Афганистан: окуя чордону Кабулдабы же Панджшердеби?

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүСитуация в Афганистане после смены власти
Ситуация в Афганистане после смены власти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Ислам республикасынын өкмөттүк күчтөрүн жеңип, Афганистанды дээрлик толук каратып алгандан кийин талибдер өзүн демократиялык кыймыл катары көрсөтүү аракетинде.

Талибдер жаңы түзүлүп жаткан өкмөткө аялдарды чакырып, тышкы саясатта демократияны далилдегиси келгени менен ушу тапта каршылык көрсөткөн Панджшерде согуш жүрүп, "макул болбогон" жай тургундарды атып жатышат (паранжасыз жүргөн аялдарды да). Өлкөдө окуя кандай өнүгүп жатканына аскер баяндамачысы Александр Хроленко сереп салган.

"Талибан"* согушкерлери 18-август күнү Нангархар провинциясында улуттук желекти колдоп митингге чыккандарды көздөй ок атты, өлгөндөр да, жаракат алгандар да бар. Тажикстан менен чектешкен Тахар провинциясында талибдер көчөгө паранжа жамынбай чыккан аялды атып салышты. Бирок өзүн-өзү көрсөткөн бийлик элден курал-жарак менен ок-дарыны өткөрүп берүүнү талап кылып жатат. Мындай фактылар менен өлкөдөгү туруктуулукту болжоп болбойт.

Радикальное движение Талибан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Кабул "америкалык кыялы" менен кош айтышууда: жихад уланып жатат
Талибдер Дохадагы макулдашуу бюнча эвакуация кечеңдеп жатканын дембе-дем айтып, америкалыктарды шаштырууда. Буга чейин Кабулдун эл аралык аэропортунда аскерин кармап турган Түркия да бул оюнан кайтып бара жатат.

"Талибан"* террордук кыймылынын жетекчиси, молдо Абдул Гани Барадар буга чейин Катардан Кандагарга салтанаттуу кайтып (20 жылдан кийин), бирок азырынча "эмир" кызматына расмий кирише элек. Өкмөт кантип түзүлөрү бүдөмүк. Ислам эмирлиги мамлекеттик түзүлүш катары кабыл алынбай турганын айткан жакынкы жана алыстагы коңшулардын сөзүн талибдер кулак сыртынан кетирүүдө.

Буга чейин ислам республикасынын вице-президенти Амрулла Салех өлкө башчысы качып кеткен соң талибдерден бош турган Панджшер капчыгайында президенттин милдетин аткарууга киришкенин жар салган. Ошол эле жакта өкмөттүк аскерлерди улуттук баатыр Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектеп жатат. Панджшерге түндүк тараптан маршал Абдул Рашид Дустум башында турган афган армиясынын 10 миң аскери багыт алганы айтылган.

Масуд афгандыктарды талибдерге каршы биригүүгө чакырган. Салгылашуу Панджшерде эле жүрүп жаткан жок, талибдер Парван провинциясына чектеш Чарикар районунан да куулду. Афганистан кайрадан ири жарандык согуштун босогосунда турат.

Таң калычтуу жаңылык

Талибдердин Афганистанда баңгизат өндүрүшүн токтотуп, жаңы экономика түзүү, жай тургундардын тынчын албоо жана болочок өкмөткө аялдарды тартуу жөнүндөгү убадалары парадоксалдуу көрүнөт.

Туруктуу кирешени ушу тапта баңгизат бизнеси гана шарттап турат. Эл аралык финансылык жардамдын жолу буулган. АКШ талибдерди санкция менен коркутууда. Айыл чарба менен өндүрүш дээрлик токтоп калган. Батыш өлкөлөрүнүн жардамы буга чейин деле кумга сиңген суудай жок болуп кетчү. Евробиримдиктин гуманитардык катастрофаны алдын алуу үчүн талибдер менен диалогго баруу тилеги (кыймылдын легитимдүүлүгүн тааныбастан) реалдуулуктан өтө эле алыс, анткени Батыштын бардык өлкөлөрү Кабулдагы элчиликтерин чыгарып кетти.

Афганистандын вице-президенти Амрулла Салех. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Талибдерге каршы согушкан акыркы адам. Вице-президент тууралуу 9 факт
Пентагон АКШ менен иштешкен 22 миң афгандыкты эвакуациялоого белсенип турат. Калган 40 миллион жарандын тагдыры эмне болору табышмак. Афганистандын БУУдагы өкүлү Гулам Исакзай Коопсуздук кеңешинин жыйынында аскерлердин үйү тинтилип, өздөрү өлтүрүлүп жатканын айтты. Жакында "Талибан"* калктуу конуштарда полициянын функциясын жөнгө салып, мекендештерин каалаган убакта каалаган жеринде каалагандай калчай берет. Албетте, мунун баары шарият сотунун чечими менен ишке ашат.

Аялдарды деле тамга камап койбосу анык, ошентсе да паранжасыз көчөгө чыгууга тыюу салынат, жаза өтө катуу. Паранжанын акыркы убакта баасы өсүп кеткени да бекеринен эмес.

Бул жерде "Талибан"* көйгөйдүн бир чети гана экенин түшүнүү керек. Афганистандын аймагында ондогон террордук уюм бар, белгилүүлөрү — "Ислам мамлекети"*, "Жебхат ан-Нусра"*, "Түркстандын ислам кыймылы"*. Алардын программасы менен ыкмалары талибдердикинен кем калышпайт, ал эми АКШ менен НАТО аскерин чыгарып кеткенден кийин эч коркпостон Афганистанды байырлап калышат.

Террордук уюмдардын гүлдөп өсүшү үчүн бардык шарт бар, жаңы мүчөлөрдү азгыруу, идеология менен күчтү түндүк тарапка, Борбордук Азияга багыттоого жол ачылат. Талибдердин өкүлү Забиулла Муджахиддин "аймагыбызды үчүнчү өлкөлөргө каршы пайдаланууга эч кимге жол берилбейт" деген убадасы куру сөз, ал эми "Аль-Каида"* менен кызматташуу — көп жылдан берки тажрыйба. Андан жок дегенде сөз жүзүндө баш тартканын көрбөдүк.

Россия жардамы

Талибдердин Кабулду алышы (аскердик төңкөрүш) аймактык коопсуздук системасына чоң коркунуч жаратат, афган окуяларынын кесепетин божомолдоп болбойт. Россиянын ТИМи менен Коргоо министрлиги маал-маалы менен билдирүү жасаса да Москванын "Талибан"* менен дипломатиялык мамиле түзүү ниети жок. Мурдагыдай эле талибдердин бийлигин Бириккен Араб Эмирликтери шашып тааный салды.

Посещение президента США Джо Байдена военной базы Лэнгли-Юстис - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Байден америкалык аскерлер Афганистанда тура турушу ыктымал экенин айтты
Россия Борбор Азия өлкөлөрүнө курал-жарак жактан жардамын көбөйтүп, Афганистанга жакын жерде биргелешкен машыгууларды өткөрүп жатат. Чек арадагы полигондордо Ту-22М3 бомбардировщиктери сыналууда. Бул талибдерге Борбор Азиядан алыс тур деген эскертүү.

Москва Тажикстандын 201-бөлүгүнө заманбап курал-жарактын түрүн берип кыйла күчтөнттү. Мындай аракет Афганистандан келчү кооптуулукту жок кылууга багытталган.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0