Үмүтү таш каап... Оккупацияланган аймакта санаалаштарды сайга таштаган аракет

© AP Photo / Shekib RahmaniМеждународный аэропорт в Кабуле
Международный аэропорт в Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Курал-жарак, зооттолгон техникасынан ажыраган америкалыктар Афганистандан артын карабай качып баратканда алар тарабынан бузулган өлкө чыныгы апаатты баштан кечирүүдө.

Тилекке каршы, Афганистандагы азыркы көрүнүштөр дүйнөгө мурдатан тааныш. Оккупация маалында афгандыктардын көпчүлүгү америкалык аскерлер менен кызматташа баштаган. Эми алар талибдердин кегинен чочулап турушат. Кырдаалга баам салган Виктория Никифорованын материалы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Айрымдары гана, америкалыктар тарабынан дайындалган президент өңдүү адамдар, чет өлкөдөгү кошумча аэродромдорго качып кете алышты. Калган коллаборационисттер америкалык дипломаттарга виза берүүгө жалбарып, аргасы түгөнгөндө башка элчиликтердин да каалгасын каккылашкан.

Бирок Афганистанда өз контингентин бир топ жыл кармап турган НАТОго мүчө мамлекеттер өлкөдөгү өз союздаштарына жан сактоого кымындай да мүмкүнчүлүк бербеди. Алар өз айласын издеп, буюм-тайымдарын жыйнап, элчиликтердеги документтерди өрттөп, учактарга шашылып түшүп жатышты.

Флаг Евросоюза - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
ЕБ талибдердин жеңишин таанып, Афганистандын коңшуларын колдоого сөз берди
Апааттын жаңы актысына дүйнө Кабулдун аэропортунда да күбө болду. Үрөйлөрү учкан афгандыктар акылдан адашкандай учуу-конуу тилкесине агылып, жөөлөшүп, түртүшүп баратты. Америкалык аскерлер ок атышты, бир нече адам өлдү. Бул окуяда жаңы деле жагдай жок, америкалыктар кезегинде Сайгондон да дал ушинтип качышкан.

Аларга кызмат өтөгөн түштүктүк вьетнамдыктар америкалык элчиликке топтошуп, узап бараткан америкалык транспортторго жармашып кетүүгө жан үрөшкөн. Мекенде калып, басып алуучулардын буйругу менен аткарган өз кылмыштарына жооп берүүдөн ушунчалык коркушкан.

Иракта да америкалыктарга кызмат кылган аскердик котормочулар бүгүн партизандардын колунан тынымсыз набыт болуп жатышат. Көбүнесе адамдар адегенде коркутуу-үркүтүүгө кабылат, америкалык виза сурап кайрылышат, бирок аларга берилбейт. Көп өтпөй коллаборационист, кээде туугандары жана жакындары менен кошо атып өлтүрүлөт. Андай курмандыктардын саны эмитен эле миңдеп саналат. Жарыялангандай кышында Ирактан америкалык күчтөр чыгарылса, ал байкуштарды кандай күн күтөрүн элестетүү эле жүрөк тилет. Ал түгүл бул жарыкта сезимтал деп мүнөздөөгө болбогон америкалык аскерлер да бир аз адамгерчилик кылып, оккупацияланган өлкөлөрдө аларга иштеген кызматкерлерге көмөктөшүүнү өз өкмөтүнөн өтүнүүдө. Бирок Кошмо Штаттардын саясаты кебелип да койбойт. Кылы кыйшайбастан өздөрүнө ынангандарды көз көрүнөө таштап басып кете беришет.

Америкалык коллаборационисттердин кийинки тагдыры өзүңүздөр көрүп тургандай кейиштүү. Эмнеге анда алардын катары суюлбайт? Дүйнөнүн ар кыл тарабындагы адамдар эмне үчүн мындай ыплас жана кооптуу ишке макул болушат? Согуштун запкысын жеген жакыр Афганистанда эле эмес, кезегинде бакубат жашоо кечирген мурдагы советтик Прибалтикада да андайлар жок эмес. Анткени болочок полицейлер (оккупанттарга кызмат өтөөчүлөр) дүйнө жүзүндө америкалык режим тарабынан үч баскычта чоңойтулат. Адегенде алар – прогрессивдүү глобалдык күн тартибин гана жактоочулар, бардык жаман нерселерге каршы күрөшүүчү активисттер. Алардын айрымдары өмүр бою жакшы иштер менен алектенип, чынчыл жаран бойдон калат. Бирок кайсы бир убакта өнүгүүнүн негизги душманы капыстан өз өлкөсү, анда жашаган абдан туура эмес эл деген бүтүмгө келет.

Ошол баскычта баягы активист өз калкынан чыгууга тырышат. Орчундуу күн тартиби менен жашап, таштандыны ылгап, өзүнүн вегандык латтесинен (кофенин бир түрү, уй сүтүнүн ордуна өсүмдүктөн алынган ак кошулат) ууртап, бирок өзүнүн гана тар чөйрөсүндө жүрүп калат. Ошол эле учурда өзүн бүгүн жүздөгөн мегаполистерде – Найробиден Пекинге, Буэнос-Айрестен Москвага чейин жашаган ак жуумал өзгөчө адамдардын кастасына таандыкмын деп сезет. Бирок жылдар өтөт, активист улгаят, тегерегинде эч нерсе өзгөрбөйт. Өлкөсү баягыдай эле натуура, эли ошол эле калыбында натуура бойдон, өзүнө эле өзү аппак өзгөчө адамдай туюлат. Ошондо активисттер кек алууну көздөгөн тилектери жарала баштайт: негизги Демократиядан туура демократтар келип, натуура калкын демократиялаштырып жиберишин, куру дегенде кызмат кылган полицей болууну көксөйт. Доллар менен жакшы маяна алып, өз жоопкерчилигиндеги элди жашоого үйрөтө баштайт. Постсоветтик мейкиндиктеги полицейлердин кыялы эки бөлүктө. Биринчисинде прогрессорлор америкалык аскерлердин көмөгү менен өзүнүн натуура калкын түздөйт. Экинчисинде Москвага карай бет алат. Ушундай фантазияларда биздин замандаштар он жылдап жашайт. Көз артуу, кек сактоо, кожоюн жөнүндөгү кыялдануу, булар албетте, жолу болбос кишинин алгачкы белгилери. Бирок жолу болбостук — бул капчыктын эмес, акылдын абалы. Анткени тымызын полицейлер көбүнесе кедей эмес, бир топ ийгиликтүү жарандар. Алыска кетпей эле коёлу, жогоруда мүнөздөлгөн процесстер көз алдыбызда Украинада, Грузия, Прибалтика өлкөлөрүндө болду.

Кабул аэропортундагы адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
АКШнын Кабулдан учкан самолетунун шассисинен адамдын дене бөлүктөрү табылган
Мезгил-мезгили менен америкалыктар өз союздаштарын сызга отургузуп кете беришет, аскердик жаңжалдарда кол сунушпайт. 2008-жылы грузиндерди же 2019-жылы күрттөрдү мисалга алалы. Союздаштары каза таап жатышса эмне аларга, ордуларына жаңылары келет. Өз элинен өзгөчөлөнгөн бул адамдар жөпжөнөкөй бир нерсени түшүнгөн жок, тагыраак, түшүнгүсү жок. Өздөрүн миң космополит эсептеп, канчалык туура ойлору менен чыкпасын, океан ар жагындагы "шерифке" баары бир. Америкалыктар үчүн алар таптакыр жапайы, кээде кооптуу, кээде кызык көрүнөт. Веган латте менен оксфорддук акцент да батыш контрагенттерин полицейлерди теңата өнөктөш катары таанууга түртпөйт. Зарыл болсо аларды, жалпы башка калк сымал ошондой эле кайдыгерлик менен жок кылышат. Токтогулачы, бул кайдагы бир Ирак эмес, биз Европадабыз го, бизге өзгөчө мамиле бар деп ойлошот жетилбей калган полицайлар. Не кыл дейсиңер, америкалыктар андай майдага көңүл бургусу жок. Югославиянын тагдырын эстеп көрүңүздөр. Европалык борбор шаар – Белградга кулаган америкалык бомбалар Милошевичтин тарапташтары менен катар эле "батыш баалуулуктарынын" күйөрмандарын да өлтүргөн. Бомбадан баш калкалоочу жайларда карыя коммунисттер да, жаш глобалисттер да бирдей эле коркуп титирешкен. Прогрессивдүү күн тартиби эч качан аларды өзүнчө бөлүп ак түстүү үстөмчүлдөрдүн каарынан сактай алган эмес.

Афганистандагы окуяларды көрүп, Украина жана Прибалтикадагы каймактар коомайланып калышты. Украина газ түтүгү болбосо, сабы жок чемодан сымал. Прибалтикалык "жолборстордун" карыздан бөлөк башка нерсеси жок. Алардын америкалыктарга кереги эмне? Россияга каршы аскердик плацдармдарбы? Бирок, кыязы, өнөктөштөр бул иш ынанымсыз жана акылга сыйбастыгын түшүндү көрүнөт. Ооба, аркасында урандыларды, терең депрессияны жана итке минген жакырчылыкты калтырып, каалаган убакта басып кетишет. Кызыл аянтты америкалык танктар менен аралоону самаган полицейлер катуу чочулагандай түрү бар. Жогорку кызматтагылар эбак өздөрүнө ыңгайлуу кошумча аэродромдорду камдап койгону түшүнүктүү. Ал эми оккупациялык администрациянын төмөнкү деңгээлдегилери кайра реалдуулукка кайтууга мажбур болчудай.

Постсоветтик мейкиндиктин цивилизациялык борбору катары Россия бул процесс жеңил жана салыштырмалуу залалсыз өтүшүнө кам көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0