Кабулдун четиндеги талибтер

Кабулдагы терактылар, Багландагы салгылаш. Талибдер көзөмөлдү колдон чыгаргандай

421
(жаңыланган 20:47 21.10.2021)
Кабулдан чет өлкөлүк күчтөр чыгарылып, Афганистанда америкалык өкмөт кулагандан бери деле ири шаарларда терактылар уланууда.

Өлкөнүн түштүгүндө талибдер саясий атаандаштары менен кармашып, республиканын экономикасы күндөн-күнгө кыйрап барат. Убактылуу өкмөт эл аралык саясий активдүүлүгүн көрсөткөнү менен көп улуттуу 40 миллион калктын мүдөөсүн эске алган жок.

20-октябрда афган борбор калаасынын кыйма-чийме түшкөн Дехмзанг кесилишинде теракт болду. Бул кайгылуу окуяга кейиген аскерий баяндамачы Александр Хроленко Афганистандагы жагдайга кайрадан сереп салган.

Бул каргашанын курмандыктарынын так саны азырынча белгисиз. Middle East Press агенттиги куралчандар кесилиштеги полиция тилкесин аткылап, бир кызматкер набыт болуп, дагы бири жарадар болгон. Кол салгандар изин жашырып кеткен, эч бир топ бул окуяга жоопкерчилик албаганы менен ИМ* уюмунун мурдагы терактыларын эске салат.

Афганистандын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ("Талибандын"* мүчөлөрү): "Бүлгүн салуучу күчтөр кырдаалды туруксуздаштырып, жаңы өкмөттү өлкөдөгү, анын ичинде борбор калаадагы абалды көзөмөлдөөгө жөндөмсүз катары көрсөтүүнү көздөп жатат",  — деп билдирүүдө.

Талибдер Афганистандагы ИМ* ишмердигин чет өлкөлүк атайын кызматтар тескейт деп эсептешет. Кантсе да талибдер мамлекеттик башкаруу жана жай жарандардын коопсуздугун камсыздоодогу аракеттерине караганда "бүлгүн салуучу күчтөр" туруксуздаштырууда кыйла ийгиликтүү болууда.

Ушундай жагдайдан улам Москвада 20-октябрда РФ тышкы иштер министри, Пакистандын атайын өкүлү, талибдердин делегациясынын катышуусунда Афганистан боюнча жолугушуу өттү. Анда аталган өлкөдөгү абал жана гуманитардык каатчылыктын алдын алуу боюнча эл аралык аракеттер талкууланды.

РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров афгандыктарга коркунуч негизинен ИМ* жана "Аль-Каид"* тарабынан жаралып жатканын белгиледи. Анын алдында эле РФтин аталган республикадагы элчиси Дмитрий Жирнов талибдердин бийлигин таанууга азырынча эртелик кыларын айткан. Ошентсе да жакын арада Москва Афганистанга гуманитардык жардам жөнөтмөкчү. Ал эми АКШ Каржы министрлиги миллиондогон афгандыктар кабылган капсалаңга карабай Афганистандын мамлекеттик резервдерин ачууга ашыкпайт.

Жардыруулар, салгылаш, экономикалык кыйроо

"Талибан"* кыймылы Пентагон жана НАТО күчтөрү менен кармашта ийгиликке жетишкени Афганистанга Ирак, Сириядагы согуштук аракеттерде бир топ дасыгып калган ИМ* террорчулары агылды. 15-октябрда согушкерлер Кандагардагы шииттердин мечитине чабуул койду, 130дан ашуун адам жабыр тартты. Болгондо да теракты атайын операциядай уюштурулган. Адегенде автоматтык куралдар ок чачып, жанкечти өзүн жардыруу менен аяктаган. Мечитке кол салууга жоопкерчиликти Афганистанда талибдердин бийлигинин негизги атаандашына айланып бараткан "Ислам мамлекети"* мойнуна алды.

Кабулдагы америкалык өкмөт кулагандан бери эле афган маалымат каражаттарында 17 теракты тууралуу кабарланды. Көпчүлүгүнүн аркасында "Ислам мамлекети"* турат. Борбордогу, Нангархар, Парван, Кунар, Кундуздагы терактыларда 600 чакты киши жабырланган.

8-октябрда Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясына караштуу Ханабад уездиндеги шииттердин мечитиндеги жардыруу 120 кишинин өмүрүн алды. 160тан ашуун адам жаракат алды. Терактылар ачык эле талибдерге каршы мүнөздө. Мисалга, 3-октябрда Кабулдагы Идгах мечити таасирдүү талибдердин бири Забихулла Мужахиддин апасын узатуу зыйнаты өтүп жаткан маалда жардырылды.

Түндүктөгү Баглан провинциясынын аймагында талибдер Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун кошуундары менен салгылашууда. Эске салсак, аталган кыймылды тажик тектүү кенже Ахмад Масуд жетектейт. Пули-Хисар жана Дих-Салах уезддеринде талибдер 60 жоокеринен айрылып, чегинүүгө аргасыз болушту.

Ахмад Масуд мекендештерине террорчул "Талибан"* кыймылынын бийлигине каршы көтөрүлүүгө кайрадан чакырык таштады. Анан да өзү башында турган каршылык көрсөтүү күчтөрү "Панжшер өрөөнүн куткаруу ниетинен" кайтпай турганын белгиледи. Андан мурдараак Масуддун кошуундары "Гиндукуштагы партизандык аракеттер Пакистанга "Талибанга"* түз жардам көрсөтүүгө" жол бербестигин жар салган. Ошол себептен Панжшер провинциясын толук көзөмөлгө алды деген талибдердин маалыматы чындыкка коошобу деген түкшүмөл суроолорду жаратат.

"Талибан"* бийлигине "ички легитимдүүлүк" жетишпей турганы анык. Мунсуз жаңы бийликтин эл аралык коомчулук тарабынан таанылышы мүмкүн эмес экенин айтат Афган ислам республикасынын мурдагы президенти Хамид Карзай.

Тажик-афган чек арасынан күн сайын Афганистандан 600гө чукул жаран өтүүгө жан үрөйт. Тажикстанда алардын саны 15 миңден ашып калды. Мыйзамсыз афган качкындарынын алды Польша чек арасына дейре жетти.

"Эмирликте" азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы өсүүдө. Эл аралык валюталык фонд 2021-жылы афган экономикасы 30 пайызга төмөндөйт деп жоромолдоодо. Ошол эле убакта Дүйнөлүк банк, АКШ Каржы министрлиги сымал эле аталган фонд да талибдердин ресурстарды алышына бөгөт койгон.

Сыягы учурда өлкөдө кармана турган жалгыз киреше булагы маңзат трафиги жана кызыкдар коңшуларга америкалыктар калтырып кеткен куралдарды сатуу же алмашуу жолу гана калды өңдөнөт.

Чек арадагы кырдаал

РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Москвада талибдер менен гуманитардык маселени чечип жатса, коргоо министри Сергей Шойгу Тажикстан жана Өзбекстан аймагында афган чек араларына жакын жерлерде аскердик машыгууларга көз салууда. Россиялык эки министр тең Россия жана өз союздаштарынын коопсуздугун ар кыл ыкмалар менен камсыздоо далалатында.

Афганистанда жыйырманын тегерегинде террордук топ бар. Алардын айрымдары Борбор Азияга басып кирүүгө даяр. Маселен, экстремисттик "Хаккани түйүнү"* бийликтеги "Талибандын"* курамында туруп да өз алдынча аракеттерге барып, "Аль-Каида"* менен тыгыз байланышта.

Россиянын президенти Владимир Путин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын башчылары менен жолукканда Афганистандын түндүгүндө ИМдин* эки миңге чукул согушкери турганын кабарлап, Афганистан чек арасында террорчуларды биргеликте ооздуктоого чакырган.

Географиялык коңшулардын реакциясы мыйзам ченемдүү. Тажикстандын Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө алты мамлекеттин күчтөрү Афганистандан күтүлгөн террорчулардын мизин ыкчам кайтаруунун варианттарын иштеп чыгууда.

"Эшелон", "Издөө" атайын операцияларын жана ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн биргелешкен машыгууларын Россиянын Борбордук аскердик округунун командачысы Александр Лапин жеке өзү көзөмөлдөөдө. Аскердик окууларга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандан 4000 жоокер катышып, 500дөн ашуун аскердик техника тартылган.

Тажикстандагы бул иш-чарада душмандын жерин аныктап, жок кылуучу жаңы технологиялар сыналып, мобилдик радиолокациялык станциялар, чалгындоочу-сокку уруучу дрондор, ыраактан көзгө атар винтовкалар, радио электрондук күрөш тутумдары пайдаланылууда.

Кыргызстандагы россиялык "Кант" авиабазасынын төрт даана СУ-25 чабуул коюучу учагынын Тажикстанга жеткирилиши да авиациялык күчтү даана көрсөтүүдө. Булардын баары көйгөйлүү республикага чектеш аймактарда күтүлгөн куралдуу кагылыштардын баштапкы баскычында басып, чечкиндүү сокку урууга мүмкүндүк берет. Россиялык аскерлер Борбор Азия өлкөлөрүндө жок жогорку технологиялык курал жана аскердик тажрыйбага ээ экенин белгилей кетели.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

421
Белгилер:
Афганистан, Кабул, Теракт, согуш, техника, көзөмөл, 'Талибан' кыймылы
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (281)
Тема боюнча
Күндүн жарыгын көрбөгөн кыз-келиндер... Талибдерди бийликке алып келген 7 учур
АКШ эсминеци Arleigh Burke USS Ross. Архивдик сүрөт

АКШ эсминецтери Украина үчүн салгылашабы?

136
(жаңыланган 11:15 01.12.2021)
АКШнын Украинада жана ушул мамлекет үчүн Россия менен күрөшүүгө технологиялык мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Пентагон жана НАТОнун Кара деңиздеги чагымчылдык аракети күчтүүлүгүн эмес, чабалдыгын, логистикалык, тактикалык жана стратегиялык начардыгын көрсөтөт.

Кошмо Штаттардын USS Arleigh Burke ракеталык эсминецинин жана Аскер-деңиз күчтөрүнүн башка кемелеринин Кара деңиздеги кайгуулу – Вашингтондун согуштук күчү жана Россиянын суверендүү саясатына геосаясий таасирин көрсөтүмүш этиши. Мындай пикирди карманган аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар дал ушул тууралуу ой толгогон.

Жаңы эле афгандык талибдерден жеңилген АКШ жана сателлит мамлекеттердин аскердик коалициясы ракеталык-өзөктүк Россиянын өз эрежелерин "күч менен" орнотууга тырышууда. Айтмакчы, Кара деңиз флотунун "Шуя" ракеталык катери аскердик окуунун жүрүшүндө 26-ноябрда америкалык эсминецти "бутага алган".

Москва "өнөктөштөрү" менен өз ара пайдалуу кызматташууга, таза атаандашууга жана соода жүргүзүүгө ниеттенет. Бирок алар кас санаган тараптарына шылтоо ойлоп таап күчүн көрсөткөндөн, ал тургай өлтүрүүдөн артка кайтышпайт.

Россия белгилүү бир кырдаалда Батыштын чагымчылдыктарына катаал чара көрүүгө аргасыз. АКШ жана НАТОнун Кара деңизде активдешип, РФтин чек араларына жакын Европа жана Түндүк Американын аймагындагы масштабдуу куралдуу жаңжалдын ыктымалдыгын жогорулатууда.

АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн 6-флотунун маалыматына таянсак, 25-ноябрда USS Arleigh Burke эсминеци "эң маанилүү бул эл аралык суу жолундагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо" үчүн Кара деңиз акваториясын "күзөтүүгө" киришти. Эске салсак, бул жол сомалиялык деңиз каракчыларынан толук куткарылган.

Кара деңиз аймагындагы АКШ жана НАТО өлкөлөрүнүн аскердик активдүүлүгү, буга аталган деңиз жээгиндеги мамлекеттердин тартылышына себеп жок, бирок мындай жагдай Россиянын стратегиялык туруктуулугуна, аймактык коопсуздугуна коркунуч туудурат.

РФ Коргоо министрлиги Одесса жана Батумиге АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн биргелешкен машыгууларын жана кемелеринин сапарларын туруксуздаштыруу фактору катары карайт. Мында америкалыктардын башкы максаты постсоветтик мейкиндикти (Украина жана Грузия) аскердик өздөштүрүү деп боолголойт.

РФтин Кара деңиз флоту менен Түштүк аскердик округунун күчтөрү жана каражаттары америкалык аскердик кемелердин кыймылына тынымсыз көз салып, душмандык жоруктарга (россиялык чек араларды бузуу) ыкчам чара көрүүгө дайым даяр.

Arleigh Burke эсминецине деңизде суу бетиндеги кемелер жана субмариналар, абадан аскердик авиациясынын учкучтары көз салып, кургакта потенциалдуу душманды Кара деңиз флотунун жээктеги радарлары ачык коштойт. Кара деңизде АКШнын НАТОдогу өнөктөштөрү жана блоктон тышкаркы союздаштары менен чогуу окуулары, эсминецтин "деңизде эркин сүзүшү" жана "америкалык өзгөчөлүгү" суткасына 24 саат бою россиялык ракеталык комплекстердин байкоосунда.

АКШ кемелеринин Кара деңизде байма-бай машыгуулары – Вашингтондун киевдик режимди саясий колдоосунун белгиси. Бирок Кошмо Штаттардын Аскер-деңиз флоту деңиздердин айрым тилкелери россиялык экенин тааныбай, жаңжалдык кырдаалдарды атайын жаратып келет.

Россиялык жээктерге жакын Пентагондун машыгууларына аргасыздан авиация жана флоттун күчү менен чара көрүү – РФтин коопсуздугунун шарты. АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн активдүүлүгүнүн өсүшү менен согуштук аракеттердин мүмкүндүгү да артууда. Анткен менен америкалыктардын мындай кооптуу оюндары оңунан чыкпас. Вашингтон менен Киевдин "кышында Украинага россиялык күчтөрдүн кол салары" туурасындагы жалган маалыматтарынын күчү көпкө узабады. Брюссель кооптонуп, азыртан "украиналык фронттон" оолактады.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг альянстын тышкы иштер министрлеринин Латвияда кечээ старт алган саммитинде "украиналык чек аралардын жанында россиялык күчтөрдүн топтолгонун" да карайт. Бирок жамааттык коргоо НАТОнун Уставынын 5-беренесине ылайык, ага башка мамлекет кол салган күндө да Украинага таралбайт. Альянс Киевди "толугу менен колдойт", бирок ал үчүн Москва менен согушууга барбайт. Мындан улам Украина менен "агрессор мамлекеттин" болжолдуу кармашында АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн USS Arleigh Burke эсминеци жана 6-флотунун башка кемелери европалык союздаштарынын жардамысыз аракет этүүгө мажбур болмокчу.

Реалдуу куралдуу салгылашта "союздаштардын өз ара аракети" Россиянын жогорку технологиялык соккусуна кабылат. Америкалыктар өз флотунун ракеталык кемесинин россиялык чек араларына жакын жерде жайгашуусу менен эле Москванын жүрөгүнүн үшүн алат деген ойдо. USS Arleigh Burke эсминеци аскердик маалыматтык тескөө системасы, "Иджис" абадан коргонуу тутумунун компоненттери менен жабдылган. 1600 чакырымга чейинки аралыкты багындыра алчу 60 "Томагавк" канаттуу ракетаны (бир бөлүгү өзөктүк куралданган) ташый алат. Ошондой эле бортунда кайыкка каршы ASROC жана Standart зениттик ракеталары бар. Бирок 6-флоттон өзүнчө бөлүнгөн Arleigh Burke Кара деңиздеги ыкчам мейкиндикте дээрлик сүрү деле жок. Андай буталарды жок кылууга россиялык моряктар жана учкучтар ийине келтире машыгышкан. Arleigh Burke тарабынан ракеталык куралдын колдонулушу Россияны жооп катары АКШ аймагындагы андай чечим кабыл алынган борборлорго сокку урууга түртөт.

29-ноябрда РФ Коргоо министрлиги "өнөктөштөрдүн" стратегиялык алсыздыгы жөнүндө эскертип, өзүнүн стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүн кайра куралдандыруу алкагында шахтага "Ярс" (11 миң чакырым аралыкка дейре) континенттер аралык ракеталарынын жүктөлүшүн көрсөттү.

Үч баскычтуу "Ярс" ар бири 500 тоннага чейинки кубаттуулуктагы жеке мээлөөчү төрт блок менен жабдылган. РФ стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүндө бул комплекстин мобилдик жана шахталык аткаруудагы 150дөн ашуун орнотмосу бар. Баш-аягы 600 аскердик блоктон турат.

"Советтер Союзу флотунун адмиралы Горшков" фрегаты 29-ноябрда дагы бир жолу "Циркон" гипер үндүү ракетасы менен таамай атып, 400 чакырымдан деңиздеги бутасын кыйраткан. Андан бир күн мурун Россияда бул ракеталардын сериялык өндүрүшү башталганын да белгилей кетели.

Баса, Украина коргоо министри Алексей Резников Бердянскидеги жаңы аскердик-деңиз базасынын курулушунун тез ыргагынан кеп салган. Бирок базадагы чет элдик журналисттер, CNN маалыматтары боюнча, "алдыда дагы иштер көп экенин", "согушка чейин" убакыт жетпей калышы мүмкүн экенин аңдашты.

Украинанын Аскер-деңиз күчтөрү жаңы эле америкалык Балтимордон мурда пайдаланылган "Island" тибиндеги эки күзөт катерин алды. Жакында жээкке чыгышы мүмкүн. Киевдеги саясий олку-солкулуктарга, мамлекеттик төңкөрүш даярдыгы жөнүндө ушак-айыңдарга карабастан, АКШ жана Украина куралдуу күчтөрү Донбассты тазалоо үчүн зооттолгон танк бригадасын жана аба-десанттык операциясын даярдоодо. Америкалык-украиналык бул пландар Европага жакшылык алып келбейт.

Норвегиялык TV 2 Norge маалымат каражаты "Россия өзүнүн саясий максаттарына жетүү үчүн кошумча аскердик күчтөрдү колдонууга даяр экенин, ошондой эле мажбурлоо дипломатиясына барарын белгилейт.

The Wall Street Journal басылмасы Россия Украинага кол сала турган болсо, Ак үйдүн эки: "оптимисттик" жана "пессимисттик" сценарийи бар экенин, бирок кандай болгон учурда да Украина өзү согушарын жазып чыкты. Башкалар жардамдашса да эч нерсе өзгөрбөйт. Москва эч кайда чегинбейт, Украина менен Батышты россиялык шарттарда тынчтыкка мажбурлоо үчүн эч бир нерсе тоскоол боло албайт.

Ошентсе да августта Афганистандагы апаат Киевде да кайталанбашы үчүн АКШ менен НАТОнун күчтөрүнүн Кабулдан качканын эстен чыгарбоо абзел.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

136
Белгилер:
АКШ, НАТО, Россия, Украина, курал-жарак, Кара деңиз, Пентагон, эсминец
Тема боюнча
Эки миңден ашык. РФте учкучсуз башкарылган техникалардын тобун санап беришти
"Кобальт", Hamkorlik жана башкалар. Борбор Азияда аскердик машыгуулар уланууда
АКШ президенти Жо Байден. Архив

Европанын Байденден биротоло көңүлү калдыбы?

208
(жаңыланган 20:13 30.11.2021)
Франциянын Кошмо Штаттардагы мурунку элчиси Жерар Аро: "Обама Европаны ойлоп да койгон эмес.

Трамп Европага кас болду. Мындай көрүнүш эбактан бери байкалат. Эми Байден. Ал Европанын көңүлүн катуу калтырды", — деди. Бул киши алгачкылардан болуп муну ачык айткандардан болду.

Дипломат азыркы америкалык администрациянын Европанын иштерине кызыгуусу жоктугуна нааразы. Еврокомиссия Байдендин командасына чогуу иштешүүгө мүмкүн болгон – киберкоопсуздук, криптовалюта, жогорку технологиялык тармактардагы салыктар жаатында суроолорунун топтомун жолдоду. Ушул жагдайга баам салган Александр Хабаровдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

"Эч кандай демилге жок. Европа тигил же бул багытта биргеликте иш алып барары туурасындагы билдирүүлөр да жаңырбайт. Америкалыктар Кытайга нук алды. Кошмо Штаттардын тышкы саясаты: Кытай, Кытай, Кытай болуп калды".

Француздар апкаарып калышты. Австралиялыктарга даярдалчу суу түбүндөгү кайыктар жаңжалынын айынан Париж үчүн абдан маанилүү дипломатиялык операция оңунан чыкпай калды. Ушул долбоор аркылуу француз тышкы иштер министри Вашингтон менен мамилесин чыңдоого үмүттөнгөн эле.

Сентябрда Чесапик салгылашуусуна 240 жыл толду. Дал француз флоту 1781-жылы АКШнын көз карандысыздыгы үчүн согуштун жүрүшүн толук өзгөртүп, британиялыктарга чечкиндүү сокку урган.

Француздардын флотилиясын жетектеген контр-адмирал граф де Грасс Британ империясы менен касташкан өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн ошондой кадамга барган. Эки жарым кылым өткөн соң ошол кармашкан тараптардын тукумдары Кошмо Штаттардын жакынкы союздашы атыгуу үчүн тирешти улантары ал кол башчынын оюна да келбегендир.

Өздөрүнүн эзелки эрдигин америкалык өнөктөштөрүнүн эсине салуу үчүн бул мааракенин урматына Франция элчилигинде салтанаттуу банкет пландалган. Бирок француз элчисин Парижге чакыртып алышты. Ал иш-чараны токтотууга туура келди. Анткен менен Макрон андан ары да кадам таштоого даай албады. Байден менен чындап жаңжалдашуунун ордуна француз президенти үн-сөзү жок австралиялык премьерге каарын төктү.

Олуттуу түрдө АКШнын эркине каршы баруу үчүн Шарль де Голлдун масштабындагы инсан зарыл өңдөнөт. Ал доллардан баш тартып, НАТОнун штаб-квартирасын америкалык базаларды өз өлкөсүнөн чыгарып, Кытай жана СССР менен өз алдынча макулдаша алган. Батыш Европа саясатында мындай генералдар азыр жок, ошондуктан Париж, Брюссель жана Берлин самаган "бириккен европалык армияны" жетектей турган дасыккан аскер жетекчилери табылбайт. Бирок ошондой каалоо бар.

Америкалыктар Афганистандан чыгып кетерин эң акырында кабарлап, европалыктарды дагы бир ирет катуу ызага батырып, аргасыз абалга салып кеткен.

"Европа, балким, мындан ары өз алдынча болууга жөндөмдүү жана даяр болушу абзелдир. Азыр бизге эң зарылы — бул Европалык коргоо союзу", — деп билдирди Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен.

Быйыл май айында Европа биримдигинин 14 өлкөсүнүн коргоо министрлери 5000 аскер кызматкеринен куралган ыкчам чара көрүүчү топту түптөөнү сунуштады. Андай күч кыйын кырдаалда пайдаланылмак, маселен, Кабулда европалыктар өз өкүлдөрүн жана карапайым жарандарын АКШнын жардамысыз чыгара алган жок.

Бирдиктүү куралдуу күчтөр жөнүндөгү демилге Европада 1999-жылы биринчи ирет талкууланган. 2007-жылы 1500 жоокерден турган ыкчам аскердик топтордун жамааттык тутуму түзүлгөн, бирок бир дагы ирет ишке тартылган эмес.

"Европалык коргоо" боюнча саммит Брюсселде келерки жылдын биринчи жарымына пландалган. Бирок кандай болгон күндө да аскердик тармактагы көзүр бөлөк уюмдун — НАТОнун колунда. Баса, анын штаб-квартирасы Бельгиянын борборунда жайгашкан. Башкача айтканда көп нерсе кайрадан эле АКШдан көз каранды. Европалык ишмерлер оюн топтоп, эркин бекемдегенче Евробиримдик менен Түндүк атлантикалык альянстын ортосундагы жаңыртылган концепциясын аталган уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг декабрда талкууга коёт.

Столтенбергдин позициясы түшүнүктүү: сентябрда британиялык The Sunday Telegraph басылмасына курган маегинде ал Европа биримдигинин куралдуу күчтөрү алар жетектеген блокту чабалдатып, ал тургай "Европага жик салуу" ыктымалдыгын, ал эми ыкчам аракет этүүчү бирдиктүү күчтөр НАТО боюнча союздаштарынын "жупуну ресурстарына" доо кетирет.

Европадагы аскердик көзөмөл дале Кошмо Штаттардын колунда. Бардык укук жана жоболорду бузуп Югославияны бомбалоодон соң, Бондстилде эң ири америкалык база ачылган.

АКШ эбактан тарта француз жана немецтердин кошумча ролун итерип, Киевди "өз канатына" алып, ушул тапта украиналык "от менен ойноодо". Кокус бир нерсе чыкса, бүтүндөй Европа кесепетин тартары бышык. Президент Макрон канчалык кыжыры кайнаса да, канча ирет океан ар жагындагы гегемонго маселе башкада экенин ишарат кылса да, абалга моюн сунууга аргасыз. Америкалыктар адегенде "Түндүк агым – 2ни" куруп-курбоого көрсөтмө берип, кийин бир убакта убада кылган газ танкерлерин кымбатыраак сатуу үчүн Түштүк-Чыгыш Азияга жайгаштырат. Байдендин бул биримдикке кылган жалгыз жакшылыгы – кезегинде Трамп киргизген европалык алюминий жана болотко болгон тарифти гана алып салганы болду. Тагыраак, пошлинасыз импорт мурдагы калыбына келтирилгени менен көлөмүн көбөйтүү аракеттери бөгөттөлүүдө. Байдендин администрациясы тарифти жокко чыгарууну көпкө создуктуруп жатып, Римдеги "Чоң жыйырманын" саммитине туура бир ай калганда "белек" кылганын да кыстара кетели.

"Балким, биз башынан бери айрым өнөктөштөрүбүз менен кызматташууда абдан баёолук кылгандырбыз", — деди федералдык канцлер кызматын тапшырып жаткан Ангела Меркель. Эске салсак, 2016-жылы Германиянын эң ири соода өнөктөшү Кытай болгонун, немец экономикасына туруктуу өсүштү камсыздоого көмөктөшкөнүн да унуткарбайлы. Бирок башында Шольц турган жаңы коалициялык өкмөткө Тайвань, Гонконг жана Синьцзян боюнча түндүк атлантикалык күн тартиби эбак таңууланды.

"Салт" уланып, Германия өз экономикалык кызыкчылыктарына карабай Европа биримдиги менен Кытайдын ортосундагы Инвестициялар жөнүндөгү макулдашууларды ратификациялоого каршы чыгары анык. Ага 2020-жылы кол коюлуп, бирок аны кабылдоо процессин Европарламент токтотуп койгон.

Лондон америкалык демилгелерди ишке ашырууда Вашингтондун негизги союздашы бойдон калууда. Бул жакта бир нече жылдан бери Кытай менен биргеликтеги долбоорлор жыйыштырылып келет. Тийиштүү буйрук менен өз авиаташуучусун да Түштүк-Чыгыш Азияга жолдогон.

Трамптын тушунда эле британдар кытайлык Huawei 5G түйүндөрүн өнүктүрүү боюнча келишимдерден баш тарткан. Алигүнчө ошол кадамы үчүн кандай "ыраазычылык" алганы түшүнүксүз. Кошмо Штаттар менен эркин соода тууралуу макулдашууга Жонсондун сунушу четке кагылганы да белгилүү. Түндүк Ирландия боюнча ЕБ менен болгон талашта (Brexit боюнча шашылыш келишимдин айынан эми Бириккен Королдуктан экономикалык жактан кол жууп отурат) АКШ Лондонго таптакыр колдоо көрсөтпөдү.

Британ кабинети өзү кол койгон Ирландия протоколун аткарууга милдеттүү экенин түпкү теги ирландиялык Жо Байден бир нече ирет эскерткен. Британиялык The Daily Mail басылмасы америкалык президенттин саламаттыгы жайында эмес экенин өз окурмандарына маалымдады. Бийликке Байденби же башкасы келеби, баары бир, башкысы эзелтен түптөлгөн мамилелер тутуму бузулбаса болгону.

208
Белгилер:
АКШ, Жо Байден, Европа, экономика, саясат, союз, саммит, Брюссель
Тема боюнча
Орус куралы: 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архив

Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешиндеги атаандашы Велиеваны дагы утту

14
(жаңыланган 01:28 04.12.2021)
Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова "Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу" мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен утуп алды. Спортчу кыздардын таймашын Россиянын Спорттук күрөш федерациясынын расмий сайты түз алып көрсөттү.

Эки бөлүккө созулган кыл чайнаш кармаштын жыйынтыгында кыргызстандын балбан кызы жеңишти илип кетти. Кармаштын биринчи эле бөлүгүндө Мээрим адегенде контр чабуул жасап бир упай алды. Көп өтпөй бутка кирип, атаандашын партерге жыгып дагы эки баллга ээ болду. Бөлүк 3:0 менен аяктады.

Экинчи үч мүнөттүктө кыргызстандык балбан кыз эсеп артыкчылыкты сактап калуу тактикасы менен күрөштү. Велиева чабуул жасап Мээримди эки ирет чийин сыртына сүрүп чыгарып эки упай алды. Беттеш 3:2 Мээримдин артыкчылыгы менен жыйынтыкталды.

Мээрим Жуманазарованы мелдешке машыктыруучусу атасы Рахмадил Жуманазаров коштоп барган.

Мелдеш Москва шаарындагы "ВТБ Арена Парк" спорттук жайында өттү.

Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган. Машыктыруучулук штаб Мээрим менен кеңешип, бул сунушка макул болгон.

Спортчу кыздар муну менен төртүнчү ирет кез келип жатат. Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген.

Калыстар беттеш эсебин таблодо туура эмес көрсөткөндүгү үчүн кармаштын жыйынтыгына карата айрым түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам Россиянын машыктыруучулар штабы кармашта реферилер ката кетирген деп эсептеп, калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айтып чыккан болчу.

Ал эми 2019-жылы Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта беттешсе, экинчисинде Польшада былтыр өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринде кез келип, Мээрим 7:2 эсебинде уткан.

Ал эми үчүнчүсүндө быйыл Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигинин жарым финалында кармашып, Мээрим жеңип алган.

14
Белгилер:
Мээрим Жуманазарова, Ханум Велиева, мелдеш
Тема боюнча
Жоламан күрөшкөндө титиреп турам... Легендарлуу Хаким агайдын видеосу
Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды