Түндүк агым – 2 газ түтүгү. Архивдик сүрөт

"Жөнү жок демилге". "Түндүк агым 2ни" сатуу сунушу тууралуу серепчинин пикири

72
(жаңыланган 12:12 31.08.2021)
Германиялык аткаминерлер россиялык "Газпромго" Европа биримдигинин эрежелеринен кыйгап өтүү үчүн "Түндүк агым – 2" газ түтүгүн сатууну сунушташкан. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Саясий илимдердин кандидаты Дмитрий Журавлев Sputnik радиосунун обосунда дал ушул демилгенин тегерегинде өз ойлорун ортого салды.

Эгер "Газпром" тастыкталган башка бир операторго "Түндүк агым – 2" газ түтүгүн сатса, Европа биримдигинин газ көрсөтмөлөрүнөн (директиваларынан) кыйгап өтө аларын жазат Frankfurter Allgemeine Zeitung газетасы. Басылма немец аткаминерлеринин билдирүүлөрүнө таянган.

Европалык эрежелер боюнча газ өндүрүүчү компания жана инфраструктурасынын оператору эки бөлөк болушу шарт. Эгер андай болбосо, кубаттуулуктун 50 пайызы көз карандысыз жабдуучунун алдында катталууга тийиш... Анын алдында эле жер боюнча Дюссельдорф Жогорку соту долбоордун оператору Nord Stream 2 AG компаниясынын немец жөнгө салуучу органынын чечимине апелляциялык доо арызын канааттандырган эмес. Эске салсак, аталган ишкана "Түндүк агым – 2ни" газ көрсөтмөлөрүнүн талаптарынан бошотууну өтүнгөн. Эгер компания чечимге кайра даттанбаса, иш жүзүндө бул россиялык холдинг газ түтүгүнүн жарым кубаттуулугун гана ишке киргизе алат дегенди туюндурат.

Sputnik радиосунун обосунда Регионалдык көйгөйлөр институтунун илимий жетекчиси, РФ өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин доценти, саясий илимдердин кандидаты Дмитрий Журавлев европалыктардын "Түндүк агым – 2" долбоорун сатуу сунушу тууралуу пикирин билдирди.

"Газ көрсөтмөлөрүнө ылайык газ өндүрүү жана аны ташуу бир колдо болбошу шарт. Ошондуктан Европа биримдиги "силердин газыңарга тийбейбиз, бирок бул көрсөтмөнүн талабы аткарылышы үчүн "Газпром" бизге газ түтүгүнүн өзүн сатсын" деп чыкты. Алар мурда да газ түтүктөрүнө да ушундай аракет кылып келишкен, бирок андай сунуштар четке кагылган. Бул – кандайдыр технологиялык процессти бөлүп койсо, ал атаандаштыкка туруктуу жана майнаптуу болот деген таптакыр туура эмес ойго жетеленген Батыштын тилеги", – дейт Дмитрий Журавлев.

"Түндүк агым – 2ге" карата мындай ойдун маңызы жоктугун белгилейт ал.

"Атаандаштык – өндүрүштүн бир бөлүгүн экинчисинен бөлүп коюу эмес, эки компаниянын бир керектөөчү үчүн күрөшү. Өз ара байланышкан өндүрүштүк программалар атаандашпайт, алар бири-бирин толуктайт. Бул газ көрсөтмөлөрү боолгологон атаандаштык демилгеси мында майнапсыз.

"Түндүк агым – 2" украиналык газ бөлүштүрүүчү тутум менен атаандашса бир жөн. Бирок европалык бул көрсөтмөлөрдө башка бир ой жатат. Технологиялык процесстин ар бир баскычын өз алдынча кылуу натыйжалуулукту арттыра турган атаандаштык жаралат имиш. Жөнү жок эле сунуш, бирок Батыш бул демилгесин бир топ жылдардан бери жайылтуу далалатында", – деп корутундулады Дмитрий Журавлев.

72
Белгилер:
Түндүк агым - 2, Газпром, газ, өндүрүү, Европа, Украина
Тема боюнча
"Россия Европага айланат". АКШ менен Польшанын эмне талашы бар?
"Украинадан чарчап бүтүшкөндөй". "Түндүк агым – 2" айланасындагы кырдаал
Газпром ишкананын кызматкерлери. Архив

Европа "сууктун экспорттолушуна" Россияны айыптоодо

194
Реалдуулук европалыктардын энергетика жаатындагы пландарын кыйратты. Өткөн жылы газдын споттук баасы дээрлик он эсеге өстү. Анын артынан электр, күйүүчү май, ташуу кызматы, азык-түлүк да кымбаттады.

Адегенде мындай көрүнүш тооруктарда гана байкалган. Бир-эки айда ал катардагы европалыктын да чөнтөгүн жукартары турулуу иш. Жок эле дегенде катардагы британиялык үй кожойкеси электр акысына мурдагыга караганда 1500 фунтка (150 миң рублге) көп төлөөгө туура келет. Ансыз да калк үчүн аталган өлкөдө бир киловатт Россияга караганда алты эсе кымбат эле, эки миллион үй чарбасы акчасынын жоктугунан улам мындай төлөмдөрдү төгө албай калган. Кырдаалга сереп салган Виктория Никифорованын макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Жашыл энергетикага эмне болду? Шамалдан кубат өндүрүүчү жабдуулар жана күн панелдери азырынча бул тармактын жүгүн көтөрө албай келет. Быйыл Европада кайра калыптануучу булактардан кубат алуу көлөмү кыйла кыскарды. Январда Европа биримдиги сөздүн түз маанисинде күндүн көзүн көрө алган жок. Жайкысын шамал сокпой, булут каптап турушу, былтыркы кычыраган кыш, алдыда мурдагыдан да аяздуу суук күтөт деген божомолдор — бааны түзө турган күчтүү факторлордон.

Кесепеттери көп күттүргөн жок. Электрдин кымбатташы жер семирткичтерди өндүрүүчү заводдордун жабылышына алып келди. Ташуу кызматы күн санап өсүүдө. Кооптонгон фермерлер өз өндүрүмдөрүнүн баасын көтөрүүдө. Адамдар жумушунан ажырап, супермаркеттердеги бааларды карап үрөйлөрү учууда.

Европалыктардын энергетикалык каатчылыктан чыгуунун жолу айдан ачык. Россия менен кызматташып, Атомдук электр станцияларына буюртма кыла алат. Бүгүнкү күндө мындан таза жана кубаттуу энергия булагы жок. Бирок америкалык өнөктөштөрү түшүнбөй калышынан чочулашат. Ошентип европалык бийлик өзүнүн экологиялык бардык ураандарына карабай жапырт түрдө көмүргө – окумуштуулардын баары кескин сындап келген эң кир, эң зыяндуу отунга өтүүдө.

Европалык орто класс жыл бою рекорддук ыргакта жакырланып келе жатканына күбөбүз. Баалардын тынымсыз өсүшү дагы түбүнө жетчүдөй. 2020-жылдын сентябрында Улуу Британияда тамак-ашка каражаты тартыш үй-бүлөлөр 14 пайыз болсо, быйыл жайда алардын саны 24 пайызга чыкты. Өкмөт жакырларды колдоого тырышты. Мектептерде акысыз тамак берилген балдарга каникул маалында да каралашууга туура келди. Ач калган үй-бүлөлөргө тамакка талон да бериле баштады. Бир аптага берилген бир даана талон үч фунт стерлингге (орточо 300 сом) товар сатып алууга мүмкүндүк түзөт. Ушул тапта ал 4,25 фунтту түзүп калды. Дүкөндөн ага сүт, жашылча-жемиш, буурчак, акшак, балдар азыктарын гана алууга уруксат бар. Анан да бул акчага эмне жетет? Санап көрсөк, болгону эки литр сүт, бир-эки кило картошка, беш банан келет.

Мындай жагдайда укук коргоочулар белгилегендей, бул үй-бүлөлөр жакында азык-түлүк менен жылуулуктун бирин тандоого аргасыз болушат. Британияда кышкысын ондогон пенсионерлер көз жумат. Жылуулуктан үнөмдөө үчүн түнкүсүн батареяларды өчүрүп жатышат. Таңда алардын тоңуп калган сөөгү табышат. 2014-жылы мындай өлүмгө 40 миңден ашуун киши кабылган. Быйылкы кышта да ошондой өлүм учурларынын көбөйүшү күтүлүүдө.

Испанияда кыш жылуураак өткөнү менен тамак-аш жагдайы татаал. Мадридде эле жыл башында 186 миң киши азык-түлүк банктарынан тамак алып турушкан. Бул – 25 жылдан берки эң начар көрсөткүч. Пенсияларын адатта адамдар ишсиз калган балдары жана неберелерине беришет. "Крестная мать" кайрымдуулук уюмунун маалыматына таянсак, аларга жардам сурап кайрылган карыялардын саны быйыл 63 пайызды түзгөн.

Бекер тамак-аш тараткан мадриддик Сан Хуан де Диос чиркөөсүнүн дин кызматчысы Би-би-синин журналисттерине автобуска акчалары жоктугунан улам шаардын башка бир бурчунан жолго эки саат сарптап келишерин айтып берген. Анан да алар – үй-жайсыз же маңзат колдонгондор да эмес, бул европалык орто класстын гана өкүлдөрү. Жумушсуз калып, колундагы топтогонун коротуп, күтүүсүз тооруган кымбатчылыкка туруштук бере албагандар.

Электр акысынын кымбатташы дагы бир көйгөйгө кептейт. Бул жагдай европалык товарларды дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмсүз кылат. Европа биримдиги үчүн негизгилерден болуп америкалык рынок эсептелет. Европалыктарга жашыл күн тартибин таңуулаганы менен америкалык бийлик өздөрү күн жана шамал энергиясына өтүүгө эми ашыкпайт. Өздөрүндөгү арзан электр кубаты аларга атаандаштык артыкчылыгын берип, рыноктон Европа биримдигин сүрүп чыгарууга мүмкүндүк түзөт.

Калк кабылган ушундай абалга европалык саясатчылар чара көрүүгө белсенип, айыптууларды издеп кирди. Акыры буга кайрадан эле орустарды күнөөлүү деп табышты.

Британиялык парламенттин депутаттары "Газпромго" кат жолдошту. Анда компанияны рынокту "манипуляциялап" жана газдын баасын көтөрүүгө айыпташат. Европарламент да ушундай эле нукта аракет этүүдө.

Айрым парламентарийлер Европа комиссиясын антимонополиялык иликтөө жүргүзүп, Европада баары кымбаттап кеткени үчүн "Газпромго" доо коюуга чакырууда. Бирок кеп мында газдын споттук баалары туурасында эмеспи. "Газпром" буга эч качан келишим түзүүгө каршы чыккан. Ал түгүл Европа биримдиги менен дал ушул боюнча соттошуп, утулуп калганы маалым.

"Газпром" биржалык оош-кыйыштардан көз каранды болбогон туруктуу баалары менен узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүнү сунуштаган. Бирок ошондо европалыктарга споттук баалар пайдалуу болуп, айткандарынан кайтышкан эмес. Өздөрүнүн ачкөздүк жана алысты көрө билбегендигинин айынан кептелген абал үчүн алар эми россиялык ишкананы күнөөлөөгө далбасташууда.

Бир топ жылдар бою "Газпром" европалыктар таңуулаган эрежелерге ылайык иш алып барды. Бүгүн алар баарын бекер алгысы бар. Мындай аракеттер Украинаны эске салат. Албетте, андай доо арыздардын келечеги жок.

Европалыктардын кандай арга көрөт? Америкалык суюлтулган газды сатып алабы? Океан ар жагындагылар рынокту каалагандай калчоону жакшы өздөштүргөн эмеспи. Союздаштары кабылган кыйын кырдаалдан пайдалануу менен алар бааны болушунча көтөрүшү мүмкүн. Анда ЕБ үчүн бүгүнкү көйгөйлөрү анын жанында шоона эшпей калышы ыктымал. Эгер туура ой жүгүртүшсө, орус газына жападан жалгыз альтернатива – россиялык АЭС экенин түшүнүшөт. Ал эми экөө биргеликте алынса, абал алда канча жакшыра түшөт.

194
Белгилер:
газ, отун, май, азык-түлүк, кымбаттоо, Европа, Россия, экономика
Тема боюнча
Уурдалган миллиарддар. АКШда Жемкорлукка каршы фондунун клону түзүлгөн. Иликтөө
"Жол бербешибиз керек": Батыш Россия менен Кытайды алдамак болдубу?
АКШ президенти Жо Байден. Архивдик сүрөт

Согуш отун тутантпасын деп… АКШ президентинен өзөктүк баскычты алып коюшту

214
(жаңыланган 20:02 19.09.2021)
Быйыл январда Америка Кошмо Штаттарынын мыйзамдуу шайланган президенти америкалык өзөктүк куралды көзөмөлдөгөн эмес. Мындай чуулгандуу жаңылыкты жарым кылым оболу президент Никсонго "Уотергейтти" уюштурган айтылуу журналист Боб Вудворд жарыялады.

Жакында эле жарык көргөн "Тобокелдик" ("Peril") китебинде журналистиканын 78 жаштагы патриархы АКШнын Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Марк Миллинин сөзүн келтирет. Айтымында, ал 6-январдагы окуядан соң Трамп кетеринде бир чуу салып кетет деп катуу чочулап, өзөктүк сокку уруу жөнүндөгү чечим кабыл алуу алгоритмин өзгөрткөн. Ошол билдирүү жана Кошмо Штаттардын өзөктүк курал жаатындагы жагдайга Виктория Никифорова баам салган.

Мыйзамга ылайык, АКШ президенти аскер жетекчилери, эң оболу Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы менен консультация өткөргөн соң өзөктүк ракеталарды коё берүү жөнүндө буйрук берет. Аскерлердики кеңеш берүүчү гана добуш. Бирок Милли офицерлерди бул жааттагы Трамптын бардык буйруктары алгач ага маалымдоону буюрган, андан ары эмне кылышты өзү чечмек.

Бул аз келгенсип Трампка кабарлабастан генерал Милли өзүнүн кытайлык кесиптешине – Борбордук аскердик кеңештин Бириккен штабынын жетекчиси Ли Цзочэнго телефон чалып, кокус бир нерсе болуп кетсе кабатырланбоону өтүнгөн. "Эгер биз сиздерге кол сала турган болсок, генерал Ли, мен сизге кабарлап коём. Бул күтүүсүз болбойт", – деген ал.

Ушул тапта республикачылар жана демократтар ошол телефон чалуу мамлекетке чыккынчылык акты болгонбу же жокпу деп кызуу талкуулап жатышкан чагы. Кошмо Штаттардын мамлекеттик башкаруу тутумунда чындап эле баары чиеленишип калды, демократтар "сиздер түшүнбөй турасыңар, бул бөлөк!" деп кыйкырышат. Баарынан кызыгы көпчүлүк аларга кулак салып, ынанып да жаткандыгында.

Байдендин келиши менен кырдаал жакшыра түштүбү? Анткен жери жок. Афганистан туурасында суроолорго жооп алуу үчүн АКШнын башкы командачысын конгресске чакырышкан. Бирок Байдендин башка иштери чыгып калыптыр. Конгрессмендердин алдында ал үчүн жагдайдан таптакыр кабары жок мамлекеттик катчы Блинкен "соккуга калды".

"Деги бизде ким баарына жооп берет? Ким чечим кабыл алат?" — деп сурады андан сенатор Риш. Ал Калифорниядагы өрт боюнча кызмат өкүлдөрү менен жолугушуусунун эң кызуу жерине келгенде президенттин сөзүн эфирден кесип салышканын Блинкендин эсине салды.

Өлкөнүн Башкы штабынын жетекчиси башка мамлекеттин башкы штабындагы жолдошуна телефон чалып: "Кабатыр болбо, кокус силерди жардыра турган болсок, кабарлап коём" дегени да чындап эле кызык, анан да күдүк ойлорго түртпөй салбай койбойт.

Кошмо Штаттар кадимки, өзөктүк, биологиялык жана химиялык курал кору боюнча айныгыс чемпион эмеспи. Сүйлөп жаткан эфирин өчүрүп сала алышкан карыя жолбашчы ушул тапта дүйнө жүзүндө эң күчтүү армияны тескейт.

Анан да АКШнын аскердик машинасы азыр кызыктуу трансформацияны баштан кечирип жаткан чагы. Айрым аналитиктер державанын Афганистандан качышы жана Сауд Аравиясын аскердик колдоодон күтүүсүз баш тартышы тегин жерден эмес дешет. Бул маңызсыз жана баарын жадатып бүткөн "эл аралык террорчулукка каршы согуштун", эл аралык агрессиянын алда канча масштабдуу программасын жүзөгө ашыруу аракетинин аякташы экенин белгилешет.

Rand корпорациясынын маалыматы боюнча, 2014-жылы эле Пентагондо "Үчүнчү калыптануу" (The Third Offset) деп аталган кандайдыр бир табышмактуу планды талкуулоого киришкен. Анда АКШнын негизги аскердик каршылаштары болжол менен күчтөрү бирдей Кытай менен Россия болору камтылган. Аларды жеңүү Америкага жаңы көп полярдуу дүйнөдө үстөмдүктү камсыздап бермек.

Афганистан же Ирак өңдүү кенедей өлкөлөр унутта калып, күчтүн баары кудуреттүү державаларга каршы күрөшүүгө топтоштурулмак. Бул үчүн армия супертехнологиялык болуп, роботторго, жасалма интеллект, космостук технологияларга, кибер күчтөргө ээ болууга тийиш эле. Эмне үчүн "Үчүнчү калыптануу"? Алгачкысы – Корея согушунан кийинки АКШ армиясынын технологиялык кайра жаралуусу. Экинчи катары технологиялык секирик Вьетнамдагы согуштан утулгандан кийинки тирдениши айтылса керек. Үчүнчү калыптануу террорчулукка каршы согуштун аягына пландалган.

Анткен менен андай демилге колдоо тапкан эмес. Бирок 2018-жылы Трамптын тушунда улуттук коргоо стратегиясы кабыл алынган. Кошмо штаттардын башкы душмандары катары анда да дал Кытай менен Россия, ал эми болочоктогу согуштук аракеттердин негизги театры катары Индия жана Тынч океандын акваториясы белгиленген.

"Үчүнчү калыптануу" — чөлдө талибдерди кубалагандай эмес, башка стратегия, бөлөкчө курал, башка суммадагы каражат. Трамптын тушунда Пентагондун бюджети 700 миллиард доллардан ашып кеткен.

Байден 2022-жылга аскердик багытка 753 миллиард бөлгөнү турат. Болгондо да анын жүз миллиарддан ашууну аскердик жаңы технологиялардын флагманына, тагыраагы, АКШнын Коргоо министрлигинин келечектүү изилдөөлөр башкармалыгына берилет. Кибер күчтөр 10,4 миллиарддан көбүрөөк каражат алат. Ошол ири планда эбегейсиз роль жасалма интеллектке жүктөлгөн. Google аянтчасынын ээси Эрик Шмидт, Palantir платформасынын кожоюну Питер Тиль жана санарип жаатындагы олигархтар Пентагонго өз өндүрүмдөрүн ийгиликтүү сатып келе жатканына бир топ болду. Алар кандай иштейт, ал башка кеп.

Жасалма интеллект бир топ жолу таң калыштуу каталарды кетиргенине дүйнө күбө. Мисалы, 2003-жылы Ирак согушу башталган тушта учкучсуз учурулган америкалык "Патриот" ракеталары жаңылыштык менен адегенде британиялык, андан соң америкалык истребителдерди атып түшүргөн. Алардын учкучтары ошентип кокустуктан шейит болгон. Жакында эле Германиядагы америкалык Рамштайн базасындагы эрте маалымдоо системасы жалган сигнал берген. Дал ошол маалда Балтика деңизинде россиялык Аскер-деңиз флотунун машыгуулары өтүп жаткан эле. Компьютер окуу алкагында ракеталардын коё берилишин чыныгы сокку катары кабылдаган экен. Ошентсе да америкалык өнөктөштөр өзөктүк куралдануу жаатында жасалма интеллектти пайдаланууну пландоодо. Анан калса ракета коё берүү жөнүндө чечим кабыл алуу сымал өтө сезимтал багытында колдонулушу мүмкүн.

Америкалык коргоо жаатындагы басылмалар, ошол эле Rand корпорациясы коркунучту таап, ажыра билүү жана чечим кабыл алууда компьютер кантип ката кетирери туурасындагы ондогон сценарийлерди сүрөттөшкөн. Мисалы, аны атмосфералык өзгөчө көрүнүш деле жаңылтып коё алат. Компьютер аны душмандын ракетасы катары кабылдап, ага өз ракеталарын багытташы ыктымал. Аны байкаган каршылаш тарап чыныгы ракетасын чыгарып, ошентип кыямат-кайыңга кептеп коюшат деп чочулайсың.

Анткен менен демилге улам колдоого татып барат. Жасалма интеллект америкалык өнөктөштөргө түтүн түтөтүп көздөн жазгыруу ыкмасындай пайдалануу үчүн гана керекпи деген ойго эрксизден берилесиң. Ким буйрук берген? Тээтиги компьютер, болгону адашып калыптыр. Анан аягы "Кимди ким көрдү? Быржыбайды там басты" дегендей эле болот. Жоопкерчиликке да тартылчу жан болбойт. Мейкиндикти анча баамдай албаган президент. Керек учурда "терекке чыккан" вице-президент. Алсыздыгы айдан ачык мамлекеттик катчы. Аскерлерби? Генерал Марк Милли америкалык армияны түрлөнтүү жана анда маданий айырмачылыкты сактоого багытталган саясатты жүргүзүү менен алек.

Жасалма интеллектке буйрук берип, андан соң "түпкүрдөгү мамлекеттеги" белгисиз олигархтар тарабынан кабыл алынган чечимди компьютердин катасы деп кутулууну көздөшөбү?

СССРдин курамындагы республикалар өзүнчө бөлүнүп жатышкан 1990-жылдары америкалык өнөктөштөр кандай гана чуу салышпады. Талап-тоноо, өзөктүк куралдын аткезчилиги жөнүндө канча жоромолдорду жайышпады. Алардын эч бири орундалган жок. Советтик цивилизация соңку сыноону татыктуу жеңип, өзөктүк куралын сактап, жалпыга толук коопсуздукту камсыздап берди. Америкалыктардын өз ракеталарына мамилеси да кызык. Кезегинде Билл Клинтондун ракеталарды коё берүү коддорун (сыр сөздөрүн) жоготуп алганы аргасыз эске түшөт. Көпкө издеп убара тартышканы жаңылыктардан маалым. Эгер америкалык элитанын интеллекти ушундай болсо, анда алардын жасалма интеллекти кандай иштейт? Эл аралык коомчулук АКШнын өзөктүк кнопкасынын тегерегиндеги абалга көңүл бурууга учур келгендир...

214
Белгилер:
АКШ, президент, согуш
Тема боюнча
Мунайдын баасы дагы канча убакыт кымбаттайт? Саресеп
Кан тапрышып жаткан адам. Архив

COVID болгондор жана вакцина алгандар канча убакытта кан тапшыра алары айтылды

0
Бейтап коронавирустун формасына жараша донор боло алат. Илдеттин орто жана оор формасы менен ооругандарга кан тапшырууга көпкө чейин болбойт.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Коронавирус менен ооругандан кийин жана вакцина сайдырган соң канча убакытта кан тапшырса болорун Республикалык кан борборунун медициналык иштери боюнча директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева брифинг учурунда айтып берди.

Анын билдиргенине караганда, коронавирустук инфекциянын жеңил түрү менен ооруп айыккандар 30 күндөн кийин кайрадан кан тапшыра алышат. Ал эми вирустун орто жана оор формасы менен ооругандарга кан жана анын компоненттерин тапшырууга алты айга чейин тыюу салынат.

"Эмдөөдөн кийин качан кан тапшырса болору буйрукта бекитилген эмес. Бирок бизге белгилүү болгондой, кан бергенден кийин анын клеткалык элементтери — эритроциттер, лейкоциттер жана тромбоциттер калыбына келиши керек, бул төрт жумадан алты жумага чейин созулат. Ошондуктан эмдөөдөн бир айдан ашык убакыт өткөндөн кийин кан тапшырсаңыз болот", — деди Сатыбалдиева.

Ал медициналык жайлар дагы деле донорлорго муктаж экенин айтып, коронавирустан толук айыгып, вакцина алгандарды кан тапшырууга чакырды.

0
Белгилер:
Айганыш Сатыбалдиева, коронавирус, эмдөө, донор, кан тапшыруу
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дан кийин чачтын түшүшүн кантип токтотсо болот? Трихологдун кеңеши