардын артыкчылыгы талашсыз экенин тааныды. Толук форматтык танктар тууралуу кеп кыла турган болсок, "Уралвагонзавод" Т-72Б3 базасында роботтоштурулган дрондордун эки модификациясын түзүү менен алек. Ал эми "Ростех" мамлекеттик корпорациясы Т-14 "Арматанын" жасалма интеллект орнотулган (ок атуу боюнча чечимди киши кабыл алат) роботтоштурулган версиясын чыгарган. Кеп "Штурм" долбоорунун учкуч менен башкарылуучу Т-72ни заман талабына төп келтирүү туурасында.

Роботтоштурулган танктар максималдуу түрдө автономдоштурулуп жана болушунча корголгон (Радиоэлектрондук күрөш каражаттарын кошо), командачылык менен байланыш каналдары жашырылган.

"Армата" чынжырлуу платформасындагы айдоочусуз Т-14 танкы узап бараткан айда тесттик сыноолордон ийгиликтүү өттү. Толугу менен роботтоштурулган негизги аскердик танктын чыгарылышы эксперттер россиялык коргоо өнөр жайында топ жаруу деп эсептешет. Машина баарын дээрлик өзү жасайт, адам болгону анын бутасын тандоону гана тастыктайт. Жасалма интеллект орнотулган негизги аскердик танктын экспорттук модификациясы да чыгышы ажеп эмес.

Сирияда танк бөлүктөрүнүн тажрыйбасы согуш талаасында бир эле убакта бир нече типтеги – жеңил, орто жана татаал роботтоштурулган комплекстеринин зарылдыгын айгинелеген.

Роботтоштурулган танктар ок атуу менен бирин-бири калкалоого, түйүндө өз ара аракет этүүгө, маалымат алмашууга тийиш. Көп функциялуу роботтор бөлүктөрү россиялык күчтөрдө 2025-жылы пайда болот.

Экинчи жагынан Россия жакында танктарды жок кылуучу ракеталар менен куралданган учкучсуз аппараттарын сынайт. Бул катарда өзөктүк кыймылдаткычы бар "Посейдон" суу түбүндөгү тутуму өзгөчө орунда турат. Ал каалаган бутасын же бүтүндөй агрессор өлкөнү таамай жок кылууга жөндөмдүү. 2027-жылга чейинки мамлекеттик куралдануу программасынын алкагында Россия Федерациясы үч субмарина курап чыгат. Алардын ар биринин бортунда "Кыямат күндүн торпедаларынан" алты бирдикке чейин жайгаштырылмакчы.

Автоматташтыруунун мааниси

Аскердик роботтор адам өмүрүн сактоого мүмкүндүк берет. Туура чечимдерди бачым кабыл алууга, душманын "сандык көрсөткүчтө эмес, эптүүлүк" менен согуштун бардык чөйрөсүндө – кургакта да, абада да, деңизде да жеңүүгө жөндөмдүү.

Роботтук техникалык комплекстерди өнүктүрүү жана согушта пайдалануу концепциясына ылайык 2025-жылга чейинки мезгилде Россия армиясынын куралдануу жана аскердик техникасынын жалпы структурасындагы роботтордун үлүшү 30 пайызга жетет.

Бул тутумдардын басымдуу бөлүгү жасалма интеллект аркылуу башкарылып, толук автономдуу иштейт. Россиялык программист, конструктор жана инженерлердин эми аскердик роботтордун баарын тегиз автономдоштуруп, башкача айтканда, согуш талаасынан маалымат алуу тутумун жана автономдуу чечим кабыл алуучу татаал аппаратын туташтырып чыгышына аз эле калды. Роботтоштуруунун жыйынтыктоочу баскычы – күчтөрдү башкаруунун бирдиктүү автоматташтырылган системасы.

Россиялык Альтиус жаңы учкучсуз аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Мыкты үлгүлөр. Россия учкучсуз аппараттарды экспорттоого киришет
Жогорку технологиялык курал-жарак жаатында Россия баарынан алдыда, бирок "өнөктөштөрү" аны бул тармакта кууп жетип, озуп кетүү үчүн миллиарддаган долларларын аябайт. Жакынкы он жылда Пентагон келечектеги бир эле кибер согушка даярдык үчүн 2,4 млрд. доллар сарптоого белсенет.

Кошмо Штаттар тармакка багытталган согуштук аракеттерди өрчүтүүнү көздөп, куралдуу күчтөрүн заманга бапташтырып, заманбап аскердик технологияларды колдонуу каражаттарын жакшыртууга далбас уруп келет.

Пентагон үчүн жасалма интеллект системаларын иштеп чыгуу менен DARPA агенттиги алектенет. Ал жыл сайын автономдук роботтордун "жарышын" өткөрөт. 2015-жылдан кийин бул жабык режимде жүрөт. Согуш талаасында андай машиналар душмандын жогорку технологиялык жол менен жок кылууга багытталган.

Тынчтыкты жактаган Россия 2030-жылга чейин расмий түрдө НАТОго негизги аскердик кооптуулук деп аталды. Ага "өнөктөштөрүн" жогорку технологиялык, майнаптуу жана түшүнүктүү каражаттар менен ооздуктоого туура келет.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram https://t.me/AKhrolenko каналына жазылыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0