Режиссёр Лев Кулиджанов тарткан Кылмыш жана жаза фильминин тартылышы. Архивдик сүрөт

Курч сатирик жана детективдердин автору. Достоевский тууралуу

69
(жаңыланган 23:40 13.11.2021)
Бүт дүйнө орустун улуу жазуучусу жана эң белгилүү калемгери Достоевскийдин 200 жылдыгын белгилөөдө. Федор Михайлович ойчул катары гана эмес, курч сатирик жана XIX кылымдын башкы детективи катары бүгүн да актуалдуу.

Достоевскийдин образын ачып берген окумуштуу жана публицисттер көп учурда анын чыгармачылыгынын адеп жана социалдык тарабына басым жасашат. Мында кошумчалай турган деле нерсе жок, Федор Михайловичтин философиялык ойлорунун баары адабий сын менен толук ачылгандай туюлат. Бирок анын сатирик жагы изилдөөлөрдүн тышында калгандай.

Ошол эле учурда жазуучунун феномени, анын дүйнөгө таанылышы (Достоевский — эң көп которулган, дайым окулган орус классиктеринин автору) көбүнесе анын чыгармаларынын дал сюжетине негизделген. Федор Михайлович романдары үчүн адабий форманы тандоодо муну жакшы түшүнгөн. Себеби ал азыр да эң кеңири таралган адабий формалардан. Эгер талдай келсек, анын чыгармаларынын көбү маңызында кызыктуу сюжети бар детективдер эмеспи.

Маселен "Кылмыш жана жазаны" алалы, детектив эле эмес, иликтөө жана өкүнүү жөнүндөгү баян, абалга кылмышкердин көзү менен кароо мүмкүнчүлүгү, иш жүзүндө автор анын аң-сезимине окурманды жайгаштырып коё алат. Болгондо да бул Агата Кристинин кылмышка барган адамдын атынан жазылган алгачкы детективи "Рожер Экройддун өлтүрүлүшү" чыгармасы чыкканга чейин эле окурмандарга сунушталган.

Достоевскийдин жазуучулук таланты ушунда — окурман Раскольниковдун мотивин гана түшүнбөстөн, анын бөтөнчө сезимтал дүйнөсүн да жакын санап алат. Башка романдарында деле ошол. Мисалы, "Кейбирде" ("Идиот") — киши өлтүрүүгө барган Рогожин кылмышка улам жакындап отурганын, окуялар күчтөп олтуруп аны артка тартпай тургандай чекке жеткиргенин көрөбүз. Достоевскийдин "Жиндер" ("Бесы") чыгармасы да террордук ячейка жөнүндөгү болуп көрбөгөндөй чырмалышкан детектив. "Бир тууган Карамазовдор" — ар бир каарманынын атасын өлтүрүүгө себеби бар экенин көрсөткөн, кынтыксыз кынапталган соттук детектив.

Албетте, чыгарманын моралдык жана философиялык тарабын анын сюжети жокко чыгаргандай бул көз карашты үстүртөн караган дасыккан адабиятчылар айыптап чыгар. Бирок окурман эң оболу сюжетине үңүлөт, автордун чыгармада каткан "сыры" ага акырындап барып ачылат.

Ал эми Достоевскийдин сюжет жаратуудагы чеберчилигинен шек да саналбайт. Ал өзү муну жакшы түшүнгөндүктөн кээде өз чыгармаларында атаандаштары менен эсептешүүнү чечкендей таасир да калтырат. Ошондо бейтааныш Достоевский чыга келет: тили укмуштай курч сатирик, ошону менен катар эле тереңдигинен дегеле жазбайт. Буга бир эсе катаал, бир эсе күлкүлүү "Крокодил" аңгемесин мисал келтирсек болот. Майда аткаминер жаныбарлар жайына барып, аталган сойлоочу жандыктын кыжырына тиет, анан крокодил аны жутуп албаспы. Соңунда каарман жаныбардын кекиртегинен жылуу-жумшак, ыңгайлуу жана жайлуу экенин кабарлайт. Жетекчилик көп нерседен: кандайдыр либералдык тенденциялардан крокодилдин ичине жашынып алдыбы деп шектенет. Арык, кара мүртөз жана көз айнекчен аткаминердин андай образынан жазуучунун замандаштары, албетте, Чернышевскийге карата ачуу пародияны байкашкан. Достоевский доорундагы айыптоолордон "Жазуучунун күндөлүгү" чыгармасында эч бир адамды мисалга албаганын айтып коргонот. Мында классик жазуучуга ынанган оң, албетте, ал дал Чернышевскийдин эмес, жамааттык образды ачып бергиси келген. Реалдуу дүйнөдөн оолак майдачыл батышчыл коомду сүрөттөгөн. Эмнеден ага крокодилдин ичинде жакшы экенин айтууга тырышкан. Натыйжада каарман өз жагдайына да ыраазы, сойлоочу жандык жутуп алса да, соо калган, кайрадан жалпыны негизи баары кандай болушу керектигин так билерине ынандырууга өткөн топту мүнөздөгөн.

"Жиндер" чыгармасындагы жазуучу Кармазинов — дээрлик түз эле сатира. Каарман табиятты сүрөттөгөн, алгачкы махабатын эскерген, чет элдик композиторлордун ысымдарына толгон "Merci" аңгемесин окуйт. Окурмандары анын образынан дароо Иван Тургеневди тааныйт. Достоевский экөөнүн мамилеси оор болгон дешет.

Сыртынан экөөнүн алакасы сыпайы эле (Иван Сергеевич кай бир кезде Достоевскийге карызга акча берет, Федор Михайлович аны өтө кечиктирип кайтарат). Айрым кезде бул адабиятчылар бири-бирин чыгармалары менен чымчып турушкан. Бирок "Жиндерди" окуп чыкканда Тургенев Кармазиновдон өзүнө карата карикатураны көрүп, кыжырданганы айтылат. Достоевский мамилени оңдоого аракет кылса да, элдешүү мүмкүн болгон эмес экен.

Федор Достоевскийдин өмүр таржымалындагы ушул учурлардын баары изилдөөлөрдө көп айтылбай, терең жана ачык классиктин образын гана ачып келишет. Бирок анын дал ошол өзгөчөлүгү – замандаштары үчүн ыңгайсыз, талаштуу, бөтөнчөлүгү анын актуалдуулугунан дегеле жазбай турганын айгинелейт. Демек, анын чыгармачылыгынын ушундай катмарлары да бар, алар жаңы изилдөөчүнү да, дыкат талдап, түшүнө турган окурманын да дале күтүүдө.

Бүгүн да Достоевскийдин бейтааныш тараптарын ачып, ал түгүл аны менен талашып-тартыша турган жагдайларыбыз арбын. Кандай болсо да өзү буга даяр жана сын-пикирлерге териккен эмес. Анан калса чыгармаларында муну түз эле жазган. Сюжеттин чебери! Башка кептин кереги барбы!?

69
Белгилер:
Федор Достоевский, талант, калемгер
Тема боюнча
"Маданий дааватты" баштоо зарылдыгы тууралуу. 5 сунуш
Талибан согушкерлери Калайи-Нау шаарында. Архив

Афганистандагы чыныгы абал жана анын Кыргызстанга таасири. Конференцияга сереп

318
(жаңыланган 17:55 25.11.2021)
Афганистандагы кырдаал быйыл эл аралык темалардын алдыңкы сабында. Аталган өлкө жакынкы коңшулардан болгону үчүн бул маселе, албетте, Кыргызстан үчүн да абдан маанилүү.

Кечээ, 24-ноябрда, Бишкекте "Афганистандын жаңы реалдуулугу: Борбор Азия менен Россия үчүн коркунуч жана чакырыктар" деген аталыштагы кыргыз-орус конференциясы өттү. Иш-чаранын катышуучулары да кыйла абройлуу инсандар болду.

Конференциядан күткөнүбүз эмне эле?

Кыргыз улуттук университетинде уюштурулган конференцияны аталган окуу жайдын ректору Канат Садыков ачып, иш-чарага эксперттердин, саясат таануучулардын жана аналитикалык борборлордун жетекчилеринин жогорку профессионалдык коомчулугу топтолгонун билдирди.

Ректор Кыргызского национального университета Канат Садыков на конференции по ситуации в Афганистане, Бишкек. 24 ноября 2021 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргыз улуттук университетинде уюштурулган конференцияны аталган окуу жайдын ректору Канат Садыков

Садыковдун айтымында, Афганистан маселесинде үстүртөн айтылган пикирлерге, жалпыга багытталган булактарга таянган жоромолдорго жол берилбейт. Конференциянын максаты – жаш изилдөөчүлөрдү, атап айтканда, социология жана эл аралык алакалар жаатындагы болочок адистерди таптоо.

Россиянын өкүлүнүн пикири

Андан ары КРдеги Россия элчилигинин өкүлү Виктор Харченко сөз алды. Ал дипломатиялык өкүлчүлүк эки өлкөнүн илимий-эксперттик коомчулугунун конференция өткөрүү демилгесин кубаттай турганын билдирди.

Представитель посольства России в КР Виктор Харченко на конференции по ситуации в Афганистане, Бишкек. 24 ноября 2021 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
КРдеги Россия элчилигинин өкүлү Виктор Харченко

"Конференциянын Афганистандын өзүндө да, анын чегинен тыш да кырдаалды, ал жактагы окуялар эки мамлекеттин жаштарынын маанайына кандай таасир этерин талдоону көздөгөнү кызыктуу.

Иш-чаранын материалдары эки мамлекеттин гана эмес, интеграциялык бирикмелердеги өнөктөштөрүбүздүн да бийлик жана башкаруу органдарынын ишинде пайдаланылышы мүмкүн", — деп белгиледи Харченко.

Афганистанда АКШ жана анын союздаштарынын аракеттери эмнеге кептеди?

"Евразиялыктар — жаңы толкун" фондунун президенти Юрий Ануфриев Афганистандагы 20 жылга созулган согуш таптакыр майнапсыз аяктап, экономикасынын дээрлик толук кыйрашына алып келди.

Президент фонда Евразийцы — новая волна Юрий Ануфриев на конференции по ситуации в Афганистане, Бишкек. 24 ноября 2021 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Евразиялыктар — жаңы толкун" фондунун президенти Юрий Ануфриев

Он миңдеген афгандыктар набыт болду, маңзат трафиги бир топ эсе көбөйдү, болбосо афган жергесине америкалыктар 2 триллион доллардан ашуун каражат сарпташкан.

"Булардан сырткары АКШ Афганистанда аларга жардамдашкан өз өнөктөштөрүн таштай качып, өз аброюна да катуу шек келтирип алды. Дүйнө жүзүндөгү америкалык демократиянын наркы ушул. Тынчтык менен туруктуулуктун ордуна — дагы бир гуманитардык апаат, чектешкен мамлекеттердин аймагына да чыңалган абалды жайылуу коркунучу жаралды", — деп билдирди Ануфриев. Анын айтымында, мындай жагдайда Россия жана анын союздаштары коопсуздукту камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрөт. Атап айтканда, чек аралар бекемделип, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун биргелешкен окуулары өткөрүлүп, жаңжалдын жайылышына жол бербөө жөнүндө Афганистандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, гуманитардык апааттын алдын алуу үчүн афган калкына гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө.

Миграциялык каатчылыктын кесепеттери

КР Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков көлөмдүү жана кызыктуу доклад жасады. Ал Афганистан, Иран жана Пакистанда 15 жыл жүргөн. Өз сөзүндө ал бул учурларга токтолду.

Дүйнөлүк коомчулук жана саясат Афганистанда мындан ары эмне болоруна көңүл буруп турат. Суроолор улам арбып, ал эми азырынча жооп табыла элек.

Заместитель председателя Совета безопасности КР Таалатбек Масадыков на конференции по ситуации в Афганистане, Бишкек. 24 ноября 2021 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
КР Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков

Афганистандагы азыркы кырдаалдын себептери боюнча пикирлер бир кылка эмес. Кээ бир эксперттер бул атайын айрым күчтөр тарабынан уюштурулган дешсе, башкалары ушул абалга алып келген объективдүү жана субъективдүү себептер оголе көп болгонун айтышат.

Кыргызстан 23-сентябрда Афганистан калкына гуманитардык жардам берип, кийинчерээк аталган мамлекеттеги этникалык кыргыздарга жүк жөнөттү. Алгачкысы тууралуу КРде да, КМШ өлкөлөрүндө да сын-пикирлер айтылып, кубаттоолор да жаңырбай койбоду. Афган маселесин чечүүдө үч жолу бар:

  1. Биринчиси — батыштагы өнөктөштөрүбүз сунуштагандай калтырып, "Талибан"* өкмөтү шарттарды кабыл алып, 2019-жылдын аягынан берки убадаларынын аткарышын күтүү менен кийлигишпей туруу зарыл.
  2. Экинчиси — Афганистандын азыркы бийлигине каршылык көрсөтүү (Масадыков бул жол менен кырдаалдан чыгууга болбостугун белгилейт).
  3. Үчүнчү ыкма — диалог жүргүзүп, кайсы бир багыттарда кызматташып, талибдердин өкмөтү аркылуу афган калкына гуманитардык жардам көрсөтүү. Ушул жол боюнча Борбор Азиядагы беш өлкөдөн төртөөнүн, ошондой эле Россия жана Кытайдын көз карашы төп келет.

Кыргызстандын, ЕАЭБ жана ЖККУдагы өнөктөштөрүнүн аракеттери азыркы күндөгү көз караштардын арасында кыйла туура багытта деп боолголойт Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары.

Дээрлик бардык өлкөлөрдүн талибдер менен алар бийликке келгенге чейин эле кандайдыр байланыштары болгон, ар бир мамлекеттин байланыш боюнча жумушчу каналы бар. Ушул тапта Афганистандын каражаттарынын жалгыз булагы — эл аралык жардам жана өткөрмө бекеттериндеги бажы төлөмдөрү. Аталган өлкөнүн миллиарддаган долларлары жаткан эсептер тоңдурулганы маалым.

БУУнун маалыматы боюнча, өткөн айда бажы төгүмдөрүнөн күн сайын түшкөн каражат 4,5 миллион доллардан ашкан. Талибдер аларды маяна төлөөгө сарптоодо. Бирок 20 жыл бою мамлекеттик жана медициналык кызматкерлердин айлык акысын эл аралык коомчулук камсыздап келген.

Афганистандын жаңы бийлигинин өкүлдөрү эсептер ачылса, андагы каражаттарды социалдык керектөөгө жумшоо жөнүндө макулдашууга кол коюуга даяр. Ошондой эле алар эсептерди ачпастан, жок дегенде мурдагыдай эле акчанын бир бөлүгүн жеткирүүнү да сунуштап жатышат.

Жардам көрсөтүлсө, эки-үч ай аралыгында талибдер "сүйлөшүүлөргө барууга аракет кыларын" убада кылышат, бирок азыркы бийликте "эл аралык коомчулукка жагынууну" каалабаган адамдар да кездешет. Афганистандын азыркы өкмөтүндө биримдик жок деп эсептейт Масадыков. Бийликтин кескин жана мээлүүн радикалдуу да, салкын кандуу да өкүлдөрү бар.

Гуманитардык жардам көрсөтүү жана диалог куруу менен ошол салкын кандуу канатын бекемдөөгө, мээлүүн радикалдуу курамынын башын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок кепилдик жок. Афганистандан качкындардын агылышына кептей турган гуманитардык апаат коркунучу бар. Түркмөнстандын Афганистан менен чек арасы дээрлик ачык, Өзбекстан аздыр-көптүр бекемдеген, ал эми Тажикстандыкы андай эмес. Ошол себептен чектешкен мамлекеттердин бийлиги андай процесстерди токтото алары арсар. Ошондон улам Борбор Азия өлкөлөрү качкындарды кабыл албоону биргеликте чечкен.

Чектешкен мамлекеттер, эл аралык коомчулук Афганистанга кол сунуп келет, бирок 40 миллион калкы бар өлкөгө бул жардам деңиздеги тамчыдай эле. Анткен менен миграциялык каатчылыкка жол бербөө үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө.

"Талибанды"* таануу азырынча күн тартибинде жок. Анын саясаты Афганистанга америкалык аскерлер киргизилгенге чейинки убактан бери өзгөрдү. Оор экономикалык абалына карабастан Кыргызстан Афганистанга жардам берүүнүн эбин табууда, анткени бул — дээрлик биздин коңшубуз. Эгер ал жакты каатчылык каптап, баш аламандык жана жана жарандык согуш тутанып кетсе, кесепети биздин чөлкөмгө тиет.

"Талибан"* CASA-1000 долбоорун колдой турганын айткан. КР бийлигинин артыкчылыктуу маселелеринин бири — памирлик кыргыздарга көмөктөшүү. Алардын кайтууга ниети болсо, мамлекет аларды жайгашууга жана элге аралашуусуна жардам берет.

"Көңүл жайгарууга али эрте (болбойт)"

Кыргызстандын Кабулдагы элчилигин жакынкы аралыкка дейре жетектеп турган Мирослав Ниязов баарын ачык болууга чакырды.

Экс-посол КР в Афганистане Мирослав Ниязов на конференции по ситуации в Афганистане, Бишкек. 24 ноября 2021 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстандын Кабулдагы элчилигин жакынкы аралыкка дейре жетектеп турган Мирослав Ниязов
"АКШ, НАТОнун, айталы, Евробиримдиктин Афганистан боюнча көздөгөндөрү ишке ашпай калды. Демократия, эркиндик жана адам укуктарын коргоону таңуулоо аракети болгон. Кай бир багытта иш оңунан чыккандыр, бирок жыйынтыктардан кеп сала турган болсок, АКШ менен Европа орнотууга тырышкан үлгү толугу менен урады", — деп билдирди Ниязов.

Мурдагы элчинин айтымында, Афганистандан америкалыктар жана НАТО чыгып кетиши жаңы тартип орноду, ал узакка кармалат дегенге жатпайт.

"Талибдерге каршылык көрсөтүүлөр болот. Жеке оюмда, талибдердин бийликке келиши – кадыресе көрүнүш, өлкө табигый өнүгүү жолуна түштү. Ооба, айрым, маселен, кыздардын мектепке барышына тыюу салуу өңдүү нерселер бизге таптакыр түшүнүксүз. Мындай караңгылык америкалыктар келгенге чейин деле болгон, бирок бүгүн талибдер да өзгөрдү. Алар 2000-жылдардын башындагы талибдер эмес, алардын көз карашы алмашты", — дейт Ниязов.

Ошондой эле экс-элчи эмнеге талибдерге каршылык көрсөтүүлөр болорун да мындайча түшүндүрдү: "Афганистанда, мен билгенден 40 чакты көз карандысыз куралдуу түзүмдөр бар. Эгер кызыкчылыктары төп келсе, кандайдыр бир шарттар менен алар бириге алышат. Талибдердин аракеттерин туура көрбөгөн күчтөр таяна турган негиз ушул. Мындай нерсе дайым болгон, далил деле талап кылбайт. Талибдер орноткон шарттуу туруктуулукка дале эрте. Али баары алдыда, ошондуктан көңүлдү жайгарып отуруп калганга болбойт".

Ниязов Афганистанда жайнаган куралдуу түзүмдөрдүн арасынан Борбор Азия жана Россия үчүн кайсынысы коркунуч туудурушу мүмкүн экенин да боолголоп, өзү элчиликти аркалап турганда аталган өлкөдө ИМ* кыйла активдүү болгонун кошумчалады.

* — Уюм террордук ишмердиги үчүн БУУнун санкциясында.

318
Белгилер:
Афганистан, Кыргызстан, 'Талибан' кыймылы, шарт, согуш, АКШ, Европа, конференция, абал
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Талибдер өкмөттүн жаңы курамына БУУнун санкциялык тизмесиндегилерди киргизди
Аялдар катышкан телесериалдар көрсөтүлбөйт. Талибдердин жаңы талабы
Аскерлер кеп танкага каршы Javelin комплекстеринен атуу учурунда. Архив

Аяктай турган түрү жок антироссиялык аракет: АКШ Украинаны жарга түртүүдө

171
(жаңыланган 23:37 24.11.2021)
Кошмо Штаттар Россияга каршы "украиналык картаны" ойнотууга чындап киришти, эми киевдик режимди Украина Куралдуу күчтөрү жана НАТОнун катышуусундагы пландуу чагымчылдык уюштурулган жерлерде Россия менен аскердик кагылыштан керемет гана сактап кала алчудай.

"Россия басып кирет" деген Вашингтон тараптан чыккан дүрбөлөңдүн күүсү менен АКШ ыкчам түрдө Украинанын Борисполь аэропортуна 80 тонна ок-дары жеткирди. Ошондой эле Украинага жаңы курал-жарак жана аскердик кеңешчилерди да жөнөтүү варианттары каралууда. Куралдын кандай түрлөрү келет? Кеңешчилер келсе эмне иш аткарат? Россия мындай аракеттерге кандай чара көрөт? Ушул соболдордун тегерегинде аскерий баяндамачы Александр Хроленко ой жүгүрткөн.

Кеп танкага каршы Javelin комплекстери туурасында гана эмес, Кошмо Штаттар Киевге Ми-17 тик учактары жана абадан коргонуу тутумдары – Stinger көчмө зениттик-ракеталык комплекстерин (ЗРК), Patriot ЗРКлардын "афган партиясын" берүүнү көздөп турат.

"Пэтриоттор" Украинага берилип калса, анда аларды өз багытында колдонуу үчүн Пентагондун адистери(бөлүктөрү) да келет (Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерин окутууга чолоосу тийбейт). НАТОнун стандарттары боюнча, ыкчам пландоо жана согуш майданында украиналык күчтөрдү жетектөө үчүн (2008-жылы Грузиядагы жана 2021-жылдын августуна дейре Афганистандагыдай) америкалык аскердик кеңешчилер зарыл.

Америкалык курал жана аскердик кеңешчилердин Донбасска кирер-кирбеси чоң маселе, бирок кыймыл бул багытка баратканы айдан ачык. Украинанын Куралдуу күчтөрү алгач жолу Javelin танкага каршы ракеталык комплексин байланыш сызыгында пайдаланды. Киевдеги АКШ элчилигинин аскердик атташеси полковник Брендон Пресли Пентагондун чалгындоо кызматынын офицерлер тобу менен биргеликте 20-ноябрда Донбасстагы – Пески жана Марьинка калктуу конуштарынын аймагындагы алдыңкы топко барды. Жазалоочу күчтөр тобунун командачысынын орун басары Анатолий Шевченко америкалыктардын алдына "картаны жайып" жана оперативдик абалды ачыктады.

Иш жүзүндө чалгындоо жүргөндөй эле болду, согуш талаасында душманды баалоо АКШ элчилигинин өкүлүнүн кызматтык милдеттерине дегеле жатпайт. Өткөн аптада НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг "россиялык күчтөр украиналык чек араларга жакын көп топтолушу түшүнүксүз" деп билдирди. Буга кошумча, Пентагон европалык союздаштарына "агрессияга" даяр россиялык бөлүктөр – 100 чакты батальондук тактикалык топ (100 миң аскер) белгиленген карталарды берди. Алардын божомолунда, андай "агрессия" 2022-жылдын январь–февралында бир убакта бир нече багытта башталат имиш.

Вашингтондун түрткүсү

Киев Кошмо Штаттардын чечкиндүүлүгүн дароо баалай албаганы айдан ачык. Украинанын Куралдуу күчтөрү ушул айдын башында эле чек араларга жакын россиялык күчтөрдүн топтолгону тууралуу Вашингтондун тынчсызданган маалыматын төгүндөгөн.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников 18-ноябрда АКШда Пентагондун башчысы Ллойд Остин менен кезиккенден кийин "Украина менен Россиянын уланып келе жаткан согушу" боюнча андай эки башка маалыматтар токтой түштү. Украина Куралдуу күчтөрүнүн чалгындоо кызматынын жетекчиси Кирилл Буданов 21-ноябрда "келерки жылдын январь-февралына россиялык агрессиянын даярдануусун" тастыктады. Ал түгүл "абадан урулган сокку, артиллериялык жана зооттолгон танк чабуулдары камтылган россиялык кол салуунун" картасы боюнча да үн катты. Анын жоромолунда, бул кадамдардын артынан чыгыштан аба-десанттык операциялар, Одесса жана Мариуполдон деңиз десанттары жана Беларустан кошумча сокку келет имиш. Ошону менен бирге эле Буданов Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары 14 миң кишиден ашышы ыктымал деп боолголойт.

Ал эми апта башында Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов россиялык армия чабуул койгон учур үчүн Батыштан алган "кепилдиктер" жөнүндө кабарлады. Адегенде Киев Вашингтондон абадан жана ракетага каршы коргонуу каражаттарын талап кылат. Мындай типтеги курал АКШ Мамлекеттик департаменти жана Конгрессинин макулдугу менен гана сатылат. Ал ортодо кошумчалай кетчү нерсе, Украинаны аскердик каражаттар менен тегиз колдоого НАТОдогу бардык эле союздаштары даяр эмес. Эске салсак, Грузияны ондогон өлкөлөр куралдандырып турган, бирок 2008-жылдагы агрессиясы үчүн азапты көбүнесе грузин жоокерлери тартканы маалым эмеспи.

Киевдик аскердик-саясий маскарапоздук жана украиналык багыттагы АКШнын аракеттери Донбасстагы ири чагымчылдыктын даярдалып жатканын айгинелейт. Балким, Украина америкалык Outside the Wire (2021) тасмасынын сюжетиндегидей болжол менен 2036-жылга чейинки өзүнүн "тынчтык орнотуу" операциясына камынып жаткандыр.

Кокус согуштук аракеттер кайра тутанып калса, украиналык аба мейкиндигинде НАТО Аскер-аба күчтөрүнүн "полициясы" жана чалгындоо учактары, ал эми Киевдин чет жакасында абадан жана ракетага каршы коргонуу тутумдары пайда болушу мүмкүн. Андайда Россия Украинаны өз чек араларынын жанындагы НАТОнун эбегейсиз авиаташуучу катары кабылдайт.

Россиянын позициясы

Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 21-ноябрда НАТОнун машыгуулары деген шылтоо менен Донбасста күч колдонууга умтулуп жатканын расмий түрдө билдирди. Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын басма сөз бюросунун башчысы Сергей Иванов да жагдай боюнча: "АКШ мамлекеттик департаменти Украинага кол салуу үчүн өлкөбүздүн аймагында күч топтолуп жатканы туурасында чындыкка дегеле коошпогон маалыматты дипломатиялык каналдар аркылуу өз союздаштары жана өнөктөштөрүнө таратууда", - деди. РФ Тышкы чалгындоо кызматынын баамында, учурда Украинадагы абал 2008-жылдын августундагы Грузияны эске салат.

Москва "өнөктөштөрүнө" андай агрессиянын болжолдуу кесепеттерин ачык эле эскерткендей болду. Америкалык Bloomberg агенттиги: "Путин үчүн азыр согуш жүргүзүү эмес, газды сатуу – артыкчылыктуу маселе" деп белгилеп, Батыштын картасын алдыбызга жайып койду. Агенттик россиялык күчтөрдүн Украинанын чыгышындагы салгылаштарга түздөн-түз катышы "Түндүк агым – 2" газ түтүгүн жок кыларын боолголойт.

АКШнын шейшемби күнү ушул долбоорго каршы жарыялаган жаңы санкциялары европалык энергетикалык коопсуздукка коркунуч келтирет, ал эми андай чектөөлөрдүн эч бири РФтин эгемен тышкы саясатын өзгөртө албасы айдан ачык. Буга акылдары жетпегени кейиштүү. Москва коңшуларына каршы агрессивдүү пландарды түзбөйт. Бирок батыш чек араларындагы коопсуздугу жана Донбасстын аймагындагы бир жарым миллиондон ашуун россиялык жарандын алдындагы милдеттенмелери өзүнчө бир энергетикалык долбоордон өлчөөсүз баалуу.

РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев кечээ өлкөсүнүн "өнөктөштөрүнө": "Батыш Украина коомун мыйзамсыздык жана ал түгүл жакырчылыкка чейин жеткирүү менен экономикасын кыйратты. Миллиондогон украиналыктар баш калкалаар жай издеген качкындарга айланып калышы ажеп эмес" деп тегин жерден эскертпеген чыгар.

Кандай болгон күндө да Россия АКШ жана НАТОнун Донбасстагы агрессиясына болушунча катаал чара көрөрү турулуу иш, башкача болушу да мүмкүн эмес. РФ Коргоо министрлиги Украина менен чек арасын келечекте автоматташтырылган тескөө тутуму орнотулган "Тосочка" ТОС-2 жаңы оор огнеметтук системалар жана мамлекеттик суверенитеттин ынанымдуу кепилдиктери менен бекемдейт.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

171
Белгилер:
Украина, Россия, НАТО, АКШ, Европа, санкциялар, чара, карта, саясат, экономика
Тема боюнча
Украинага америкалык курал жеткирилди: мындан ары эмне болот?
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров алгачкы жолу электрондук документке кол коюп, аткарууга жөнөттү

0
(жаңыланган 11:34 27.11.2021)
Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик кол тамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Председатель кабинета министров Акылбек Жапаров впервые подписал документы электронной подписью и направил на исполнение посредством системы электронного документооборота Infodocs (СЭД). 27 ноября 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик кол тамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү

Мындай жол менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында электрондук документ жүгүртүү тутуму ишке киргизилди.

"Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат. Ошондой эле кызматтык кат алышуу процесстерин жөнөкөйлөтөт. Борборлоштурулган системанын артыкчылыктарынын бири мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда 853 мамлекеттик органда, аларга караштуу ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдө электрондук документ жүргүзүү (ЭДТ) ишке киргизилген. Аны пайдалануучулардын саны мамлекеттик жана муниципалдык органдарды кошкондо 32 миң кызматкерди түзөт. Тутум ишке киргизилгенден бери 2 миллион 161 миң документ катталган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, өкмөт, санариптештирүү, документ, Акылбек Жапаров
Тема боюнча
Акылбек Жапаров: жөлөк пулдун айрым түрү жаңы жылдан тарта 200%га жогорулайт